07.05.10
  Көргөзмө

Эрдикке таазим
Улуу Жеништин 65 жылдыгына арналган сүрөтчүлөрдүн республикалык жазгы көргөзмөсү 6-майда Гапар Айтиев атындагы Улуттук көркөм сүрөт му-зейинде ачылды. Мында сүрөт искусствосунун живопись, графика, скульптура, декоративдик-колдонмо өнөрү
боюнча сүрөткерлердин чыгармалары коюлган.

Көргөзмөдөн кыргыз профессионал сүрөт өнөрүнүн классиктери жана согушка барып, катышып келген фронтовик сүpөтчүлөр, орто жана азыркы жаш муундун өкүлдөрүнүн чыгармалары менен таанышууга болот.
1941-1945-жылкы Улуу Ата Мекендик согушка чыгармачыл адамдар да колдоруна курал кармап, эли-жерин баскынчылардан коргоого аттанышкан. Алардын арасында Кыргыз эл сүрөтчүсү Г.Айтиев, белгилүү сүрөтчүлөр Ф.Стукошин, Ж.Кожахметов, К.Керимбеков, А.Молдохматов, А.Духанин, У.Ахунов ж.б. бар эле.
Бул чоң көргөзмөгө сереп сала келгенде мезгилдин сынынан өтүп, ушул күндөрү да өзүнүн картайбастыгы менен көрөрмандарды, ал тургай профессионал сүрөткерлердин өзүн суктантып, сыймыктантып турган түбөлүктүү чыгармалар көзгө урунат. Булар живопись жанрында С.Чуйковдун "Мекен үчүн!" (1941-ж.), Ф.Стукошиндин "Панфиловчулар ант берип жатышат" (1941-ж.), Т.Кой-чиевдин "Атамдын портрети", Р.Бухарметовдун "Согуштун ветераны Я.С.Быховскийдин портрети", К.Орозматовдун тылды чагылдырган жаңы чыгармасы "Маймак станциясын" (2010-ж),С.Асановдун тылды эки сап ырга батырган "Март, 1943-ж.", В.А.Кимдин,С.Осмоналиевдин согуш ветерандарынын портреттерин айтпай кетпесек болбойт.
Согушту өз көзү менен көрүп, фронттон жарадар болуп кайткан туңгуч профес-сионал сүрөтчүбүз Г.Айтиевдин 1943-жылы тартылган "Фронттон каты" өлбөс-өчпөс живописттик чыгарма болсо, скульптор О.Мануйлованын Панфилов паркындагы 1942-жылы жасалган "И.В.Панфиловдун эстелиги" Советтер Союзу боюнча согуш учурундагы согуш темасына карата жасал-
ган биринчи монументалдык скульптура.
Ошондой эле замандашыбыз, Кыргыз эл сүрөтчүсү Ж.Кадралиевдин 1985-жылы тартылган "Чолпонбайга эстелик" живо-писттик картинасы өзгөчө сөз кылууга арзыйт.
Биздин көз алдыбызда жоокер колуна автоматын алып, кулачын кең жая амбуразуранын ышкырып жалын бүркүп, ок
жааган оозун көздөй көкүрөк тосуп бара жатканын автор түбөлүктүүлүккө, өлбөстүккө карай учуп бараткандай чагылдырган. Ал эми анын алдында кыргыз тоолору, ошол эле жерде катарлаш Дон суусу агып жатат. Кандай болгон күндө да көздүн карегиндей коргоо керек болгон бүтүндөй Ата-Журт ушул анчалык чоң эмес мейкиндикке сыйдырылганы- бул сүрөткердин чеберчилиги.Чыгарманын фонунда жоокер жоолугу мүрүсүнө жылмышып түшүп, чачын бубак баскан энеси менен коштошуп жаткан учуру. Эненин образы- бул ошол учурда
каардуу согушка уулдарын узаткан жалпы энелердин аянычтуу образы. Андан аркы планда күлүмсүрөп турган карыя- жоокердин атасы. "Эмне үчүн уулу курман болуп жатса, ал күлүмсүрөп турат?"-деген суроо туулушу мүмкүн. Бул жерде автор абдан татаал психологиялык абалдарды чагылдыра алган. Байыртадан элибизде жашап келе жаткан "Эр жигит эл четинде, жоо бетинде"-деген терең философиясы -карыянын образы аркылуу уулунун эли, жерин коргоп баатырларча курман болгондугу менен сыймыктанганында. Карыянын образы- акылмандуулуктун, сабырдуулуктун, кайраттуулуктун образы. Жоокер отко карай бой таштап бара жатат, а асманда бул согушка, бул эрдикке күбө болгон Ай-аалам - тазалыктын жана түбөлүктүүлүктүн символу жаркырап турат.
Мындан сырткары көргөзмөдөн жаш муундун өкүлдөрүнүн бирин-серин гана катышканы байкалат. Атай кетсек С.Сатаркуловдун гана тематикага байланыштуу чыгармалары көзгө урунбаса, башка байкаларлык чыгарма жок болгону жаштардагы атуулдук сезимдин, багыттын жоголуп баратканыбы же жогорку жактагылардын аларга көңүл бурбай койгондугун каңкуулайбы?!. Сүрөтчүлөр кошуну балким мындай көргөзмө ачылаарда уюштуруу иштерин жеткиликтүү жүргүзүүсү керектир?!
Алтынай Аттокурова,
КР сүрөтчүлөр кошунунун мүчөсү, искусство таануучу





