07.05.10 "Центерра Голд Инк." компаниясы жана "Кумтөр Оперейтинг Компани" 2010-жылдын
I кварталындагы ишинин жыйынтыктарын чыгарышты. Үстүбүздөгү жылдын алгачкы үч айында "Кумтөрдө" 180 562 унция1 же 5 616 кг алтын өндүрүлдү. Жыл башынан бери
Компания 48 млн. доллардан2 ашуун суммада салыктарды жана милдеттүү
төлөмдөрдү которду.
"Кумтөр Оперейтинг Компани":
2010-жылдын I кварталынын жыйынтыктарын чыгарды
Алтын өндүрүү жана сатып өткөрүү
"Кумтөр" кен ишканасында 2010-жылдын I кварталында 180 562 унция алтын өндүрүлдү, ал 2009-жылдын ушундай мезгилине салыштырмалуу 187%га көп. 2010-жылдын I кварталында өндүрүштүн олуттуу өсүшү карьердин борбордук участогундагы алтынга бай SB зонасында тоо-кен иштеринин улантылышы, 2009-жылдын аягында түзүлгөн курамында алтыны жогору болгон запастарды (4,3 г/т алтын курамы бар 430 тонна) кайра иштетүү менен түшүндүрүлөт. Квартал аралыгында руданы казып алуу 2009-жылдын IV кварталында жана 2010-жылдын I кварталында иш негизинен SB зонасында жүргүзүлгөндөн улам өткөн жылдын ушундай мезгилине салыштырмалуу 164%га өскөн.
2010-жылдын биринчи кварталында фабрикага берилүүчү рудадагы алтындын курамы 76,7% бөлүп алуу пайызы менен орточо 4,9 г/т түздү (2009-жылдын I кварталында бул көрсөткүчтөр тиешелүү түрдө 70,8% жана 1,92 г/т түзгөн).
Сатып өткөрүлгөн алтындын көлөмү 2010-жылдын I кварталында 200 767 унцияны же 6 244,55 кг түздү. Сатып өткөрүүнүн орточо баасы бул мезгилде унциясына 1 112 долларды түздү. Кварталдын жыйынтыктары боюнча алтынды сатып өткөрүүдөн түшкөн каражат 223,3 млн. долларды түздү.
"Кумтөр" ишканасынан өндүрүлгөн алтын, КОК, "Кыргызалтын" ААКсы жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ортосунда түзүлгөн Алтынды жана күмүштү сатып өткөрүү жөнүндө макулдашууда каралгандай, "Кыргызалтын" Ачык акционердик коому тарабынан аффинаждык ишканада аны кайра иштетүү жана андан ары сатып өткөрүү үчүн сатып алынат.
Сатып өткөрүлгөн продукциянын өздүк наркы жана өндүрүлгөн продукцияга чыгымдар
Кумтөрдө 2010-жылдын I кварталында сатып өткөрүлгөн продукциянын өздүк наркы 47,1 млн. долларды түздү, 2009-жылдын ушундай мезгилинде 48,6 млн. доллар болгон.
Алтындын бир унциясын өндүрүүгө жалпы акчалай чыгымдар 2010-жылдын I кварталында 2009-жылдын I кварталындагы 1 121 долларга салыштырмалуу 305 долларга чейин төмөндөгөн. Бул төмөндөө 2010-жылы өндүрүштүн көлөмүнүн олуттуу өсүшүнөн жана эксплуатациялык чыгымдардын кыскартылышынан улам келип чыккан. Тоо-кен иштерин жүргүзүүгө чыгымдар 2010-жылдын биринчи кварталында 30,0 млн. долларды түзүү менен 24%га төмөндөгөн, ал эксплуатациялык материалдарды, запастык бөлүктөрдү ж. б. сатып алууга чыгымдарды кыскартуудан улам болду. Ошол эле учурда фабрикалык чыгымдар 2010-жылы 8%га көбөйүп, 13,5 млн. долларды түздү, ал электр энергиясын керектөө көлөмүнүн жана зарыл реагенттерди сатып алууга чыгымдардын өсүшүнөн улам болгон.

