, 18.12.09 - 3-бет: Кыргыз Республикасынын Президенти Курманбек БАКИЕВ:
Cоттор коомдун ишеничине ээ болуп баратат
"Мыйзамга баш ийүү - укуктардын тең салмагына негизделген акыйкаттыкка карай бирден-бир жол", - деп баса белгиледи Кыргыз Республикасынын Президенти Курманбек Бакиев 16-декабрда Т.Сатылганов атындагы Улуттук филармонияда өткөн КРнын Жогорку сотунун 85 жылдык мааракесине арналган салтанаттуу иш-чара учурунда сүйлөгөн сөзүндө.
Иш-чаранын расмий ачылышынын алдында катышуучуларга КРнын Жогорку сотунун тарыхы туурасында кыска метраждуу фильм көрсөтүлдү.
Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрайымы Ж. Алиеванын кыска куттуктоосунан кийин Президент Курманбек Бакиев сөз сүйлөдү.
Өз сөзүндө мамлекет башчысы Жогорку сот өзүнүн 85 жылдык мааракесин белгилеп жаткандыктан, катышуучуларды майрамы менен куттуктап, сот системасынын көз карандысыздыгын бекемдөө максатында көрүлүп жаткан чараларга кыскача токтолуп, аны реформалоонун шарттарына жана негизги милдеттерине басым жасады.
К.Бакиев кайсы өлкөдө жана качан болбосун акыйкаттыкка жетүү өтө оор иш болгонун, анткени акыйкат мыйзам да, адилет сот да, адилеттикти жактаган коом да, сот чечимин жүзөгө ашыруу үчүн чыныгы мүмкүнчүлүк да керек экендигин баса белгиледи. Дүйнөдө адам укуктарын ишке ашыруу аркылуу акыйкаттыкка жетүү идеясы үстөмдүк кылууда. Бизде да Жаңылануу багытында укуктук мамлекетти куруу концепциясына негиз салынган.
Бул укук үстөмдүгүн жана мыйзамдуулукту чыңдоону эле эмес, ошондой эле укуктардын негизги түрлөрүн билдирет. Ал укуктар катарында мамлекет башчысы төмөнкүлөрдү атады:
Адам укуктарын тутуу мыйзам алкагында болуп, башка адамдардын, коомдун же жаратылыштын укуктарын басмырлабашы керек. Бизде адам укуктары деп коомдук эрежелердин чегинде инсандын өнүгүү укугун эмес, көбүнчө өз эркин таңуулоо, жеке жана топтук эгоизм укуктарын түшүнүшөт.
Коомдун укуктарын тутуу. Бул анын негиздерин, дөөлөттөрүн кыйроолордон, айрым топтордун жеке басарлыгынан коргоо болуп саналат. Мисалы, ким бирөөнүн жеке мүдөөсүнөн улам балдардын ден соолугуна, коомдун мүчөлөрүнүн адеп-аклагына залака келтирүүдөн коргоо зарыл. Туруктуу коомдук карым-катнаштардын негизи катары менчик укуктарын тутуу.
Жаратылыштын укуктарын тутуу - бул экологиялык капсалаңдардан коргоо болуп саналат.
Ата-бабалардын укуктарын тутуу - улуттук эстутумду, салттарды кыйроодон сактоону билдирет.
Урпактардын укуктарын тутуу деген - бул татыктуу келечекке укуктар болуп саналат.
К.Бакиев бул укуктардын кайсынысы гана болбосун, башкаларынын басырындысында калбоого тийиштигин айтуу менен андан аркы сөзүндө тармактагы проблемаларга токтолду.
- Кыргызстандын сот системасын реформалоо процесси бир катар жылдан бери жүрүп келатат, - деди ал. - 2007-жылы 21-октябрдагы референдумда кабыл алынган Конституциянын жаңы редакциясы, аны ишке ашыруу үчүн кабыл алынган бир катар мыйзамдар, ошондой эле АКШнын "Миң жылдык көйгөйлөрү" корпорациясынын баштапкы программасына катышуу үчүн Кыргызстандын аракеттери - ушунун баары сот системасынын көз карандысыздыгын чыңдоо ишинде олуттуу жаңы мамилелерге өбөлгө түздү. Бир топ иштер жасалды.
Биринчиден, эми соттор беш жылдык "сыноо" мөөнөтүнөн кийин мөөнөтү чектелбестен дайындалышат жана жүрүм-туруму кынтыксыз болгон шартта жашы жеткенге чейин кайра дайындалбастан кызматында кала беришет. Бул курак жергиликтүү соттордо 65, жогорку соттордо 70 жашка чейин белгиленди. Бул - сот адилеттигин камсыз кылуу ишинде соттордун көз карандысыздыгынын эң маанилүү шарттарынын бири.
