05.10.10
  Учур маселеси

Эл ишеними - эң чоң байлык
Реформа, мамлекеттик кызмат жана саясат
Совет доорунан мурас калган мамлекеттик кызмат системасынын идеологиясы менен практикасы Кыргызстандын эгемендик жылдарында кескин өзгөрүп кетти деп айтыш бери болгондо аша чапкандыкка жатар эле.
Администрациялык реформа-
лар сырткы өзгөрүүлөргө туш кылганы менен, чыныгы мазмундук жаңылыктар болбой келди. Чиновниктерге карата караламан калкта сын-пикирлердин, ишенбөөчүлүктүн калыптанышы да жөн жерден чыкпагандыр. Мамлекет турмушунда бул өтө маанилүү жагдай. Маселен, салыштыруу үчүн айтсак, акыркы 20 жыл аралыгында америкалыктар мамлекеттик кызмат жаатында жети жолу реформа өткөрүшкөн. Демек, мамлекеттүүлүктү чыңдоо, өлкөнү алга жылдыруу, коомду өнүктүрүү вазыйпасы дал ушул мамлекеттик кызмат маселесине байланыштуу экенин, анын кадыр-баркына, көтөргөн милдетине жана алтургай материалдык наркына жараша болорун реалдуу түшүнөр мезгил келди деп ойлойм.
Чоң реформаларды ишке ашыруу - бул дайыма комплекстүү иш-чара болуп келген. Дүйнөлүк масштабдан алганда ар кандай мамлекет өзүнүн финансылык сырткы, ички проблемаларын чечмейинче кадрдык, социалдык реформалар эч качан ишке ашпайт деген түшүнүк бар. Бул абдан концептуалдуу маселе. Материалдык базис жана экономикалык көрсөткүчтөр мамлекеттик аппаратты ырааттуу ишке келтирүүдөгү негизги механизмдер. Финансылык туруктуулуктун кайсы проблеманы болбосун чечүүдө ролу чоң. А бирок, бир жагдайды эске алганыбыз туура. Бардык реформалар бири-бири менен өз ара тыгыз карым-катнашта чырмалышкан. Биринчи кезекте, албетте, экономиканы көтөрүү зарыл. Ошол эле учурда, дал ушул максатты ишке ашыруу үчүн мамлекеттик башкарууну кайра түзүү зарылдыгы турганын моюнга алалы. Ал эми бул иштин өзөгү, уңгусу катарында мамлекеттик кызматты жакшыртуу жана өнүктүрүү маселеси келип чыгат. Демек, айланып-келип эле, "адам ресурсу" деген фактор алдыңкы планга чыгып жатканын белгилейли. Реформалар ишке ашсын үчүн мамлекеттик аппаратта кесипкөйлүгү туура келген, иштин көзүн билген жана сөздүн жакшы маанисинде амбициясы бар, кыргызча айтканда, дымагы менен жигери айкалышкан жарандар кызмат кылуусу абзел.
Мамлекеттик кызматкер мамлекеттик саясаттын "кызыл камчысы" эмес, анын акылман насаатчысы, кесипкөй иштерманы, иш билги үгүтчү-насаатчысы болуулары керек. Мисалы, 10-октябрда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине партиялык тизме боюнча жалпы элдик шайлоо болот. Ага мамлекеттин бардык жарандары катышышы керек. Ушул өнөктүктөн мамлекеттик кызматкерлер четте боло алабы? Албетте, сыртта кала албайт, кайдыгер байкоочу болуп карап турушу мүмкүн эмес, алар да республиканын тең укуктуу жараны.
Бирок, мамлекеттик кызматкердин кызматтык ыйык парзы - тигил же бул партияга добуш берүүгө үгүттөө эмес, шайлоонун калыс, ачык, тең укуктуулукта, мыйзам чегинде өтүшүн камсыздоо.
Бул туурасында Кыргыз Республикасынын Президенти Роза Отунбаева да Өкмөттүн отурумунда: "Өкмөт мүчөлөрү, аппарат кызматкерлери эч бир партия менен шайлоо учурунда кызматташууга жана ага иштөөгө, жан тартууга акысы жок", - деп айтканы абдан туура деп ойлойм. Андан кийин партия жетекчилерине кайрылып: "Дагы эскертип коёюн, өз партияңарга мамлекеттик кызматкерлерди, бюджет кызматкерлерин - мугалимдерди, врачтарды, социалдык камсыздоо кызматкерлерин мажбурлоо менен катарыңарга тартканды токтоткула, элди шайлоого кысым көрсөтүү жолу менен алып барууга жана жетекчинин
купулундагы партияга добуш берүүгө мажбурлаган аракеттерге кескин тыюу саламын", - деп чечкиндүүлүк менен кесе айтпадыбы. Бул мамлекеттик кызматкерлердин иш-аракеттерине карата кынтыксыз жолдомо болууга тийиш. Ошондо гана мамлекеттик кызматкерлер жалпы элдин ишенимине татый алат. Мамлекеттик бийлик менен элдин ортосундагы бекем көпүрө боло алат. Бул мамлекеттик кызматкерлердин алдындагы алгачкы чоң сыноо.
