, 18.12.09 - 11-бет:
  Тарых

Тарбагатайлык кыргыздар
Эки ысымдуу кыргыздар
Тарбагатай кыргыздарынын арасында ажайып кубулуштар бар: кээ бир кишилердин эки аты бар. Кыргызча атынан башка дагы муңгулча ат коюп алышкан. Биз Чөйчөк шаардык эл курултай ишканасынын мурдагы орун басар мүдүрү Токанга амандаша бардык. Ал лама динине ишене турган кыргыздардын аксакалы болуп, азыр пенсияга чыгыптыр. Токандын бир уулунун эки аты бар экен. Мурдагы аты Турсун Байыр экен. Үрүмчүдө окугандан кийин башка боордоштору учурап калганда, өзүнүн муңгулча атын айтуудан уялып, Ботай деп ат коюп алыптыр. Алыстан бир туугандарынын келгенин угуп, аксакал коюн туура тартып, бизден бата сурады. Андан кийин коңшусу бир казак кишини чакырып, коюн сойдуруп, бизге урматын билдирди.
Аксакалдын айтуусуна караганда, 2000-жылы Тарбагатай аймагында 2000 кыргыз болгон. Чөйчөк шаарында 1867 кыргыз жашаган. 1962-жылы 356 түтүн кыргыз көчүп келген. 1958-жылдан мурда кыргыздардан 35 лама диний ишмери, 5 лама чыккан. 1939-жылы кишилер 900 кой, 200 чарчы метрлик жыгач топтоп, топурак курулмалуу күрө (буткана) салдырышкан. Бутканада 2 кыргыз лам, 1 кечил, 90 шакирт турган. 1945-жылы Осмон бандит буткананы кыйратып, мал-мүлктөрдү тоноп кеткен.
1951-жылы Дөрбүлжүн ооданында 4 кыштак кыргыз болсо, азыр 133 кыргыз калган. Кыргыз ламалары азаттыктан кийин үйлөрүнө кайтарылып, үй тигип, бооруна казан аскан. Азыр негизинен көзү тирүү ламалар калбаптыр. Бул жердеги кыргыздар муңгул бутканаларына барып, муңгул ламаларын чакырып диний жосун иштетет экен. Азыр Тарбагатай аймагындагы лама динине ишене турган кайраткерлер чар тарапка чапкылап, жаңыдан буткана салмакчы болуп жатыптыр. Чөйчөк шаарынын Чакыш мал фермасынан жер тастыктатып алса да, бирок ислам динине ишене турган кишилердин каршылыгы айынан азырга чейин салынбаптыр.
1962-жылы бөтөн улуттар менен аралаш жашагандан кийин кыргыздардын казак, муңгулдар менен той жасашы кыйла жалпылашып, тил жазуусу жоголуп баратыптыр. Бул жердеги кыргыздар улуттук айыл куруп, кыргызча мектеп салууну үмүт кылса да, бул ойлору азырга чейин чечилбептир. Абышка-кемпир беш бармак жасап, арак куюп, абдан убараланды. Бул жерде биз кыргыздардын жөрөлгөлүү саймасын көрө ала турганыбызды ойлобоппуз. Токан аксакалдын кемпири өзү сайган туштугун бизге көрсөттү. Туштук түрдүү жиптерден сайылып, өрнөктөрү ошончолук көз тартардай көркөм экенин көрүп аябай таң калдык жана сүйүндүк. Алар айткандай эле башка динге ишенсе да, түбү бир атадан тараган кыргыздар экенин далилдеп турду. Ооба, муну өзгөртүүгө болбойт да!
Зура майрамын кас-тарлаган Чака байбиче
Үчүнчү күнү жайдары мүнөз, ачык жаркын даалдаган Турсун доктурдун жоро болушу менен биз Тарбагатай аймагындагы кыргыздардын журту болгон Дөрбүлжүн ооданынын Ламажау айылына барып, 70тен ашкан Чака байбиче менен учураштык. 1962-жылы бул жердеги кишилер Чөйчөк шаарына көчүшкөндө ал ынабай калып калган экен. "Бул менин киндик каным төгүлүп чоңойгон жер, көнүп калдым, көчкүм келбейт", - дейт байбиче.
Байбиченин жайлоодон көчүп келгенине узак болбоптур. Үйдүн сыртында килем, жууркан-төшөк дегендей турмуштук буюмдар үйүлгөн экен. Байбиче бизди үйгө баштап, дасторконуна нанын тизип, сүттүү чайын куюп, биз менен сырдашты. Чоң эне колуна тосут кармап: "Баарыбыз бир кыргызбыз, бизди эстеп, издеп келгениңерге ыракмат, бүгүн аябай кубанып жатам, силерге кыргызча ырдап берейин" - деди толкунданып. Байбиче каргылданган үнү менен кыргызчасы анча келишпесе да, ырдап бергенде отургандардын баары элжиреп жашып кетти.
