07.05.10 Бакиев бардыгынан ажырады
К. Бакиевди кол тийбестик
статусунан
ажыратуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн
2010-жылдын 26-апрелдеги
№ 30 Декрети
2010-жылдын 7-апрелинде Кыргызстандын эли ошол кездеги бийликтердин кылмыштуу жана жоопкерсиз саясатына каршы чыгуу менен алардын бейгам жүргөн жарандарды аттырганына карабастан К. Бакиевди Кыргыз Республикасынын Президентинин кызматынан кулатты.
2010-жылдын 7-апрелиндеги Элдик Курултайдын Борбордук аткаруу комитетинин чечимине ылайык, кырдаалды турукташтыруу жана бийликтин бирден-бир булагы эл экени жөнүндө негиз түзгөн принципти камсыз кылуу максатында Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтү түзүлгөн. Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 7-апрелиндеги № 1 Декрети менен Кыргыз Республикасынын Конституциясында Президентке, Жогорку Кеңешке жана Өкмөткө бекитилип берилген ыйгарым укуктар жана милдеттер Убактылуу Өкмөткө жүктөлгөн.
"Кыргызстандын эли эгемендиктин ээси жана Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик бийликтин жалгыз бир булагы" экендиги жөнүндө жобо кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн пайдубалы катары кызмат кылган бардык негизги документтерде - 1990-жылдын 15-декабрындагы Мамлекеттик эгемендүүлүк жөнүндө декларация, 1991-жылдын 31-авгус-тундагы Мамлекеттик көз карандысыздык жөнүндө декларацияда, 1993-жылкы бардык өзгөрүүлөрү менен Конституцияда бекитилген.
1993-жылдан тартып 2003-жылды кошуп алганда ага киргизилген бардык өзгөрүүлөр менен Кыргызстандын Конституциясында: "Мамлекетте элдин кандайдыр бир бөлүгү, кандайдыр бир бирикмеси же жеке адам бийликти ээлеп алууга укуксуз. Мамлекеттик бийликти күч менен ээлеп алуу эң оор кылмыш болуп саналат" - деп жазылган. Колдонуудагы Конституцияда мамлекеттик бийликти ээлеп алуу жөнүндө түшүнүк алып салынганы менен мунун өзү бийликти ээлеп алуу элге каршы кылмыш катары жоюлуп калды дегендикти билдирбейт.
Мамлекеттик бийликти ээлеп алуу өлкөнүн Конституциялык түзүлүшүнүн негизине кол салат жана бийликтин негизги булагы болгон элдин кызыкчылыктарына түздөн-түз зыян келтирет. Кыргызстандын Президенти болуу менен К. Бакиев:
1) Өзүнүн "Ак Жол" партиясына Жогорку Кеңештеги мандаттардын 80 пайызын берүү менен парламенттик шайлоонун жыйынтыктарын расмий жарыялабастан өлкөдөгү мыйзам чыгаруу бийлигин басып алып, парла-ментти өзүнүн жеке максаттарына жетишүүнүн куралы кылып алган.
2) Конституциялык сотту кошо алганда сот тутумун саясый жүйөлөнгөн өкүмдөрдү чыгаруучу, мыйзамдарды каалагандай колдонуучу, кылмышкерлерди бошотуучу, күнөөсүздөрдү жазалоочу, президенттик бийликтин жоопкерчиликсиз жана коррупцияланган кошундусуна айландырууга жол берген.
3) Мамлекеттик кызматты уюштуруунун негиз болуучу принциптерин бузуп, өз бир туугандары Жанышты, Маратты, Адылды, уулдары Марат менен Максимди өлкөдөгү жооптуу кызмат орундарына дайындап, алар анын тике баш ийүүсүндө болгон.