Геологиялык чалгындоо иштери
2010-жылдын I кварталында геологиялык чалгындоо иштерине чыгымдар жалпысынан 1,8 млн. долларды түздү, башкача айтканда 2009-жылдын I кварталынын көрсөткүчүнө (3,3 млн. доллар) салыштырмалуу төмөндөгөн, ал негизгиси - бургулоо иштерине чыгымдардын кыскартылышынан келип чыкты.
Геологиялык чалгындоо бургулоо иштери карьердин борбордук участогунда, түндүк-чыгыш участогунда жана Муздуу-Суу участогунда концессиялык аянттын чектеринде жүргүзүлдү.
Бургулоо иштеринин натыйжаларынын толук тизмеси жана "Кумтөр" ишканасынын көмөкчү карталары Электрондук издөө жана маалыматтын анализи системасында (SEDAR) жайгаштырылган жана "Центерра" компаниянын сайтында жеткиликтүү: www.centerragold.com

Капиталдык чыгымдар
2010-жылдын I кварталында капиталдык чыгымдар 23,4 млн. долларды түздү. Алар өзүнө негизги фондуларды модернизациялоого 6,5 млн. доллар инвестицияларды - негизинен оор техника паркын жаңыртууну жана ремонттоону, кыртышты төгүү аянттарын кеңейтүүнү жана төрт бульдозерди алмаштырууну камтыды. Кен ишканасын өнүктүрүүгө инвестициялар жалпысынан 16,9 млн. долларды түзүп, негизинен САТ 789 маркасындагы жүк ташуучу автомашиналарды сатып алууга (7,7 млн. доллар), №1 түшүүчү жерди, SB жер астындагы зонасын (3,8 млн. доллар), №2 жер астындагы түшүүчү жерди, штокверк зонасын (3,9 млн. доллар) жайгаштырууга, ошондой эле №2 түшүүчү жер үчүн жабдууну (1,2 млн. доллар) сатып алууга жумшалды.
Жер астындагы SB зонасынын түшүүчү участогунда бүгүнкү күнгө карата 680 метр өтүлдү. Өтүүнү жалпы квартал аралыгында жагымсыз кыртыштык шарттардын болушу кечиктирди, ал кыртышты бекемдөө боюнча кошумча иштерди жүргүзүүнү талап кылды. Чалгындоо бургулоонун башталышы 2010-жылдын II кварталына белгиленген.
Жер астындагы штокверк зонасына түшүүчү участокто (№2 түшүүчү жер) азыркы учурга карата 222 метр өтүлгөн, анын 195 метри 2010-жылы өтүлгөн. №2 түшүүчү жерди 2010-жылы эки участокто тең андан аркы чалгындоо жана контурлоочу бургулоону жүргүзүү үчүн штокверк зонасына жана SB зонасына чыгууну камсыз кылат.

Кыргыз Республикасынын бюджетине төлөмдөр жана милдеттүү которуулар
Үстүбүздөгү жылдын алгачкы үч айында Кыргыз Республикасынын бюджетине салыктар, Кыргыз Республикасынын Социалдык фондусуна которуулар жана башка милдеттүү төлөмдөр 48,17 миллион долларды түздү. (Салык төлөмдөрүнүн структурасы № 1 таблицада келтирилген).

