, 06.10.09 - 3-бет: Кыргыз Республикасынын Президенти Курманбек Бакиев:
Түрк дүйнөсү эл аралык саясатта олуттуу ролду ойноого тийиш
3-октябрда Нахчыван шаарынын (Азербайжан) "Дуздаг" мейманканасынын конференциялар залында Кыргыз Республикасынын Президенти Курманбек Бакиев Түрк тилдүү мамлекеттердин башчыларынын IX саммитинин ишине катышты. Отурум учурунда кыргыз мамлекетинин башчысы саммитке катышып жаткан мамлекеттер арасындагы шериктештиктин абалы жана анын келечектеги өсүшү жөнүндө сөз сүйлөдү.

"Бүгүн кабыл алына турган документтер көп тараптуу кызматташтыкты жандантууга өбөлгө түзөрүнө ишенем. Кыргызстандын тарыхтын, маданияттын жана тилдин жалпылыгына негизделген башка түрк тилдүү мамлекеттер менен болгон мамилеси жылуу, ишенимдүү мүнөзгө ээ. Биздин карым-катнаштар боордоштуктун, тең укуктуулуктун жана өз ара таламдарды урматтоонун негизинде бардык чөйрөдө жигердүү өнүгүүдө", - деди Президент К.Бакиев.
Түрк мамлекеттеринин позицияларынын жакындыгы эки тараптуу да, көп тараптуу да кызматташтыкты эң жогорку даражага жеткирүүгө өбөлгө түзөрлүгүн баса белгилеген мамлекет башчысы Түрк тилдүү мамлекеттердин Кеңешин түзүү жөнүндөгү макулдашуу түрк тилдүү мамлекеттердин күч-аракеттерин бириктирүүгө зор мүмкүндүк түзөрүн айтты.
"Түрк дүйнөсү эл аралык саясатта олуттуу ролду ойноого тийиш. Азыр Кыргызстан менен түрк тилдүү мамлекеттердин ортосунда чечилбес проблемалар жок", - деди андан кийин К.Бакиев.
Парламенттер аралык байланыштар андан ары тереңдөөнүн жана өркүндөөнүн туруктуу багытына ээ болуп бара жатканын белгилеп, Кыргызстандын Президенти быйылкы 28-29-сентябрда Бакы шаарында өткөн түрк тилдүү өлкөлөрдүн парламент башчылары катышкан Парламенттик Ассамблеянын маңыздуу окуя экендигине токтолду.
Экономикалык алака-катышты кеңейтүү максатында К. Бакиев бардык тараптын кудурет-күчүн эске алуу менен, Кыргыз Республикасы энергетика, транспорттук коммуникация жана туризм чөйрөсүндө биргелешкен ири экономикалык долбоорлорду түзүү үчүн аракет жасоону сунуш кыларын айтты. Бул - өз ара товар жүгүртүүнү кыйла арттырууга, экспорттук-импорттук байланыштардын түзүмүн кеңейтүүгө жана биздин өлкөлөрдүн инвестициялык мүмкүнчүлүктөрүн жогорулатууга өбөлгө түзмөкчү.
Ошондой эле өз сөзүндө Кыргызстандын Президенти Түрк маданиятын жана көркөм өнөрүн биргелешип өнүктүрүү уюмунун (ТҮРКСОЙ) ишмердигине жогору баа берди. Уюм ушул жылдын сентябрында Анкара жана Бакы шаарларында азербайжан адабиятынын классиги Уазир Гаджибековдун чыгармасы боюнча Абдылас Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театры койгон "Көр уулу" аттуу спектаклдин эл аралык премьерасын уюштурду.
Андан соң Курманбек Бакиев террорчулук, диний экстремизм жана баңги заттарды сатуу сыяктуу трансчек аралык коркунучтарга каршы күрөшүү жаатында түрк тилдүү өлкөлөрдүн ортосундагы бирдиктүү аракеттердин маанилүүлүгүн белгилеп өттү. Буга байланыштуу 2009-жылдын сентябрында Бишкек шаарында түрк тилдүү мамлекеттердин атайын кызматтарынын конференциясынын кезектеги 12-жыйналышы болгондугун айтып, анда катышуучу мамлекеттердин аймагында жашыруун аракеттенип жаткан террордук топтордун жолун бөгөт коюу, аларды табуу жана жок кылуу боюнча атайын кызматтардын аракеттерин жөнгө салуу маселелери каралганын билдирди.