4) 2009-жылдын ичинде конституциялык органдарды жойгон жана Президенттин инс-титуту деп аталымыш болгон конституциялык эмес түзүмдөрдү түзүп, аларды кийин өзүнүн сөзүн эки кылбаган Конституциялык соттун жана Жогорку Кеңештин жардамы менен Конституцияга өзгөртүүлөрдү киргизүү жолу менен мыйзамдаштырууга аракеттенген. Бул "конституциялык реформалар" анын ыйгарым укуктарын Президенттин Инс-титутуна өткөрүп берүү менен Өкмөттү андан ары алсыратууга, ошондой эле анын бирден-бир максаты Президенттин милдетин атка-руучуну дайындоо болгон, Президент тарабынан аныкталуучу Мамлекеттик кеңешти түзүүгө багытталган.
5) Өз уулу Максим Бакиев үчүн Өнүктүрүү, инвестициялар жана инновациялар боюнча борбордук агенттикти түзүп, ага Кыргызстандын бардык активдерин (мүлктү, насыяларды, гранттарды, алтын корлору менен башка каражаттарды кошуп алганда каржыларды) башкаруу боюнча ыйгарым укуктарды өткөрүп берип, аларды Максим бедели шек туудурган өз консультанттарына ишенип берип койгон.
6) 2007-жылдын 21-октябрындагы референдумда жана ар кыл деңгээлдеги органдарды шайлоодо - 2007-жылдын 16-декабрындагы Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо-до, ошондой эле 2009-жылдын 23-июлундагы Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоодо да Кыргызстандын шайлоочуларынын добуштарынын натыйжаларын жапырт бурмалоо жолу менен элдин эркин билдирүүсүн өлкөдөгү бүткүл бийликти ээлеп алуунун жеке кызыкчылыгы менен алмаштырган.
Бүткүл бийликти ээлеп алып жана өзү тике контролдогон күч түзүмдөрүнө, криминалитетке жана ЖМКга таянып, Жогорку Кеңештин, сот органдары менен Өкмөттүн колдоосу жана үнсүз макул болуусу менен Президент К. Бакиев бүткүл Кыргызстанды - анын жарандарын, табигый жана экономикалык ресурстарын өзү каалагандай контролдогон жана пайдаланып келген. 2010-жылдын жазына карата К. Бакиевдин үй-бүлөсү башка адамдардын атынан "Кристалл", "Кыргызтелеком", "Түндүкэлектро", "Чыгышэлектро" акционердик коомдору жана башкалар сыяктуу мамлекеттик менчиктин стратегиялык объекттерин мыйзамсыз менчиктеп алган. Мында жарандар алардын жаңы ээлерине электр жана жылуулук энергиясына алдын ала эки эсе жогорулатылган тарифтер боюнча төлөөгө милдеттүү болушкан. Мунун баары өлкөдөгү негизги азык-түлүктөргө, товарларга жана кызматтарга баалардын өсүшүнө алып келген.
Бир адам жана анын тегерегиндегилер тарабынан суу жана андан өндүрүлүүчү электр энергиясынын, экономиканын эң маа-нилүү объекттеринин басып алынышы, эзелтен кыргыз жери болуп келген Каркыра, Жетимтоо сыяктуу жерлердин таратылып берилиши жол берилгис болуу менен жарандардын жалпы кыжырдануусун туудурган. Суу, жер казынасы, башка табигый ресурстар жана мамлекеттик объекттер бийликке келип калган адамдардын чакан тобунун эмес, бүткүл Кыргызстандын элинин кенчи болуп саналат. Мамлекеттик машинанын бүткүл күчү К. Бакиев жана анын кеңешчилери өз үй-бүлөсүнүн жана анын тегерегиндегилердин кирешелерин көбөйтүү үчүн эң мыкты ыкмаларды издеп табууга багытталган.
