|
Кыргыз гезиттери Кыргызский газеты |
Кыргыз китеп |
Кайрылуу каттары жана келген каттар:
Камбар-Атадагы жардыруу жакшылыктын жарчысы болду (Башталышы 1-бетте) Президент уникалдуу жардыруу энергетиктердин күнүнө туш келгендигин жакшы жышаан катары белгилеп, аларды куттуктап, ден соолук, ийгилик жана бакубаттуулук каалады. Мамлекет башчысы өлкөнүн алдыдагы 10, 20, 30 жылдарга карай комплекстүү энергетикалык стратегиясын иштеп чыгуу боюнча ишти улантуунун зарылдыгын белгиледи. - Биз бүгүн бардыгыбыз Кыргызстандын тарыхында, айрыкча анын экономикасынын өнүгүп-өсүшүнө, мамлекетибиздин өнүгүшүнө жол ачкан тарыхый окуяга күбө болуп олтурабыз. Мына көрдүңүздөр, жардыруу 2 мүнөттө бүттү. Бүгүнкү күн, дагы бир баса белгилеп кетким келет, кыргыз элинин, кыргыз мамлекетинин өнүгүшүндө тарыхый күн болуп калат. Себеп дегенде, биз пайдаланган технология дүйнөлүк практикада өтө сейрек кездешкен технология. Экинчиси, мына Камбар-Ата -2 ГЭСин 2007-жылы өз күчүбүз менен баштап, бүгүн биринчи жыйынтыктарыбызды көрүп олтурабыз. Биринчи гидрокуруучуларга, энергетиктерге, ушу Камбар-Ата ГЭСин курууга катышышкан бардык адистерге мен абдан ыраазымын. Буга ишенишпеген "кандай болот экен" деген бир топ саясатчылар болгон. Ачык айтканда биз өзүбүздүн жолдорду оңдой баштаганда Баткенде, чек ара облустарында жашаган кээ бир атуулдар ишенип-ишенбей, "2-3 километр жол оңдолот, анан токтойт, булардын акчасы жок, күчү жетпейт" деген сөздөр ачык эле айтылып жүргөн. Биз бүгүн бардыгына күбө болуп олтурабыз. Акыркы эки жылдын ичинде мамлекетте жасалган иштерди өзүңүздөр көрүп жатасыздар. Ачык-айкын көрүнүп жатат. Эл да көрүп жатат. Бирок, Камбар-Ата - 2 ГЭСи боюнча жасалган иштер бул - өзгөчө мааниге ээ. Биз биринчиден, өз күчүбүз менен, мамлекеттин каражатына куруп жатабыз. Кудай кыргызды ушунчалык жакшы көрөт экен. Нарын дарыясын бизге бериптир. Ушул Нарын дарыясын пайдаланып, биз мындан ары да Нарындын жээги менен жогору жакка ГЭСтерди куруп кете беребиз. 10,20,30 жылдык Программаны түзөбүз. Биз бул ГЭСтерди курганда биринчиден, кыргыз өнүгүп-өсөт. Биз энергетикалык көз карандысыздыкка толук жетишебиз. Экинчиден, коңшу мамлекеттер дагы, Казакстан дагы, Өзбекстан дагы суу менен камсыз болот. Кайсыл мезгилде канча керек болсо, айрыкча, жаз, жай мезгилинде толук камсыздап берүүдөбүз. Демек, бул ГЭСтер бардыгыбызга керек. Борбордук Азияда жашаган мамлекеттер: Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан, Түркмөнстан эң биринчиден ынтымакта, бирдикте бири-бирибизди колдоп жашасак, ошондо гана өнүгүү, өсүү болот. А эгерде өзүбүзчө эле бөлүнүп, ар кандай проблемаларды түзө берсек, анда Кудай да колдобойт, өнүгүү-өсүү да болбойт. Биздин аймакта жашаган эл-журт буга татыктуу. Бизде, ушу региондо энергия ресурстарынын запастары, мүмкүнчүлүктөрү эбегейсиз. Ал эми Камбар-Ата - 2 ГЭСинин биринчи агрегаты мына, буюрса, иштеп бергенден кийин суу үнөмдөө боюнча, энергетикалык коопсуздук боюнча биз жакшы ийгиликтерге жетерибизге дагы толук ишенемин. Ошондой эле бүгүнкү күн - энергетиктердин күнү. Мына карасаңыздар, Кудай колдоп буга чейин күн чыгып, ысык, жылуу болуп турду, бүгүн жамгыр, кар жаап, штабдын башчысы Акылбек Үсөнбекович малга дагы, адамдарга дагы, экологияга дагы эч кандай коркунучу, зыяны жок деп айтпадыбы. Мына Кудай да колдоп, жамгыр, кар да өз убагы менен жаап, бардыгын өз-өз ордуна коюп жатат. Мындан ары дагы кыргызды Кудай колдосун. Ишибиз