30.07.10
  Портретке камылга

Жетим болуп жетилген Байзаковдун басыгы
Бул жигиттин өмүр баянын, баскан жолун карап олтурсаңыз бир чети аны аяп, зээниңиз кейийт, анан барып өз тагдырын өзү түптөп, өзүн-өзү ушунчалык бийиктикке алып чыкканына ыраазы болосуң.

Ш ейшенбек эки жарым жашка толуптоло электе атасы Калилбек келбес сапар аттанат. Андан төрт жылдан кийин энеси Кыргыз ССРинин билим берүүсүнүн отличниги Максутова Алима көз жумат. Азыр Тору-Айгыр айылындагы бир көчө анын атына коюлган.
Уул-келининен ажырап, беш томолой жетим колунда калган Максут карыя уул-келинин жоктоп ыйлай берип азиз болуп, эки көзүнөн көрбөй калат да, көп узабай түбөлүк жайына кетет. Чиедей беш балага жалгыз кемпир арка-жөлөк болгон күндө да, алардын тамагын табабы да, кийим-кечегин камдайбы. "Калилбектин тукуму өчпөс. Көрүнгөн тоонун ыраагы жок", аман-эсен чоңоюшса "Ат айланып казыгын табаар"- деп туугандар курган масилеттен кийин беш жетим балдар үйлөрүнө таркатылып берилет. Кечээ эле капкалуу шаардай үй-бүлөдө капарсыз өсүп келаткан Калилбектин тукумдары "жетим" деген ат алышып, ар кимиси ар тарапка жөнөтүлүшөт.
О шентип, жети жашар Шейшенбек Сокулук районундагы Белогорка (азыр Төш-Булак) айылындагы балдар үйүнөн жай табат. Кийин Токмоктогу кыргыздын классик акыны Алыкул Осмонов тарбияланып өскөн жетим балдар үйүнө которулуп, окуусун улантат.

Б алдар үйүндөгү катаал турмуш, Шейшенбекти эч кимден жакшылык күтүп, кол куушуруп олтурбоого үйрөтүп, өз аракетиң болбосо тегерегиңдегилер тепсеп кетерлигин эрте сездирди. Боконосу ката электе жайкы каникулда кыш куйду. Бир жайда куйган үч миң кышынын акысына алган 51 рублдин бир сомун гана өзүнө таттуу алганга калтырып, рубль пенсия алган чоң энесине бергендеги бечара кемпирдин мөндүрдөй төгүлгөн көз жашы күнү бүгүн да Шейшенбектин жүрөгүндө жүрөт. Бир жылкы каникулунда, анда эс тартып калган, койчу туугандарынын үйүндө жайлоодо мал багышып жүрүп, атып алган суурларынын терилерин өзү ийлеп, тумак тиктирип кийген Шейшенбек, Фрунзедеги № 5 мектебинин модалуу жигити болуп да көрүнгөнү бар.
Айтмакчы, ушул мектепте окуп жүргөн жылдары өспүрүм Ш.Байзаков Пишпек темир жолунда вагондордон жүк түшүрүп иштеп, өзү жашаган ижара акысын төлөчү, калганын тамак-ашына, дагы үнөмдөп чогулткандарына кийинчү. "Жетим өз киндигин өзү кесет"- деп акылман кыргыз эли бекеринен айтпаган тура. Бирок, мен жетиммин деп эркин баспай, кайра кыйналган сайын, отко салган болоттой курчуп, чоң турмуштун астанасын аттай, мейкиндикти, бийиктикти самаган жаш барчындай, күрөшкө, тоскоолдуктарды жеңип өтүүгө даяр боло кирип келди.

