Кыргыз гезиттери

Warning: include(../../ggle_v.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/tuusu/10/0507_19.htm on line 2

Warning: include(../../ggle_v.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/tuusu/10/0507_19.htm on line 2

Warning: include(): Failed opening '../../ggle_v.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/tuusu/10/0507_19.htm on line 2



Warning: include(../../search.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/tuusu/10/0507_19.htm on line 2

Warning: include(../../search.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/tuusu/10/0507_19.htm on line 2

Warning: include(): Failed opening '../../search.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/tuusu/10/0507_19.htm on line 2
п»ї
  Улуу Жеңишке - 65 жыл

Ааламга жол айылдан башталат демекчи, профессор Зыфар Эгембердиев тээ алыскы тоо арасында, Жалал-Абад облусунун Токтогул районуна караштуу Сары-Камыш айылындагы боргемик элинде ажынын үй-бүлөсүндө 1908-жылы жарык дүйнөгө келген.
Атасы Эгемберди ажы да Букарада медреседе
7 жыл окуп, окумалы күчтүү чоң молдо болгон экен.

Согушта
35000 операция жасаган
Аккан арыктан суу агат демекчи, Зыфар акенин түбү тектүү адам. 13 жашында Верный (азыркы Алма-Ата) шаарына окууга кетишине агасы Абаскан көмөктөшкөн. Эгемберди ажы: "Кенжемди колумдан чыгарбайм, эч жакка жибербейм", - дейт. "Жок, антпеңиз, уулуңуз билимдүү болсо гана эл кызматына жарайт, тегибиздеги наркты улайт",- деп атып Абаскан ынандырат. Ошентип Зыфар аке 1922-24-жылдары Верный шаарындагы жергиликтүү элдин балдарына делинген мектепте окуп, сабаттуулукка жетип, орус тилин өздөштүрөт.
Андан соң 1924-27-жылдары Ташкент шаарындагы медициналык колледждин фармацефт бөлүмүн окуп бүтүп, кыргыздан чыккан эң алгачкы дипломдуу фармацефт-провизорлук кесипке ээ болот. Окууну эң жакшы бүткөндүктөн жана улуттук кадрларды өстүрүү саясаты негизинде 1927-жылы Москвадагы Ломоносов атындагы университеттин медицина факультетинде окууга мүмкүндүк алат.
Үчүнчү курста окуп аткан кезинде Кыргызстандан барган эки студенттин бири Университеттин ректоруна "Зыфар Эгембердиев манаптын тукуму, ажынын уулу" деп тоголок арыз жазат. Зыфар аке окуудан чыгарылат. Жан дүйнөсү жанчылып, айласы кетип, казак элинин ошол кездеги чыгаан уулу, мамлекеттик жана саясый ишмер Турар Рыскуловдун кабылдамасында саргая күтүп отуруп, акыры ыгын таап, сүзө качырып кирип барып, арыз-арманын төкпөй-чачпай айтып берет. Ал киши: "Ой-бай карагым, энди сен үлкөн Абаскандын неси болосуң?" - дейт. "Бир тууган иниси болом", - дейт Зыфар аке.
Турар Рыскулов өзүнүн атынан Университеттин ректоруна кат жазып, Зыфар акенин үчүнчү курстан кайрадан окуусун улантуусуна мүмкүндүк түзгөн экен.
1933-жылы окуусун бүтүп, Фрунзе шаарына келет. Бир тууган бажасы Осмонкул Алиев Кыргыз АССРинин Билим берүү министри: "Зыфар, сенин ата-тегиңди айтып, кыянатчылык кылчулар чыгат, көздөн далдаа алысыраак жакка кетпесең болбойт", - деген кеңешин айтат. Ошентип Кызыл-Кыя шаарына барып, Жал пахтасынын жер алдындагы медпунктунун башчысы, хирургия бөлүмүнүн хирургу болуп, эмгек сапары башталат. Хирургдук биринчи эле кезметинде курсактагы бала туурасынан келген кош бойлуу аялга операция жасап, баланы да, энени да аман сактап калат. Баланын атын Жарганбай деп өзү коёт.
Далай адамдардын өмүрүн сактайт. Эл оозуна алынып, эмгеги бааланып, Кызыл-Кыя, Өзгөн
райондук ооруканаларынын башкы дабагери болуп эмгектенет. Ооруканалардагы орундарды 50дөн 250гө жеткирет.
Москвада окуп жүргөн кезинде медицинанын дүйнөгө таанымал залкарлары: Семашко, Бурденко, Жанализде, Петров, Юдин, Герцен, Ганнушкин, Вишневский жана башкалардан алган билими, таалим-тарбиясы өз натыйжаларын берип, эмгек үзүрү артылып, элге таанылат. 1939-жылы Ош облустук ооруканада башкы дабагерлик, хирургия бөлүм башчылык, 1940-жылдын экинчи жарымынан баштап Фрунзе шаардык клиникалык ооруканада (азыр Улуттук госпитал) башкы дабагерлик жетекчилик иштерде элине кызмат өтөйт. Республикабыздагы жаңы ачылган медицина институтунун клиникалык базасын калыптандырууга, кеңейтүүгө, окууга, сабакка керектүүлөрдү толуктоого салым
