, 18.12.09 - 8-бет:
  Коомчулукту кооптондурган коррупция

Мамчиновниктер кызматтарынан
четтетилди, себептери билинди
Жакында Президенттин жарлыктары менен республикабыздагы бир катар ири мамчиновниктер кызматтарынан алынышты. Андай катуу чараларга барууга айрым мамчиновниктердин өздөрүнүн функционалдык милдеттерине жүр-нары мамиле жасап, бирөөлөрдүн тагдырларына запкы келтирүүлөрү, мамлекет башчысы жөнөкөйлүккө, сарамжалдуулукка чакырып, коррупцияга каршы аёосуз күрөш жарыялап жаткан мезгилде мамлекеттик кызматкердин этикасына ылайык келбес жоруктарга барып, бюджеттик каражаттарды максатсыз чыгымдап, мамлекетке ири өлчөмдөрдө зыян келтиргендиктери себеп болду.

Баткен губернаторунун, район акиминин былыктары ашкереленди
2009-жылдын 25-ноябрында Кадамжай районунун мурдагы акими А.М.Ташов, Кызыл-Кыя шаарынын мэри А.Анарбаев, Баткен суу чарба башкармасынын жетекчиси М.Асатов КРнын Башкы прокуратурасына арыз менен кайрылышып, губернатор М.Жумабеков 2008-жылы акимдерден, мэрлерден Кадамжай районунун акими Д.Ходжаев аркылуу 1100 доллардан, Кызыл-Кыянын мэри аркылуу 20 миң сомдон чогултуп алгандыгын, быйыл жайында да алардан 1000 доллардан жыйнагандыгын, губернатор Кадамжай райондук маданият бөлүмүнүн башчысы Т.Бөрүбаевага үйлөнгөндөн кийин ал райакимден жаңы аялы үчүн квартира сатып берүүнү талап кыла баштаганда А.Ташов Бөрүбаевага өз квартирасын бошотуп берүүгө аргасыз болгондугу, ошондой эле 2008-жылы Баткен суу чарба башкармасынын эсебинен губернатордун кызматтык үйүн оңдоп, ремонттоо үчүн 2,9 млн. сом жумшалып, алардын ордун толуктоо үчүн насос сатылып алынды, станциялар оңдолду дегендей жалган документтер түзүлгөндүгү айтылган.
Арызды текшерүүнүн жыйынтыктары менен М.Жумабеков жана Д.Ходжаев ээлеген кызматтарынан бошотулушту. Финансылык полиция тарабынан кылмыш иши козголуп, тергеп тескөө иштери жүргүзүлүүдө. Экс-губернатордун айыбын ачам деп кызматтан четтетилген Кадамжай районунун экс-акими А.Ташовдун айтканы чын болуп чыкты.

Төрагалар бошоду,
соттордун
баарын ойлонтту
Баткен облустук сотунун төрагасы Табылды Жусубалиев менен Кара-Суу райондук сотунун төрагасы Турдубек Суранбаевдин кызматтарынан бошотулуусуна КРнын судьялар кеңешинин жана КРнын соттук иштер боюнча улуттук кеңешинин сунуштары негиз болду. Алсак, Х.О.Бердиев дегендин кылмыш ишин кароого облустук соттун төрагасы Т.Жусубалиев тарабынан жарандык иштерге адистешкен судьялар дайындалгандыктан, кийинки инстанциядагы соттун ишти объективдүү кароосуна да мүмкүндүк бербей турган туура эмес чечим кабыл алынган. Т.Жусубалиев мурда КРнын судьялар кеңеши тарабынан эскертүү да алган болчу. Абал оңолбогондуктан жогоруда аталган кеңештер Жусубалиевди кызматынан бошотуу жөнүндө Президентке сунуш киргизишкен.
Кара-Суу райондук сотунун төрагасы Т.Суранбаевдин кызматтан бошотулуусуна анын өндүрүшүндөгү Б.Казаков жана Н.Изатиллаев дегендердин кылмыш иштеринин жети айга чейин каралбагандыгы себеп болду. Бул процессуалдык мөөнөттү одоно түрдө бузгандыкка жатат. Ал үчүн райсоттун төрагасы өз жазасын алды.

