, 18.12.09 - 6-бет:
  Конституцияга өзгөртүү киргизилет

Өкмөттүн ыйгарым
укуктары кеңейтилет
Кыргыз Республикасынын Президенти Курманбек Бакиев Жогорку Кеңешке "Кыргыз Республикасынын Конституциясына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" мыйзам долбоорун жөнөттү.
Бул мыйзам долбоору мамлекеттик башкаруу түзүмүндө башталган реформаларды эске алуу менен КРнын Президентинин, Жогорку Кеңештин ыйгарым укуктарын, Өкмөттүн түзүмүн жана курамын уюштурууну жөнгө салууга багытталган.
Кыргызстандын Президенти өзүнүн кээ бир полномочиелерин кыскартып, Өкмөттүн полномочиелерин кеңейтүүнү сунуш кылган. Өлкөнүн Президентинин жана парламенттин аппараттарынын юристтеринин айтымында, Жогорку Кеңештин депутаттарынын кароосуна жиберилген документтин долбоору Конституциянын принциптеринин негизинде мамлекетти башкаруу системасындагы башталган реформаны эске алуу менен, ошондой эле бири-бирин кайталаган позицияларды четтетүү үчүн даярдалган.
Долбоордо мамлекеттик катчыны дайындоо, анын статусун жана полномочиесин аныктоо Президенттин полномочиесинен алып салуу сунушталган. Эске салып кетерибиз өлкөнүн мамлекеттик катчысы чындыгында өкүлчүлүк милдетти гана аткарып келген.
Жаңы мыйзам долбоорунда ошондой эле Кыргыз Республикасынын Президентинин администрациясын жана Коопсуздук кеңешин жоюу каралган. Эл өкүлдөрүнө жиберилген документте мамлекет башчысына Президенттик кеңешмени жана башка кеңешүүчү жана координациялоочу органдарды түзүү боюнча полномочиени берүү сунуш кылынган. Мыйзамда ошондой эле Улуттук гвардияны түзүү боюнча Президенттин полномочиесин алып салуу каралган.
Кыргыз Республикасынын Конституциясына сунуш кылынган өзгөртүүлөрдө мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларга класстык чиндерди ыйгарууну алып салуу каралган. Документте ошондой эле Кыргыз Республикасынын Президентинин жана парламенттин полномочиелеринин кээ бир бөлүктөрүнө өзгөртүүлөрдү киргизүү сунушталган.
Президенттик кеңешменин курамына Президенттин Институтунун, парламенттин, Өкмөттүн жана башка органдар менен уюмдардын өкүлдөрүнүн кириши каралууда. Президенттик кеңешменин милдеттери, укуктары жана функциялары мамлекет башчысы тарабынан бекитилүүчү анын жобосунда аныкталат.
Юристтердин пикири боюнча сунуш кылынган өзгөртүүлөр өкмөттү жетектеген Премьер-министрге мамлекетти өнүктүрүүнүн кандайдыр бир мезгилинде конкреттүү милдеттерди орундатуу үчүн зарыл болгон түзүмдү жана курамды аныктоого мүмкүнчүлүк түзмөкчү. Жаңы мыйзам долбоорун иштеп чыгуучулардын айтымында Кыргыз Республикасынын Негизги мыйзамына киргизилген өзгөртүүлөр "Конституциянын жоболорунун ортосундагы кызыкчылыктардын конфликттерин алып салууга" чакырылган.

