30.07.10
  Басма сөз борборунун Ош филиалы билдирет

30 пайыз дан эгиндери жыйналды
Ош облусу боюнча жалпы
70 миң тоннадан ашуун эгин жыйналып, Араван менен Кара-Суу райондорунда түшүм жыйноо аяктап бара жатат.
Алдын-ала эсептөөлөргө караганда, үстүбүздөгү жылы облус дыйкандары 172 миң тоннадан ашуун дан-эгиндерин жыйноону көздөөдө. Бул маалымат КРнын Убактылуу Өкмөтүнүн маалыматтык-координациялык борборунун Оштогу филиалында губернаторунун орун басары Ахмаджан Махамадовдун катышуусу менен өткөн жыйында айтылды.
Эске салсак, түшүм жыйноого карата өкмөттөн литри 27 сомдон 1020 тонна
солярка бөлүнгөн. "Эгерде "Агроазыктүлүк" корпорациясы эгиндин килограммын 10 сомдон сатып алууну камсыздаса, дыйкандар үчүн жакшы болот. Түшүм жыйноо ишин жогорку деңгээлде аяктоо үчүн бизде бардык мүмкүнчүлүктөр бар", - дейт А.Махамадов.



Салык топтоо кыскарды
"Июнь окуяларынан кийин алыскы жана жакынкы чет өлкөлөрдөн жөнөтүлгөн жүктөрдүн келиши дээрлик токтоп, буга байланыштуу чек ара салыгынын топтолушу 50 пайызга чейин кыскарып кетти", - деп билдирет Ош облусунун чек ара кызматынын улук инспектору Кубанычбек Каримов.
Анын айтымында, июнь окуялары
на чейин бир айда облустун чек ара кызматынан 60 жүк ташуучу автоунаа өткөрүлүп турса, июль айында алардын саны 3 жүк ташуучу автоунаага кыскарып, Түркия, Иран жана Сирия мамлекеттеринен келчү жүктөр келбей калган.
Анда белгилүү болгондой Өзбекстан мамлекети да өз чек ара кызматын жаап, экспорттук-импорттук алаканы убактылуу үзүп койгон. Ал эми Кытай мамлекетинен келип жаткан жүктөр токтобогону менен өтө эле аз көлөмдө болгон.
"Эгер биз мурун бир айда 280 млн. сомдун тегерегинде чек ара кызматынан салык топтоп турган болсок, азыр 120-125 млн. сомго кыскарып жатат", - дейт Кубанычбек Каримов.
Айта кетчү нерсе, Убактылуу Өкмөттүн маалыматтык-координациялык борборунун Оштогу филилалында болуп өткөн жыйында, К.Каримов: "Эл арасында айыл-чарба продукцияларына чек ара кызматы бааны жогорулатты деген маалымат тарап кетти, бул маалымат жалган", - деп маалымдады.
А.АКИМБАЕВА


Калыбына келтирүү иштери башталат
Ош шаарынын вице-мэри Таалай Сабировдун катышуусунда Убактылуу Өкмөттүн Оштогу басма сөз борборунда өткөрүлгөн маалымат жыйынында кыйраган үйлөрдүн жана социалдык-тиричилик багытындагы объекттерди калыбына келтирүү жана куруу жөнүндө айтылды.
Вице-мэрдин айтымында, июнь
айындагы баш аламандыктан 730 турак үй жана коммерциялык 208 объект жабыр тарткан. Адистердин алдын-ала эсептөөлөрүнө караганда кыйраган курулуштарды калыбына келтирүүгө 1 мил-лиард 300 миллион сом керектелет.
Учурда көп кабаттуу 64 квартиралуу эки үйдү тургузуу үчүн жер аянты даярдалып бүттү. "Гүлкайыр" кичи районунда 75 квартиралуу үйдүн жер аянты аныкталды. Андан тышкары, "Ак-Таш" АКсы жабыр тарткандар үчүн турак-жайдын 1 чарчы метрин 455 доллардан коммуналдык 20 квартира куруп берүүгө даяр. Ал эми, "Сафари" ЖЧКсы 1 чарчы метри 450 долларга бааланган коммуналдык 40 квартиранын курулушун ноябрга чейин бүткөрүүгө аракеттенүүдө.
Маалымат жыйынында ошондой эле, бардык жабдуулары менен балдар жана спорт үчүн керектүү инфратүзүмү, тренажёрдук залдары бар көп кабат үйлөр курула турган кичи район куруу боюнча пландар жөнүндө маалыматтар да айтылды. Бул үйлөр этникалык таандыктуулугуна карабастан, жабырланган райондордун тургундарына берилмекчи.
Андан тышкары, Ош шаардык мэриясы генералдык пландын негизинде мурдагы пахта-кагаз комбинатынын жанындагы "Жайылма" базарын жоюу жана муниципалдык дүң базар ачуу жөнүндө чечим кабыл алды. Андагы 20 гектар аянтта бардык зарыл керектүү шарттары бар, атайын жабдылган заманбап базар иштемекчи.
Т.САРБАГЫШЕВ