Таарынчаактын
азабыбы? Же...
Быйыл КРнын Эсептөө палатасы тарабынан республикабыздагы министрликтердин, ведомстволордун бардыгынын 2007-2008-жылдардагы ишкердүүлүктөрү текшерилди. Палатанын жетекчиси И.Гайипкуловдун айтымында, финансылык тартип бузуу фактысы катталбаган бир да тармак жок экен.
2009-жылдын биринчи кварталында республиканын өзгөчө кырдаалдар боюнча министрлиги, анын жер-жерлердеги түзүмдөрү да текшерилип, аудиттер министрлик жана анын жер-жерлердеги бөлүмдөрү тарабынан мамлекеттик материалдык жана финансылык ресурстарды сактоо, аларды максаттуу пайдалануу боюнча жетиштүү чаралар көрүлгөн эмес. Натыйжада жалпы көлөмү 11833,3 миң сомдук финансылык тартип бузуулар болгон деген жыйынтык чыгарышкан. Же жалпы суммасы 1816,4 миң сомдук акчалай, 1741 миң сомдук материалдык-товардык жетишпестиктер табылып, 673,7 миң сомдук акчалай, материалдык баалуулуктардын негизсиз эсептен чыгарылгандыгы, курулуш-монтаждоо иштеринин көлөмү 1979,1 миң сомго көбөйтүлүп жазылгандыгы, айлык акылардан 644,3 миң сомдун негизсиз төлөнгөндүгү, бюджеттик каражаттардан 3381 миң сомдун максатсыз жумшалгандыгы ж.б. аныкталган.
Булардан сырткары Эсептөө палатасынын аудиттери министрликте мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө мыйзам да бузулган, күйүүчү майлар тендерсиз министр К.Ташиевдин туугандары иштешкен "Тилекстрой", "Азиястройсервис" ЖЧКларынан сатылып алынган деген жыйынтык чыгарышкан. Жүгүртүү каражаттары (оборотные средства) жоктугуна байланыштуу алардын тендерге катышууга да укуктары болбогон экен. Бул иштер боюнча кылмыш иштери козголуп, азыр тергеп-тескөө иштери жүргүзүлүүдө. Бирок, азырынча экс-министр К.Ташиевге карата эч кандай айыптоо коюла элек. К.Ташиев өзү да маалымат жыйынын өткөрүп, ар бир акча өз орду менен колдонулганын, министр кезинде таза иштегенин, эл алдында жүзүм жарык деп айтып чыкты.
Анын кызматтан бошотулуусуна эсептөө палатасынын текшерүүсүнүн жыйынтыгы эмес, экс-министрдин Өкмөттүн жыйынында мамлекеттик кызматкердин этикасын бузгандыгы себеп болгондугуна бардыгыбыз күбөбүз. Түз эле айтуу керек, Өкмөт башчысы негиздүү сындап койсо, министрдин ага чычалап, эшикти тарс жаап чыгып кеткендиги туура болбой калды. Башка коомдук уюмдардын бири антишсе эч ким эч нерсе демек эмес. Бирок, андай кызууланган демарш министрлик посттогу мамчиновникке ылайык келбейт. Мамчиновниктер жакшы иштегенди гана эмес, мамлекеттик этикеттерди, жок дегенде кай жерде кысынып отуруш керектигин үйрөнүшсө. Кызуулукка, амбицияга ээ боло албай, баарын өзү баштап алып, анан аны саясатка айландырууга аракеттенүү туура эмес.
Текшерүүлөрдүн, тергеп-тескөөлөрдүн жыйынтыктары боюнча сот гана бир бүтүм чыгарып, акты ак, караны кара дей алат. Ага чейин жана анда көп нерселер өзгөрүп кетүүсү да ыктымал. Бизде экономика, финансыга байланышкан иштер сотко жеткенде эле кыйрап калуусу же артка кайтарылуусу да көндүм болуп калган. Бул жолу кандай болоорун бир кудайдын өзү билет...

Бакай ЧИЛТЕГИН