|
Кыргыз гезиттери Кыргызский газеты |
Кыргыз китеп |
Кайрылуу каттары жана келген каттар:
Эмгек бар жерде жылыш бар, Жетекчи жөнүндө эки ооз сөз Айгүл Рыскулованын Эмгек, ишке орноштуруу жана миграция министри болуп дайындалышы көптөр үчүн күтүүсүз болгон жок. Анткени, ал көп жыл бою калкты социалдык коргоо, ишке орноштуруу жаатында иштеп, бул багытта бай тажрыйба топтогон жетекчи. Акыркы жылдарда да Миграция жана ишке орноштуруу мамлекеттик комитетин ийгиликтүү жетектеп келди. Эми өлкөбүздөгү эң бир көйгөйлүү, атап айтканда эмгекти коргоо, элибиздин жумуш менен камсыз болуусун жана миграция маселелерин чечүү иштин көзүн таба билген, чечкиндүү, эрки күчтүү Айгүл Рыскуловага ишенилип берип отурат. Ал эми жогорудагы маселелерди чечүү республиканын эле ичинде эмес, өлкөбүздүн чегинен тышкары, тактап айтканда башка өлкөлөр менен алардын деңгээлинде туруп сүйлөшүү, тил табышуу аркылуу бүткөрүлөрү да белгилүү. Жаңы жыл алдында Айгүл Маратбековнага түйшүктүү ишине ийгилик, өзүнө ден соолук каалап, эл камындагы аракети берекетин беришине тилектешпиз. Миграция саясаты Он беш жылдан ашуун мезгилден бери миңдеген мекендештерибиз алыскы жана жакынкы өлкөлөргө барып иштеп, каражат таап үй-бүлөсүн багып жатышат. Ошол эле кезде эмгек миграциясы чечүүнү талап кылган көптөгөн түйүндүү маселелерди пайда кылды. Жарандарыбыз өздөрү барып иштеген өлкөнүн ички тартибин, мыйзамдарын ж.б. жагдайларды жакшы билишпегендиктен кыйынчылык тартышат. Ошол себептен мамлекетибиздин миграциялык саясаты элестүү айтканда чет жактарда иштеп жатышкан жарандарыбыздын жеңилин жерден, оорун колдон алып, көйгөйлөрүн чечүүгө багытталып келатат. Үстүбүздөгү жылы республикабызда жүргүзүлүп жаткан реформанын алкагында Эмгек, ишке орноштуруу жана миграция министрлигинин түзүлүшү өлкөбүздө бул багытта иштер дагы күчөтүлөрүн ачык көрсөттү. Муну менен бирге министрликке караштуу Чет өлкөлөрдө ишке жайгаштыруу борборунун ачылышы орчундуу окуя болуп калды. Эми бул борбор жарандарыбызды өлкөбүздүн чегинен тышкары ишке орноштуруу үчүн топтоо жана аларды ал жактарга жөнөтүүнү уюштуруу менен алектенмекчи. Башка өлкөлөрдө иштөөгө камынышкан жарандарыбызды мыйзамдуу жол менен жөнөтүү азыр мекендештерибиз туш болгон көп маселелерди чечери бышык. Министрлик тарабынан эмгек мигранттарыбыздын маселелерин чечүү максатында көптөгөн иштер жүргүзүлүүдө. Маселен, жакында эле Россия Федерациясынын Өкмөтү менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ортосунда "Эмгек мигранттарынын ишмердиги жана социалдык коргоо жөнүндө" макулдашуусун ишке ашырууда пайда болгон маселелерди талкуулоо боюнча кыргыз-россиялык жумушчу топтун отуруму Бишкекте өткөрүлдү. Отурумдун жыйынтыгы боюнча эки өлкөнүн ортосунда эки тараптын аймагында жарандардын эмгек ишмердигин ишке ашыруу үчүн уюштуруп кабыл алуу тартиби жөнүндө өкмөттөр аралык макулдашуунун долбоорун иштеп чыгуу белгиленди. Баса белгилеп айта кете турган нерсе, Россияда эмгек ишмердигин жүргүзүүнү каалаган биздин жарандарды медициналык текшерүүдөн өткөрүү маселеси боюнча да чечим кабыл алынды. Чындыгында бул жаатта чоң маселелер болуп келгени жашыруун эмес. Улуттук госпиталдын базасында медициналык текшерүүдөн өткөрүү борбору ачылса, ал өз кезегинде Россияга барып иштөөнү каалаган жарандарга бир кыйла жеңилдик түзмөкчү. Россиянын борбор шаарында эки маалыматтык-кеңеш берүүчү борбор ачылган. Москва шаарындагы бул борборлор биздин жарандарга акысыз кызмат көрсөтөт. Атап айтканда ишке орноштуруу, туугандары менен байланышуу жана иш издөө үчүн интернеттен акысыз пайдалануу, мыйзам жолу менен ишке орношуу, эмгек талаштарын чечүү ж.