30.07.10
  Мындан 30 жыл мурун

Кыргызды дүйнөгө тааныткан
Каныбек Осмоналиев
Мындан отуз жыл мурун, Москвада өткөн "Олимпиада-80" дүйнөлүк спорт сүйүүчүлөрүн дүңгүрөтүп, ар бир өлкө өз чыгаандарынын ысмын угууга кулак түрүшкөн. Ошол 1980-жылы 19-июлда, эртең мененки саат 10.00дө кыргыз элинин желеги да дүйнөгө көтөрүлүп, Гимни ойнолуп, спорттун оор атлетика түрүнөн Каныбек Осмоналиевге чемпиондук наам менен алтын медалы тапшырылган эле. Андан бери билинбей 30 жыл өтүп кетти. Каныбек Осмоналиев кыргыз элинин сыймыгы, мактанычы катары азыр да кийинки муундарга бийик үлгү.
Бул-бактылуу тагдыр.Спорттун оор атлетика боюнча олимпиадалык жана дүйнөнүн 4 жолку чеипиону, СССР спортунун эмгек сиңирген чебери Каныбек Омоналиевди спортко жетелеп келген тагдыр кандайча башталган эле, сөз учугу ушундан болсун.



Балачактын таттуу кыялында...
Адам туулганда тагдыры менен төрөлөт дешет. Балким бешенедеги жазуу деген ошодур. Бирок тагдырга адамдын өзү себепкер болот деген да улуу сөз бар.
Москвада өткөн олимпиадалык оюндардын жеңүүчүсү, дүйнөнүн 4 жолку чемпиону Каныбек Осмоналиевдин тагдыры да кызык. Жогоруда айткандай ал өз тагдырындагы мындай жеңиштүү, даңазалуу жолду таттуу кыял балачакта эле жүрөгү дегдечү. Ошол мектептеги окуучулук мезгилде эле башка сабактарга караганда (мектепти мыкты баалар менен аяктаганына карабай) салыштырмалуу дене тарбияны сүйчү. Ал турсун келечекте чемпион болуп, Ата Мекендин туусун көтөрүп, Гимни ойнолуп, ага чемпиондук алтын медаль мойнуна тагылып жаткан учур көз алдына келип, мамлекет жетекчиси өзү куттуктап жатканын элестетчү. Балалыктын ушул кыялы ар кимге эле турмуштун өзүндө чындык болуп келе бербейт эмеспи. А, Каныбекке келди… Ага мүнөзүндөгү максатына болгон өжөрдүгү, кенедейинен мээнетке бышкан эмгекчилдиги жеткирди. Адамдын сатпаган жалгыз гана досу бар, ал - эмгек деген сөздүн чындыгы Каныбектин тагдырына өзүнүн себепкер болгонунун күбөсү эмеспи.

Айрыкча футболду жакшы көрүп, команданын капитаны болуп мелдештерге далай барчу. Күрөшкө да катышчу. Баскетболдун ыкмаларын дагы мыкты үйрөнгөн. Бир гана арманы боюнун кыска көрүнгөнү эле. Бирок оор салмактагы нерселерди көтөрүүгө да маш болгон. Үйдүн жанында керексиз ыргытылып жаткан трактордун дөңгөлөгүнүн куйма дискасын агасы экөө күндө алмак-салмак көтөргөндөн тажачу эмес. Сүрөттү да жакшы тарткан өнөрү бар эле, 7-класстан кийин көркөм сүрөт окуу жайына баргысы келип, үйүндөгүлөр руксат берген жок. Мектепти бүткөндөн кийин дене тарбия институтуна тапшырууга кыялданчу. Бирок үй-бүлөдө аны ошондогу жападан жалгыз университеттин (азыркы улуттук) тарых факультетине окууга гана багыттап туруп алышты. Ошол ошондой болду…

Чемпиондук тагдырдын күтүлбөгөн кадамы
Баары бир ал спортту таштабады. Алгачкы күндөрү күрөшкө катталып алган. Бирок андан эмнегедир майнап чыкпоочудай сезимде жүрдү. Чыныгы тагдырынын буйругу аны капысынан оор атлетика менен машыгуучу залга жетеледи. Анда студент жолдоштору бар эле, ошолорго жолукмак гана болгон. Оюн-чындан жолдоштору тамаша ыргытып калышты: -Кана балакай, байкап көрчү!.. Бул сунуш анын намысына тийгендей сезилди. 50 килограммдык штанганы алгач көкүрөккө көтөрүп, жогору түртүп көрдү да, андан соң канча жолу көтөргөнүн тигилер санай албай калышты. Каныбек анда 17 жаштан гана өткөн курагы болчу. Болочоктогу дүйнөлүк чемпиондук тагдырдын эң алгачкы кадамы ушундай окуя менен, күтүлбөгөн жерден башталганын өзү дагы сезген эмес.
Бирок анын оор атлетика үчүн жаралганын машыктыруучу Семен Давыдович Иткин алыска чуркаган тулпардын саяпкеринин көзү менен көргөн экен. Каныбекти өзүнчө бөлүп чакырып алып, оор атлетика боюнча секцияга катышууга кеңешин берген. Мына ушундан соң он үч жыл ата-баладай сезимде жуурулушуп, мээнетти бирге тартышып, дөөлөттү бирге көрүштү. Каныбек да оор атлетика боюнча спортто С.Д.Иткиндин машыктыруусунда далай кыйын сынактарды жеңип, СССРдин курама командасына кирди.