АКШ Кыргызстанга акча бөлдү
Убактылуу Өкмөттүн басма сөз борборунун Оштогу филиалында АКШнын Европада жана Евразияда жардам берүү программасынын координатору Даниэл Розенблумдун катышуусу менен басма сөз жыйыны болуп, ал АКШнын Өкмөтүнүн Кыргызстанга жардам көрсөтүү маселесине арналды.
Анын айтымында, АКШнын Өкмөтү
Кыргызстанга жалпысынан
48,6 млн. доллар өлчөмүндө жардам көрсөткөн. Алар жергиликтүү кошундарды жакшыртууга, инфратүзүмдүн кичи обьектилеринин курулушуна, мамбашкаруу органдарынын ишмерчилигине, жарандык укуктарынан ажырагандар үчүн жумуш орундарын түзүүгө жана кесипке үйрөтүүгө жумшалган.
АКШнын Өкмөтү быйылкы жылдын апрель жана июнь айларында болгон башаламандыктардан жапа чеккендерге
4 млн. долларга жакын медициналык жана гуманитардык жардам көрсөткөн.
Жыйындын жүрүшүндө Д.Розенблум ОБСЕнин полицейлер тобу Кыргызстандын түштүгүндө кырдаалды турукташтырууга жардам бере тургандыгын билдирди. "Полицейлердин негизги мис-
сиясы - жергиликтүү укук коргоо органдарынын кызматкерлерине кеп-кеңештик жардам берүү. Алардын курал-жарагы болбойт жана кырдаалды турукташтырууга катышуусу калктын укук коргоо органдарына болгон ишенимин калыбына келтирүүгө жардам бермекчи", - деди ал.
М.АЛАГУШЕВ






Менчик укугунун сакталышы
Кыргыз Республикасынын Президенти Роза Отунбаева эл аралык уюмдардын өкүлдөрү менен жолугушуп, анда Кыргызстандын түштүк аймагынын калкын турак-жай менен камсыз кылууга байланыштуу маселелер талкууланды.

Жолугушуунун жүрүшүндө Ош жана
Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү боюнча мамлекеттик дирекциянын директору Ж.Сатыбалдиев Базар-Коргон районунда жана Ош шаарынын кээ бир тилкелеринде калыбына келтирүү иштеринин башталгандыгын билдирди. "Кээ бир жарандар көп кабаттуу үйлөргө жашаганды каалашпай, өздөрүнүн менчик үйлөрүн калыбына келтирип берүүнү каалашууда.Биз адамдын менчик укугунун сакталышына кепилдик беребиз",- деди Ж.Сатыбалдиев. Ал ошондой эле турак-жайларга ипотекалык насыя берүүнүн пландаштырылып жаткандыгын маалымдады.
Эмгек, жумушка орноштуруу жана миграция министри Айгүл Рыскулова калкты ишке орноштуруу жана түштүктөгү ички миграция маселелерин чечүү боюнча көрүлүп жаткан иш чараларга токтолду.
БУУ УВКБнын Кыргызстандагы өкүлү Ханс Фридрих Шоддер Кыргызстандын түштүгүн турак-жай менен камсыз кылуу боюнча стратегияны жүзөгө ашырууга 17,5 млн. доллардын зарылдыгын билдирди. Анын айтымында, донорлордун көпчүлүгү жардам берүүгө кызыктар экендиктерин билдиришкен.
Президент Роза Отунбаева өзүнүн корутунду сөзүндө оор күндөрдө боордоштук колдорун сунушкан эл аралык биргелештиктин өкүлдөрүнө ыраазычылыгын билдирди.
Н.ЖЭЭНБЕКОВ


Кыргызстанда ДНК - изилдөөчү лаборатория жок
Республикабызда ДНК-изилдөө жүргүзүүгө жөндөмдүү лабораториянын жоктугун Саламаттык сактоо министринин орун басары Касымбек Мамбетов билдирди. Анын айтуусунда мындан мурдараак эксперт А. Кыштобаева ал жетектеген "ДНК-Технология-Манас" ЖЧКда материалдарды алууга, ал эми изилдөөнү түздөн-түз "Медикал Геномикс" (Англия) компаниясында өткөрүүгө болорун бир катар ЖМКларда маалымдаган. Ушуга байланыштуу аталган мекеменин техникалык жабдууларынын касиетин, бул лабораторияда жогорудагыдай изилдөө жүргүзүүгө болорун аныктап, толук, калыс жана ар тараптуу иликтөө максатында министрликтин Мамлекеттик санэпидкөзөмөл департаментинин микробиологиялык молекулярдык генетикалык изилдөө борборунун жетекчиси, медицина илимдеринин доктору К.Касымбекова башында турган атайын комиссия түзгөн.