Жаңылануунун кыймылдаткычы - кесипкөй кадрлар
Республикабыздын жаңы Конституциясы кабыл алынгандан кийин тарых Кыргызстанга таасирдүү мамлекеттик башкарууну жана кадр саясатын натыйжалуу жүргүзүү үчүн эң ыңгайлуу мүмкүнчүлүк берди.
Өлкөдөгү мамлекеттик бий-
ликти бирдиктүү нукка салып, бардык мамлекеттик органдар кынтыксыз аткара турган келечектүү багыт пайда болду. Мамлекеттик кызматты алгылыктуу багытка буруу ишинде көптөгөн милдеттерди чечүүгө туура келет.
Алардын биринчи кезектегиси - Кыргыз Республикасынын жаңы Конституциясына ылайык мамлекеттик кызмат чөйрөсүндөгү кадр саясатын түп-тамырынан бери өзгөртө турган механизмди, мамлекеттик кызматты кайра куруунун жаңы Концепциясын иштеп чыгууда турат. Анын түпкү максаты мамлекеттик кызматтын эл ичиндеги беделин көтөрүп, мамлекеттик башкаруунун туруктуулугуна жетишүү, мамлекеттик кызматкерлердин жоопкерчилигин арттыруу, төмөнтөн чыккан демилгени күчөтүүдө экени талашсыз. Мамлекеттик тейлөөнүн сапатын жогорку дең-гээлге жеткирип, анын натыйжалуулугун арттыруу да биздин алдыдагы орчундуу милдеттерибиздин бири.
Биздин негизги багытыбыз - аракеттеги укуктук-ченемдик документтерди талдоодон өткөрүп, Кыргыз Республикасынын кадр саясатын бир нукка сала турган мамлекеттик кызмат чөйрөсүндөгү жаңы укуктук базаны түзүүгө бурулушу керек. Азыркы учурдагы Кыргызстандын өзөктүү көйгөйлөрүнүн бири - мамлекеттик кызматкерлерди даярдоонун, кайра даярдоонун жана адистиктерин жогорулатуунун натыйжасыздыгы.
Азыркы иштеп жаткан билим берүү тутуму дипломдорду берүү менен гана алек: кадр саясаты жаш жана келечектүү жаштарды көтөрүүгө багытталган эмес, чиновниктердин иштөөсүнүн такталган стандарттары жана алардын карьердик өсүшүнүн талаптарынын туруктуу шарттары жок. Ушуга байланыштуу мамлекеттик кызматкерлердин адистигин жогорулатууга жана аларды жаңы технологияларды колдоно билүүгө окутууну жаңы жолго коюшубуз керек. Окутуу мамлекеттик өтүнмөнүн негизинде жүргүзүлүшү зарыл.
Мамлекеттик кызматкерлерди тандап алууда жана карьердик өсүшүн камсыздоодо алардын кесипкөйлүк, ишкердик жана адистик сапаттарын баалоо боюнча комплекстүү тутумду иштеп чыгуу керек. Мамлекеттик кызматтын беделин көтөрүү, мамлекеттик кызматка алдыңкы көз караштагы жаштарды тартуу жана кесипкөй кадрлардын мамлекеттик кызматтан кетишин токтотуу, алардын мамлекеттик эмес секторлор менен болгон атаандаштыгын арттыруу максатында мамлекеттик кызматкерлердин материалдык жана материалдык эмес кызыкчылыктары боюнча социалдык кепилдиктердин таасирдүү тутумун иштеп чыгуу зарыл.
Мамлекеттик кызмат учурдагы маалыматтык технологиялар тутумун жигердүү пайдалана албаса учурда өзүнүн таасирдүүлүгүн жоготот, ошондуктан, мамлекеттик кызмат тутумуна адам көрөңгөлөрүн маалыматтык башкаруу тутумун (ИСУЧР) пайдалануунун таасирдүү механизмин иштеп чыгып, аны ишке киргизүүнү тездетүү зарыл. Ал мамлекеттик кызматкерлердин Бирдиктүү электрондук базасын түзөт жана өлкөнүн кадрдык мүмкүнчүлүгүн таасирдүү, ачык жана калыс башкарууга мүмкүндүк берет.
Президентибиз учурдагы кыр-даалга карата абдан туура талап койду. Мамлекеттик кызматтагы адамдар азыркы таптагы бир топ машакаттуу маселелерди өз мезгилинде чечүү үчүн өтө өндүрүмдүү иш-аракеттерди жүргүзүүсү зарыл. Жаңы шарттарда мамлекеттик органдардагы статс-катчылардын институтунун ролун жана маанисин арттырып, анын кызматтык милдеттерин жогорку деңгээлге көтөрүү зарыл. Статс-катчы мамлекеттик кадр саясатынын чыныгы сүрөөнчүсү, мамлекеттик кызматтагы туруктуулуктун, жол улоочулуктун кепилдиги болуу менен аны саясий жана башка мыйзамсыз кийлигишүүлөрдөн коргоп, кадрдык жана башка алдыңкы технологияларды киргизүүнүн демилгечиси, бир сөз менен айтканда мамлекеттик кызматтын эталону болушу керек. Бул туурасында Президентибиз Роза Исаковна мамлекеттик кызматкерлер жана эл менен болгон жолугушууларында баса белгилеп келет.