Дүйнөлүк биринчи жеңиш жана олимпиада бактысы
Убакытты ким тизгиндеп токтото алмак... Күндөр айга алмашат... Айлар жылга жалгашат... Ошонун баарында адамды жетелеп алдыга алып жүргөн үмүт тура. Каныбектин спорттогу жолу да жашыл жарыкка умтулган үмүт менен өрүлүп, бышып жүрүп олтурду. 52 кг. салмагында биринчи жолу Америкадагы Геттисберг шаарында 1978-жылы 4-октябрда ачылган дүйнөлүк чемпионатка катышып, жеңишке жетти. Дүйнөнүн чемпиону болууга баягы балачактагы кыялдануусунун ишке ашканы чексиз бактылуулук эле. Ошондо СССРден Каныбек Осмоналиевден башка Давид Ригерт, Николай Колесников, Юрий Варданян, Юрий Зайцев алтын медалга ээ болушкан. Анын спорттогу биринчи бийик ашуусу, биринчи чоң бактысынын жылдызы ачылганы ушул эле.
Экинчи жолу дүйнөлүк чемпионат 1979-жылы Салоникиде өттү. Каныбектин чемпиондук жеңиши менен дүйнөлүк даңазада Мекендин туусу көтөрүлдү. Бирок ушу жеңишке чейин Семен Давыдович экөө кандай гана түйшүктөрдү баштан кечиришти. Спортто тактикалык тажрыйба топтоо менен, оор атлетикадагы талапка ылайык ыкмаларды чебер өздөштүрүүгө дагы талыбаган эмгек, тажабаган эрк керек. Машыгуунун азаптуу мүнөттөрүнө тер төгүп чыдоо жеңишти эңсөө менен жуурулушуп, атаандаштар менен ат салышуудагы кыраакылык да эң зарылдын зарылдыгы экендигин жүрөктөн өткөрүп туруу керек. Каныбекте мунун бардыгы бар эле.
1980-жылы Москвадагы Олимпиадалык оюндарда дүйнөнүн биринчилиги да ойнолгон. Мына ушул чоң сынакта дагы Каныбек Осмоналиев олимпиада жана дүйнөнүн чемпиондугун жеңип алды. Ошондо ал жалпы жыйынтык боюнча 247,5 кг. оор салмакты көтөргөн. Кийинки 1981-жылы Франциянын Лилль шаарында ал дүйнөнүн төртүнчү жолу чемпиондугун жеңди. Ата Мекендин желегин дүйнөгө төрт жолу көтөрдү!

