, 18.12.09 - 18-бет:
  Мезгил мейкиндигинде

Кээде биз, журналисттер, күнүмдүк кызыктуу, бирок майда нерселерди сенсацияга айландырып, түбөлүктүү жана олуттуу маселелерге маани бербей да калышыбыз мүмкүн.

Физикадан лингвистикага көпүрө салган инсан
Учурда кыргыз окумуштуулары улуу манасчылар Сагымбай Орозбак уулунун, Саякбай Карала уулунун жана Кытайдагы кыргыздын залкар манасчысы Жүсүп Мамайдын нускалары
боюнча "Манас" эпосунун чоң көрсөткүч сөздүгүнүн кыргызча-түркчө, кыргызча-немисче, кыргызча-орусча, кыргызча-арабча, кыргызча-кытайча, кыргызча-фарсча версиялары жана "Манас" эпосунун маалыматтар базасы" аттуу уникалдуу долбоорлорду ишке ашырууда. Ошондой эле "Манас": кыргызча-түркчө чоң көрсөткүч сөздүк" аттуу 1500 беттен турган фундаменталдуу эмгек жазылып, ал Түркияда Түрк тил куруму тарабынан жарык көргөнү турат. Бул - чоң жаңылык, ааламдык алкактагы, дүйнөлүк рухий маданияттагы ачылыш. Бир учурларда дүйнө журтчулугу "Манас" эпосунун жарым миллион саптан турарын угуп (азыр мил-лион саптан кем эмес деп айтылууда) таң калышса, эми кол менен кармап, көз менен көрүүгө мүмкүнчүлүк алышмакчы. Эми ушул эбегейсиз чоң иштин "көлөкөсүндө" көпчүлүккө көрүнүп-көрүнбөй маңдай терин төгүп эмгектенип жана долбоорлорго тикелей жетекчилик кылып жаткан карапайым, бирок кажырлуу окумуштуунун ысымын атайлы. Ал - филология илимдеринин доктору, К.Карасаев атындагы БГУнун профессору, Эл аралык Ататүрк Ала-Тоо университетинин гуманитардык жана так билимдер факультетинин деканы Ташполот Садыков.
"Манас" эпосунун кыргызча-түркчө сөздүгүн башка аалым жазып жатса, таңданар белем, муну Ташполот аганын колго алышын мен анын илимий иштеринин мыйзам ченемдүү уландысы катары бааладым. Анын үстүнө аганын Ленинград университетинин аспирантурасында окуп жүргөндө эле түрк тилин жана бир катар тектеш түрк тилдерин жакшы өздөштүрүп алганынан кабарым бар. Бирок, эң башкысы - Т.Садыковдун кыргыз фонетикасын эксперименттик ыкма менен изилдөө багытында алпурушуп келгени бул ишке негиз болсо керек.
Мындайча айтканда, Т.Садыков структуралык, колдонмо жана математикалык лингвистика жаатында кыргыз тилинде алгачкы чыйыр салуучулардын бири. Бул багыттагы көч башчы Т.Ахматов 1969-жылы Ленинградда "Кыргыз адабий тилинин үндүк түзүлүшү" аттуу темада докторлук диссертациясын коргогон. Ал эми Т.Садыков 1982-жылы Ленинградда "Кыргыз тилиндеги атооч сөздөрдү морфологиясын ЭЭМде моделдөө" темасында кандидаттык, 1995-жылы Алматыда "Кыргыз фонологиясы менен морфологиясынын теориялык негиздери" темасында докторлук диссертацияларын жактайт. Ошентип, Ташполот Садыковду кыргыз тилин электрондук эсептөө машинасына киргизген, кыргыз компьютердик лингвистикасынын пайдубалын түптөгөн окумуштуу десек болот.
