Кыргыз гезиттери

Warning: include(../../ggle_v.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/tuusu/10/0416_20.htm on line 2

Warning: include(../../ggle_v.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/tuusu/10/0416_20.htm on line 2

Warning: include(): Failed opening '../../ggle_v.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/tuusu/10/0416_20.htm on line 2



Warning: include(../../search.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/tuusu/10/0416_20.htm on line 2

Warning: include(../../search.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/tuusu/10/0416_20.htm on line 2

Warning: include(): Failed opening '../../search.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/tuusu/10/0416_20.htm on line 2
п»ї
Алтымыш Мамыркалиев
2010-жылдын 15-апрелинде советтик-партиялык көрүнүктүү мамлекеттик ишмер Алтымыш Мамыркалиев 85 жашка караган курагында дүйнөдөн кайтты.
А.Мамыркалиев 1926-жылы ноябрь айында Нарын облусунун Ат-Башы районунун Ак-Моюн айылында туулган. 1944-1950-жылдары Германиядан аскердик кызматын өтөп келгенден кийин Ат-Башы районунун райсобесинин башчысы болуп иштеп, Ат-Башы райком партиясына өтөт.
1950-1953-жылдары Тянь-Шань обком комсомолунун, облисполкомдун борбордук аппаратында, 1953-жылдын аягында Жогорку Советтин Президиумунун аппаратында жооптуу кызматта иштейт. 1955-жылы партиялык мектепти бүтүрүп, Жогорку Советтин Президиумунун аппаратында бөлүм башчы кызматты аркалап, баштапкы партиялык уюмунун секретары болуп шайланат. 1965-жылы партиянын Ысык-Көл райкомунун биринчи катчысы болуп шайланат. Ошол кезде Ысык-Көл районунун борбору болгон Рыбачье шаарынын инфраструктурасын өнүктүрүп, райондун, шаардын аймагында көптөгөн социалдык имараттарды куруп, Ысык-Көл районунун социалдык-экономикалык жактан өнүккөн республикадагы бирден-бир райондордун алдыңкы катарына кошулушуна жана райондун борборун Чолпон-Ата шаарына көчүрүп, шаардын курулушуна, социалдык-экономикалык жактан өнүгүшүнө көп күчүн жумшаган. Шаардын башкы планына ылайык, көптөгөн социалдык жана маданий мекемелерди курдурууга катышкан. А.Мамыркалиев Ысык-Көл районунун аймагында көл жээгине көптөгөн санаторийлерди куруу демилгесин Москвадан кол-
доого алып, 1970-жылы сентябрь айында КПСС БКнын Генеральный секретары Л.Брежневдин Ысык-Көл облусуна келиши республикабыз үчүн тарыхый окуя болгон. Ошол мезгилде А.Мамыркалиевдин катышуусу, жетекчилиги астында көл жээгинде көптөгөн санаторийлер курулуп, касиеттүү Көлүбүз бүткүл союздук эс алуу жайына айланган.
1974-жылы январда Аламүдүн райкомунун биринчи катчысы болуп шайланып, аталган райондун социалдык-экономикалык жактан өнүгүшү үчүн жигердүү иштеп, ар дайым социалдык мелдештердин жеңүүчүлөрүнөн болуп, КПСС БКнын, СССР Министрлер Советинин, ВЦСПСтин, республиканын Өтмө Кызыл тууларын алып, Москвадагы ВДНХнын Ардак тактасына илинген.
Өтөлгөлүү өмүр жолунда эл жери үчүн ак эмгегин, билимин, иш-тажрыйбасын аябай, Өкмөт менен партияга ак кызмат кылган эмгеги эл, мамлекет тарабынан жогору бааланып, Эмгек Кызыл Туу, эки жолу Ардак белгиси ордендери, ВДНХнын коло, күмүш медалдары, андан сырткары дагы көптөгөн медалдар, Ардак грамоталар, ошондой эле Улуу Ата Мекендик согушка катышкандыгы үчүн Ата Мекендик согуштун II даражадагы ордени, көптөгөн мамлекеттик сыйлыктар менен сыйланган. Беш жолу Кыргыз Республикасынын Жогорку Советине депутат, ошондой эле бир нече жолу республиканын Жогорку Советинин Президиумунун, партиянын Борбордук Комитетинин мүчөсү болуп шайланган.
Өзүнүн өмүрүн, тагдырын партиялык, советтик кызматтарга арнаган Алтымыш Мамырка-лиев Т.Усубалиев, Т.Кулатов, А.Сүйүнбаев сыяктуу көрүнүктүү мамлекеттик жетекчилер менен үзөңгүлөш 21 жыл Ысык-Көл, Аламүдүн райондорунун биринчи катчысы болуп өз элине байсалдуу зор эмгек өтөгөн.
1987-жылы Кыргыз Республикасынын алдында сиңирген өзгөчө эмгеги үчүн персоналдык пенсияга чыккандыгына карабастан ка-руусун казык кылып,эл үчүн иштеген элдик инсан тыным албай, 1995-жылга чейин мамлекеттик агроөнөржай комитетинин, Чүйайылкурулушунун жетекчиси, ал эми 1996-жылы 1-Май райондук аксакалдар сотунун төрагасы, 1998-2003-жылдары райондун ардагерлер кеңешинин төрагасы болуп, элине ак кызмат кылган. 2003-жылы Чүй облусунун Аламүдүн районунун, ушул эле жылы Нарын облусунун жана Ат-Башы районунун "Ардактуу инсаны" деген наамдар ыйгарылган.
Кыргыз журтуна эмгеги өткөн, эл-жеринде терең урмат-сыйга ээ болгон кадырман ардагерлердин бири - Алтымыш Мамыркалиев болду. Адамдын улуулугу анын жөнөкөйлүгүндө, адилеттүүлүгүндө, боорукерлигинде жана эмгекчилдигинде дешет. Жаш кезинен Ата Мекендик согушка катышып, партиялык жооптуу кызматтарда иштеп, райондо чейрек кылым жетекчи болуп иштеген А.Мамыркалиев өзүнүн жүзүн басып өткөн өтөлгөлүү өмүр жолу менен жаш муундарга өрнөк болуучу үлгү катары көрсөткөн.
Элине, туугандарына, досторуна боорукер инсан, балдарына камкор ата болуп, өмүрү өткүчө колунан келген жакшылыгын, жардамын эч кимден аябаган Алтымыш Мамыркалиевдин өмүрү өтсө да анын элеси, эмгеги бардыгыбыздын жүрөгүбүздө сакталып кала берет.
Алтымыш Мамыркалиевдин өтөлгөлүү өмүр жолу, мамлекеттик ишмердиги, адамгерчилик асыл сапаттары бардыгыбызга нуска болорлук.
Жаткан жериң жайлуу, жаның жаннатта, топурагың торко болсун...