  Улуу Жеңишке - 65 жыл

Бар болгула, ардагерлер!
Кыргызтелекомдун Баткендеги филиалы согуштун ардагерлерин куттуктады
ОАО "Кыргызтелекомдун" Баткен областтык филиалынын генералдык директору Эгемкул Сабыркановдун билдирүүсү боюнча Жеңиштин 65 жылдыгынын урматына муктаж болгон областтагы 91 Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерине СDMA-450 байланыш аппараты орнотулуп берилди.
Мындан сырткары 199 ардагердин эсебине КМШ жана Кыргызстан боюнча өзү каалаган убакта сүйлөшүү акысы үчүн 65 сомдон төлөнүп берилди.
Ардагерлер үчүн жаңы үлгүдөгү аппараттарды орнотуу жылдын акырына чейин улантыла бермекчи - дейт "Кыргызтелекомдун" Баткен областтык филиалынын генералдык директору Э.Сабырканов.
М.Бердишев

Улуу Жеңиштин 65 жылдыгын өлкөбүздөгү башка улуттар да шаан-шөкөт менен белгилешүүдө. Тактап айтсак, кечээ күнү карачайлардын "Ата Журт" аттуу эл аралык ассоциациясы согуш ардагерлеринин башын бириктирип, аларга жылуу сөз, ыр-бий менен кошо белек-бечкектер берилди.

Аталган иш-чарага КРнын
Убактылуу Өкмөтүнүн мүчөсү Эмил Каптагаев да катышып, ардагерлердин дагы узагыраак жашоолорун тилек кылды.
Согуш ардагерлеринин катары жыл сайын кемип баратканын өкүнүү менен белгилеп: "Силердин эмгегиңиздер эч качан унутулбайт. Биз ар дайым эстеп жүрүүгө милдеттүүбүз", - деди. Ошону менен бирге залда отурган улуу муундун алдында, УӨтүн келечекте Кыргызстанда бир да адамдын тамчы каны төгүлбөстүгүн жана эркин, бейкут, беймарал жашоону алып келүүгө аракет кылып жаткандыгына токтолду. "Көчөгө чыгып кеткен уулун, өлтүрүп кеттиби же, уруп-сабап, тоноп кеткен жокпу деп апаларыбыздын үйдө санаркап, коркуп отуруусуна жол койбойбуз", - деди.
Ошондой эле, залда чогулган ар улуттун ардагерлери согуш күндөрүндөгү кабылган окуялары жөнүндө эскеришти. "Ал кезде орус, кыргыз, татар деп бөлүнүү болгон эмес. Биз баарыбыз бир гана максатты көздөп, бир-бирибизге жөлөк-таяк боло фашисттерге каршы күрөшкөнбүз. Биримдик, ынтымак менен душманды жеңгенбиз. Ошондуктан, азыр да орус, дунган, түрк деп бөлүнбөй биримдиктүү болсок гана бизге башкалар кол сала албайт",-деди согуштун катышуучусу А.Гасанов.
Ардагерлерге арналган концерттин соңунда, алар акырын ээрчишип Жеңиш аянтына барып гүл коюп, үйлөрүнө тарашты.
Анара АРЗЫБАЙ кызы,
"Кыргыз Туусу"