Warning: include(../bash.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/tuusu/09/1006_13.htm on line 2

Warning: include(../bash.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/tuusu/09/1006_13.htm on line 2

Warning: include(): Failed opening '../bash.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/tuusu/09/1006_13.htm on line 2


п»ї
  Профессор Магрифа Рахимова 80 жашта

Элдик педагогиканын мөл булагы
"Канткенде адам улуу адам болот?" - деген философиялык терең мазмундагы атамзамандан бери келаткан, эчен даанышмандардын акыл-оюн ээлеген көкөйкести суроого бекеринен доорубуздун залкар жазуучусу Чыңгыз Айтматов кайрылбаса керек. Адамдын улуулугун айгинелеген жакшы сапат, асыл касиет, боорукерлик, айкөлдүк, адептүүлүк, марттык, калыстык бүгүн биз сөз кыла турган улуу инсан, педагогикалык илимдин доктору, Россиянын эл аралык педагогикалык академиясынын академиги Рахимова Магрифа эженин портрет сүртүмдөрүнүн ажарын ачып турат.
Атактуу окумуштуу, мээрман эне, сүйүктүү мугалимдин бүткүл өмүр жолу жана чыгармачылык иши билим берүү жамаатына, мектепке чейинки тарбия берүү алкагында иштегендерге эң улуу адамдын үлгүсү жана таалим-тарбиясы катары белгилүү.