Р.Отунбаева, А.Атамбаев, Ө.Текебаев, Т.Сариев, Э.Каптагаев, Т.Усубалиев, К.Акназаров, К.Кондучалова, Т.Токомбаев,
Д.Сарыгулов, М.Базаркулов, Б.Акунов, М.Мукашев,
Т.Жыргалбеков, А.Казыбаев, Ж.Акималиев, Ж.Турсунов,
А.Чолпонбаев, А.Тараканов, Б.Ким, М.Керимкулов, А.Ногоев, И.Өмүркулов, Штанько, И.Кадырбеков, К.Жыргалбеков,
К.Базарбаев, Ж.Алиев, Ө.Алмакүчүков, Б.Каптагаев, Н.Касиев, А.Салымбеков, Ш.Садыбакасова, К.Саякбаева, Ш.Медетбеков, К.Ашыралиев, Т.Ажымүдүнов, Т.Мамашев









Warning: include(../../ggle_link.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/tuusu/10/0416_20.htm on line 41

Warning: include(../../ggle_link.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/tuusu/10/0416_20.htm on line 41

Warning: include(): Failed opening '../../ggle_link.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/tuusu/10/0416_20.htm on line 41

кыргыз тилиндеги гезит "Кыргыз туусу"
email • архив • редакция 
16-апрель, 2010-ж.:
1-бет
Исмаил Исаков толук акталды
2-бет
Нукура элдик
ыңкылапты колдойбуз

3-бет
Маалымат жыйындагы маанилүү маселе
4-бет
Маалымат жыйындагы маанилүү маселе
5-бет
Ата Журт алкагында
6-бет
Өмүрбек Текебаев:
Бакиев кылмыш, тарых жоопкерчилигинен качуу аракетинде

7-бет
Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 12-апрелиндеги №2 декрети
Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун түзүмүн таратуу жөнүндө

8-бет
Исмаил Исаков толук акталды
9-бет
Адахан Мадумаров:
Конституциялык талаага кайтып келиш керек

10-бет
Дмитрий Медведев:
Кыргызстанда экиге бөлүнүп кетүү коркунучу бар

11-бет
Президентке ачык кат
12-бет
Атам асманга учуп кетти,
мени ошол жактан карап турат...

13-бет
"Алдыңкы айыл аймагы" конкурсуна
14-бет
Республикадагы болуп жаткан кырдаалга карата
Кыргызстан коммунисттеринин партиясынын билдирүүсү

15-бет
Убактылуу Өкмөткө ачык кат
17-бет
Айылда аңгыраган үйлөр, журт которгон жаштар
18-бет
Революция өнүгүүгөбү же төгүлүүгөбү?...
19-бет
К.Бакиев кримавторитеттин алдына эмне үчүн чыккан?
20-бет
Алтымыш Мамыркалиев
21-бет
Лауреаттарды
Россия Президенти куттуктады

22-бет
Подразделение службы судебных исполнителей


Warning: include(../../ggle_link.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/tuusu/10/0416_20.htm on line 41

Warning: include(../../ggle_link.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/tuusu/10/0416_20.htm on line 41

Warning: include(): Failed opening '../../ggle_link.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/tuusu/10/0416_20.htm on line 41




а ­е¦Є.НҐй«