кошот. Бул айтылгандардын баары - Зыфар Эгембердиевдин билим деңгээлинин жогору экендигинин далили.
Улуу Ата Мекендик согуш башталары менен кадрдык офицер катары согуш майданына өз ыктыяры менен аттанып, башынан аягына чейин беш жыл бою кан кечип жүрүп Медсансаттын башкы хирургу кызматын аркалап, ар кандай татаалдыктагы 35000, анын ичинде 600 жолу ич көңдөйүнө операция жасап, жарадарларды сакайтып, кайрадан катарга тургузуп, Улуу Жеңишке салым кошуп, Жеңиш Күнүн Румыниядан тоскон экен, кайран киши. Өрнөктүү өмүр, анын туу чокусу деген ушул да.
1946-жылы профессор А.Н.Кругловдун жетекчилиги астында кандидаттык илимий даражага ээ болуп, 1946-47-жылдары Саламаттык сактоо министринин биринчи орун басары, 1948-50-жылдары Саламаттык сактоо министри болот. Бул деген - медицина тармагындагы эң алгачкы кыргыз министр.
Билимдүүлүк, көптү көргөндүк, көптү билгендик, кесиптик, атуулдук жөндөмдүүлүк, эл ишине берилгендик жагынан профессор Зыфар Эгембердиев - элибизге, муундан-муунга түбөлүк өрнөк. Тереңдикти терең, улуулукту улуу адам түшүнөт, кадырлайт, баалайт. Зыфар акебиз Исхак Раззаков жөнүндө "Мындай адам кыргызда чанда жаралат. Ал кыргыз элинин тагдырына бир жаралган кеменгер", - деп айтчу экен.
1948-жыл. Зыфар акеге министрликтен тышкары медицина институтунун ректорлук милдети жүктөлгөн кези. Институттун окутуучулары жана министрликтин кызматкерлери катышкан чоң жыйында Исхак Раззаков "Безгек дарты, аны жоюунун жолдору" деген ошол кездеги өтө көйгөйлүү маселе жөнүндө кагаз бетин карабай туруп бир жарым саат бою дасыккан врач-инфекционисттен бетер таамай баяндама жасайт. Согуш жылдары Харьковдон, Киевден, Ленинграддан, Москвадан Кыргызстанга келип, мединститутта иштеп аткан орус, украин, белорус, еврей улутундагы дасыккан клиницисттер, инфекционист профессорлор "бул адам безгек боюнча илимдин докторубу?"-деп аябай таң калышкан экен.
Раззаков жана Эгембердиев. Бул эки инсандын өз-ара түшүнө билгендиктеринин, бирин-бири баалай билгендиктеринин өзү, атаганат, азыр да ушундай таза, санаалаш эл жакшылары арабызда арбын болсо экен деген тилекти жаратпай койбойт. Исхак Раззаков Зыфар Эгембердиевдин ким экендигине баа берип, Москвага докторантурага жиберген тура. 1955-жылы Зыфар аке "Баш мээ кыртышынын бузулуусунун боор, өт жолдорунун функциясына терс дистрофиялык таасири жөнүндө" деген темада медициналык илимдердин докторлугун ийгиликтүү жактап, өмүрүнүн акырына чейинки илим, кадрларды даярдоо жана уюштуруучулук эмгек сапары байсалдуу улантылып, ошол кездеги жогорку сыйлыктар: Эмгек Кызыл Туу, Кызыл Жылдыз ордендери жана көптөгөн медалдар менен сыйланат.
Улуу адамдын улуулугу - анын улуу жөнөкөйлүгүндө. Республикабызда Саламаттык сактоо тармагындагы эң алгачкы кыргыз министр, Кыргызстанда тоо шартында саламаттык сактоонун системасын негиздөөчү, залкар хирург, медициналык илимдердин доктору, профессор Зыфар Эгембердиевдин эмгекчилдиги, ачык-айрым шайыр мүнөз кыялкеч, ак көңүлдүүлүгү келишимдүү келбетинен, ажарлуу жүзүнөн нур болуп төгүлүп турар эле.
Профессор Эгембердиевдин Ата Мекенине, элине сиңирген зор эмгеги, өрнөктүү өмүр сапары, адамдык аруулугу азыркыларга, кийинки муундарга үлгү маанисинде
муундан-муунга эскерилип турушу эске алынып ысымы Улуттук госпиталга ыйгарылып, Кыргыз мамлекеттик медициналык институтунун эски имаратынын алдына (Тоголок Молдо, 3) айкелин орнотуу жөнүндө Республикалык илимий-практикалык конференциянын (2009-ж. 21-ноябры) катышуучуларынын кайрылуусу жана медицина жамаатынын өтүнүчү аткарылса эл уулу болгон Зыфар Эгембердиевдин арбагы ыраазы болмок, тарыхый чындык орномок.
Мейманжан
Жээналиев,
доктур жана лингвист