Иткиндин өкүнүчү
Биз университетте ошол 70-жылдардын ортосунда окуп жүргөндө (филфакта) дене тарбия сабагы өтүлчү, ошондо көпчүлүк кыздар жеңил атлетикага катышчубуз. Бизге башка мугалимдер сабак берчү. Ошондо "Спартак" стадионунан Семен Давыдовичти далай жолу көрчүбүз. Орто бойлуу, чачтары тармалыраак, чымыр адам эле. Биз анын келечектин дүйнөлүк чемпионун даярдап жатканын кайдан билиптирбиз, жөн гана агайлардын бири катары көрчүбүз. Көрсө ал 8 жолу Кыргызстандын чемпиону, СССР элдеринин спартакиадасында да ийгиликтүү катышып жүргөн спорттун чебери экен. Турмуштагы тагдыр деген кызык жолугушууларды белек кылат тура. Кийин менин өмүрлүк жолдошум Тургунбек Аккүчүков менен Каныбек Осмоналиев жакшы жолдоштордон болуп чыгышты. Аларды да спорт табыштырган экен. Тургунбек жеңил атлетикага катышчу. Иткин тууралуу мыкты машыктыруучу, жакшы адам деп көп айтчу эле ал дагы.
Ал эми Каныбектин "Спорттогу тагдыр" деген китебинде мындайча айтканы бар: "Тажрыйбалуу ардагерди жаш талант гана утушу мүмкүн. Бул чү деген жерден эле чыга бербейт. Менин курагымдагы жеңил салмактагы атлетчилердин бири кем болгон жагы оор атлетикага эң эле кеч келгенибиз болду. Менин устатым өкүнүч кылгандай 15-16 жаш курагыңда машыкканыңда, 260 килограммдык туу чоку багынып бермек деп, кейип калат. Балким, ошондой болмоктур. 70-жылдардын башындагы оор атлетчилер бир топ алгылыктуу иштерди аркаладык го деп ойлойм."
Балким, Семен Давыдович бе-кер эле кейигендир, төрт жолу дүйнөлүк чемпиондукту жеңип, кыргызды дүйнөгө таанытып жатса, туу чокуну багындырат деген ушул эмей эмне. Ал чынында өмүрүнүн бир топ жылдарын спорт үчүн, Мекендин атак-даңкы үчүн жумшады, аны өз кызыкчылыгынан алда-канча жогору коюп, эр жигитке таандык намысты коргоду. Атап айтканда жалпысынан ал оор атлетиканын эң жеңил салмагы (52 кг.) боюнча Европанын эки жолку (1978, 1981), дүйнөнүн 4 жолку (1978-Швеция, 1979-Греция, 1980-Москва, 1981-Франция) жана СССРдин 2 жолку (1975) чемпиону болгон. Ал өзү айткандай бактылуу тагдырдын ээси.

"Олимпиада-80"ден келген спорттук сумка жана Зарема
Каныбектеги дагы бир асыл сапат - анын жөнөкөйлүгү. Ал кимге да болбосун жаркылдап астейдил саламынан жазбайт. "Дүйнөнүн чемпиону болсом.." деп бой көтөргөнүн көрүүгө болбойт. Өзү да чоң үй-бүлөдө чоңоюп, кыргыздын ата-салтын аттабаган мыктылыгы бар. Үй-бүлөсүндө дагы бактылуу тагдыры менен, жубайын сүйүп, сыйлап, балдарынын камкор атасы. Мен ушул жерден бир болгон окуяны айта кетким келди.
Жогоруда айткан Москвадагы олимпиадада Каныбектин дүйнө чемпиону болгонуна эл катары биздин үй-бүлө дагы абдан кубанганбыз. Ошол жылы биз Зарема аттуу кыздуу болдук эле. Ошондон 4 же 5 жыл өттү беле, айтор эсимде, Каныбек өзүнүн машыктырып жүргөн уландары менен Токтогулга келип калды. Биздин үйдө болушуп, досторчо эс алышты. Ошондо ал спорттук сумка көтөрүп жүргөн экен, "Москва олимпиадасынан" деген жазуусу бар экен. Тургунбек ошол сумканы Каныбектен өтүнүп калды: "Каке ушул сумкаңды ырымдап Зарема деген мына бул сары кызыма берип кет, олимпиада жылы төрөлгөн, сенин бир чалымыңды тартса жаман болбос, сага жаңы сумка алып келип берейин",-деп дүкөндөн чын эле чуркап чыгып барып жаңы сумка алып келе салды. Каныбек барпаңдап күлүп, Зареманы эркелетип, сумкасын берген эле. Жакшы тилек менен ошондой болгон.
Кийин таң калдым, анданбы, тагдырданбы билбейм, Зарема чын эле спортко кызыгып өстү. Күрөшкө катышып, көп мелдештерде ийгилик алып да жүрдү. Мектепти бүтүп жатып Казакстанда Экибастуста өткөн Назарбаевдин байгесине арналган мелдеште кыздар арасында спорттун дзюдо түрүндө экинчи орунду алды. Мен каршы болгонго карабай (албетте, атасы сүрөгөн) дене тарбия институтуна окууга өтүп, кийин дзюдо боюнча "КРнын спортунун чебери" наамын алды. Окууну бүтүп республикадагы чегара кызматында атайын тапшырма бөлүмүндө иштеди. Ушунун баарын эстеп, кээде ойлойм, кыргыздын салт-санаасы да бир касиеттүү нерсе окшойт. Зареманын ийгилиги да тээ илгери Каныбектин сумкасы менен кошо батасын берип жатканынын касиети го деп калам. Кызым болсо Каныбектин сүрөтүн эч кимге карматпай, бүгүнкүгө чейин бийикке коюп, аздектеп турат. Ошондон кийин ылайым мындай кыдыр даарыган адамдар балдарга батасын аябасын, жакшы адамдар көп болсун деп тилей берем. Ошол сумка биздин үйдө жакшылыктын таберигиндей азыр дагы сакталып турат.
Бактыгүл ЧОТУРОВА,
"Кыргыз Туусу"