Warning: include(../bash.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/tuusu/09/1218_17.htm on line 2

Warning: include(../bash.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/tuusu/09/1218_17.htm on line 2

Warning: include(): Failed opening '../bash.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/tuusu/09/1218_17.htm on line 2


п»ї
Өскөн аке - Өскөн аке өзгөчө адам
Өскөн Даникеев деген ысымды мен алгач 1960-жылдары мектепте окуп жүргөнүмдө "Кыздын сыры" аттуу лирикалык баянын окуп билип калган элем. Ал убакта бул чынчыл, сырдана баян колдон колго өтүп, окурмандар кызыгып окуган чыгармалардын бири болчу. Кийин борбор шаарыбызга келип, университетке өтүп, адабиятка эт-бетим менен аралашып кеткенимде жаратмандын (автордун) политехникалык институтунда иштерин, "Сызма геометрия" деген окуу китебин өз тилибизде жазып, кыргыз студенттер арасында кадыр-барк тапканын эшиткем.

Тагдыр буюруп, алыста, Москвада тааныштык: 1976-жылы СССР илимдер академиясынын А.М.Горький атындагы дүйнөлук адабият институтуна стажировкага барсам, Ө.Даникеев СССР жазуучулар Союзунун М.Горький атындагы Адабият институтунун алдындагы 2 жылдык Жогорку адабий курста окуп жатыптыр. Ошондо ыраматылык К.Ботояров (ал дагы мага окшоп стажер эле), Э.Эрматов (ал Адабият институтунда студент болчу) төртөөбүз тез-тез жолугуп, ал-абалыбызды сурашып турчубуз. Көрсө, Өсөкенин тагдыры да меникиндей экен: кичинесинен ата-энесиз калып, №5 мектептин алдындагы интернатта тарбияланыптыр, өз мээнети менен Москвадагы тоо-кен институтун бүтүрүптүр (А.Масалиев менен бирге окуп), бир нече жыл тоо-кен өнөр жайында өз кесиби боюнча эмгектениптир, анан он жыл ашык политехникалык институтта окутуучулук кылыптыр, эми болсо ою-дарты биротоло адабиятка ооптур. Өзү болсо токтоо, көп сүйлөбөгөн, бирок комузду катыра черткен адам экен. Ошентип, биз тагдырлаш, кесиптеш, мүнөздөрү да анча-мынча окшош адамдар катары жакын, ынак болуп калдык.
Москвадагы адабий курстарды бүтүп кайткан соң Ө.Даникеев "Ала-Тоо" журналында, андан кийин жазуучулар Союзунда кеңешчи, бир аздан соң катчы болуп иштеди. Ушул жылдары анын бир нече китеби чыкты. Булардын ичинен, ачыгын айтканда, "Кызыл аска" аттуу повесттер, драма жана аңгемелер жыйнагы (1979) анча деле назарга илинген жок. Ал эми 1981-жылдардын башында жарык көргөн "Көз ирмемдеги өмүр" жана "Көкөй кести" деген романдарынын жөнү башка. Алар өз кезинде сынчылар тарабынан бир кыйла кепке тартылган. Андай пикир айткандардын арасында мен да бар элем.
"Көз ирмемдеги өмүрдө" адатта өзү аралашып жүргөн азыркы болмуштү жазып келген Ө.Даникеев биринчи ирет тарыхка кайрылып, 19-кылымдын экинчи жарымындагы турмушту, атап айтканда, Чүй боорундагы кыргыздардын адегенде Кокон хандыгына көз карандылыгын, анан ага каршы чыгып, Россия бийлигине өтүшүн көркөм иликтөөнү ниет кылат. Ушуга ылайык романдагы окуялар кокондуктардын Пишпектеги беги Рахматылда, белгилүү манап Байтик баштаган Базаркул, Сары бий, Тойчубек ж.б. байлардын, карапайым калктын өкүлдөрү Асейин, Санжар, бөтөнчө автордук жактырууга ээ Кутуяндын образдары аркылуу сүрөттөлөт. Жалпысынан окуялардын жана каармандардын көпчүлүгү ишенимдүү, реалисттик деңгээлде көрсөтүлөт. Бирок мындай сапат негизги
каармандардын (Байтик, Базаркул, Кутуян) образдарына жете бербейт: алар көбүнесе сырткы аракеттери аркылуу көрсөтүлүп, ички-дүйнөлөрү, оош-кайыштары терең ачылбайт. Анан калса башкы кейипкер - Кутуян белгилүү өлчөмдө тарыхый өң-алеттен алыстап, кийинки доордогу адамдарга мүнөздүү келбетке ээ болгондой таасир калтырат.