Н.ЖЭЭНБЕКОВ




Дайындоолор
Кыргыз Республикасынын Президенти Курманбек Бакиевдин жарлыгы менен Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 46-беренесиндеги 1-пункттун 1-пунктчасына ылайык Торобаев Бакыт Эргешевич Кыргыз Республикасынын өзгөчө кырдаалдар министри болуп дайындалды
Кыргыз Республикасынын Президенти Курманбек Бакиевдин 17-декабрдагы жарлыгы менен Тагаев Айтибай Султанович Кыргыз Республикасынын Баткен облусунун мамлекеттик администрациясынын башчысы - губернатору болуп дайындалды.
Кыргыз Республикасынын Президенти Курманбек Бакиевдин16-декабрдагы буйругу менен Токтосунов Кубанычбек Абдышевич Кыргыз Республикасынын Президентинин Коргоо, коопсуздук жана укуктук тартип маселелери боюнча мамлекеттик кеңешчисинин Кызматынын жетекчиси болуп дайындалды.
Кыргыз Республикасынын Президенти Курманбек Бакиевдин16-декабрдагы жарлыгы менен Кубатбеков Турсумбай Сатымбаевич К.И.Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетинин ректору болуп дайындалды.
* * *
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Данияр Үсөновдун кол койгон буйругуна ылайык, Азиз Аалиев экономикалык тескөө министрлигинин статс-катчысы, Акунжан Абдрашев билим берүү жана илим министрлигинин статс-катчысы, Үсөналы Бекишев Өкмөткө караштуу архитектура жана курулуш мамлекеттик агенттигинин статс-катчысы, Нуржан Бардинова Өкмөткө караштуу дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин статс-катчысы, Кубанычбек Конгантиев ушул эле агенттиктин директорунун орун басары, Мукталы Бектеналиев Өкмөткө караштуу маданият мамлекеттик агенттигинин статс-катчысы, Нурдин Тынаев КРнын эмгек, ишке жайгаштыруу жана миграция министрлигине караштуу Кыргыз Республикасынын жарандарын чет өлкөлөрдө ишке орноштуруу борборунун директору болуп дайындалышты.

Р.ЖЕТИГЕНОВ

Газ боюнча Өзбекстанга карыз төлөндү
Жакында коңшу мамлекет Кыргызстанга газ берүүнү токтотуу боюнча телеграмманы жиберди. Мындай көрүнүш декабрь айы үчүн түзүлгөн карызга байланышкан. Анын өлчөмү 1,6 млн. АКШ доллары. Бул тууралуу КРнын Өкмөтүнүн Президиумунун жыйынында Данияр Үсөнов билдирди.
Өкмөт башчысынын айтымында, ноябрь айында "Кыргызгаз" ААК калайык калкка 5 млн. долларга газды берип, чогултулган төлөмдөр 4 млн. долларды түздү. Декабрда эки жуманын ичинде 4 млн. долларга газ берилип, 2 млн. доллар чогултулду. Ошентип бир жарым айдын ичинде элдин карызынын өлчөмү 3 млн. долларга жеткен.
Жыйындын жүрүшүндө КРнын каржы министрлиги "Кыргызжилкомунсоюз" мамлекеттик ишканасына кошумча үстөгү жана күрөө камсыздоосу жок 100 млн.сом тегерегиндеги бюджеттик кредитти бөлүп берүүсү жөнүндө чечим кабыл алынды. Бул акчалай каражат карызды төлөөгө жумшалат. "Кыргызжилкомунсоюз" мамлекеттик ишканасы бюджеттен алынган каражаттарды "Кыргызгаз" ААКнын газ үчүн алдын ала төлөөнүн эсебине жибермекчи. Ал эми "Кыргызгаз" болсо 100 млн.сомдун которуусун камсыздамакчы.

Кенжебек КАКИШОВ, "Кыргыз Туусу",
Эркин Болжуров (фото)

P.S. Гезит чыгаарда "Кыргызгаз" ААКсы Өзбекстанга 3 млн. доллар карызды толук төлөгөнү интернет булактары аркылуу маалым болду.