I.Бийик даража
Магрифа Рахимова Ысык-Көл облусундагы, Жети-Өгүз районуна караштуу Челпек айылынын кызы (азыр ал окуган мектеп окумуштуунун атын алып жүрөт). 1951-ж. Кыргыз мамлекеттик педагогикалык институттун тарых факультетин ийгиликтүү аяктагандан кийин Кыргыз кыз-келиндер институтунда иштеп, ушул күнгө чейин ийгиликтүү эмгектенүүдө. Адегенде мугалим, ага окутуучу, декан, педагогика жана психология кафедрасынын башчысы, 1967-ж. кандидаттык диссертациясын, 1978-ж. педагогика илими боюнча кыргыз аялдарынын ичинен биринчи докторлук диссертациясын жактаган. 1982-ж. профессор деген ардактуу наам ыйгарылган. 1997-ж. М.Рахимованын демилгеси боюнча университетте Квалификацияны жогорулатуу жана кадрларды кайра даярдоо институту ачылган.
Эмесе, эжебиздин өмүр жолуна серп сала кетелик. Кыргыз Республикасынын илимине эмгек сиңирген ишмер М.Рахимова эженин жетекчилиги астында 19 кандидаттык, 3 докторлук диссертация жакталып, дагы бир топ илимий иштер даярдалууда.
II. Калык атаны кадырлап
Жаңы эле институтту бүткөн адиске Кыргыз элинин атактуу акыны Калык Акыевдин келини болуш оңой-олтоң иш эмес эле. Бул чоң үй-бүлөдө өз балдарынан башка багар-көрөрү жок 12 жетим балдардын үстүнө келип, орун-очок алып кетүү да жеңил эмес. "Түнү жата келгенде бут коерго жер табылбайт. Башкаларды мынчалык эмне үйгө алып келип багат", - деп жабыркап жүрдүм дейт эже. Болгон эки бөлмөлүү үйдө ушунча кишиге бир чоң казан тамак жасайбыз, андан башка да жогорку окуу жайынын студенттери келип тамактанып кетишет". Кайнатасынын мындай боорукерлик, берешендигин акындын "Жокчулук", "Жер тамда өткөн күн" деген ырларын окуган жан жакшы түшүнөт. Ошондуктанбы, өздү өз дебей, жатты жат дебей Калык ата баарына тегиз карап, баккан балдарына атын, фамилиясын берип, окутуп, кесип ээлери болууга жардам берген, кайнатасын эже өтө сыймыктануу менен эскерет.
Акындын үйүнө ар дайым Осмонкул, Алымкул келип, жазган ырларын окуп, ырдашып, талкуулашып, бир пикирге келишип, анан элдин алдына чыгууну чечүүчү экен. Ушул кыргыздын үч залкар акыны жөнөкөй адамдар эмес, кыдыр даарыган чоң таланттар экенине күбө болуп, күнүгө келини катары кызматын кылып, чоң тарбия көргөнү.
Ошол кездерде Осмонкул, Карамолдо, Ыбырай, Молдобасан, Алымкул, Чалагыз, Саякбай Каралаев, Токтоналы, Ысмайыл байбичелери менен баары чогулушуп, шерине жешчү экен. Шерине берилген күн майрамдай өтчү дейт эже эскерип. Аксакалдардын сөзүн угуп, ырын тыңшап, "Манас" айткандарын көрүп олтуруп, комуздун күүлөрүнөн ыракат алышкан. Биринин артынан бири кезек менен сөз алышып, кадимкидей кызуу талкуулап, айтышып, жамакташтырып сүйлөгөндөрүн, ыр саптарынын тизмектешип, айкаш болуп турганын укканда акындын акындык деңгээли канчалык экенинин күбөсү болгонуна эже өзүн өтө бактылуу адаммын деп эсептейт.
III. Элдик
педагогиканын мөл булагы
Рахимова эже кайнатасы Калык Акыевге көрсөткөн сый-урматты элүү жылдай өзү сактап келген кол жазмаларын китеп кылып чыгаруу менен элге сунуштады.
Эчен жылдан бери жарык көрбөй келген үч томдугу 2003-жылы окурман колуна тийди. "Атабыз айкөл адам, чоң акын эле" деген кириш сөздү эже өзү жазды.
Акындын көркөм мурасындагы элдик тарбия берүү идеяларын, адеп-ахлак, эмгекке, кооздукка, акыйкаттыкка, чындык менен достукка, балдарга билим берүү жөнүндөгү ойлорун өсүп келаткан жаш муундарга жеткирүү, тарбия иштеринде колдонуу максатында илимий изилдөө иштерин уюштуруп, диссертациялык иш жаздырып, жактатып, жарчы-маалыматчы ролду да аткарып келет. Ошондон уламбы улуу адамдын келини болуп, адамдагы эң сонун сапаттарды боюна сиңиргени окумуштуунун адамга кылган мамилесинен, улуу адам болсо да жөнөкөйлүгүнөн, кимге болсо да жардам берсем, кол кабыш кылсам деген аракетинен байкалып турат.
Кыргыз элинин улуттук каада-салттарын, үрп-адаттарын өз башынан өткөрүп жашаган улуу педагог өзүнүн аспиранттарынын бир тобунун көңүлүн элдик педагогикага буруп, эң актуалдуу, заманбап темаларды изилдетип, анын маанисин, максатын түшүндүрүп, улуттук таалим-тарбияны жаштар арасына жайылтууну да биринчилерден болуп баштаган: "Кыргыз элдик педагогикасы" (1993), аспиранттары Жолдошбекова З.А. "Кыргыз үй-бүлөсүндө мектеп жашына чейинки балдардын карым-катнаш маданиятын калыптандыруусу", Түнгатарова Н. "Кыргыздын турмуштук каада-салттары аркылуу мектеп жашына чейинки балдарды эмгекке тарбиялоо", Рыскулова Г.У. "Мектеп жашына чейинки балдардын экологиялык маданиятын калыптандыруу", Жаныгулов К. "Кыргыз эл акындарынын мурасындагы жаш курак өзгөчөлүктөрүнө байланыштуу таалим-тарбиялык ой-пикирлери (XXIII-XIX-XX к. башы)" ж.б.
