|
Кыргыз гезиттери Кыргызский газеты |
Кыргыз китеп |
Кайрылуу каттары жана келген каттар:
Чыңгыз Айтматовду ким оңдоду? (Классиктин сегиз томдук жыйнагына байланыштуу пикир) Ушундан улам КПСС БКнын саясый минбары эсептелген "Правда" же "Известия" сыяктуу гезиттерге чыккан Айтматовдун макаласы "Кыргыз Туусунун" устаканасында кыргызчалангандан кийин гана аны башка гезиттер басчу. Жыйнактын сегизинчи томунда атактуу авар акыны Расул Гамзатовдун "Менин Дагстаным" китеби "Менин Дагестаным" деп берилген.(140-бет.) Бул эки томдук китеп кыргыз тилинде Аман Токтогуловдун мыкты котормосунда "Менин Дагстаным" деген ат менен жарык көргөн эмес беле!! (Р.Гамзатовдун үй-бүлөмө каалаган ак тилеги жазылган А.Токтогуловдун котормосундагы "Менин Дагстанымды"("Кыргызстан", Фрунзе-1972) бүгүн да тумардай сактап жүрөм). Андан башка да текстте авар акыны бирде Расулов, бирде Расул Гамзат уулу (17-бет) деп берилет. "Аскада калган аңчынын ыйында" мындай так эместиктер өтө эле көп. Москвадагы М.Горький атындагы адабият институту алдындагы Жогорку адабият курстары "М.Горький атындагы эл аралык жогорку адабият курсу", НКВД-IIXK (22,27,29, 32, 39-беттер). IIXK-баш катырманы түшүнүп көр?! Эгер бул аббревиатура бир жолу берилсе корректор байкабай калса керек деп айтмакмын. А кайра-кайра кайталанып жаткан соң, жыйнактын түзүүчүлөрү жаңы сөз тапканбы деген суроо туулат. Чыгармадагы казак сөздөрү кыргызча болуп кеткен жерлерчи! Жамбулдун "Атшабар" базары "Ат чабар", Балыкшы району-Балыкчы, Озенбай-Өзөнбай, Камысбай-Камышбай, Койшыбай-Койчубай, Каскырбай-Карышкырбайга (15-бет) алмашып, нака кыргызча ысым жаралат. Мындай болгондо кыргыз менен казакты бөлгөн "с" ариби болбогондой туюлат. Андай болгондо Тасбай деген кишинин атын да Ташпай (197-бет) деп кыргызчалап койсо болмок. Түркистан- Туркистан, Россиянын Курган облусу-Коргон облусу, башка жерде Курган, Алматы да Алма-Ата болуп кезектешип жүрөт. Котормочу "Скотоводство", "Коневодство", "Достаточно ли трехкратного доения?", "Кукуруза в рационе животных" жана башка терминдер менен аталыштарды орус тилинде калтырат. Аларды "Малчылык" же "Мал чарбачылыгы", "Жылкычылык" же "Жылкы чарбачылыгы", "Үч ирет сааган жетиштүүбү?", "Жүгөрү малдардын тоютунда" деп таржымал кылса болмок. Таранчы аке "Тыржыке", Тегирменчи аке "Жылкычы" болуп калганда ыйнактагы жетинчи томдун өксүктөрү жөнүндө кеп кылып жатканда мына бул кыстармага токтоло кетүү шарт. Мунун өзү жалпы котормонун деңгээл-сапаты тууралуу окурманга сонун кабар берет деп ойлойм. "Айтматов. Но в то же время в этом есть и ирония. В нашем аиле каких только имен ни выдумывали для братьев мужа-и старших, и младших. Бывало, давали прозвище по роду занятий. Например, мельника звали "Брат жернов", а какого нибудь долговязого парнишку в шутку нарекали "Тундук-баш"-"упирающий головой в купол". Был у нас в Шекере один тщедушный, маленький, кудлатенький человек. Так про него невестки между собой говорили:"Воробушек идет", "Воробушек сказал то-то, Воробушек сказал это". То бишь, для каждого в аиле нашелся свой статус, соответствующий его образу и достоинствам (стр.11). Эми К.Өмүралиевдин кыргызча котормосун окуп көрөлү: "Биздин айылда да келиндер кайнагалары менен кайнилерине ылайыктап ар түркүн ат коюп алыша турган. Кээде кесибине арнап "Жылкычы кайнага", бою укуруктай узун болсо, аны тескерисинче, "Кичине ата" дешээр эле. Шекерде арык, бырышып, тыржыйып калган бир киши бар эле. Ага келиндер өзүнө угузбай сыртынан "Тыржыкең келе жатыры, Тыржыкең минтиптир, тигинтиптир" - деп отурушаар эле. Демек, айылдагы ар бир адамдын өзүнүн кадыр-баркына жараша мартабасы болот." Бул жерде бүтүндөй сүйлөмдөргө көңүл бурбай "Түндүк баштын" "Кичине атага", айланып, автордун сөзү толук бурмаланган. Бул жерде аргасыздан: "Түп нусканы мындай кылып оңдоого ким уруксат берген? Эгер авторлордон уруксат алынса, эмне үчүн ал тууралуу эскертилип коюлган эмес?" деген суроо жаралат. Тарых илимдеринин доктору Токторбек Өмүрбеков рецензиялаган "Кумурадан чыккан куу баш, же түркий тарыхына көз караш" бөлүмүндө түп нуска менен кыргызча котормосунун ортосундагы айырмалар да өтө чоң. Аларды салыштырып отурууга жана санаганга менин чыдамым да жетпеди, барак да түтпөйт. Түп нуска авторлордун макулдугу менен өзгөртүлгөнбү? Белгисиз. Ал жөнүндө 7-томдун соңундагы "Эскертүүлөр жана түшүндүрмөлөрдө" бир сөз жок. Өмүралиев бөлүмгө алымча-кошумчаларды, тактоолорду киргизип, илимий түр бергени калетсиз.
Тагыраак көрсөткүчтөрдү Кыргыз Улуттук Банкынан табасыз: биерде >> Макала, чыгарма, жарнама...
Алексей Рощин
Назаралиев Ж.
Турсунбай Бакир уулу
Назаралиев Ж.
Кызык макала
|
|
|
| ||||||||||||||