б. маселелер. Үстүбүздөгү жылдын 14-июлунда Москвада Миграция жана ишке орноштуруу мамлекеттик комитети, Россиядагы КРнын элчилиги жана "ЮНИСТРИМ" ААК коммерциялык банкынын ортосунда Россияда убактылуу иштеп жатышкан Кыргызстандын жарандары акчаларын которгон кезде алардан комиссиондук сый акыны төлөтүүсүз ишке ашыруу жаатында макулдашууга жетишилген. Бул ал кездеги Миграция жана ишке орноштуруу мамлекеттик комитетинин төрайымы А.Рыскулованын Москвага сапары учурунда ишке ашырылган эле. Аталган иш-чара дагы узап бараткан жылдагы жакшы иштин бири болуп калды. Жалал-Абад облусунда ачылган маалыматтык-кеңеш берүүчү борбор республика боюнча эмгек рыногунда маалыматтык системаны калыптандыруу жана киргизүү жаатында чоң роль ойномокчу. Ушундай эле борборлор Бишкек, Ош, Талас шаарларында ачылган. Борборлордун калктын кеңири катмарына маалымат берүү жагында кызмат көрсөтүүсү, ошондой эле көп жыл бою иштебеген жарандарга кеңеш жана психологиялык колдоо көрсөтүү багытында да иш жүргүзүүсү каралган. Эл аралык кызматташтык тууралуу айтсак, КМШ ЕврАзЭш, ЖККУнун алкагында Кыргыз Республикасы мыйзамдарды, эл аралык келишим базаларын жана өз ара аракеттенүү механизмдерин жакшыртуу боюнча иштерге активдүү катышууда. Буга бир мисал, КМШы аткаруу комитетинин алкагында Кыргыз Республикасы тарабы- нан 2008-жылы 14-ноябрда КМШга мүчө мамлекеттердин эмгек мигранттарынын жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүнүн укуктук статусу жөнүндө Конвенция ратификацияланган. Ал эми Казакстан Республикасы менен эки мамлекеттин аймагында жумушчу күчүнүн эркин орун которушуусу үчүн жагымдуу шарттарды камсыз кылууга, эмгек мигранттарынын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоого багытталган сунуштарды иштеп чыгуу боюнча кыргыз-казак ведомстволор аралык жумушчу топ түзүлгөн. 2008-жылы өткөрүлгөн жумушчу топтун отурумунун жыйынтыгы боюнча Астанада тараптар эки мамлекеттин аймагында жеке ишкерлик жүргүзүү менен алектенген жарандарды каттоо тартибин жөнөкөйлөштүрүү жөнүндө өкмөттөр аралык макулдашууга кол коюуга жетишкен. Түштүк Кореянын шаарларынан жаңы жумуш орундарын табуу үчүн такай иш алып барылууда. Анын натыйжасында 2008-2009-жылдарда 877 эмгек контракттары түзүлгөн, мындай контракт түзгөндөрдүн ичинен 545и азыр Корея Республикасында иштеп жатышат. Ошол эле кезде корей жумуш берүүчүлөрүн Кыргызстандан жумушчу күчүн тартууга үгүттөөгө өзгөчө көңүл бурулууда. Ал натыйжасын бере баштады, Бусан шаарынан 68 ишкана Эмгек, ишке орноштуруу жана миграция министрлигине Кыргызстандын жарандарын жумушка тартууга билдирме берип отурушат. 2009-жылда кабыл алынган ченемдик укуктук актылар: .Кыргыз Республикасынын " Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексине толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" мыйзамы эмгек мыйзамдарындагы карама-каршылыктарды жана так эместиктерди жоюу, ошондой эле кызматкерлердин жана жумуш берүүчүлөрдүн кызыкчылыктарынын тең салмактуулугуна жетишүү максатында иштелип чыккан. ."Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин тутумунун кызматкерлеринин айрым категорияларына тарифтик ставкалардын өлчөмүн жогорулатуу жөнүндө" Президенттин 2009-жылдын 29-июнундагы №295 Жарлыгына ылайык, жатак үйлөрдүн жана социалдык кызмат көрсөтүү боюнча борборлордун кызматкерлеринин айлык акысы 50%% , социалдык кызматкерлердин айлык акысы 100%%% жогорулатылган. ."КРнын мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлерине эмгек акыларын төлөөнүн шарттары жөнүндө" КРнын Президентинин 2007-жылдын 13-декабрындагы №548 Жарлыгына толуктоо киргизүү жөнүндө" Жарлыгында он үчүнчү эмгек акыны эсептөөнүн тартибин иштеп чыгуу тууралуу пункт каралган. Ушул Жарлыкты аткаруу үчүн КРнын Эмгек, ишке орноштуруу жана миграция министрлиги тарабынан жогоруда аталган тартипти бекитүү жөнүндө Өкмөттүн токтомунун долбоору иштелип чыккан. ."Кыргыз Республикасынын бийик тоолуу жана алыскы аймактарында жашаган жана иштеген адамдарга мамлекеттик колдоо көрсөтүү жөнүндө" КРнын Өкмөтүнүн токтомуна толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Өкмөттүн 2009-жылдын 3-июлундагы №425 токтомунун кабыл алынышы республикабыздын бийик тоолуу аймактарында иштеген жана жашаган кызматкерлердин эмгек акыларына кошумча төлөөлөрдүн коэффициенттеринин өлчөмүн көбөйтүүгө мүмкүндүк түздү. .КРнын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 8-июлундагы №363 буйрумасы менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн, Кыргызстандын кесиптик кошундарынын федерациясынын жана иш берүүчүлөрдүн республикалык бирикмелеринин ортосунда 2009-2011-жылдарга Генералдык макулдашуусу жактырылды. Бул макулдашуу аркылуу бардык тараптар эмгек акы төлөөнү жөнгө салуу, эмгек базарын өнүктүрүү жана калкты ишке жайгаштырууну камсыз кылуу, зарыл социалдык жашоо шарттарын түзүү жаатында милдеттенмелерди алышты. Эмгек рыногунда саясаттын жаңы чаралары Үстүбүздөгү жылы Эмгек, ишке орноштуруу жана миграция министрлиги тарабынан калкты ишке жайгаштырууну жакшыртуу максатында "Калкты ишке орноштуруу жөнүндө" мыйзам долбоору даярдалды. Мыйзам долбоору эмгек рыногунда социалдык өнөктөштөрдүн укуктарын жана милдеттерин аныктайт, ошондой эле кызматтарды көрсөтүүдөгү азыркы учурдагы каттоо (катталган жери боюнча) принцибинин ордуна калкты ишке орноштуруу процедураларын каттоонун маалыматтык системасын түзүүнү да карайт. Өлкөбүздө республика боюнча чет өлкөдөн жумуш тандоодо да жардам көрсөтө турган маалыматтык-консультациялык борборлорду ачуу каралууда. Азыркы учурда мындай төрт борбор иштөөдө. Ал эми 2012-жылы алардын санын 20га жеткирүү каралып жатат. 2009-жылда эмгек рыногунда активдүү саясаттын жаңы чаралары Баткен облусунда ийгиликтүү ишке ашырылууда. Анын маңызы узак убакыт бою жумушсуз жүргөн адамдар үчүн социалдык-маданий багыттагы объекттерде туруктуу жумуш ордун түзүү болуп саналат. Жаңы мыйзам кабыл алынса, бул чаралар республикалык масштабда жайылтылмакчы. Бүтүрүүчүлөрдүн 75 пайызы иш табышкан Эмгек, ишке орноштуруу жана миграция министрлигине караштуу кесиптик-техникалык билим берүү боюнча мамлекеттик агенттиктин тутумундагы 110 окуу жайында учурда 32,4 миң жаштар билим алышууда.
Тагыраак көрсөткүчтөрдү Кыргыз Улуттук Банкынан табасыз: биерде >> Макала, чыгарма, жарнама...
Алексей Рощин
Назаралиев Ж.
Турсунбай Бакир уулу
Назаралиев Ж.
Кызык макала
|
|
|
| ||||||||||||||