Чоң эне лама динине ишенип, ар жылы зура майрамын (чырак жагуу майрамы) өткөзөт экен. Чоң эне бизди үйүнүн жанындагы дөбөгө баштап барды. Ал жерде обоо бар экен. Обоо түлөө үчүн дайындалган жер болуп, ал аска-тоо же балбал өңдөнгөн таштар менен урчук сымал мунар формасында жасалат. Мунардын учуна узун мамы тиктелип, мамынын учуна чүпүрөктөр байланат. Төрт жагына арча сырык коюлуп, ага бутак сайылып, түлөө буюмдары тизилет.
Ар жылы зура майрамында чоң эне бул жерде түлөө өткөрүп, чырак жагып, бышкан эт, боорсок даярдайт. Обоонун алдында чоң эне түлөө берүүнүн барышын көрсөттү. Ал чыныга арак куюп асманга, жерге аракты үч ирет чачып: "Кудай, бизди сактай көр, кызыр тоолуктар аман калсын", - деп ичинен күбүрөндү. Турмушка бакыт тилегенден кийин обоону солдон оңго үч ирет айланып, теңирдин кут-береке беришин тиледи. Чоң эне: "Биз лама дининде майрам өткөзүп, балдарды сүннөткө отургузбаганы менен башка жергиликтүү казактардай эле чочконун этин жебейбиз", - дейт кайра-кайра такып.
Кудайберген аксакалдын мурасы
Бул жолку сапарыбызда асили Тарбагатай аймагындагы кыргыздардын аксакалы Кудайбергенге салам бермекчи болгонбуз. Бирок, аксакалдын эки ай мурда көзү өтүптүр. Кадыр-барктуу бул аксакал мурда Чөйчөк ооданынын орун басар акими болуп, кыргыз эли үчүн кан-терин аябай төгүп: "Тарбагатай кыргыздары" деген китепти жазган. Ал: "Улуттук талам үчүн биз жарылып-бөлүнбөй өз ара урматташып, ынтымактуу өтүшүбүз керек" деген болчу. Ар кайсы улуттар узак тарыхый өнүгүү барышында бири-бирине таасир кылып, өз ара сиңишип, камыр-жумур болушуп кеткен. Ошону менен эч кимиси да бир-биринен айрылбай турган тыгыз байланыш орноткон. Айрыкча аралаша жашаган улуттар арасында мындай абалдар таасын байкалат.
Тарбагатайдагы сапарыбыз бизди сонуркатып, эсибизден кетпестей болду. Биздин ойлогон жерибизден чегип, бир боорлук сезимди бүт жерден сезинип турдук. Тарбагатайда көптөгөн достор менен тааныштык. Тарбагатайдагы кыргыздардын күчтүү улуттук сезими бизге терең таасир калтырды. Ооба, биз тамырыбыз, каныбыз дагы бир, жүрөгүбүз окшош соккон Манастын урпактарыбыз. Биз Даму, Турсун, Төлөөкан, Базар, Чака эне сыяктуу боордошторубузду эч качан унутпайбыз. Алардын улут деп соккон жүрөгүнүн түрсүлү ар дайым кулак түбүздө жаңырып турары бышык.




Абдыкерим Сыдыковдун 120 жылдыгына
Улуттун улуу бурулуш учурундагы инсан
Тоолуу Кара-Кыргыз облусун түзүү
"Тоолуу Кара-Кыргыз облусун түзүү" биринчи саясый долбоорунун идеясы Орто Азия элдери өзүн өзү аныктоо жолдорун издеп жаткан шартта ХХ кылымдын 20-жылдарында ишке ашкан. 1922-жылдын башында кыргыз интеллигенттеринин тобу тарабынан Кара-Кыргыз Тоолуу облустун түзүү, кыргыз элинин улуттук өзүн өзү аныктоо укугун ишке ашырууга аракет болгон.
Россияда падышалык бийликтин кулашы менен Орто Азиядагы улуттардын кызыкчылыктарын эске алууга негизделген улуттук-демократиялык түзүлүшкө өтүү өзгөчө тарыхый учур болду. Бирок большевиктер партиясы мусулман маданиятын, Азияга көбүрөөк мүнөздүү болгон, көчмөн турмушту башынан өткөрүп жана уруу түзүлүшүн сактап келген элдердин улуттук өзгөчөлүктөрүн эске алган эмес. Бирок ошентсе да колониалдык саясатка каршы болгон большевиктер жарыялаган улуттук өзүн өзү аныктоо урааны Орто Азиядагы элдердин кызыкчылыгына жарым-жартылай туура келген.