2010-жылга перспективалар
"Кумтөр" кен ишканасында мурда 520-560 миң унция алтын өндүрүү каралса да, 2010-жылы 530-560 миң унция же 16,5-17,7 тонна алтын өндүрүү пландаштырылууда. Бул көрсөткүч I кварталдын натыйжаларын эске алуу менен жогорулатылган. Өндүрүшкө жалпы акчалай чыгымдар унциясына 430-460 доллар чектеринде пландаштырылууда.
"Кумтөрдө" 2010-жылдын I кварталында бай рудалардын запастарын кайра иштетүүнүн эсебинен, ошондой эле пландан ашыкча руданы казып алуунун эсебинен камсыз кылынган өндүрүштүн болжолдонулгандан жогорураак көлөмдөрү өндүрүштүн көлөмдөрүнүн 2010-жылдын II жана III кварталдарындагы төмөндөөсүн жарым-жартылай компенсациялай тургандыгы күтүлүүдө. Жылдык продукциянын 43%га жакыны IV кварталда өндүрүлө тургандыгы болжолдонулууда. 2010-жылдын II жана III кварталдарында өндүрүштүн пландагы көлөмдөрүнүн төмөндөшү тоо-кен иштеринин графиги, ошондой эле 2010-жылдын II кварталынын аягына пландаштырылган, анда шар тегирменинин жана руда жарым-жартылай өзү майдалануучу тегирмендин ремонту пландаштырылган алтын ылгоочу фабрикадагы иштер менен байланышкан.
2010-жылга программа менен ыкчам геологиялык-чалгындоо иштерин жүргүзүү каралууда, ал үчүн карьердин борбордук участогунда жана жер алдындагы участоктордогу ресурстарды жеткире чалгындоо максатында 12,6 млн. доллар бөлүнөт.
2010-жылы Кумтөрдөгү капиталдык чыгымдардын көлөмү 197,4 млн. доллар өлчөмүндө пландаштырылууда, анын ичинен: 43,8 млн. доллар негизги фондуларды модернизациялоого инвестициялар түрүндө жана 153,6 млн. доллар өнүгүүгө каражат түрүндө.
Кумтөрдө өнүгүүгө каражаттардан баарынан көбүрөөгү борбордук карьердин түндүк бортун кеңейтүү боюнча долбоор үчүн бөлүнмөкчү. Алар 92,6 млн. долларды түзмөкчү жана эң башкысы тоо-кен техникасы паркын жаңыртуу жана кеңейтүү үчүн зарыл болгон тоо-кен жана көмөкчү жабдууларды сатып алуу үчүн арналмакчы. Жабдууга заказ берилип калган жана кен ишканасына 2010-жылдын IV кварталында жана 2011-жылдын I кварталында жеткирилмекчи. Муз тектеринин жылышын четтетүү
боюнча чаралардын алкактарында жүк ташуулардын көлөмүн көбөйтүү үчүн "Кумтөр" жалпы наркы 18,2 млн. доллар болгон САТ 789 маркасындагы жети жаңы жүк ташуучу автомашиналарды сатып алууга киришти. Күтүлгөндөй, жүк ташуучу автомашиналар иштөөчү жерине 2010-жылдын II жана III кварталдарында жеткирилмекчи. 2010-жылдын инвестициялары өнүктүрүү программасынын алкактарында жер астындагы SB зонасын жана штокверк зонасын жайгаштырууга, ошондой эле 2010-жылы контурлоочу бургулоонун муктаждыктары үчүн багытталмакчы.

Башка окуялар
"Кумтөр Оперейтинг Компанинин" коллективи профсоюздук конференцияда үстүбүздөгү жылдын 7-8-апрелиндеги окуяларда жабыр тарткандарга материалдык жардам көрсөтүү чечимин кабыл алды. Компаниянын профкому атайын ачылган эсепке 500 миң сом которду. КОКтун администрациясы кызматкерлердин демилгесин колдоду жана жардамдын суммасын 1 миллион сомго чейин көбөйттү.

Комментарий
"Центерра Голд. Инк" компаниясынын жетекчилигинин атынан жана жеке өзүмдүн атымдан Кыргыз Республикасындагы 2010-жылдын апрель кайгылуу күндөрүндө жакындарын жоготкондордун бардыгына терең көңүл айтуумду билдирем, ошондой эле азыркы учурда дарыланып жатышкан жабыркагандардын баарынын тезирээк сакайып кетүүлөрүн каалайм", - деп билдирди "Центерра Голд" компаниясынын Президенти жана Башкы кызмат адамы Стивен Ланг.
"Компаниянын 2010-жылдын I кварталындагы ишине келсек, "Кумтөр" үзгүлтүксүз иштөөсүн улантты. Биз биринчи кварталдын натыйжаларына ыраазыбыз", - деп баса белгиледи Стивен Ланг.