30.07.10 "Ата-Бейит" сырын ачкандар наамга татыктуу
Биз "Кыргыз Туусуна" жарык көргөн көйгөйлүү материалдарды окуп көңүлүбүз ооруп, түйшөлөбүз. Гезитке чыккан материалдар бизди ал боюнча ой-пикирибизди билдирүүгө мажбурлайт.
Ошондой сан ойго салган материалдардын бири 2010-жылдын 2-февралында "Атылган аталар, ачылган сырлар" деген чоң теманын алдындагы "Өлгөндөр баркталбай, тирүүлөр макталбастыгы" тууралуу макала болду. Ушул жөнүндө оюмду жазайын деп камынып жүргөнүмдө, ушул эле жылдын 13-июлунда "Сыр сандыктын сырын ачкандар сыйсыз калабы?"деп ардагер журналист Расулберди Маметов жазып калды. Мен Р.Маметовдун калыс оюна кошулам. Анткени, чынында эле Бүбүра эже менен Болот Абдыракманов болбосо шейит кеткен аталардын кайсы жерге көмүлгөнү белгисиз бойдон калмак. Алар болбосо "Ата-Бейит" мемориалдык комплекси курулбайт болчу. Азыр ал жер улуу инсандарыбыз түбөлүк уктачу ыйык жайга айланды...
Ойлонуп көрсөңүздөр, дал ушул эки адамдын канчалаган кыйынчылыктарды баштарынан өткөрүп кылган эмгектери биздин ушундай мамилебизге арзыйбы? Улутка ак кызматын арнаган адамдарды биз кыргыз эли ушундайча сыйлайбызбы? Ушул сыяктуу суроолор менен далай адамдар ойлонуп-толгонуп нааразы болуп жүргөндөрү жашыруун эмес.
Бүбүра эженин оор абалын түшүнгөн Президент Роза Отунбаева энелик, аялдык жүрөгү менен аны мамлекеттик коргоого алып, Болот Абдыракманов экөөнө сыйлык, наам беришсе адилеттүүлүк болор беле. Ансыз деле, буга чейин сыйлык үчүн сиңирген эмгеги жок адамдар эле алып келишти.
Ылайым Бүбүра эже көп жашасын. Кокус көзү өтүп кетсе, сөөгү дал ошол "Ата-Бейит" көрүстөнүнө коюлар. Анткени, бул адам ошого татыктуу.
Сабырбек АКМАТОВ, Жумгал району, Чаек айылы




Бийликтин союлуна айланба, "Кыргыз Туусу"!
"Кыргыз Туусу" гезити кайрадан республиканын өкмөтүнө кызмат кыла турган болуп чечилди.
Ошентип бул гезиттин жамааты бийликтин талабын аткармак болду дейли? Кептин баары кантип аткарат деген соболго такалат? Негизгиси ошентип баштагы жадатма көрүнүштөн - арзыматтыктан арылууга убакыт жетти.
Албетте, дароо эле коомго жараша түздөнө калуу оңойго турбайт. Ошентсе да бийликтин союлуна айланбай иштөөгө болот. Болгону биринчи кезекте журт башчыларын айга, күнгө теңебей, реалдуу көрүнүштөрдү жымсалдабай көпчүлүккө жеткирүү керек. Элдин көйгөйүн чагылдырабыз деген принципти кармануу калетсиз. Анан калса жаңы бийлик диктатуралык күчкө таянбайт болушу керек. Андай жаман адатка болбогон жерден мактай берип биз, журналисттер жеткирип жүрбөдүк беле? Башкысы, өлкө башчыларын "илгерки идеологдор" курчап алгандан кудай сактасын. Ар нерседен жылаандын башын кылтыйтып ошолор падышаларды, төбөлдөрдү жолунан адаштырып келишкен.
Бүгүн журналисттер көтөрө турган орчундуу маселелер толтура. Айталы, Кыргызстандын бүтүндүгү, улут аралык араздашууну токтотуу, чек ара маселеси, стратегиялык мааниси бар объектилердеги иштин жүрүшү, улуттук идеология сыяктуу
Мындан сырткары коррупция, паракорчулук, чагымчылык жаатында көзгө сайып көрсөткөн макалалар берилип турса гезиттин окумдуулугу артарында шек жок. Кыргыз элинин тарыхы, уңгулуу тили, өрнөктүү инсандары, жаштардын көйгөйлөрү туурасында орун алган аналитикалык материалдар гезиттин бөксө жерин толуктайт.
Жазат десе эле инсандын жеке турмушундагы аялуу жерин чукуп, маскаралоону адатка айландырып алуу жазмакерге жакшылык алып келбейт. Адат болуп бараткан мындай жаман жоруктан арылышыбыз кыйын болуп калганын кантип танабыз? Элдик гезитке мындай усулдуктун кереги жок.
Коомдун өңүтүн туура иликтеп, жоопкерчиликтүү ишке батыл киришүү учур талабы. Жагынуу, жасакерленүү эч кимге пайда алып келбесин, тескерисинче кесепетин тийгизээрин билип деле калдык. Ошондуктан азыркы Президентти кеменгер көрсөтүп, тарыхый инсан Курманжан даткага теңөө акылга сыйбайт. Анын ордун кезегинде тарых өзү тастыктайт.
Бөйпөңдөп кошоматтанчу мезгил артка сүрүлдү. Бийликтин күзгүсү болуу милдети жүктөлгөн соң анын өтөлүнө чыгуу абзел. Түз нерсени кыйшык көрсөтпөө үчүн оболу ниетти, көз карашты учурга жараша буруп жигердүү иштөөгө белсенүү керек. Бул миссияны ойдогудай аткарууга гезиттин чыгармачыл жамаатынын дарамети жетет деп ойлойм. Калемиңер бир тараптуу камчыга айланбай, ылайым элдин көксөөсүн кандырган, таасын куралга айлансын!
Жора
СУЛАЙМАНОВ,
көз карандысыз журналист




