07.05.10
  Улуу Жеңишке - 65 жыл

Панфиловчу жоокерди урпактары унутпайт
Талас өрөөнүнүн Ленинполь айылынын тургуну Берембай Ташыбеков 1913-жылы туулган. 1941-жылы Улуу Ата Мекендик согуш башталганда ал алгачкылардан болуп өз ыктыяры менен мекенин коргоого аттанган. Берембай Ташыбеков атактуу И. Панфилов уюштуруп жаткан аткычтар дивизиясына түшүп, үйрөтүүдөн өткөндөн кийин пулемётчу болуп Москваны душмандардан коргоого катышат.
Ал казактын баатыр уулу Бауржан Момыш уулу командалык кылган полкто кызмат өтөгөн. Салгылаштарда эрдик көрсөтүп, оң колунан жаракат алып, "Күжүрмөн эмгеги үчүн" медалы менен сыйланат. Ал медалды генерал И. Панфиловдун өз колунан алган.
Ардагер бул дүйнөдөн өтүп кетсе да бүгүнкү күндө аны айылдаштары сыймыктануу менен эскерип турушат. Согуш ардагери Б. Ташыбековдун үйүндө согушту чагылдырган сүрөттөр жана баатыр панфиловчулар жөнүндө жазылган китептер сакталып калган. Анын кызы Зейнеш Ташыбекова Бакай-Ата райондук ички иштер бөлүмүнүн начальнигинин орун басары, милициянын подполковниги, ал атасы жөнүндө бардык маалыматтарды жоготпой сактап келет.

Жоомарт БЕЙШЕНАЛИЕВ,
Бакай-Ата району




Жаштыгыбыз майданда, эмгегибиз элде сындалды
Согуш аяктады, фашисттик Германия капитуляция болду, дүйнө алдында чөгөлөдү, жеңишке жеттик деген кабарды мен 1945-жылы 8-майда эртең мененки саат алтыда Орусиянын Мурманск облусунун Кольск жарым аралында аскер кызматында жүрүп уктум. Ал күнү мен бөлүк боюнча дежур катары күзөттө тургандарды алмаштырып жүргөм. Биздин аскер бөлүгүбүз туткундан бошонгон америкалык, англиялык, франциялык жана башка өлкөлөрдүн жоокерлерин кабыл алып кийинтип- ичирип, бир-эки ай тыныктыргандан кийин кемелер менен мекендерине жөнөтүп турган. Бөлүктө кызмат өтөгөндөр жай иш кылган жарандар үйлөрүнөн чууруп чыгып, жеңиш деп кубана кыйкырышып, сүйүнө ыйлап, бири-бирин кучактап, колдорундагы бөтөлкөдөн ичимдикти стакан, кружкаларга толтура куюп, учураган эле кишиге сунуп жадырап-жайнаган майрам күнү-түнү уланганы эсимде.

