07.05.10 Түркияда дарыланып келген апрель каарманы
Акбардын апасы Гүлшан ИСМАИЛОВА:
"Балам тамак ичип, сүйлөөгө жарап калды"
Мурда маалымдалгандай, 7-апрель окуялары учурунда жарадар болгондордон 6 адам ТИКАнын колдоосу менен Түркияга дарыланууга жөнөтүлгөн. Аларга кылдат мамиле жасалганын баса белгилеп, жарандарыбыздын азыркы учурдагы абалы жөнүндө ТИКАнын программалык координатору доктор Тайфун Атмажа мырза төмөндөгүлөрдү айтып берди.
Акылбек Тороевге алды менен Түркиянын Батыркей, андан соң Окмейданы госпиталдарында тез жардамдар көрсөтүлүп , ал азыр Стамбул университетинин Жеррахпаша ооруканасында дарыланууда.
Тайфун Атмажанын айтымында, жарадарлардын айрымдарына Түркияга барганга чейин эле Кыргызстанда операциялар жасалган.
Окмейданы госпиталында дыкат текшерүүлөрдөн өткөн Абдырайым Бектуров атайын күтүмгө алынат. Жагдайы түзөлгөн соң Кыргызстанга кайтууга көмөк берилген.
Түркияга баргандардын арасында оор жаракат алгандар да бар. Мисалы, Саматья госпиталында дарыланган Самат Эржановго дарыгерлер нейрохирургиялык операция жасоо керектигин сунуштаган, бирок ал ахыбалынын оордугунан чочулап, операция жасоого макулдугун бербей кайтып келген.
Кыргызстанга бир кыйла сакайып келген Акбар Исмаилов экинчи жана үчүнчү операцияларды жасаттыруу үчүн бир нече айдан кийин Түркияга кайтадан бармакчы.
Шишли Этфаль госпиталында операция жасалгандан соң көзү көрө баштаган Шамил Кыязовдун жагдайы жакшырууда.
Ошондой эле көзүнөн жабыркап, Куледиби көз ооруулары госпиталында текшерилүүдө болгон Батырбек Жусупов бир айдан кийин дагы барып дарыланышы зарыл.
Жарадарлар 17-апрель күнү эртең менен Түркияга жеткирилгенден бери алардын ден соолугу тууралуу маалыматтар күн сайын бейтаптардын туугандарына жана Кыргызстандын саламаттыкты сактоо министрлигинин өкүлдөрүнө маалымдалып турган. Алардын жакындары ыраазычылыктарын билдиришүүдө.
"Тили-мурду жана таңдайынан жаракат алган балам Түркияга барарда капельница менен венасы аркылуу тамактанып жаткан эле, эми Түркиядан келген соң кичинеден болсо да тамак жеп, сүйлөөгө жарап калды"-деп жазыптыр Акбардын апасы Гүлшан Исмаилова ТИКАнын жетекчилигине жазган алкыш катында.
Назарбек БАЙЖИГИТОВ, "Кыргыз Туусу"






Жаш майыптардын жакшы ниети
Дени-карды соо адамдар бүгүнкү кыйын жашоодо иштеп, жанын багыш үчүн та-таал турмушту баштан кечирип жатышканы жашыруун эмес. Иштейин десе жумуш жок, иштебейин десе оокаты өтпөй, бала-бакырасын же керт башын бага албай калат. "Иштебесең, тиштебейсиң" деген накыл сөз өзгөчө бүгүн күчүндө. Ал эми майып адамдар үчүн азыркы оош-кыйыш татаал заманда күн көрүү беш эсе кыйын. Республикабызда он миңдеген майыптар бар. Демек, ушунча адам күн сайын жашоо үчүн күрөшүп жашап келишет. Кийинки кезде жаштайынан же жарык дүйнөгө тубаса майыптык менен төрөлүп жатышкан жаш балдар да көбөйүүдө.

"Жалгыз дарак токой болбойт, жалгыз киши эл болбойт" дегендей, майыптар башынан эле биргелешип иштеген, ынтымакты туу туткан адамдар болот. Алардын колунан жаралган эл керектөөчү буюмдар элдин керегине жарап, ал турсун мамлекетке пайда алып келип жаткан учурлар аз эмес. Анткени, алар кол куушуруп отурганды жана майыптыгын бирөөгө колко кылганды жакшы көрүшпөйт. Ошентсе да ...
7-апрелдеги окуядан кийин эли-жерин тоноп, элге каршы саясат жүргүзгөнүнөн улам кылмыш иши козголуп, азыр качып жүргөн Марат Бакиевдин үйүн майыптарга жумуш ордун түзүп берүү үчүн "Жаш майыптар коомуна" өткөрүп берүү өтүнүчү менен Убактылуу Өкмөткө кайрылышууда. Бул тууралуу Чүй облустук "Жаш майыптар коомунун" төрагасынын кеңешчиси Сапарбек Муратов: "Биз бул жерге 9-апрелден бери келип отурабыз. Ушул жер биздин коомубуздун пайдасына чечилип калса, буту, колу жок майып жаштарыбызды иш менен камсыз кылар элек. Бул боюнча тийиштүү жерге каттарыбызды бергенбиз. Убактылуу Өкмөттүн төрайымынын орун басары Азимбек Бекназаров дагы бул үйдү "Жаш майып-тар коому" убактылуу карап турат деген чечим чыгарып берген.
12-апрелде бул жерге кой союп, 6-7-апрелде шейит кетишкен 85 баланын арбагына куран окутканбыз. Майып болсок да өз үнүбүздү кошолу, жок дегенде алардын ата-энелери ыраазы болсун деген ой менен куран окуткан элек. Бүгүн болсо Кудайдан элибизде, жергебизде тынчтык болор бекен, эртеңки күнү жашообуз оңолсо экен деп, бизге окшогон адамдардын турмушунун оңолушуна азыркы бийлик жардам берер бекен деген ниет менен түлөө кылып жатабыз", - дейт илгери үмүт менен С.Муратов. Эгер алардын ою ишке ашып калса, бул жерде 50-60 адамга жумуш ордун ачып берүүгө болот. Майып болушкан менен кыздардын көбүнүн колу уз, бычмачылык, тикмечиликке шыктуу. "Кыялдын" эмеректерин жасаган жаш жигиттер бар. Ошондой эле башка эмеректерди жасаган чебер балдар да аз эмес.
Сапарбек Муратов аларга ой-тилеги, жардамы менен колдоо көрсөтүп жатышкан өзгөчө карапайым адамдарга чексиз ыраазычылыгын айтты. Мисалы, Баатыр деген киши (ал киши фамилиясын да айткан эмес) наркы 4 миң сом турган дандырды жасап келип берип, эми алгач иш баштаганга да жардам берем деп билек түрүнүп турат. Ал дандырын жаш майыптарга бекер эле тартуулаган. "Алгач ишибиз ушундан башталганы жатканына кубанып жатабыз. Нандан ыйык, нандан улук эмне бар? Биринчи ишибизди нан жасоодон баштап алсак, кийин жогоруда айткан иштерге өтүп кетет элек", - дейт Сапарбек Муратов. Иш таап бер деп талап кылбай, өзүбүз жумуш ордун түзүп, иштейли деген жаш майыптардын үнү угулат деген ойдобуз.

Бермет МАТКЕРИМОВА,
"Кыргыз Туусу"