1985-ж. Ташкент шаарында Низами атындагы докторлук диссертация коргой турган кеңештин мүчөсү катарында (мындай кеңеш башка республикаларда жок болчу) көптөгөн илимий даража издегендердин ишин акыйкаттуу баалап, колдоп, колунан келген жардамын аябай келген. Казакстандан ушул эле кеңешке мүчө болуп профессор К.К.Кунантаева шайланып, ал жерде М.Р. Рахимова менен таанышып ошол күндөн ушул күнгө чейин эже-сиңди болуп кол үзүшпөй келүүдө. Көп жылдар бою Абай атындагы университетте ачылган диссертация жактоо кеңешинде, андан кийин Казакстан мамлекеттик кыздар педагогикалык институтунда уюштурулган докторлук жана кандидаттык диссертацияларды коргоо кеңешинин мүчөсү катары көп изденүүчүлөргө жардам берип, оппонент болуп, пикир жазып, жаштарга көңүл бөлүп, Кыргызстанда мындай кеңеш жок кезинде бир топ аспиранттарды Алматыга алып барып, корготуп келгендери айтып бүткүс патриоттук иш.
1990-ж. өлкөбүздө эң эле коогалаңдуу жыл болду. Мурдагы баалуулуктар өзгөрүп, базар мамилеси күч алып турган мезгилде да эжебиз улуулук касиетин жоготпой, муктаж адамдарга жардам берип, колдоп, мугалимдик кесипти таштабай аркалап келүүгө биздин көбүбүзгө көз салып, зор көңүл бөлгөн. Мен дагы эженин чакыруусу менен педагогика кафедрасына келип, андан кийин Квалификацияны жогорулатуу жана кадрларды кайра даярдоо институтунда педагогикалык-психологиялык жана гуманитардык илимдер кафедрасында башчы болуп иштеп калдым. Биздин алдыбызга студенттерге билим берүү, кыргыз мектебин бүтүп келгендерди окутуу куралы, китептери жок болгондуктан, өз күчүбүз менен көп жылдык тажрыйбаны пайдаланып окуу-усулдук куралдарды жазуу ишин белгилеп коюп, мөөнөтүн аныктап, ким качан, канча убакта жазат, орус адабияттарды которбой, жергиликтүү мате-
риалдарды колдонуп, түшүнүктүү, илимий тил менен иштөө милдетин койду. Талапты катуу койгондуктан, өзү баш болуп катышып кафедранын алдыңкы мүчөлөрү Т.В.Панкова, А.Т.Калдыбаева, Ж.М.Жумалиева, Абдыкеримова М.А., Э.Т.Токсонбаева , Т.А.Коңурбаев бир-эки жылдын ичинде окуу-китептерин жазып бүтүрүп, талкуудан өткөрүп, басып чыгарып студенттерге, башка мугалимдерге тартууланды. Мисалы, "Педагогика тарыхынын очерктери" (1997-ж), "Педагогикалык ойлордун жана билим берүүнүн тарыхы" (2002-ж), авторлору Рахимова М.Р., Панкова Т.В., Калдыбаева А.Т.; "Жаш курак психологиясы" - Жумалиева Ж.М., "Адам психологиясы" - Ызыкеев А.Ы., Коңурбаев Т.А.; "Педагогиканын теориясы, системасы жана технологиясы", "Социалдык педагогика", "Педагогикалык кесипке киришүү" - Рахимова М.Р., Абдыкеримова М.А.; "Билим берүү системасын башкаруу" - Токсомбаева Э.Т. ж.б.
"Педагогикалык ойлордун жана билим берүүнүн тарыхы" дүйнөлүк тарыхый педагогикалык процесстин өнүгүүсүндөгү кыргыз элдик педагогиканын ролун жана мурдагы өткөн ойчул, даанышман инсандардын калтырган мурасын чагылдырган окуу-куралы. Китепте Европа өлкөлөрүнүн педагогикалык өнүгүү тарыхы менен катар Чыгыш элдеринин, анын ичинде Кыргызстанда мектептердин жана педагогикалык ойлордун өнүгүшү, ага чоң салым кошкон атагы дүйнөгө белгилүү Баласагын, Кашкари, XVIII-XIX к. Кыргыз элинин улуттук-коомдук өнүгүшү менен катар аң-сезимдин калыптанышына себепкер болгон акын-ырчылардын жана ХХ к. башындагы кыргыз интеллигенттеринин элге билим берүү системасындагы ролу жөнүндө кеңири баяндалат.
Азыркы эгемендүүлүккө жеткен кезде КМШ элдеринин бардыгында улуттук тилдеги окуу-куралдарынын жетишпей жатканын эске алып, аз да болсо бул кемчиликтерди жоюу максатында профессор Рахимова М.Р. менен бирдикте студенттерге, жаш мугалимдерге эң керектүү усулдук колдонмо иштелип чыгып, мурдагы калыптанган классикалык түшүнүктөр азыркы замандагы ушул илимге болгон көз караш менен айкалыштырган. Натыйжада жаңы технологиялар менен окутуу куралдарын талдап, адамгерчилик менен кайрымдуулук азайып турган кезде адамдар пайда издеп, билим, тарбия маселесине анча көңүл бөлүнбөй калган кезде "педагогика адам тууралуу илим, гумандуулук идеясы азыркы педагогиканын негизи" деп белгилеп, кызматташтык педагогикасынын карым-катнаш түзүүдөгү мааниси баса көрсөтүлгөн. Ошондой эле "Социалдык педагогика" өтө маанилүү социалдык маселелерди камтып, өлкөбүздө байкалып жаткан жетимчилик, жокчулук, асыранды балдар, кылмыш ишине берилип кеткендер, наркозаттарын пайдалана баштаган өспүрүмдөр, девианттуу жүрүм-турум иштерин атайын жетекчиликке ала турган кесип ээлерин "Социалдык педагог" жана "социалдык кызматкерлерди" даярдоо караштырылган. Авторлор Кыргызстанда социалдык-педагогикалык маселелерди талдап келип, аларды чечүүдөгү социалдык педагогдун иш-аракет багыттарын, ушул илимге байланыштуу түшүнүктөрдү кыргыз тилинде темага карата чечмелеп беришкен. Бул социалдык маселелерге тиешелүү түшүнүктөрдү өздөштүрүү ишин жеңилдетет.
Магрифа Рахимовнанын эмгектеринин басымдуу көпчүлүгү жаш балдарга, мектеп жашына чейинки билим жана тарбия берүү иштерине арналган "Балдарды эмгекке тарбиялоо", "Кыргыз Республикасындагы мектепке чейинки тарбия системасынын өнүгүшү (1917-1992-ж.ж.) "Хрестоматия для чтения в детском саду" (1974-ж.)", "Киргизские писатели - детям" (1978), "Бүчүр" (1983-ж.), "Детский сад" (1999), "Мөл булак" (2000) ж.б.
Мүрөктөй "Мөл булак"