Сот, укук коргоо жана фискалдык органдар, К. Бакиевдин бюрократиялык аппараты элди оор салыктар жана адилетсиз чечимдер менен тажатып, ал эми салык салуу жалпы кызыкчылыкта эмес, К. Бакиевдин жана анын тегерегиндегилердин кызыкчылыгында жүргүзүлө баштаган. Ар кандай кыжырлануу-ну басыш үчүн Президент К. Бакиев армиядан, милициядан жана башка күч түзүмдөрүнөн репрессиячыл аппарат түзгөн.
К. Бакиевдин башкаруусу жарандардын конституциялык укуктары менен эркиндиктерин бузган, мунун өзү режимге жакпаган коомдук ишмерлер менен журналисттерди куугунтуктоодон жана өлтүртүүдөн, сөз эркиндигин жана чогулуштарды бейгам өткөрүү, шайлоо жана шайлануу укугун чектөөчү Конституцияга каршы чечимдерди кабыл алуудан көрүнгөн.
2010-жылдын 24-мартында Ынтымак курултайы имиш деп чакырылган нерседе
К. Бакиев Кыргыз Республикасындагы шайлоо институтун жектөө менен чыгып сүйлөгөн жана "кеңешүүчү" демократия деп аталган нерсеге өтүүнүн зарылдыгы жөнүндө билдирип, өзүнүн Кыргыз Республикасынын мамлекеттик башкаруу системасын түзүүгө катышуунун конституциялык укугунан өлкөнүн жарандарын ажыратууга умтулгандыгын айгинелеген.
Дал ушул элди эзүү жана жакырчылыктын, адилетсиздик менен эркиндиктерди басмырлоонун кесепетинен мамлекеттин алсызданышы, жарандардын Кыргызстандын элине берген антынан тайып, Конституция менен мыйзамдарды үзгүлтүксүз бузуп, жарандардын укуктары менен эркиндиктерин тепселеген К. Бакиевдин режимине карата жек көрүүсүн пайда кылган. Анткени Кыргызстандагы коомдон Президентке жана анын тегерегиндегилерге таасир көрсөтүүнүн легитимдүү каражаттары тартып алынгандыктан эл эзүүгө жана зордук-зомбулукка каршылык көрсөтүүнүн өзүнүн табигый укугунан адилеттүү пайдаланды.
Элдик Курултайдын Борбордук аткаруу комитети тарабынан 2010-жылдын 7-апрелинде Бишкекте уюштурулган элдик курултайларды өткөрүү убагында К. Бакиевдин билүүсү жана макулдугу менен бейгам жүргөн жарандарды ырайымсыз, мыкаачылык ыкмалар аркылуу, бир эле учурда жаш агызуучу газды, резина окторун, автомат куралдарын, анын ичинде снайперлерди пайдаланган катаал, жырткычтык ыкма менен атуу болуп өттү.
Жогоруда баяндалгандын негизинде, Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 7-апрелиндеги № 1 Декретине ылайык Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтү ушул Декретти кабыл алат:
1. Кыргызстандын эли 2010-жылдын 7-апрелинде эгемендиктин ээсинин жана Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик бийликтин жалгыз бир булагы катары өз статусун пайдаланып, К. Бакиевди Кыргыз Республикасынын Президентинин кызматынан кууп түштү жана аны ыйгарым укуктарынан ажыратты.
2. Көп сандаган курмандыктарга алып келген бейгам жүргөн калкка каршы ок атуучу куралды колдонууга жол берүүдөн көрүлгөн өзгөчө оор кылмыш жасоо жолу менен К. Бакиев өзүн Кыргыз Республикасынын экс-президентинин статусунан жана кол тийбестигинен ажыратып, мыйзамдын алкагынан чыгып кеткендиги белгиленсин.
3. Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын алкагында К. Бакиевди жазык жоопкерчилигине тартуу боюнча, ошондой эле аны Кыргыз Республикасына алып келүү боюнча зарыл чараларды көрсүн.
4. Ушул Декрет кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын

Убактылуу Өкмөтүнүн төрайымы
Р. ОТУНБАЕВА