Экинчиден, сот адилеттиги иштери боюнча Улуттук кеңеш кайра түзүлүп жана иштеп жатат. Кеңеш мамлекеттик бийликтин бардык үч бутагынын жана коомчулуктун өкүлдөрүнөн турат. Анын башкы озуйпасы - сот ишине эң татыктуу жана камбыл
юристтерди тандоо.
Ошентип, келечек сотторду тандоо иши көшөгө артында жүрбөөгө тийиш деген негизги маселелердин бири чечилип жатат.
Үчүнчүдөн, соттордун съезди аркылуу үч жылга шайланган Судьялар кеңеши түзүлүп, натыйжалуу иштеп жатат. Кеңеш сот системасынын бюджетин түзүү, коргоо жана ишке ашыруу маселелерин дурус чечүүдө; жарандардын адилетсиз соттордун үстүнөн арыздарын калыс талдап жатат. Судьялар кеңеши мамлекеттин бекем колдоосу астында мурда болуп көрбөгөндөй мыйзам чечимине жетише алды.
Эми жергиликтүү соттордун бюджети көнүмүш адат боюнча Каржы министрлиги тарабынан түшүрүлбөстөн, өздөрү түзүп, Судьялар кеңеши аркылуу жалпылаштырылып, Өкмөт менен макулдашуу боюнча Жогорку Кеңештин бекитүүсүнө коюлат. Судьялар кеңеши менен Өкмөт ортосунда келишкис карама-каршылыктар туулган учурда республикалык бюджетке Өкмөттүн эмес, Судьялар кеңешинин сунуштары киргизилет.
Мурда Юстиция министрлигине кирген Сот департаменти сот системасына өткөрүлүп, эми Судьялар кеңешинин көзөмөлү астында иштеп жатат. Анын натыйжасында жергиликтүү сотторду материалдык-техникалык камсыз кылуу маселелери жакшылап чечилип, сот актыларынын аткарылыш системасы өркүндөтүлдү.
Ошентип, мамлекеттик бийликтин өз алдынча бир бутагы катары сот системасынын чыныгы финансылык көз карандысыздыгын камсыз кыла турган жаңы механизм түзүлдү.
Судьялар кеңешине ишине шалаакы мамиле жасаган судьялардын үстүнөн арыздардын азайбай түшүп жатканы Кеңештин аброюнун артышын гана эмес, судьялардын катарын татыксыз адамдардан арылтуудан жалтанбаган калыс, таза кызматчылар сот системасынын негизги өзөгүн түзүп жатканын далилдейт.

2008-жылы апрелде судьялардын съездинде Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңеши шайлангандан берки мезгилде 58 судья жоопкерчиликке тартылды. Анын ичинен 25 судьяга тартип жазасы колдонулду, 19 судьяга сөгүш жарыяланды, ал эми татыксыз жүрүм-турумуна байланыштуу 14 судья мөөнөтүнөн эртелей кызматынан бошотулду. Алардын 13ү менин жарлыгым боюнча мөөнөтүнөн мурда кызматынан алынды. Мындан тышкары, Башкы прокурор тарабынан судьяларга карата 7 кылмыш иши козголду. Сот адилеттиги иштери боюнча Улуттук кеңеш бардык жети судьяны тең кылмыш жоопкерчилигине тартууга макулдугун берди. Алар да менин жарлыгыма ылайык кызматынан четтетилди.

К.Бакиев дагы бир чечкиндүү кадам катарында "Сот арачылары жөнүндө" мыйзам кабыл алынгандыгын белгилеп өттү. 2011-жылдан тарта бара-бара ар кайсы региондордо сот арачылардын катышуусу менен айрым категориядагы кылмыш иштерин кароону камсыз кылуу боюнча учурда даярдык жүрүп жатат. Сотторго доо арыз менен кайрылуу, ошондой эле сот чечимдерине даттануу алдында төлөнүүчү мамлекеттик алымдарды жокко чыгарган мыйзам бир жылдан бери иштеп жатат. Сот жобосу катары банкроттук беренеси карызгор менен кредитордун таламдарын толук эске алуу менен ишке ашырылууда.