Ташполот аганын өмүрүндө күтүүсүз бурулуш жолдор аз эмес. Чаткал районундагы Шакафтар жатак мектебин бүтүргөн уланды Россиянын нефть тармагындагы борбордук окуу жайы кабыл алмак болот, бирок ал ЖОЖдо орун толуп калып, Уфа шаарына жиберилет. Анда да жолу болбой Бишкекке келип, КМУнун физика факультетине кирип, аны 1972-жылы ойдогудай бүтүрүп чыгат. Ушул жылы Кыргыз ССРинин Илимдер академиясынын Тил жана адабият институтунда Абдыкадыр Орузбаевдин жетекчилиги менен жаңыдан ачылган эксперименталдык фонетика лабораториясына инженердик кызматка алынат. Ушул кызмат Т.Садыковго физикадан лингвистикага өтүүгө көпүрө болуп берди. Тагыраак айтканда, ал көпүрөнү өзү курду.
Москвалык студенттер поэзия кечесинде Олжас Сулейменовдон "Сиз орус тилинде ойлойсузбу же казак тилиндеби?" деп сураганда акын: "Тил жана ой - физика-химиялык процесс", - деп жооп бергени бар. Анын сыңарындай, балким, тил фонетикасынын миң түркүн физикалык кубулуштары жаш адисти катуу кызыктырган. Мисалы, үн толкундары абада - секундуна 340 метр, сууда - 1500 метр, темирде - 4800 метр ылдамдыкта тарайт экен. Адам баласынын кулагы 20 герцтен 20 000 герцке чейинки термелүү жыштыгындагы үндү кабыл алууга жөндөмдүү. Ошол эле маалда тилдеги тыбыштар 50 герцтен 10 000 герцке чейин чектелет. Жунусбалык (дельфин) менен киттер 200 000 герцке, ит 40 000 герцке чейинки үндү кабылдай алышат. Аялдардын үнүнүн эркектердикинен ичке чыгары өңгөчтөгү үн түйүнүнүн көлөмүнө жараша болот. Аялдардын үн түйүндөрүнүн диаметри 1,2 см., эркектердики 1,5 см. (мисалдар Т.Садыковдун "Азыркы кыргыз тили: фонетика" окуу китебинен алынды).
Т.Садыковдун жогоруда аталган фонетика окуу куралын жана "Сорос-Кыргызстан" фондусунун баш байгесин жеңип алган "Азыркы кыргыз тили: морфология" окуу китебин (авторлошу И.Абдувалиев) окутуучулар жана студенттер он жылдан ашуун убакыттан бери пайдаланып келе жатканын атап өтүү ылаазым.
- Университетти бүтүргөнүмдө мага эки ишти сунуштаган. Бири - циркке инженер болуп баруу, экинчиси - Тил жана адабият институтунун лабораториясына. Мен эне тилибизди өнүктүрүү аркылуу элиме кызмат кылгым келди. Ишеналы Арабай уулу, Ахмет Байтурсун уулу, Касым Тыныстан уулу жол салып кеткен кыргыз тил илиминин учугун жалгап, улантып жатканыма сыймыктанам, - дейт профессор агайыбыз.
ЁЁЁ
16-декабрда К.Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетинде көрүнүктүү окумуштуу, профессор Ташполот Садыковдун 60 жылдык мааракесине арналган "Түрк элдеринин тили жана адабияты" аттуу илимий-теориялык конференция болуп өттү. Конференцияда сөз сүйлөшкөн БГУнун ректору, профессор А.Эргешов, Кыргыз эл жазуучусу Ө.Даникеев, УИАнын мүчө-корреспонденти А.Акматалиев, БГУнун кыргыз филологиясы факультетинин деканы К.Кенжешев, Кыргыз Улуттук университетинин, Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин, Эл аралык Ата-Түрк Ала-Тоо университетинин, И.Арабаев атындагы КМУнун ж.б. окуу жайларынын профессор-окумуштуулары Т.Садыковдун илимий-агартуучулук ишмердигине жогору баа беришти.
Андан соң, конференцияга келген окумуштуулар үч секцияга бөлүнүшүп, тил жана адабият маселелерине арналган изилдөөлөрүн талкуулашты.
Назарбек БАЙЖИГИТОВ,
Сапарбек МУСАБАЕВ (фото),
"Кыргыз Туусу"