25.01.10 -
 "Алдыңкы айыл аймагы" конкурсуна

Жолборс жылына жаңы киришип жатып, өлкөнүн бардык мекеме, ишканалары өткөн 2009-жылдын жыйынтыгын чыгарышып, быйылкы аткарыла турган иш-чараларын тактап турушкан чактары.
Айыл аймактарынын арасынан алгачкылардан болуп Чүй районундагы Бурана айыл аймагынын башчысы Алмазбек Жукешовдун аймактагы жүргүзгөн иш-аракеттери, алдыда турган милдеттери тууралуу макаласын жарыялоо менен соңку эки жылдан бери өткөрүлүп жаткан "Кыргыз Туусу" гезитинин конкурсун кайрадан улантабыз. Гезиттин кийинки сандарында Жайыл районундагы Сосновка, Сокулук районундагы Крупская атындагы айыл аймактары тууралуу макалаларыбызды окурмандарга сунуштайбыз.

Тарыхы менен таанылган БуранаБурана

Бурана мунарасы ЮНЕСКОнун тизмесине киргизилсе
Алгач макаламды биздин аймакта жайгашкан Бурана мунарасы тууралуу баштоону ылайык көрүп турам. Себеби кыргыз улутунун сыймыктанган маданий мурастарынын бири Бурана мунарасы тууралуу көпчүлүк адамдарда терең түшүнүктөр жокко эсе. Республикада археологиялык-архитектуралык "Бурана" музейин түзүүнү - кыргыз элинин маданий мурастарына кийинки муундарга сактап калуу үчүн жасалган камкордук мамиленин жаркын үлгүсү катары кароого болот. Бул музей Бурана уранды-шаарынын аймагында сакталып калган уникалдуу курулуш. Совет доорунда тарыхчылар менен археологдордун көп жылдык түйшүктүү эмгектеринин натыйжасында бул уранды-шаарды карахандыктар кагандыгынын борбору - Баласагын шаарынын калдыгы деп эсептөөгө негиз берген.
XIX кылымдын орто ченинде Бурана уранды-шаары жана мунара орус окумуштуулары жана аймак изилдөөчүлөрдүн кызыгуусун туудуруп, алгачкы илимий иликтөөлөр жүргүзүлгөн. Бурана мунарасы ХI кылымга таандык жана ал азан чакырып динчилдерди намазга чогултуу милдетин өтөгөн. Бурананын алгачкы бийиктиги 45 метрдей болгон деген божомол бар. Кийинки жер титирөөлөрдө үстүнкү дубалы кулап түшүп, азыр бийиктиги 24,6 метр. "Мунара-минарет" деген араб сөзүн жергиликтүү эл бузуп айтуудан Бурана деп аталып калган. Мунаранын тегерегиндеги казылып, табылган үч мавзолей да Кыргызстандын уникалдуу архитектуралык эстеликтеринин катарына кирет. Ал эми музейге чогултулган коллекцияларынын көпчүлүгү мунаранын тегерегинен, калгандары республиканын ар кыл аймагынан чогултулган.
Учурда Бурана тууралуу маалымат материалдары жетиштүү эле жазылган, чыгарылган. Быйыл мунаранын миң жылдыгы өткөрүлөт деген ой-пикирлер бар. Кыргызстандын маданият агенттигинин деректири Султан Раев быйылкы жылды маданий мурастардын жылы деп атап, Улуттук илимдер академиясы менен бирдикте "Улуу Жибек Жолу" аттуу улуттук долбоор иштелип, анда Бурана мунарасын Саймалуу-Таш, Таш-Рабат өңдүү тарыхый эстеликтерди (бардыгы 8) ЮНЕСКОнун Бүткүл дүйнөлүк мурастар тизмесине киргизүү боюнча аракеттер жүрүп жатканын жакында "Слово Кыргызстана" гезитинен окудум. Бул тилек ишке ашса улутубуздун сыймыгы болгон мунараны сактоо урпактарга калтыруу үчүн ойдогудай шарт түзүлмөк.


