, 06.10.09 - 8-бет: Ак ниет кызматына- ардагер наамы
Карылар күнүндө көптөгөн жылдар бою элге кызмат кылган пенсионерлер жана согуштун ардагерлери мамлекеттик жазык аткаруу башкармалыгынын мекемесине чакырылып, ак ниет кызмат өтөгөндүгү үчүн "Жазык-аткаруу тутумунун ардагери" деген төш белгилер менен сыйланышты. Көкүрөктөрү медалга толгон карыялардын жүзүндө жылмаюу орноп, салтанат майрамдык жасалгалуу дасторкондо уланды. Көпчүлүктүн көңүлдөрү куунак, маанайлары жайдары.

"Мамлекеттик жазык-аткаруу башкармалыгынын ардагерлер кеңешин жалпысынан 1500 адам түзөт. Алардын эң жаш деп эсептелгени 55 жашта болсо, улуусу 89 жашта. Бүгүнкү күндө алардын 47си гана чакырылып, алгачкы ирет 10 ардагер төш белги менен сыйланып жатат. Мындай иш-чара кийин да уланып, майрам сайын 10 ардагерден сыйланып турмакчы. Уюштуруучуларга рахмат айткым келет. Себеби бири-бирибизди көрбөгөнгө бир топ убакыт болгон. Уюштуруучулардын артында көрүшүп, ал тургай жашарып да олтурабыз",- дейт кубанычын жашыра албай ардагерлер кеңешинин өкүлү Эргеш Алымбеков.
Бул майрам ИИМдин ардагерлер кеңешинин алдында түзүлгөн ардагерлер хору менен коштолду. Майрамды эч качан белексиз элестете албасак керек. Карылар күнү майрамдык дасторкон менен гана чектелбестен, ар бир ардагерге белек катары азык-түлүктөр дагы берилди. Чакырылган коноктордун шартка байланыштуу келе албай калгандарына белектер үйлөрүнө жеткирилип берилди.

Чынара АЛЫБАЕВА




  Фестиваль

Күз - токчулуктун,
молчулуктун айы
(Башталышы 1-бетте)
Белгилей кетсек, алманын апорт, превосходный жана кытай алмасы сыяктуу сорттору Ысык-Көл өрөөнүндө, ал эми эрте бышуучу, даамдуу алмалар Ош жана Чүй өрөөнүндө жакшы өсөт экен.

Бий алмасы (айва)
Бий алмасы жылуулукту сүйгөн алма. Ошондуктан, бизде Ош жергесинин айрым гана райондорунда өсөт. Бирок, бул алманын биологиялык айырмачылыктарын билип алып, башка аймактарга да өстүрүүгө мүмкүнчүлүктөр бар деп жүрүшөт.

Конкурстар
4-Алма фестивалына келген меймандар жана айылдын тургундары үчүн "Ата балдарына тамак даярдайт", "Кана жеп көрчү", "Эң чоң алма" деген кызыктуу конкурстар уюштурулуп, мектеп окуучулары "Мен Алма фестивалындамын" деген темада сүрөт тартышты.
Бул фестивалга "Мерсико" жана "Компаньон" финансылык топтору көмөк көрсөтүштү.

А. АРЗЫБАЙ кызы,
А. АЛИЕВ (фото), "Кыргыз Туусу"




  Конкурс

Өнөр алды - кызыл тил
Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана отун - суу ресурстары министрлиги кыргыз тил мыйзамынын 20 жылдыгына арнап атайын конкурс өткөрдү. Ага "Кумтөр Голд Компани" ЖАКсы, "Алтын Ажыдаар" АКсы, "Кыргызгаз" ААКсы, "Түндүкэлектр", "Чыгышэлектр" ААК ж.б. мекемелер катышышты.

Аталган конкурс үч номинацияда болду. Тактап айтсак, катышуучулар фольклор, элдик бий жана белгилүү музыка деген жанрларда таймашышты. Ушул күнү алар кыргыздын улуттук кийимдерин кийишип, Ырыспай Абдыкадыров, Асанкалый Керимбаев аткарган кулакка жагымдуу эски ырларды ырдашты. КРнын өнөр жай, энергетика жана отун-суу ресурстары министри И.Давыдов : "Биз мамлекетибизди жылуулук менен камсыз кылып гана тим болбостон, мамлекетибиздин, мамлекеттик тилибиздин өнүгүп-өсүшүнө салымыбызды кошушубуз керек. Ошондой эле, биздин кызматкерлер мамлекеттик тилде сүйлөй да, ырдай да билиши зарыл", - деп белгиледи өз сөзүндө.
Иш - чаранын максаты эне тилибиздин, улуттук аспаптарыбыздын, кийимдерибиздин канчалык бийиктигин даңазалоо менен бирдикте, министрликтин таланттууларын тандап, чыгармачылыктарына жол ачуу болгон. 4 саатка созулган конкурста 58 номур аткарылып, жыйынтыгында баалуу белектер тапшырылды.
Биринчи жолу өткөрүлүп жаткан мындай конкурс, келечекте кыргыз тил күнүнө карата жыл сайын өткөрүлүүчү конкурска айланып калар деп ойлойбуз.

А.АРЗЫБАЕВА,
А.АЛИЕВ (фото), "Кыргыз Туусу"