"Көкөй кести" адеп жарыкка чыкканда (1984-жыл) мен кубанганымдан "Советтик Кыргызстанга" (азыркы "Кыргыз туусуна") атайын макала жазып: "Ө.Даникеев жаңычыл мүнөздөгү жакшы чыгарма жаратты. Анын "Көкөй кестиси" автордун жеке чыгармачылыгындагы эле эмес, акыркы жылдардагы кыргыз романынын урунттуу көрүнүштөрдүн бири катары көрүнөт" деп жарыя кылганга ашыккан элем. Эмне үчүн?
Үстүрт караган адамга "Көкөй кести" деле өтө тааныш темага - Улуу Ата Мекендик согуш жылдарындагы турмушка кайрылгандай элес берет. Бирок башка акын-жазуучуларыбыздын чыгармаларынан айырмаланып, "Көкөй кестидеги" окуялар кан майданда же андан алыстагы оорукта эмес, согуштан да, атүгүл айылдан да алыс, жүрсөң, үч күндө араң жетчү жерде - улуу тоолордун арасында, аскалуу ашуулардын ары жагында жайгашкан аба-ырайын аныктоочу станциянын жанында өтөт. Анда иштеген, жашаган дене-бою алсыз, согушка жараксыз алты адам (бешөө аял, бири эркек) төрт жыл бою, башкача айтканда, согуш башталгандан аяктаганга
чейин ааламдан да, ал гана эмес жанагы үч күнчүлүк жердеги жакадан да алыс калып, тышкы дүйнө менен рация аркылуу байланыш үзүлгөн соң жападан жалгыз калышат. Автор дал ушул адаттан тыш (психологияда экстремалдуу деп койчу, Батыш философиясында экзистенция деп аталчу) кырдаалда калган адамдардын тагдырын иликтейт, алардын рух жагынан күчтүүлүгүн, ички кайрат-эркин, келечектен үмүт үзбөгөн мүнөздөрүн реалисттик так изилдөөдөн өткөрөт, психологиялык жактан кынтыксыз негиздейт. Дал ушул жагынан "Көкөй кести" Ө.Даникеевдин мурдагы чыгармаларынан, асыресе, "Көз ирмемдеги өмүрдөн" кескин айырмаланат. Ошондуктан романга кезегинде Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын ыйгарылышы эң туура болгон.
Андан бери чейрек кылым убакыт өттү. Өсөкөм экөөбуз кудай кошуп, чыгармачыл интеллигенциянын өкүлдөрү менен бирге бир үйдө жашап калдык. Ара чолодо СССРде кайра куруу деген кыймыл жүрүп, акыры эсил кайран СССР өзү жок болду. Өлкөбүз өз алдынча түндүк көтөруп, түтүн булата баштады. Анын сыңары ар кимибиз өз арабабызды тартууга кириштик. Бирок Өсөкем менен мамилем баштагыдай тыгыз болбосо да биротоло үзүлгөн жок: саламыбыз түз болуп, ылайыгына жараша кез-кез жолугушуп калабыз. Чыгармачылык алаканы да көз жаздымдан тыш калтырган жокпуз.
Мындан бир топ жыл мурда "Мурас" деп аталган жаңы романынын кол жазмасын бергенинде демейдегидей кунт коюп окуп, өз пикиримди билдирген элем. Анда Чоң Чүй каналынын курулушу баяндалып, белгилүү тарыхчы-археолог А.Бернштамдын, көрүнүктүү мамлекеттик ишмер Б.Мамбетовдун ж.б. элестүү образдары тартылган болчу.
Эки-үч жыл мурда Өсөкем "Арман" аттуу жаңы романын тартуу кылган. Жан дилим менен окуп чыккам, аянычтуу окуялары, адам тагдырлары, баяндоо ыкмалары "Көкөй кестиге" жакын экен. "А, чыгармачыл дүрмөтү али күчүндө турбайбы" деп ичимден кубанып калгам.
Бирок кендирди кескен башка нерсе - азыр чыныгы акын-жазуучуларга китеп чыгаруунун кыйындыгы. Анын үстүнө Өсөкем айрымдарга окшоп өктөм, шылуун эмес, токтоо, "мобу" деп коюп унчукпай жүргөн уяң, жупуну адам. Ушуга жараша достору да ошондой эле: ыраматылык А.Масалиев менен көзү тирүү К.Жусупов мунун далилдери эмеспи. Тамашакөй, чечендерден жалгыз досу С.Жигитов болчу. Эми ал дагы жок.
Акырында айтаарым эмне? Менин баамымда жана терең ишенимимде, Өскөн аке - өзгөчө адам. Буга анын татаал тагдыры, өз киндигин өзү кесип, өзүн өзү көтөргөн чыдамкайлыгы, инженерликти, окутуучулукту, жазуучулукту жана комузчулукту айкалыштырган бай таланты, кыйынчылыктарды жана ийгиликтерди муюбай көтөргөн сабырдуу, токтоо мүнөзү далил. Бар болуңуз, көп жашаңыз, Өсөке.
Абдыганы ЭРКЕБАЕВ,
Сүрөтү Шекербек САРТОВдуку