Дыйканчылык
Бурана айыл аймагына Дөң-Арык, Бурана, Мээнеткеч, Алга айылдары кирип, бардыгы 920 кожолукта 5030 адам жашайт. Тургундардын негизги бөлүгү айыл чарбасы менен алектенишет, 6 айыл чарба кооперативи катталган. Мындан тышкары аймакта жалпы эл пайдаланган 2 тегирмен, 1 наабайкана иштейт. 2009-жылы бураналык дыйкандар талаачылык боюнча 137 миллион сомдук, мал чарбасы
боюнча 296 млн. сомдук дүң продукция өндүрүшкөн, дан эгиндеринин ар гектарынан орточо 29,1 центнерден түшүм жыйнап алышкан. Ал эми быйылкы жылдын түшүмү үчүн 1344 гектар күздүк буудай, 78 гектар күздүк арпа себилип, 80 гектар аянтты тоңдурмага айдашкан. Бул талаачылык жумуштарын аткарууда Эл аралык ФАО коому аркылуу аз камсыз үй-бүлөлөргө 4410 кг. буудайдын үрөнү таркатылган. Кыргыз өкмөтү тарабынан бөлүнгөн 39 тонна буудай үрөнү да атайын комиссиянын көзөмөлүндө дыйкандарга таркатылган.

Мал чарбасы
Айыл тургундарында жылдан- жылга төрт түлүк малдын көбөйгөндүгүнө байланыштуу аларды жайыт менен камсыз кылуу айыл өкмөтүнүн бирден-бир көйгөйлүү маселелеринин катарына кирди. Бул кыйчалыш кырдаалдан чыгуунун жолу - Азия өнүктүрүү банкынын, АРИС программаларынын долбооруна кирүү менен жайыттарга баруучу жолдорду, көпүрөлөрдү оңдоону айыл өкмөтүнүн алдында түзүлгөн жайыт кеңеши аркылуу жүзөгө ашырууну ниет кылып турабыз.
Башында эскерткендей, айыл тургундарында малдын, канаттуулардын жалпы саны жылдан-жылга 5-7 пайызга өсүүнүн үстүндө. Өткөн жылы аймакта малдын бруцеллез, туберкулез, сибирь жарасына каршы ветеринардык жактан эмдөө жумуштары аткарылган. Быйыл бул аракеттер кайталанат.

Ардагерлерге -урмат, жакырларга - жардам
Бурана айыл аймагы боюнча 285 үй-бүлөгө социалдык паспорттор толтурулган. Аймак боюнча Улуу Ата Мекендик согуштун эки катышуучусу, 10 согуш ардагеринин жесирлери, 2 ооруктун ардагери, 16 Баатыр энелер, 153 тубаса, эмгек майыптары ж.б. жардамга, жөлөк- пулга муктаж адамдар катталган. Жыл ичинде республикалык, райондук социалдык мекемелерден берилүүчү жөлөкпулдар, гуманитардык жардамдар айыл өкмөтүнүн, социалдык кызматкерлеринин тикелей катышуусу менен таратылган. Жергиликтүү бюджеттен бул тармакка өткөн жылы 179 миң сом жумшалган. 13 жакыр үй-бүлөгө он миң сомдон акчалай жардам көрсөтүлдү. Аймак боюнча Жеңиш, Нооруз майрамдарына, карылар, майыптар күндөрүнө байланышкан иш-чараларды айыл өкмөтү майрам ээлери эсте калгыдай, нааразы болбогудай өткөрүүгө далалаттанат.
Социалдык колдоодон аймакта жайгашкан мектептер, "Келечек" бала бакчасы да четте калышпайт. Быйылкы кышка карата жүз үй-бүлөгө үч жүз килограммдан көмүр айыл өкмөтүнүн эсебинен бөлүштүрүлдү.