алдыга жылсын. Быйылкы жылды аяктап бара жатып мен бардыгыңыздарга чың ден соолук каалаймын. Тынч бололу, мамлекетибиз өсүп-өнүгө берсин! - деп Президент жыйынтыктады. Залда олтургандар ГЭС куруу ишиндеги дүйнөдө сыноодон өтө элек чоң жардыруунун ийгиликтүү өткөнүнө кубанышып, ыраазы боло жакшы маанайда таркашты. Учурда "Гидроэнергокурулуш" ишканасынын жетекчиси Альберт Авазбековдун билдирүүсү боюнча жардыруу болгондон кийин 3 бульдозер, 6 погрузчик иштеген болсо, азыр техникалар толук тартылып, иштөөдө. Плотинаны үч айда бүткөрүү пландаштырылган. Ал эми убактылуу көчүрүлгөн Кара-Жыгач айылынын эли ийгиликтүү жардыруудан соң үйлөрүнө кайтып келишип, тынч турмуштарын өткөрүшүүдө. Эч бир үй жардыруудан залал тарткан жок. Ири масштабдагы жардыруунун максаты Камбар-Ата - 2 ГЭСине жардырып чыгаруучу плотинаны жаратуу боюнча ири масштабдагы жардыруунун долбоору жардыруу ишинин ата мекендик жана дүйнөлүк практикасында аналогу жок. Камбар-Ата - 2 ГЭСинин курулушунун бирден-бир маанилүү этабы Нарын дарыясынын нугун тосууга мүмкүндүк берүүчү жана суунун агымын станциянын гидроагрегаттары аркылуу электр энергиясын иштеп чыгуу үчүн плотинаны тургузуу болуп эсептелет. Бул плотинаны куруу үчүн адистер тарабынан жардырып чыгаруучу ыкма тандалып алынган, башкача айтканда, Нарын дарыясынын оң жээгинен түзүлгөн тоо массивин ири масштабдагы жардыруу жолу менен омкоруп таштоо каралган. Ири масштабдагы омкорууга багытталган жардырууну колдонуу гидроэлектрстанциялардын плотиналарын тургузуу үчүн тоолуу рельефти кыска мөөнөттө жана өтө аз экономикалык чыгымдар менен пайдаланууга мүмкүндүк берет. 2008-жылы "Корпорация "Союзгидроспецстрой" ЖАКунун тапшырмасы менен россиялык "Гидроспецпроект" ЖЧКсынын адистери 1990-жылы эле иштелип чыккан Камбар-Ата - 2 ГЭСинин плотинасын жаратуу боюнча ири масштабдагы жардыруу долбоорун азыркы шартка ылайыкташтыруу ишин аткарышкан. Жардырылуучу массивдин бийиктиги 200 метрге, дарыядагы суунун бийик жери 75 метрге чейин жетет. Жардыруу жүргүзүү менен бийиктиги 60 метр, туурасы 230 метр жана дарыянын нугу менен 600 метрге жакын аска тосмосун жаратуу каралган. Ири масштабдагы жардыруу жүргүзүлгөндөн кийин катмардын кулашы 3 млн. куб метрден ашык болушу эсепке алынган. Ошондой эле жардыруу убактысы орточо бир айлык сууну минималдуу чыгымдоого шартталган. Плотинаны тургузуу бир тараптуу эки заряддуу линиялык жана түпкүргө жайгаштырылган заряддар аркылуу камсыз кылынды. Жардыруу системасында жардыргыч заттар ассиметриялык түрдө жайгаштырылып, ар бир 2 секундда ишке кирүүсү камсыздалды. Тоо тектерин чачып таштоо б.а. жардыруунун коркунучтуу аймагы бир жарым километрди түздү. Жалпы салмагы 3 миң тоннага жеткен жарылуучу зат пластикалык каптарга капталып, миналык чуңкурларга (штольняларга) кол менен жайгаштырылды. Миналык штольняларды заряддоо 90 күнгө созулду. Жардырууну жүргүзүүнүн алдында ГЭС объектилерин коргоо, технологиялык жабдууларды демонтаж кылуу, коркунучтуу аймактан (Кара-Жыгач айылы 4 км.) калкты жана үй жаныбарларын эвакуациялоо, аларды убактылуу турак-жай, ысык тамак, керектүү учурда медициналык жардам менен камсыз кылуу боюнча комплекстүү иш чаралар жүргүзүлдү. Марип ТАЙЧАБАРОВ, "Кыргыз Туусу". Сүрөтү С.ДОСАЛИЕВдики
Тагыраак көрсөткүчтөрдү Кыргыз Улуттук Банкынан табасыз: биерде >> Макала, чыгарма, жарнама...
Алексей Рощин
Назаралиев Ж.
Турсунбай Бакир уулу
Назаралиев Ж.
Кызык макала
|
|
|
| ||||||||||||||