Комиссия "ДНК-Технология-Манас"
ЖЧКнын лабораториясы адамдын өздүгүн аныктай турган изилдөө жүргүзүү үчүн белгиленген атайын талаптарга жооп бербейт жана зарыл керектүү жабдууларга ээ эмес деген бүтүм чыгарды.
Өлкөбүздө ДНК-изилдөө жүргүзүү үчүн лаборатория жок болгондугуна байланыштуу азыркы учурда Россия, Казакстан, Иран жана Кытай менен акысыз негизде адамды ДНК- идентификация жүргүзүү боюнча сүйлөшүүлөр жүрүүдө.
Саламаттык сактоо министрлигинин
маалыматы боюнча бүгүнкү күнү 45 кишинин өлүгү тааныла элек. Бардык зарыл керектүү үлгүлөр тажрыйбалуу лаборанттар тарабынан ДНК-изилдөөгө коюлган бардык талаптар менен алынып, Мамсанэпидкөзөмөл департаментинде сакталууда.
Бермет МАТКЕРИМОВА,
"Кыргыз Туусу"




Марлен ТЕМИРБЕКОВ
Кыргызстандын музыкалык маданияты менен билим берүүсү оор жоготууга учурады. 77 жашка караган курагында улуттук музыкалык маданияттын көрүнүктүү ишмери, Кыргыз Республикасынын эл артисти, А.Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрынын ардагер-солисти, Кыргыз улуттук консерваториясынын профессору Темирбеков Марлен Болоталиевич дүйнөдөн кайтты.
Анын бүткүл турмуштук жана чыгармачылык жолу Кыргызстанда көркөм өнөргө, атамекендик театрга, музыкалык билим берүүгө берилүү менен кызмат кылуунун үлгүсүнөн болуп саналат. М.Б.Темирбеков 1933-жылы туулган. 1962-жылы жаш ырчы П.И.Чайковский атындагы Москва мамлекеттик консерваториясын аяктаган жана А.Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрында ишин баштаган.
Театрда иштеген жылдарында ал дүйнөлүк классикалык жана улуттук репертуарда негизги баритон үндүү партияларды аткарган. Аларга "Фаустагы" эр жүрөк Валентин, "Травиатадагы" жароокер Жермон, "Пиковая дамада" князь Елецкий, "Севилдик чач тарачта" оптимист Фигаро, ошондой эле биринчи кыргыз операсы "Айчүрөктө" Канчоро, "Жамилада" Данияр, "Токтогулда" Сары, "Манаста" Чубак ж.б.лар кирет.
М.Б.Темирбеков дүйнөнүн көптөгөн өлкөлөрүндө талантын тартуулап, көрөрмандардын сүйүүсүнө жана кесиптештеринин урматтоосуна арзыган. Театрды таштагандан кийин ал адегенде Б.Бейшеналиева атындагы көркөм өнөр институтунда педагогикалык иште иштеп, Кыргыз улуттук консерваториясы ачылган күндөн тартып кафедра башчысы жана кесиптик кошундар комитетинин төрагасы болуп иштеген. КРнын эл жана эмгек сиңирген артисттери, эл аралык конкурстардын лауреаттары У.Полотов, Э.Мойдунов, К.Орузбаев, Ж.Раимбекова, З.Раимбекова, Ч.Төрөбеков,К.Кускаков, Ж.Ысманов ж.б. көптөрү анын окуучуларынан болушкан.
Бүткүл дүйнө жүзүндөгү миңдеген көрүүчүлөрдүн сүйүүсү, окуучуларына өткөрүп берген чеберчиликтин эстафетасы жана КРнын эл артисти, окумуштуулук профессорлук наамы, "Данакер" ордени өңдүү мамлекеттик сыйлыктары М.Б.Темирбеков үчүн жогорку сыймык болгон.
М.Б.Темирбековдун жаркын элеси элибиздин эсинде түбөлүккө сакталат.


Р.И.Отунбаева, А.М.Муралиев, Ө.А.Абдуллаева, Садык Шер-Нияз,
Г.Кондучалова, Ж.Нусупова, М.К.Баялинов,А.Токтосартов, М.А.Бегалиев,
К.Т.Оторбаев, К.Сартбаева, С.Токтакунова, Т.Б.Мусулманкулов, К.Айтыгулов, Г.Мадемилова, У.Полотов, А.Турсунов ж.б.лар