Орто Азия элдерин бириктирүү үчүн Россиянын курамындагы жаңы автономиялык түзүлүштүн белгилерине ээ болгон, административдик борбору Ташкент болгон Түркстан Республикасы түзүлгөн.
Түркстан АССРи ага жайгашкан түрк этносторунун бириккен түзүлүшү эле. Тажиктердин негизги массасы Бухар эмиратында, каракалпактар Хива хандыгында жашаган. Кыргыздар Жети-Суу облусунун, Сырдарыя жана Фергана облустарынын чет жагында чачыранды жашаган. Биринчи облустта казактар, экинчисинде казактар жана өзбектер, үчүнчүсүндө өзбектер үстөмдүк кылышкан. Мындай басмыртталган абал кыргыз калкынын нааразычылыгын пайда кылган.
Ошол шартта кыргыздар гана эмес, башка этностордун өкүлдөрү дагы чек араны аныктоо жолдорун издешкен. 1920-жылы 25-августта Кыргыз (Казак) АССРинин түзүлгөнү жөнүндө Декрет кабыл алынган. Ушинтип казак автономиясын түзүү жөнүндөгү маселе чечилген. Ага Жети-Суу жана Сырдарыя облустарын кошууга ой бар эле. Мындай болуп бөлүнүүнүн демилгечилери кыргыз менен казак бир эл, андыктан алар казак автономиялык республикасынын аймагында жашоосу зарыл деп эсептешкен.
Бул кырдаал Жети-Суу облусундагы кыргыздын мыктыларын эки элдин механикалык биригүүсүн болтурбоого аракет көрүүгө мажбур кылды. Ушул чыңалган тарыхый учурда Жети-Суу облустук Аткаруу комитетинин төрагасы Абдыкерим Сыдыков жана облустук Аткаруу комитетинин бөлүм башчысы Ишеналы Арабаев кыргыз элинин өзүн өзү аныктоо маселесин көтөрүшүп, Түркстан Республикасынын алкагында өзүнүн территориясына тең укуктуу экенин жарыялашат.
Күрөштө күчтөр тең эмес эле. Казакты жактаган өкүлдөр Москва шаарындагы РСФСРдын улуттар боюнча Эл комиссариатында жана Түркстан республикасында алда канча көп эле (Бул фактыны РСФСРдын улуттар боюнча Наркоматынын 1922-жылдын 4-апрелиндеги Жети-Суу жана Сырдарыя облустарын Казакстанга берүү жөнүндөгү чечими ачык эле далилдеп турат).
1922-жылдын мартында Бүткүл Түркстан Советтеринин ХIII съездинде А.Сыдыков Кара-Кыргыз Тоолуу облустун түзүү жөнүндө маселени коюп жана буга алдын ала макулдук алган. Ошентип системага каршылык көрсөтүлгөн. Каршылашуунун натыйжасы дароо эле болду. А.Сыдыков партиядан чыгарылды, 1922-жылдын 23-мартында аны Жети-Суу облустук аткаруу комитетинин төрагасы кызматынан алып салышты. Бул Кара-Кыргыз Тоолуу облусунун түзүүнү жактагандар үчүн чоң сокку болду. Бирок А.Сыдыков жеңилген жок жана кыргыздардын өзүн өзү аныктоо процесси улана берди.
Мындай кырдаалга карабастан 1922-жылдын 26-мартында Түркстан АССРынын Борбордук аткаруу комитетинин президиуму "Тоолук кыргыздар жайгашкан райондордон өзүнчө облусту түзүү жөнүндө" токтом кабыл алган. Анда "Жети-Суу облустук аткаруу комитетинин курамы Пишпек, Каракол, Нарын уездеринен жана Аулие-Ата уездинин тоолуу бөлүктөрүнөн турган, облустук борбору Кочкор болгон Тоолуу облусту түзүү жөнүндө сунушун принципиалдуу канааттандырылышы зарыл деп табылсын. Ферганадагы тоолук кыргыздар жөнүндө маселе облуста тынчтык толук орногонго чейин ачык калтырылсын. НКВД жана Жети-Суу облусттук аткаруу комитети бул токтомду ишке ашыруу үчүн иш чараларга киришсин", - деп жазылган эле.
Идеянын курмандыгыбы же...
А. Сыдыков үчүн 1922-жыл анын саясый карьерасынын туу чокусу болгон. Ал 33 жашта эле. Ушул жылы ал Түркстандагы эң ири облусту башкарды. Ушул жылдын 15-апрелинде партиядан чыгарылганына карабастан кыргыздардын Тоолуу облусун түзүү боюнча Уюштуруу комиссиясынын төрагасы болуп Жети-Суу облустук партия комитетинин жыйынында дайындалган.