Мамлекет башчысынын пикири боюнча, сот реформасынын жалпы милдеттери Жаңылануу багытында белгиленген. Алар кылмыш-жаза мыйзамын коргоо юстиция принциптерине өткөрүү багытында гумандаштыруу, аны менен бир эле учурда судьялардын көз карандысыздыгы менен жоопкерчилигин көтөрүү. Жарандардын конституциялык укуктарын чектеген тергөө амалдарына уруксат берүү укуктарын прокуратурадан сотторго өткөрүп берүү. Менчик укуктарын коргоо боюнча жарандык мыйзамды жана сот процессин өркүндөтүү. Администрациялык юстицияны өркүндөтүү, бийлик менен алака-катыш чөйрөсүндө жарандар менен юридикалык жактардын укуктарын коргоону камсыз кылуу. Сотко чейин элдешүү жолу менен чечүүгө мүмкүн болгон чарбалык талаш-тартыштардын укуктук негизин жана тажрыйбасын кеңейтүү. Сот чечимдерин аткаруу механизмин жана аларды аткарбагандык үчүн жоопкерчиликти күчөтүү. Сот процессинин ачык-айкындыгын камсыз кылуу. Квалификациялуу юридикалык жардамдарды, анын ичинде бекер юридикалык жардамга муктаж болгондордун укуктук таламын камсыз кылуу жана акырында - сот өндүрүшүнүн материалдык-техникалык базасын, ошондой эле Кыргыз Республикасынын судьялары үчүн социалдык кепилдиктерди жакшыртуу.
Ушуга байланыштуу Президент тарабынан жакында эле Жогорку Кеңешке мыйзам дол-боорлору жиберилген. Ал мыйзам долбоорлору судьялардын статусу жөнүндөгү конституциялык мыйзамга жана пенсиялык камсыздоо маселесин жөнгө салуучу мыйзамга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүүгө багытталган. Бул өзгөртүүлөр судьяларды пенсиялык камсыздоону кыйла жакшыртууга тийиш.
К.Бакиев сот системасын реформалоо боюнча өз дарегине көптөгөн сунуштар түшүп жаткандыгын да билдирди. Ушуга байланыштуу судьялар менен бир топ милдеттерди талкуулоо керек болуп турат.
Биринчиден, бул процесстин ачык-айкындыгына жетишүүнү камсыз кылуу зарылдыгы. Бул багытта иш жүргүзүү менен, Жогорку сот быйыл "Миң жылдыктын көйгөйлөрү" Корпорациясынын баштапкы программасынын колдоосу менен соттук маалымат жана башкаруу системасын түзүүгө киришти. Анын натыйжасында каалоочулардын баарына - жарандарга, юридикалык жактарга, инвесторлорго жана ишкерлерге бардык соттук чечимдердин жана өкүмдөрдүн маалымат базасынан пайдаланууга жол ачылат. Туш келди тандоо ыкмасы менен соттук иштерди автоматтык түрдө бөлүштүрүү принциби иштей баштайт.
Бул башка чаралар менен айкалышып, соттордо орун алган коррупцияны кыйла азайтат, иштерди кароону создуктурууну жоюуга, соттордун иш өндүрүшүн тартипке салууга жардам берет. 2010-жылдын биринчи жарымында бул системага 28 сотту киргизүү белгиленүүдө. 2009-2011-жылдарга Өлкөнү өнүктүрүү стратегиясына ылайык, жакынкы эки-үч жыл арасында ар бир райондук сот соттук маалымат жана башкаруунун бирдиктүү системасына киргизилет. Ошентип, бардык соттордун иши ачык-айкын, сот тажрыйбасы туруктуу, ал эми сот иштерине тиешелүү бардык маалымат коомчулуктун кеңири катмары үчүн жеткиликтүү болуп калат.
Кийинки милдет - кызмат көрсөтүүнүн сапатын жакшыртуу. Бул маселени чечүү үчүн сот адилеттигинин органдарынын ыйгарым укуктарынын натыйжалуулугуна, жазалоо эмес, коргоо функцияларынын кеңири колдонуусуна талдоо жүргүзүү керек болот. Ошондой эле соттордун төрагаларынын административдик жана сот адилеттиги ыйгарым укуктарын ажыратып, сот аппараттарын уюштуруу натыйжалуулугун арттырып, сот процессине мониторингди күчөтүү зарыл.
Иштин натыйжалуулугун арттыруу максатында жаңы курам мурдагылар топтогон тажырыйбаны жоготпошу үчүн Судьялар кеңешинин ишинде сөзсүз түрдө муундардын өз ара шайкешин камсыз кылуу зарыл. Жогорку соттордун жетекчилеринин Судьялар кеңешине мүчө болуу мүмкүнчүлүгүн кароо да максатка ылайыктуу.