1944-жылы сентябрь айында Латвиянын Рига шаарына жакын жерде оор жараланып, Вологда шаарындагы 1538 номерлүү госпиталда дарыланып, аскер комиссиясынын согушка жараксыз деген корутундусу чыккан соң, 1945-жылдын март айында ооруктагы Беломор-ский аскер округунда болуп, андан Мурманскидеги аскер бөлүгүнө которулдум. Кийин, согуш бүткөндө кайрадан Беломорский, Кандалакша, акырында Карелиянын Петрозаводск шаарында кызмат өтөп, 1946-жылы июнь айынын башында бошонуп айылга келдим.
Жеңиш менен айылга аман келип, атамдын инилери Абдырайым, Абдумомун эмгек майданында иштеп жүрүшүп каза болушканын, сөөктөрү бөтөн жерге коюлганын угуп заманам куурулду. 1942-жылы аскерге чакырылып, согушка катышкан агаларым Турсункул, Букар да майданда курман болушуптур. Аларды атамдын иниси согуштан ок жеп майып болуп кайткан Абакул акем мага угузуп, буркурап ыйлап турду. Жоготуу мени алсыратып, эс- учумдан тандырды, кантесиң, кандай оор мүшкүл иш болсо да пенде катары көтөрөт экенсиң. Апам Шайбү, жеңелерибиз Бурма, Кенжекүл, Асел жесир, балдары жетим болуп, баштарынан өтө оор турмуш кечирип турушкан учур экен. Айылда эл ач, жылаңач, көп үй-жайлардын ээлери жок, бош калыптыр.
Артта калган күндөр көз алдыма келет. Эсимде... согуш чыкты, мекенди коргоого аттаналы деген патриоттук кыймыл күчөп, аскер комиссариатына коммунисттердин, комсомолдордун арыз берүүсү күндөн-күнгө күчөдү.
Согуш чыгар менен комсомол катары жашым жетпесе да мекенди коргоого жиберүүнү өтүнүп, аскер комиссариатына арыз жаздым. Арызым кабыл алынып, аскерге чакырылгандарга кошулуп калдым.
Райондун аскер комиссариаты жайы менен маал-маал чакырып, аскер машыгууларын өткөрүп, аскер кызматына анча-мынча даярдады.
1941-жылдын күзүндө жашым жетпегенине карабай "доброволец" катары согуш майданына жөнөтүлдүм. Үч-Теректен Таш-Көмүргө барып түнөдүк. Таш-Көмүр шаарынан чыгып Оштогу жаңы түзүлгөн атчандар дивизиясына келип, экинчи эскадрондун аскерлерине кошулдук.
Июнь айынын башында эл алдында чоң митинг өткөрүп, андан ары түз эле фронтко жөнөдүк. Митингге республиканын жетекчилери Кулатов, Вагов катышып, душман менен баатырларча кармашууга үндөдү, ийгилик каалашты. Поездде бир жумача Казакстандын чөл талааларын, Орусиянын чытырман токойлорун аралап жүрүп олтуруп, Клин деген станцияда согуш эмне экенин чындап сездик. Душмандын самолётторунун бомбалоосунан 5-6 вагон кыйрап, кулап өрттөндү. Биз вагондордон секирип түшүп, жабыла качып токой арасына баш калкаладык. Кызыл жаян канга бөлөнүп бакырган, онтогон жарадарларды көрүп, чынын айтсам үрөйүбүз учту. Бомбанын жарылганынан өлүм-житим кыйла эле болду окшойт. Ошо бойдон кандуу окуя болгон жерден чыгып күнү-түнү жөө жүрүш менен алтынчы күн дегенде Москва алдындагы кандуу согушка катышкан 316-аткычтар дивизиясына келип кошулдук.
1942-жылдын июнь айынан 1944-жылдын сентябрь айына чейин чалгынчылык кызмат өтөдүм. Канчалаган "тил" алып келүүгө катыштым. Чалгындоолордун биринде Нищета деген сибирлик чалгынчы траншейге түшкөнүбүздө күзөттө турган немис пулеметчикти сүйрөп чыкты. Ошондо немистер байкап калып, ок мөндүрдөй жаап, Нищета менен "тилге" ок тийип жарадар болушту.
Ошондогу бир окуя бүгүнгө
чейин эсимден кетпейт. Нищета баш болгон топ "тилди" сүйрөп траншейден чыгышып, жөнөп кетишкенде мен артта кала берипмин. Траншей өтө чуңкур болгондуктан, көтөрүлүп чыга албай автоматымды тепкич кылып чыкканымда автоматым кулап түшүп кетип аны кайра ала албайм. Кайрадан траншейге түшүп автоматымды алып айлам кетип турганымда: "Мухтар! Кайдасың?", - деген шыбыш угулду. Карасам чалгынчылар кетип жатышып мени жоктошуп бирөөсү кайрылып келип, мени колумдан тартып чыгарып алды. Ал келбесе аман калат белем, колго түшөт белем, ойлосом чочуп кетем. Ошентип жүрүп "олжобузду" бөлүккө жеткирдик. Баарыбызга коомдук алкыш жарыялап, 5 күн дем алыш берип, санчастта жаттык.
Согушта жүргөндө чалгынчы-жоокер катары эки мерте мамлекеттик сыйлык алдым. 1942-жылдын этегинде "Согуштагы каармандыгы үчүн" медалын, 1943-жылы "Ата Мекендик согуштун 1-даражадагы" ордени, 1944-жылы жарадар болуп госпиталда жатканымда "Кызыл Жылдыз" орденине көрсөтүлүп, аны азырга чейин алганым жок.
Майданда жараланып, туулган жериме, айылыма согуштун экинчи топтогу майыбы болуп кайттым. Ага карабай андан кийин да 45 жыл элиме аздыр-көптүр кызмат кылдым. 1985-жылы ноябрда союздук маанидеги пенсияга чыктым.
Азыр мен согуштун, эмгектин ардагери катары ардактуу эс алуудамын. Мамлекет мага "Өзгөчө сиңирген эмгеги үчүн" деген пенсия чыгарган. Анткени мага жана мага окшогон ардагерлер согуштун каргашасынан бөлүнүп-чачылган эл чарбасын калыбына келтирүүдөгү беш жылдыктарда дагы эмгектенгенибиз эске алынып атканы го деп түшүнөмүн. Беш жылдыктарда комсомолдук, партиялык кызматтарды аркалап, Үч-Терек, Базар-Коргон, Октябрь, Токтогул, Баткен, Кадамжай райондорунда эмгектендим.
Азыркы жашоомдогу ак тилегим эле эч качан согуш болбосун, келечек жаштарыбыз согушту көрбөсө экен, дүйнөдө тынчтык, өлкөбүздө биримдик, ынтымак өкүм сүрсө дейм. Жеңиштин 65 жылдык улуу майрамы ушундай зор маанайда белгиленип жатканына кубанып, кыргыз элиме чын ыкласымдан урмат, иштеринде ийгиликтер коштоосун каалаймын.
Мухтар НУРГАЗИЕВ,
согуштун ардагери,
панфиловчу, коомдук ишмер