Кызматтарынан мөөнөтүнөн мурда бошотулушту
Кыргыз Республикасынын Президенти Курманбек Бакиевдин16-декабрда жарлыгы менен Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 46-беренесинин 2-пунктунун 3-пунктчасына, "Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 26-беренесинин 2-бөлүгүнүн 4-пунктуна ылайык, төмөнкүлөр 2009-жылдын 11-декабрынан тартып кызматынан мөөнөтүнөн мурда бошотулду: Кыргыз Республикасынын Президентинин 2005-жылдын 13-октябрындагы №459 жарлыгы менен дайындалган Алыбаева Нургуль Алыбаевна - Бишкек шаардык сотунун судьясынын кызматынан; Кыргыз Республикасынын Президентинин 2003-жылдын 24-декабрындагы № 416 жарлыгы менен дайындалган Осмоналиев Камил Турдубекович - Жалал-Абад облустук сотунун төрагасынын орун басарынын кызматынан; Кыргыз Республикасынын Президентинин 2006-жылдын 29-декабрындагы №651 жана 2006-жылдын 29-декабрындагы № 652 жарлыктары менен дайындалган Салиев Рахимберди Абдыкалыкович - Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотунун судьясынын жана Бишкек шаардык сотунун төрагасынын орун басарынын кызматынан мөөнөтүнөн мурда бошотулушту.

  Өз маалыматыбыз

Өнөр адамдарына - мамлекеттик сыйлыктар
Кыргыз Республикасынын Президенти Курманбек Бакиевдин жарлыгы менен республиканын музыка өнөрүн өнүктүрүүгө сиңирген эмгеги үчүн "Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти" деген ардактуу наам төмөнкүлөргө берилди: Жетигенова Алмакан Абдылдаевнага - эстрада ырчысы, "Дебют-Антре" продюсердик борборунун солисти; Иманалиева Айчүрөк Асылбековнага - эстрада ырчысы, "Айчүрөк" эстрада театрынын көркөм жетекчиси; Маматкулов Абдырасул Токоевичке - эстрада ырчысы, "Театр-эстрада окуу студиясы" жоопкерчилиги чектелген коомунун директору; Турдалиева Асель Алымкуловнага - эстрада ырчысы, Б.Бейшеналива атындагы Кыргыз мамлекеттик көркөм-өнөр институтунун сырттан окуу бөлүмүнүн башчысы; Кускаков Кайымбек Казиевичке - А.Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрынын солисти.

Турак жай
курууга
туура мамиле
Кечээ тарых музейинин жыйындар залында "Энергия үнөмдөөчү жылуу, тез курула турган үйлөр жана имараттар" деген темада конференция болду.
Жыйынга курулуш иштерине тиешелүү республиканын бардык аймагынан мамлекеттик жана жекече иштешкен курулуш тармагынын жетекчилери, адистери катышты.
Биринчи - вице-премьер-министр Акылбек Жапаров алгач сөз сүйлөп курулуш маселесинин маанилүүлүгүнө, каатчылык убакта жаңы стандарттагы 3 эсе арзан жылытылган, электрди 4 эсе үнөмдөгөн, сейсмикалык жактан туруктуу, арзан жана сапаттуу үйлөрдү, имараттарды куруу жөнүндө токтолду Мамлекет ипотекалык ыкмада турак жайды курууга маани берерине басым жасады. Нормативдик-укуктук документтештирүүлөрдү жакшыртууга көңүл буруу керектигин белгиледи.
Ал эми негизги баяндамачы, КРнын өкмөтүнүн алдындагы курулуш жана архитектура мамлекеттик агенттигинин директору Каныбек Нарбаев каатчылыктар канчалык таасир этсе да өлкөбүздө курулуш иши жандуу жүрүп жаткандыгына, жылдан-жылга өсүү байкалгандыгын, акыркы жылы 17 миллиард сомдук курулуш жумуштары аткарылгандыгын, арзан, сапаттуу, ыңгайлуу үйлөрдү куруу маселелерине токтолду.
Жарыш сөзгө чыккандар эски ыкмадан чыгып, заманбап жаңы типтеги курулуштарды кантип куруу, аны каржылоо сыяктуу маселелерди көтөрүштү.
Кызуу талкуудан кийин резолюция бекитилди.

Марип ТАЙЧАБАРОВ,
"Кыргыз Туусу"