Warning: include(../../ggle_link.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/tuusu/10/0507_19.htm on line 45

Warning: include(../../ggle_link.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/tuusu/10/0507_19.htm on line 45

Warning: include(): Failed opening '../../ggle_link.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/tuusu/10/0507_19.htm on line 45

кыргыз тилиндеги гезит "Кыргыз туусу"
email • архив • редакция 
7-май, 2010-ж.:
1-бет
Улуу майрам, улуу күн!
2-бет
Ар-намысыбызга келели
3-бет
Сөз эркиндиги толук камсыз кылынды
4-бет
Роза ОТУНБАЕВА:
"Согуш ардагерлеринин эрдиги эч качан унутта калбайт"

5-бет
Ата Журт алкагында
6-бет
Конституциялык реформа
7-бет
Долбоору толтура, болоору жалгыз Конституция
8-бет
Мунапыс жөнүндө
9-бет
7-апрелдеги окуя кайталанбайт
10-бет
"Кумтөр Оперейтинг Компани":
11-бет
Дайындоолор,бошотуулар
12-бет
Ардагерлер жана генерал
13-бет
Бар болгула, ардагерлер!
14-бет
Ак үйдү агартууга 41 млн. сом керектелет
15-бет
Курман болгондорго жардам уланууда
16-бет
Бакиев бардыгынан ажырады
17-бет
Панфиловчу жоокерди урпактары унутпайт
18-бет
Улуу Жеңишке - 65 жыл
19-бет
Улуу Жеңишке - 65 жыл
20-бет
Ачкачылыктын каарын согуштан көрдүм
21-бет
Түркияда дарыланып келген апрель каарманы
Акбардын апасы Гүлшан ИСМАИЛОВА:
"Балам тамак ичип, сүйлөөгө жарап калды"

22-бет
Татыктуу талапкерлер тандалат


Warning: include(../../ggle_link.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/tuusu/10/0507_19.htm on line 45

Warning: include(../../ggle_link.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/tuusu/10/0507_19.htm on line 45

Warning: include(): Failed opening '../../ggle_link.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/tuusu/10/0507_19.htm on line 45




а ­е¦Є.НҐй«