, 18.12.09 - 19-бет: Бейиш төрүн көргөн барбы,
Көрбөгөндөр ага зарбы?...
Денсоолукка даба- Ысык-Ата
Ысык-Ата курортунун туш тарабы аскасы асман тиреген улуу тоолор менен курчалып, оң тарабынан күргүштөп Ысык-Ата суусу агып турат.
Күз айы болгондуктан, биз барган биринчи эле күнү тээ тоонун чокусу ылдый, кудум жомоктогудай түрмөктөлүп, боз туман түшүп келди да, капчыгайдын ичин "басып" калды. Анткен менен жылуу, жагымдуу, таза аба туман менен кошо адамды кучагына ороп, дем жуткан сайын ичи-койнуңа кирип, жандүйнөңдү ырахатка бөлөп, балпалактап жааган аппак кар көөдөнүңдү толкутуп, көңүлүңдү балкытып, дарылап жаткансыйт.
Курорттун дарбазасынан ар күн сайын агылып кирип жаткандардын да, кайра агылып чыгып жаткандардын да катары суюлбайт. Андыктан, келгендерди да, кайра кайтып кетип жаткандарды да "каттоодон өткөрүүчү" кабинеттин эшигинин алдында ар дайым кезек күткөндөр турушат.
"Эшигин көрүп төрүнө өт" демекчи, курорттун андан аркы тейлөөсүнүн кандай экендиги мына ушул жерден көрүнөт.
Кезегибиз келип, каттоодон өткөнү киргенибизде, журналисттик адатым кармап, Чолпон эжеге бир-эки суроо узата салдым:
- Киши аябай көп экен, анын үстүнө ар бир адамдын ар башка кыял-жоругу, суроо-талабы болот, байкасам эч бирине кабагым-кашым дебей, күлүп-жайнап, жумшак мамиле кылып жатасыз... Бул сизди чарчатпайбы?
Эже жумшак күлүмсүрөп:
- Бул - биздин ишибиз. Анын үстүнө эс алуучуларга орой мамиле кылууга акыбыз да жок. Анткени адамдар бизге: "Чарчоодон арылып, аз күнгө болсо да эс алалы, ден соолугубузду чыңдайлы" деп келишет. Андыктан, биз алар үчүн колдон келген кызматыбызды көрсөтөбүз, - деп жооп берди. "Жакшы сөз - жан эргитет" дегендей, чыны менен эле ушул мамиле, ушул жооп мендеги бир чарчоону сыйрып алып ыргытып жибергендей болду. Андан кийин өзүбүз жайгаша турган № 8 корпуска келдик. Босогодон баш бакканыбызда эле таанышын көргөндөй күлүмсүрөгөн айым алдыбыздан утурлап, тосуп алып:
- Саламатсыздарбы? Куш келипсиздер. Кайсы бөлмөгө жолдомо алдыңыздар? - деп топ ачкычын шагыратып, узун коридор менен баштап келип, бөлмөбүздү ачты. Атайын "люкс" болбогону менен, өзүнчө кире бериши, кийим илген шкафы, дааратканасы, ысык-муздак суусу бар, үч кишиге ылайыкталган, алдында килем төшөлүп, жаңы керебеттер, жаңы үлгүдөгү түстүү телевизор, муздаткыч коюлган, терезе-балкону тоону караган бөлмө экен.
Андан кийин башка меймандар менен катар, дарыгердин кабыл алуусунда болдук.
Кийинки кездерде эл ичинде: "Кудай бир милициядан сактасын, бир доктурдан сактасын" деген кеп жашап калбадыбы. Муну ар ким ар кандай учурда айтат. Айрыкча, дары-дармектин, тейлөөнүн баасынын өсүшү, айрым бир чөнтөгүңө карап жасалган мамилелер бул түшүнүктү адамдардын жандүйнөсүнө ого бетер бекемдетип, орнотуп койгон.