Кыргызстандын мамлекет башчысы эл аралык коомчулукту тынчсыздандырып жаткан эң оор темалардын бири катары Ооганстандагы кырдаалга байланыштуу:
"Түзүлгөн абалдан жана жалпы кризистен чыгуу жолу Ооганстандын экономикалык жактан кайра жаралуусунан, элдин турмуш деңгээлин көтөрүүдөн, баңги зат бизнесине жана коррупцияга каршы күрөштөн, билим берүү жана саламаттыкты сактоо системасын кеңейтүүдөн, жумушсуздукту азайтуудан, жарандардын демократиялык укуктарын жана эркиндиктерин камсыз кылуудан гана табылышы мүмкүн.
Бул проблемаларды чечпей туруп, калктын колдоосуна ээ болуу өтө эле кыйынга турат. Ооганстандагы саясый күчтөрдүн ортосунда, анын ичинде оппозицияны да катыштыруу менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү карама-каршылыктарды жоюунун жолдорунун бири болуп эсептелет.
Ушуга байланыштуу Кыргызстан 2009-жылдын 4-мартында Ооганстанда жана Борбордук Азия аймагында коопсуздук жана туруктуулук маселелери боюнча эл аралык конференция өткөрүү үчүн Бишкекте туруктуу иштөөчү аянтчаны түзүү жөнүндө демилге көтөрүп чыккан, ал "Бишкек демилгеси" деген атка ээ болду.
Буга байланыштуу Ооганстанга каралашуу программаларына катышуу жана анын экономикасын калыбына келтирүү боюнча долбоорлорду ишке ашырууга бардык тараптардын кызыкчылыктарын эске алуу менен, Ооганстандагы жана жалпы эле аймактагы кырдаалдардын келечегине карата позицияны жана биргелешкен чараларды иштеп чыгуу үчүн күчтөрдү бириктирүүнү сунуш кыламын ", - деп тыянактады.
"Биз Улуу Ататүрктүн өткөн кылымдын 30-жылдарында эле түрк элдерин жакындаштыруу үчүн тарыхый мүмкүнчүлүк болоорун көсөмдүк менен көрө билгенин унутпоого тийишпиз.
Биздин кызматташтыгыбыз артып, өнүгө берет, буга экономикалык кудуретибиз да, саясый эриш-аркак аракетибиз да өбөлгө болот деп эсептеймин", - деди сөзүнүн аягында К. Бакиев.
ЁЁЁ
Жыйындын соңунда төрагалык кылып жаткан Азербайжандын Президенти Илхам Алиев Кыргызстандын Президенти Курманбек Бакиевдин демилгеси менен кийинки Түрк тилдүү өлкө башчыларынын мааракелик кийинки саммити Кыргыз Республикасында өтө тургандагынын маалымдады.
Саммиттин ишинин жыйынтыгында Нахчыван декларациясына жана Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтыгы кеңешин түзүү жөнүндө макулдашууга кол коюлду.
ЁЁЁ
Түрк тилдүү мамлекеттердин башчыларынын саммитинин маалында Кыргыз Республикасынын Президенти Курманбек Бакиев Азербайжандын Президенти Илхам Алиев менен жолугушту.
Илхам Алиев саммиттин ишине катышканы үчүн Курманбек Бакиевге ыраазылыгын билдирди. "Кыргызстандын жаңы шайланган Президенти катарында биринчи иш сапарыңыз менен биздин өлкөгө келгениңизге чын дилимден кубанычтамын. Эми расмий иш сапар менен өзүңүзгө оңтойлуу учурда келишиңизди күтөбүз", - деди Илхам Алиев. Ал саммиттин жыйынтыгында түрк тилдүү мамлекеттердин достугун жана кызматташтыгын чыңдоого өбөлгө болучу чечимдер кабыл алынат деген үмүтүн билдирди.