кыргыз тилиндеги гезит "Кыргыз туусу"
email • архив • редакция 
18-декабрь, 2009-ж.:
1-бет
Өнүгүүгө бет алган борбор,
жаңырган жолдор
2-бет
Элдин үнү
3-бет
Кыргыз Республикасынын Президенти Курманбек БАКИЕВ:
Cоттор коомдун ишеничине ээ болуп баратат

4-бет
Жаңы жылга өнөр ээлерине жаңы үй!
5-бет
Ата Журт алкагында
6-бет
Конституцияга өзгөртүү киргизилет
7-бет
Кризис тоскоол болбойт, байланыш өнүгөт
8-бет
Мамчиновниктер кызматтарынан
четтетилди, себептери билинди

10-бет
Чыңгыз Айтматовду ким оңдоду?
11-бет
Тарбагатайлык кыргыздар
12-бет
Улут лидери
феномени

13-бет
Жеке ишкерликке маани берген Первомайское
14-бет
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин
төрагасы Айтибай ТАГАЕВ:
Азыркы парламент мурдагылардан кескин айырмаланат

15-бет
Экономика илимдеринин кандидаты, философия илимдеринин доктору, социология профессору Кусеин ИСАЕВ:
Улуттун биримдигин, келечегин ойлойлу

16-бет
Тарифтердин көтөрүлүшү тармактагы абалды жакшыртабы, же...
17-бет
Өскөн аке - Өскөн аке өзгөчө адам
18-бет
Мезгил мейкиндигинде
19-бет
Бейиш төрүн көргөн барбы,
Көрбөгөндөр ага зарбы?...
Денсоолукка даба- Ысык-Ата

20-бет
Маананстаынстын таш тулгасы уурдалды,урандылар майкандалды
21-бет
Москва шаарындагы "Кадровая консалтинговая компаниясынын" жетекчиси Ашыров Жами Жээнбекович менен маек.
Россиянын жарандыгын алганыбыз менен жүрөгүбүз кыргыз

22-бет
Туулгандыгынын 130 жылдыгына карата










??.??