"Мөл булак" программасы кыргыз тилинде жарык көргөн жана улуттук оозеки чыгармаларды, каада-салт, үрп-адаттарды камтыган биринчи эмгек десек жаңылбайбыз, себеби буга чейин орус тилинде жазылган кеңеш өкмөтү убагындагы программанын котормосу колдонулуп келген.
Бул программанын артыкчылыгы 2 жаштан 7 жашка чейинки мезгилдеги балдардын өнүгүү өзгөчөлүктөрүнө, психологиялык жана жекече өзгөчөлүктөрүнө баяндама берүү менен ар бир курактын өзүнө тиешелүү бөлүктөр каралган. Алар "Эне тилим - эне сүтүм", "Эл ичи - өнөр кенчи", "Ойноп-ойлон" (акыл-эс тарбиясы), "Обондуу-кыймылдар" (эстетикалык тарбия), "Ыймандуулук-адептүүлүк тарбиясы" деген беш бөлүктөн турат. Бала бакчада өткөрүлө турган таалим-тарбия иштеринин мазмуну элдик педагогиканын негизинде жаңыртылган. Экологиялык, экономикалык тарбиянын алгачкы жөнөкөй негиздерин калыптандыруу боюнча маалыматтар берилген.
Мектепке чейинки тарбия боюнча кыргыз тилинде түзүлгөн алгачкы программа сунуш кылынгандыктан, мында азыркы жаңы социалдык-экономикалык жагдайда иш аракеттердин эң мыкты түрлөрүн табуу, балдарды адептүүлүккө, эмгекке тарбиялоо, нарктык мамиле жөнүндө да кабар берүү каралган. Бул үчүн ар түрдүү оюндарды уюштуруу ыкмалары да берилген.
Кыргыз кыздарынын кымбаты, сүйүктүү Магрифа эжебиздин 80 жаш кутман курагы кут болсун дейли. Бакубат ден соолукта, узак өмүр сүрүп, кылымдын жашын көрүңүз Магрифа эже!
Аскар Бекбоев,
И. Арабаев атындагы
Кыргыз мамлекеттик
университетинин ректору, профессор








кыргыз тилиндеги гезит "Кыргыз туусу"
email • архив • редакция 
6-октябрь, 2009-ж.:
1-бет
Күз - токчулуктун, молчулуктун айы
2-бет
Автобустарды каттатууну өтүнөбүз
3-бет
Кыргыз Республикасынын Президенти Курманбек Бакиев:
Түрк дүйнөсү эл аралык саясатта олуттуу ролду ойноого тийиш

4-бет
Укук коргоо органдарына кадрлар биргелешип даярдалат
5-бет
Ата-Журт алкагында
6-бет
Иш аткарбай айлык алган чиновниктер азайса
7-бет
Улуулар баштаган көч
8-бет
Ак ниет кызматына- ардагер наамы
10-бет
Жусуп Баласагын жана анын даңазалуу дастаны
11-бет
Кыяс Молдокасымов, тарых илиминин кандидаты
Алымкул аталык

12-бет
"Кыргыз Туусу" - улуттук басма сөздүн туну"
13-бет
Элдик педагогиканын мөл булагы
14-бет
Москвага Орто Азиянын таштанды наристелери эмнеге толуп кетти
16-бет
Жан дүйнө жутабасын










??.??