Судьялар кеңешинде ишин аткарууга убакыт бөлүү үчүн анын мүчөлөрүнө аракеттеги судьялар катары иштен жеңилдик берүү жагын кароо зарыл. Сот адилеттиги иштери боюнча Улуттук кеңештин курамында соттук корпустун өкүлдөрүнүн санын көбөйтүп, коомчулуктан өкүлдөрдү тандап алуунун тартибин жакшыртуу керек.
Судьялар кеңешинин иш тажырыйбасы көргөзгөндөй, жаңы функцияларды аткаруусуна жараша Судьялар кеңешинин мүчөлөрүнүн иши оорлоп кетти. Ошондуктан, бүгүн Судьялар кеңешинин жана Улуттук кеңештин ишин камсыздоочу кызматкерлердин баштапкы санын 8-10 кишиге чейин көбөйтүү маселеси курч турат. Бул өзүн өзү актай турган чыгым. Сот департаментинин сот системасындагы ордун да жакшылап аныктоо керек.
Президент адвокатураны реформалоону улантуу зарылдыгын, тиешелүү концепция 2005-жылы эле бекитилгенине карабастан, тилекке каршы, бул проблема дале чечиле электигине нараазылыгын билдирди. Ал эми судьялардын ишинин аябай көп болгону проблемасын соттордун штатын көбөйтүү, судьялардын жардамчылары институтун киргизүү, анан, албетте, бейтарап соттор менен аксакалдар соттору институттарын өнүктүрүү аркылуу чечсе болорун баса көрсөттү.
Аны менен катар эле чечимдердин сапаты үчүн судьялардын жоопкерчилигин арттыруу милдети маанилүү. Мыйзамдык императивди бузган судья бери эле дегенде жумуштан алынып, кылмыш жоопкерчилигине тартылуусу зарыл.
Соттук актыларды аткаруу проблемасында, баарынан мурда аткаруунун жол-жоболору жөнөкөйлөштүрүлүп, аткаруучулук өндүрүш жөнүндөгү мыйзамга, жарандык-процессуалдык кодекске тиешелүү түзөтүүлөрдү киргизүү керек.
Президенттин пикири боюнча, соттордун жана укук коргоо органдарынын ишмердигинде чыр-чатактарды тынчтык жол менен чечүүдө тараптарга жардам берген коомчулуктун өкүлдөрүн тартууну жандандыруу жана колдоо зарылдыгы бышып жетилген. Алар медиаторлордун, доону калыстоочулардын, социалдык кызматкерлердин, ошондой эле бейтарап арачылардын ролун аткарууга жөндөмдүү адистер катары чыга алышмакчы.
Андан соң Президент сот системасынын мыкты кызматкерлерине мамлекеттик сыйлыктарды тапшырды. Салтанаттуу иш-чара майрамдык концерт менен аяктады.
Кыргыз Республикасынын Президенти Курманбек Бакиевдин "Республиканын сот системасынын кызматкерлерин мамлекеттик сыйлыктар менен сыйлоо жөнүндө" Жарлыгына ылайык, республиканын сот органдарындагы үзүрлүү иши үчүн бир катар адамдар ардактуу наамдарга татыктуу болушту. "Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген юристи" деген ардактуу наам төмөнкүлөргө берилди: Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун судьясы Азимжанов Низамидин Азимжановичке; Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун судьясы Алымбеков Турсунга; Бишкек шаарынын Свердлов райондук сотунун төрагасы Сыдыков Аскат Шаршековичке; Нарын облусунун Нарын райондук сотунун төрагасы Эсенбаев Бердибекке.
Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасы менен төмөнкүлөр сыйланышты: Аданбаев Максут - Баткен облустук сотунун төрагасынын орун басары; Ажибраимова Айжамал Мусуратбековна - Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун судьясы; Аманалиева Бактыгүл Кыдыргычевна - Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун судьясы; Арзыбаев Убайдула Кадырович - Ош облусунун Араван райондук сотунун төрагасы; Базарбаев Адил Анарбаевич - Жалал-Абад облусунун Аксы райондук сотунун төрагасы; Базаркулов Камельдин Кушубекович - Бишкек шаардык сотунун төрагасынын орун басары; Жунушпаев Кыдык Карабаевич - Ысык-Көл облустук сотунун төрагасы; Кашкарбаев Бердибай - Чүй облусунун Ысык-Ата райондук сотунун судьясы; Ташбаев Сатыбалды Кочкорович - Ош облусунун Ноокат райондук сотунун төрагасы.
Мырзакат ТЫНАЛИЕВ,
"Кыргыз Туусу"
Султан ДОСАЛИЕВ (фото)