М осква облусуна караштуу Балашиха шаарындагы куруучулардын жогорку аскерий окуу жайына тапшырып, биринчи сабагы сочинениени "бешке" жазып, буйдалбай өтүп кетти. Көрсө, ушул баага тете сочинениени ошол жылы жалгыз эле Шейшенбек жазыптыр. Кыргызстандын балдар үйлөрүндө да, Фрунзенин "номур бешинде" да кыргыз тилинде окуган өспүрүмдүн орустардын оозун ачырган даярдыгын караңыз.
Тагдырдын тайкүлүк ташы ары калчап, бери калчап, акыры келип Фрунзенин политехине, андан кийин 1973-жылы СССР ички иштер министрлигинин Караганды шаарындагы жогорку мектебине алып барды.
Кичинесинен идиректүү жигит Караганды жогорку окуу жайын ийгиликтүү аяктап келгенден кийин, кыргыз милициялары "батя" деп сыйлаган Фрунзе шаардык ички иштер башкармасынын начальнигинин орун басары Курманбай Түгөлович Талканчиновдун, "Фрунзенин эң мыкты опери" деп атак алып жүргөн Вячеслав Дубовдун, Мажит Кожановдун, генералдар Абдыбек Суталиновдун, Өмүрбек Кутуевдин жана башка улуу кесиптештеринин иш жүзүндөгү тарбия-таалимине каныкты. Бара-бара өзү да мыкты оперлердин катарын толуктады. Ушул кызматтын бардык тепкичтерин басып өттү. Чүй, Талас, Ысык-Көл областарында жетекчилик кызматтарда жүрдү.
1990-жылдагы Ош окуяларында СССРдин ички иштер министрлигинин тергөө башкармалыгынын Өзгөн району жана шаары боюнча тергөө бригадасын жетектеди.
Ш .Байзаковдун жетекчилик дагы, кесиптик дагы өркүндөгөн мезгили деп, ал өзү уюштуруп, беш жыл бою жетектеген уюшулган кылмыштуулук менен бандитизмге каршы Башкы башкармалыгында иштеген күндөрүн айтууга болот. Уюшулаары менен ургаалдуу иш жүргүзгөн бул кызмат, кылмыштуулук менен күрөшүүнүн алдыңкы сабына тез эле чыга алды. 1600дөн ашык оор кылмыштардын бетин ачып, кылмыш дүйнөсүнүн ошол кездеги ана башыларын буйтатпай колго түшүргөн да, ушул башкармалык эле.
1999-2000-жылдардагы Баткен окуялары учурундагы фанатик-террористтер менен диний экстремисттерге каршы Кыргыз Республикасынын ички иштер министрлигинин курама отрядын жетектеп, "сакалчандардын" сары изине чөп салган Шейшенбектин ак кызматын өкмөт да, калк да жогору баалаганына күбөбүз.
Баткен жергесин эки жыл ичинде коён жатагына чейин билип алган полковник Ш.Байзаковго эң жогорку ишеним көрсөтүлүп, ал ошол облусттун ички иштер башкармалыгынын начальниги кызматына дайындалды.
Т ажикстандын 9, Өзбекстандын 6 райондору менен чектешкен бул чөлкөмдө улуттар аралык дагы, жер-суу талаш сыяктуу да курч маселелер ал кезде да бар эле, азыр деле бар. Ушул маселелерди чечүүдө, улуттардын өз ара кагылышууларына жеткирбей, элдик дипломатияны колдонууда да Шейшенбектин жогорку кадыр-баркы негизги ролду ойногон.
Бул оюбузду бекемдөө үчүн, Шейшенбектин жалаң эле Кыргызстан эмес, коңшулаш эки өлкөнүн да калкы сыйлап,аны бир нече райондор менен шаарлардын "ардактуу атуулу" деген наам беришкен. Тажик Республикасынын ички иштер министрлигинин эмгек сиңирген кызматкери" наамы да ыйгарылган. Советтер Союзунун Баатыры, КМШ өлкөлөрүнүн өкмөттөр кеңешине караштуу интернационалист-аскерлер комитетинин төрагасы Руслан Аушев "Согуш аракеттеринин ардагери" деген медалды Шейшенбектин төшүнө таккан. Мустафа Кемаль Ататүрк атындагы "Илим жана Маданият фондунун" алтын медалы менен ардак грамотасына татыктуу болгон. Бүгүнкү күндө Шейшенбектин парадга кийчү мундиринде кыркка жакын медалдар менен ардак төш белгилери жаркырап турат.
А л эми самбо күрөшү боюнча спорттун мастери Ш.Байзаков жеңип алган сыйлыктар менен медалдар да аз эмес.
Шейшенбек кайда гана иштебесин, кол алдындагы жамаатка тийиштүү жакшы шарт түзүп берүүгө умтулганында. Мейли райондук бөлүмдүн, мейли Башкы Башкармалыктын же облусттук башкармалыктын болбосун имараттары ал келип иштегендин биринчи эле жарым жылдыгында таанылгыс болуп өзгөрүп, кулпунуп чыга келет. Бишкек шаарындагы ГУБОПтун имараты Кыргыз Республикасынын ички иштер министрлигинин карамагындагы эң кооз, эң ыңгайлуу иш имараты болуп күнү бүгүнкүдөй турат. Баткен облусунун ички иштер башкармалыгынын имараты, азыр ошол облборбордогу гүлзарга оронгон эң мыкты имарат.
Өткөөл мезгилде республикабыздын түзөтүү жайлары да көп кыйынчылыктарга тушугуп турган ушул күндө, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматын жетектөө Шейшенбек Байзаковго жүктөлгөн дагы бир чоң сыноо экендиги талашсыз. Ал сыноодон ийгилик менен өтүү үчүн каарманыбыз өзүнүн уюштуруучулук жөндөмү менен жетекчилик талантын ишке чегерип, канына сиңген ургаалдуулук менен билек түрө ишке киришип жаткан чагы.

Аман КУШЧИЕВ,
эркин журналист