Өз кезегинде Курманбек Бакиев жылуу
пейили жана меймандостугу үчүн Азербайжан Президентине ыраазылыгын айтты. "Саммит Азербайжандын көрүнүктүү мамлекет башчысы жана даңктуу уулу Гейдар Алиевич Алиевдин мекенинде өтүп жатканына кубанычтамын. Ааламдашуу шартында түрк тилдүү дүйнө эл аралык саясатта сөз жок салмактуу роль ойноого тийиш деп эсептеймин",- деди Курманбек Бакиев. Анын айтымында, саммит түрк тилдүү мамлекеттер ортосунда кызматташтыктын бардык багыттары боюнча өз ара пайдалуу алака-катыштарга кызмат кылмакчы.
Эки мамлекет жетекчилери кыргыз-азербайжан карым-катнаштыгын мындан ары кеңейтүү, айрыкча соода-экономикалык
жаатында өнүктүрүү тууралуу талкуу жүргүзүштү.
ЁЁЁ
Түрк тилдүү мамлекеттердин башчыларынын саммити учурунда Кыргыз Республикасынын Президенти Курманбек Бакиев Түркия Республикасынын Президенти Абдуллах Гүл мырза менен жолугушту.
Абдуллах Гүл Курманбек Бакиевди кайрадан мамлекет башчылыгына шайланышы менен куттуктап, ага ден соолук жана иштерине ийгилик, ал эми Кыргызстандын элине бакубат, гүлдөп өнүккөн жашоо каалады.
Жолугушуу учурунда мамлекет башчылары эки тараптуу, ошондой эле көп форматтуу кызматташтыкты андан ары өнүктүрүүгө байланышкан маселелерди талкууга алышты. Курманбек Бакиев Кыргызстан түрк тилдүү мамлекет башчыларынын саммиттеринин өткөрүлүшүн аталган мамлекеттердин достугун бекемдөө жана бардык тармактар боюнча кызматташтыгын чыңдоо ишинде маанилүү окуя катары карарын белгиледи. Президент Курманбек Бакиев энергетика, транспорт байланышы жана туризм чөйрөлөрүндө биргелешкен ири экономикалык долбоорлорду түзүүгө басым жасоо аркылуу эки тараптуу товар жүгүртүү көлөмүн арттырууну, инвестициялык мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүүнү сунуш кылды.
Жолугушуу маалында Абдуллах Гүл Курманбек Бакиевди Ислам Конференциясынын уюмунун 9-ноябрда Стамбулда өтө турган 25 жылдык маарекесине катышууга чакырды. Өз кезегинде Кыргызстандын мамлекет башчысы Түркия Президентин Ысык-Көлгө келип эс алып кетүүгө чакырды.
ЁЁЁ
Түрк тилдүү мамлекеттердин башчыларынын саммитинин алкагында Кыргыз Республикасынын Президенти Курманбек Бакиев Казакстан Республикасынын Президенти Нурсултан Назарбаев менен жолугушту.
Жолугушуунун жүрүшүндө өлкө башчылары мамлекеттер аралык келечектүү иштер жана пайда алып келе турган карым-катнаш тууралуу сөз кылышты. Тараптар ошондой эле Казакстан өлкөсүндө билим алууга кыргызстандык студенттердин квоталарын жогорулатуу боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүздү. Мындан сырткары Казакстандын кышкы жана вегетациялык мезгилде электроэнергия менен камсыз кылуу үчүн алдын ала 25 млн. АКШ доллар төлөй тургандыгы белгиленди.
ЁЁЁ
Саммит күндөрүндө Президент Курманбек Бакиев Гейдар Алиевдин эстелигине гүлчамбар коюп, ошондой эле анын музейинде болду жана Ардактуу коноктордун китепчесине каалоо-тилектерин жазып калтырды. Момине Хатундун мавзолейине баргандан кийин Гейдар Алиевдин ак сарайында Түрк тилдүү мамлекеттердин башчыларынын Саммитине арналган искусство чеберлеринин концертин көрдү.
С.ОРОЗОБЕКОВ,
С.ДОСАЛИЕВ(фотолору)