Билим берүү
Аймакта 2 орто мектеп, 1 бала бакча, 2 клуб бар. 2009-жылы башталгыч класстардын 210 окуучусунун шашке чайы, тамагы үчүн 184 миң сом бөлүнүп, пайдаланылды. "Келечек" бала бакчасынын бардык каражаты айыл өкмөтүнөн бөлүнөт - ага 378 миң сом жеткинчектердин тамак-ашына жумшалды.
Мектептердин, бала бакчасынын башка ар кандай чыгымдары үчүн акча каражаттар дайыма өз убагында бөлүнүп турат. Ошондой эле аз камсыздалган мугалимдерди, тарбиячыларды колдоо иретинде айыл өкмөтү атайын каражаттарды бөлгөн.

Ички жана тышкы инвестиция
Бурана айыл аймагында 2007-жылдан баштап Азия өнүктүрүү банкы тарабынан каржыланган "Ички чарбалык сугаруу" долбоору боюнча "Дөң-Арык" суу пайдалануучулар ассоциациясы аркылуу 45,2 млн. сомдук долбоор былтыр жүзөгө ашты. 2009-жылы элди таза суу менен камсыз кылуу боюнча атайын долбоордун алкагында Кегети айылынын чети менен өткөн 3080 метрлик суу түтүгү ишке киргизилди.
Бураналык дыйкандар "Элет-капитал" насыя берүү мекемеси менен тыгыз байланышта иштешип, былтыр алар 1,5 млн. сом суммада насыяларды алууга жетишишти.

Спорт
Бурана айыл аймагында массалык спортко өзгөчө көңүл бурулат деп ишеничтүү айта алам. Аймактагы айылдарда 5 спорт аянтчасы, 1 спорт клубу үзгүлтүксүз иштейт. 2009-жыл ичинде спорттун көп түрлөрү боюнча атайын мелдештер өткөрүлүп турду жана спорттун беш түрү боюнча спорттук секциялар иштейт.
Улуттук ат оюндарын өнүктү-рүү үчүн Дөң-Арык айылында улак тартыш оюндарын өткөрүү үчүн атайын аянтча жасалды.

Каражат маселеси
2009-жылы жер салыгы боюнча чогултулган акча каражаты 2,4 млн. сомду түздү. Жалпылап айтканда 2009-жылы жалпы киреше 8,2 млн. сомду, анын ичинде негизги трансферттер 1,1 млн. сомду, категориялык грант 3,1 млн. сомду, чогултулган салыктар 2,8 млн. сомду, кайра бөлүштүрүү жер фондунан түшкөнү 696 миң сомду түздү. Эгерде жыл боюнча план 6 млн. сомду түзсө, анын аткарылышы 8,2 млн. сомго жеткен. Буюрса, бул жаман көрсөткүч эмес. Ошентсе да айрым салыктарды жыйноодо кемчиликтер бар. Быйылкы жылга жарым мил-лион сом карыздар менен чыктык.

Быйыл аткарылчу иш пландарыбыз
Жылдагыдай эле Калча, Жансеитов атындагы орто мектептердин, "Келечек" бала бакчасын оңдоого каражат топтойбуз, Дөң-Арык айылындагы клубдун курулушун бүткөрсөк деген ой бар.
Мээнеткеч айылындагы ички жолдорду оңдоого белсенип киришсекпи дейбиз. Мээнеткеч, Бурана, Алга айылдарына "Таза суу" долбоорун Азия өнүктүрүү банкы аркылуу жүзөгө ашыруу да маанилүү милдеттерден. Быйыл жыл башында Дөң-Арык айылына Бурана мунарасынын жанындагы каналды тазалоо учурунда алынган шагылды айылдын менчик жүк ташуучу автомашиналары бар мекенчил тургундарынын күчү менен ташытып, жолдорду оңдоп алдык. Жыл жакшы демилге менен башталды деп айтууга негиз бар. Айтор, айыл аймагынын өкмөтүнүн кызматкерлери тургундардын жашоо-шартын жакшыртуу үчүн болгон күч-аракетин жумшай бермекчи.
Алмазбек ЖУКЕШОВ,
Чүй районундагы Бурана айыл аймагынын башчысы