30.07.10 Дартка даба
Жети-Өгүз санаторийи
Күнөстүү мекенибизде кайталангыс сулуулугу, кооздугу менен аңыз болуп алмустактан айтылып келген керемет жерлер абдан көп. Алардын бири биз төмөндө сөз кыла турган Жети-Өгүз санаторийи. Ал өткөн кылымдын отузунчу жылдары Кызыл Жарым Ай коому тарабынан изилденип, окумуштуулар айрым илдеттерди дарылоого касиети бар табигый радон булактары, таза абасы ушул аймакка курорт катары пайдаланууга мүмкүн деген жыйынтыкка келишкен. Мына ошентип сексен жылдан ашык мезгилден бери Жети-Өгүз санаторийи миңдеген адамдардын сообуна калып, дартына даба болуп жакшы сезимдерди калтырды.
Азыркы күндө да санаторийде дем алууга, дарыланууга пайдаланууну каалагандардын катары арбын.

Санаторий радон булактары менен баалуу
Албетте, курортту курорт даражасына жеткирген радон ысык булактары экени талашсыз. Бул булактардын химиялык курамы өтө бай, организмге керектүү элементтердин көпчүлүгү бар жана касиети боюнча мурдагы Советтер Союзунун курамындагы даңазалуу Белокуриха, Цхалтубо, Пятигорск, Капал-Арасан курортторундагы ысык булактардан кыйла ашат, дарылуулугу жогору.
Адам радон суусун ванна, душ аркылуу алгандан кийин ал тери аркылуу бүт организмге тарайт, айрым ооруларды айыктырат, дененин ооруларга каршы иммунитетин күчөтөт.

Көп илдеттерге даба
Жогорку даражадагы кесипкөй, тажрыйбалуу медициналык кызматкерлердин, заманбап медициналык аппаратуралардын, гидропатиялык кабинеттердин, радон, балчык ванналарынын, душтардын, бассейндердин, массаждардын жардамы аркылуу төмөндөгү илдеттерден арылууга болот:
- Кол, бут оорулары: артрит, полиартрит, артроз, Бехтерев оорусу, сынык, жараат илдеттеринен;
- гинекологиялык оорулар: аднексий, метрипереметрит, тукумсуздук, фибромиома;
- нерв оорулары: радикулит, нерв оорулары, остеохондроз, энцефалопатия, шакый ж.б.
- кан айлануу органдары: гипертония, флебит, эндоартерит, рейна оорулары;
- тери оорулары: дерматит, экзема, псориаз, ж.б.

Тажрыйбалуу адистер жетиштүү
Айрым илдеттеринен арылууну каалагандар алгач, биринчи кезекте тажрыйбалуу медициналык кызматкерлердин жардамысыз дарылоо жүзөгө ашпасын жакшы билишет. Жылдын төрт мезгилинде орун которбой өз кесибине берилип, милдеттерин так аткарган медициналык кызматкерлердин катарында Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген дарыгери Шамизин Кадыров, мээрман эжелер, медицина тармагынын ардактуу кызматкери Бактыгүл Бокоева, Роза Картайганова, Гүлай Акматова, Гүлмира Карымбаева ж.б. бар. Атайын жол карытып каражат коротуп дарыланууга келгендерге жылуу-жумшак мамиле кылышып, билген кеп-кеңештерин, жүрөктөгү каалоо-тилектерин жолдошуп, аларды маданияттуу тейлөөгө аракет кылышат.

Кыш айларында да кабыл алабыз
Аталган санаторийге жетекчи болуп Керимбек Кадыракунов дайындалганы мында ишти уюштуруу, тартип, кадрлар маселелери оң тарапка чечилди деп айтууга толук негиз бар. Ушунча зор аймак ээлеген санаторийдин чарбалык, тазалык сактоо, оңдоо аракеттерин жүзөгө ашыруу оңой-олтоң эмес. Атайын бөлүнгөн эки кабаттуу имаратта дем алуучуларды кыш айларында кабыл алууга ылайыкташтырылып эки жыл катары менен иштетип көрүштү - натыйжасы жаман эмес. Биринчи корпуста төрт люкс номерлери да бош турбайт. Эми өз күчтөрү менен азык-түлүк даярдоо менен каражат үнөмдөөнү да өздөштүрүп жатышат.
Мында иштеген медициналык кызматкерлердин адистик деңгээлин жогорулатуу үчүн атайын окуулар өткөрүлгөн. Эл аралык "Хельветас" уюму менен биргеликте өткөрүлгөн окуулардан кийин айрым кенже медициналык кызматкерлерге сертификаттар тапшырылган.
Эми санаторийдин эскилиги жеткен эмеректерин, матрац, төшөктөрүн жаңыртууга аракеттер көрүлүп жатат. Санаторийдин башкы бухгалтери Жусубалы Кадыровдун айтымында 2009-жылдын жыйынтыгы боюнча 1,6 млн. сом таза киреше түшкөн, санаторийдин салыктарга, электр энергиясына карыздары жок.
- Биздин эң башкы милдетибиз дем алуучуларга, дарылануучуларга жогорку деңгээлдеги шарттарды түзүп берүү - дейт Керимбек Кадыракунов. - Жылдагыдай Рос-сиядан, Казакстандан эс алуучулар Ош окуяларына байланыштуу келишкен жок. Ошентсе да өзүбүздүн күчүбүз менен путевкаларды жайылтууга аракет көрүүдөбүз. Өзүңүз байкагандай эс алуучулардын катары суюлган жок.
Биз дем алуучуларга көрсөткөн кошумча кызматтарыбызды да кеңири жайылтууга бел байладык. Бул да кошумча каражат топтоонун булагы.

Каалоочуларга эшигибиз ачык
Санаторийдин бир эле учурда жүздөн ашык дарылануучуларды кабыл алууга, тейлөөгө мүмкүнчүлүгү бар. Сутканын кайсы убагында болбосун нөөмөттөгү медициналык кызматкерлер дарылануучуларды кабыл алышып, бөлмөлөргө жайгаштырышат. Мында дем алууга путевкадан тышкары накталай акча төлөп жайгашууга болот. Жыйырма күндүк дарылануу наркы 14620 сом, бир суткасына 731 сом төлөп да санаторийдин кооз жерлери менен таанышып кетсеңиз болот.
Кызыккандар үчүн дареги: Ысык-Көл облусу,
Жети-Өгүз району, Жети-Өгүз санаторийи.
Сурап-билүү телефондору:
03946-9-77-17, 9-27-70.
Турусбек СОЛТОБАЕВ,
"Кыргыз Туусу"