Аксакалдар чайканасы болсо...
Миллионго жеткен калкы бар борбор шаарыбыз Бишкекте туш тараптан конокко келген аксакал ардагерлерди кошпогондо, шаарда жашаган аксакалдар эле жүздөп саналса керек.
Мындан 10-15 жылча мурда атайы аксакалдар үчүн анча-мынча чай-пай ичип черин жазып сейилдеп кетчү аксакалдар чайканасы бар эле. Эмне болду түшүнүксүз, бул чайкананы оңдомуш болуп жатып эле анан, атын өзгөртүп, шаардагы башка кафе, клубдар жетишпегенсип, аны да түнкү клуб кылып салганбы, түшүнүксүз. Же бишкектик аксакалдар али чайканага татыктуу кызмат кылышкан жокпу?А мүмкүн чайкананы тейлеген кызматкерлерге башка кафелердегидей акча түшпөй, анча деле кызыкчылыгы жокпу?
Баарыбыз эле күндөр өтүп, айлар өтүп, бир күнү акыры аксакал болобуз го. Ушул жактарын да унутпоо керек. Чайканада деле бир гана кара, чайды демдеп коюп карап отурбастан, ар кандай суусундуктарды, мисалга, кофе, какао, кымыз, шоро, лимонад жана башка жеңил-желпи диетикалык тамактарды даярдап, салаттарды жасап сатууга эмне үчүн болбойт. Же сөзсүз эле, аксакалдар чайканасында пиво, вино жана башка у.с. спирттик ичимдиктерди сатып, чаң-тополоңун чыгаруу керекпи? Айтайын дегеним керек болсо, биздин миңдеген аксакал-ардагерлерибиз үчүн ар бир
районго бирден аксакалдар чайканасын куруп, ичине сөрүлөрдү коюп, анча-мынча намаз окуган кишилер үчүн да мүмкүнчүлүктөрдү түзүп, 5-6 кишиге
ылайыктап бир-эки бөлмө ачып койсо жаман болбойт эле.
А.УМАРОВ,
Бишкек шаары




Өкмөт кыргызча сүйлөй баштады
Президентибиз Роза Отунбаеванын жаңы өкмөт мүчөлөрү менен өткөргөн жыйынын теледен көрүп отуруп, эне тилинде сүйлөгөнүн угуп териме батпай аябай кубандым. Ылайым, ушинтип жыйындардын баары кыргыз тилинде өткөрүлсө экен.
Назарын салып, көңүлүн
коюп уккандар байкашса керек, абдан маанилүү маселелерге, дайындалган жетекчилердин алдыңкы күндөрдө аткара турган иштерине токтолду. Ал эми менин оюмча жаңы министрлердин катарында, жигердүү ишмердиги менен калкка таанымал болуп калган А.Муралиев, А.Костюк, Ө.Абдул-лаева, К.Байболов сыяктуу кадрлардын турганы жакшы эле болду. Канткен менен тажрыйбалары бар.
Менин дагы бир айтайын дегеним, өкмөт мүчөлөрү өзүбүздүн эне тилибизге өгөй мамиле жасоодон оолак болсо. Кыргызча сүйлөсөк! Эне тилибизди өркүндөтүп-өстүрүү эч качан кеч болбойт, мына ушуну эсибизден чыгарбайлы, замандаштарым!
Садыбакас ЭРАЛИЕВ,
согуштун ардагери жана эс алуудагы журналист,
Бишкек шаары




Майыптарга маани берилсе
Мен Нарын шаарындагы Ж.Алаев көчөсүндө жашайм. Тагдырдын буйругу менен 1998-жылы бир көзүм көрбөй калып, доктурлар каректи алып салган.
Ал эми 2001-жылы экинчи көзүмдү да алдырууга туура келди. Ошентип тумтак көрбөй, биринчи топ-
тогу майып болуп калдым. Былтыркы жылы 1600 сом пенсия алчумун. Ал эми быйыл электр кымбаттагандыгына байланыштуу деп 1000 сом кошулган. Албетте, 2600 сом менен тиричилик кылуу кыйын болууда. Ошондуктан жаңы Өкмөт, урматтуу Президент Роза эже биринчи топтогу майыптарга маани берип, пенсиянын көлөмүн көбөйтөт деп үмүттөнөм.
Жеңиш Бекмуратов,
1-топтогу майып, Нарын шаары