Бирок, Ысык-Ата курортуна келгени, бул жердеги дарыгерлердин мамилесинен улам, өзүңдү адашып, баягы-баягы - союз убагындагы алпейим дарыгерлердин арасына түшүп калгандай сезип кетесиң. Кимди болбосун ушундай сезимге кабылткан Калима Асакеева чындыгында биздин кайдан келгенибизди, кайда иштээрибизди, ким экенибизди сураган да жок. Тек гана, эшиктен баш багып:
- Мүмкүн бекен? - дегенибизде, бир тууганын көргөндөй "жарк" этип жылмайып алып:
- Албетте! Кириңиз, - деди да, бир нерсе издегендей, мээримдүү көздөр менен көздөрүмө, жүзүмө үңүлө тиктеп:
- Кан басымыңыз кандай? Карууңузду тосуңузчу? - деп аппаратын кулагына сала коюп, анан бир аз түйшөлө түшкөндөй көрүндү. Андан ары отургузуп, тургузуп, сезгич жана жумшак манжалары ден соолугумда болгон өзгөрүүлөрдү айтып:
- Бардыгы жакшы... Көрөсүз го, бул жерден кулундай так секирип, ойногон боюнча кетесиз. Бардык "тетиктериңизди" жууп-тазалап, "жаңы" кылып таштайбыз! - деди
тамаша-чындан.
Эгерде мен булардын бардыгын өзүм көрүп, өзүм сезбегенимде, ага ишенбейт элем...
ЁЁЁ
Эс алуу убагында "эки иштен бир иш" деп, курорттун чоо-жайы - тарыхы менен да таанышууну туура көрүп, көптөн бери дарыланып, эс алып жүргөн адмдар менен аңгемелешип, албетте, курорттун директору Бактыбек Кудайбергенов менен баарлашууга жол издедик...
- Бактыбек Жапарович, Ысык-Ата курортунун керемети тууралуу угуп жүрчү элек, эми эс алууга келип, чыны менен эле анын Теңир берген табигый дарылык касиеттерине, жаратылышына суктанып бүтө албай турабыз. Мүмкүн болсо бу жердин, курорттун тарыхы-таржымалын айтып берсеңиз?
- Тарыхый булактарга таянсак, бу жердин дарылык касиети тээ II-III кылымдарда эле белгилүү болгондой. Ошондон тарта жергиликтүү ата-бабалар минералдык сууларды дары катары пайдаланып келишкен. 1875-жылдары анан бу жердин кереметине европалыктар да кызыгып, орус саякатчысы И.В Мушкетов, андан кийин Орто-Азиянын тоолуу аймактары боюнча изилдөөчү А.И.Северцев келип 12 жыл изилдөө иштерин жүргүзгөн. 1896-жылы М.В.Фрунзенин атасы, врач-этнограф Ф.Поярков келип, Ысык-Атанын суусунун дарылык касиети тууралуу жазган.
- Курорттун аймагында Буддага байланышкан таштар да бар экен?
- Бул эстеликтер археологдордун маалыматына карганда XII кылымга таандык. Бул тууралуу түрколог-эпиграфист Четин Жумагуловдун "Кыргызстандын эпиграфикасы" деген китебинде кенен айтылат (Фрунзе. "Илим". 1982-ж. 48-49-бб.).
1918-жылы эс алып, дарылануучулар үчүн эки чакан үй - алгачкы жатакана курулуп, эки "ысык булактан" (минералдык суу) он эки ванна жасалган.
Андан кийин 1919-1931-жылдардын аралыгында "Кызыл Крест" коомунан башка колго өткөрүлүп, бул аймакка көбүрөөк көңүл бурула баштаган. Айрыкча, 1931-жылы курорт Кыргыз курорттук башкармалыгына өтүп, ошондон тарта анын өсүп-өнүгүүсүнө айрыкча көңүл бурулган.
1931-жылдан 1939-жылга чейин азыркы 3,4,5,6,7 - жана 9- жатуучу корпустар курулуп, бир кабаттуу поликлиника салынган. Ошол эле убакта "Арашан" деп аталган он алты ваннадан турган имарат, ашкана тургузулган.
Ушул эле жылдары курорттун аймагында суу каналдары жүргүзүлүп, бөлмөлөргө табигый ысык суулар "жүгүртүлүп", киргизиле баштаган.
- Согуш убагында курорт жарадар жоокерлер үчүн госпиталь болгон дешет?
- Ооба. Согуш убагында курорттун курулушу дээрлик токтогон. 1941-1946-жылдары бөлүмдөр Фрунзе шаарындагы жана башка Орто Азия боюнча госпиталдардан жарадарлар алынып келинген. Алардын көпчүлүгү сакайып үйлөрүнө, көпчүлүгү кайрадан согушка аттанып, айрымдары ушул аймакты түбөлүк "мекендеп" калышкан. Башкача айтканда алардын сөөгү курорттун аймагына коюлуп, эми да келип-кеткендер эскерип, таазим кылып турушат...

(Уландысы бар)
Жыпар ИСАБАЕВА,
"Кыргыз Туусу"