Жакында мамлекеттик кызматкерлерди сынактан өткөрүүдө коррупциялык, паракорчулук, жердешчилик жана башка тескери көрүнүштөргө бөгөт коё турган полиграф аркылуу сурамжылоо жүргүзүү (төгүндөө детектору) ишке киргизилип жатат. Статс-катчылык кызмат орунун ээлей турган ондогон талапкерлер ушул полиграфтык (төгүндөө детекторунан) тестирлөөдөн өтүшөт. Бул иш-аракеттер да коррупциялык, жердешчилик, тууганчылык
сыяктуу терс көрүнүштөр менен күрөшүүдө өзүнүн оң натыйжасын берерине мен толук ишенем.
Жалпысынан алганда, коррупция менен күрөшүү укук коргоо органдарынын компетенциясына көбүрөөк тиешелүү маселедей туюлушу ыктымал. Бирок, бул жалпы коомчулуктун иши экендигин турмуш тастыктап келаткансыйт. Мындан тышкары ар бир мамлекеттик органдын буга тиешеси бар. Мисалы, конкурстук жол менен мамлекеттик кызматка алуу өнөктүгү да коррупцияга каршы күрөшүүнүн бир формасы. Кадыресе процедурадай көрүнгөнү менен, кызматка алуунун ачык-айкындыгын камсыз кылуу, чындыгында, өтө маанилүү фактор.
Конкурстук тандап алуу жарандардын мамлекеттик кызматка кирүүгө болгон бирдей конституциялык укугун гана камсыз кылбастан, жердешчилик, тууганчылык,
таанышчылык жана акча-тыйын жолу менен кадр маселесин чечүү практикасына каршы күрөшүүнүн абдан натыйжалуу ыкмасына айланды. Мамлекеттик кызматтын кадыр-баркы түшүп кетишине, айрыкча атуулдардын бийликке болгон ишениминин өчүшүнө дал ушундай терс көрүнүштөр себепкер болбоду беле. Бул биздин Кадр кызматына байланыштуу иш-чара. Ал эми мамлекеттик башка мекемелер, асыресе, укук коргоо жана сот органдары аркылуу да мына ушул багытта конструктивдүү жана конкреттүү аракеттер аткарылышы керек.
Негизги таяныч - республикабыздын жаштары
Үстүбүздөгү жылдын
7-апрелиндеги революция негизинен жалпы элибиздин, анын ичинде жаштардын бирдиктүү аракети менен ишке ашканы эч кимге деле жашыруун эмес.
Ушул убакка чейин жаштарга
көңүл бурулбай, алардын көйгөйлөрү артка сүрүлүп келатканы да ачуу чындык. Ошондуктан, Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтү ушул көйгөйдү эске алып, алгач Кыргыз Республикасынын жаштар иштери боюнча министрлигин түздү. Жаштардын мамлекеттик башкаруу ишине иштиктүү аралашышы үчүн керектүү шарт жаралды. Андан тышкары жаш
муундарды мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу системасына алып келүү максатында бүгүнкү күндө башкаруу академиясынын алдында кыска мөөнөттөгү курстарга 1750 угуучу кабыл алынган.
Албетте, азыр эле жаштарыбыздын баары мамлекеттик кызматка күргүштөп кирип, ийгиликтүү иштеп кетет дегенден алысмын. Ал үчүн азыркы жаштарыбызда атайын билим да, турмуштук тажрыйба да жетишсиз. Бул көрүнүш үчүн биздин жаштар күнөөлүү эмес - алардын жолун бууп, бийликтен алыстатып чектөө менен бизди башкарып келген өткөн бийлик күнөөлүү.
Эми Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн колдоосу менен жаш кадрлардын туруктуу көрөңгөсүн түзүү максатында, аларды республикабыздын өзүндөгү, чет өлкөлөрдөгү алдыңкы окуу жайларынан даярдоо иши байсалдуу жүрүп жатат. Быйыл эле 14 жаш кадр Японияга билимдерин жогорулатканга жөнөп кетишти. 1759 жаштарыбыз мамлекеттик жана муниципалдык кызматтар үчүн түзүлгөн кыска мөөнөттүү курстарда окуп жатышат. Мындай курстар, менимче, дагы да улантылышы керек. Мындагы иш-чаралардын эң негизгиси - мамлекет мындан ары окуп жаткан жаштарды кызмат орундары менен камсыз кылуу жагын камкордукка ала тургандыгы болуп эсептелет.
Эл ынтымагы - өлкөбүздүн бузулгус сепили
Жакындагы эле Жалал-Абаддагы, Оштогу коогалаң элибиздин сезимине бүлүк салып кетти. Арабызга от жакчулар али да бар экенин баарыбызга эскертип өткөнсүдү.
Бирок, бир нерсени биздин
жүрөгүбүзгө уютуп кеткенин да танууга болбойт. Бул элибиздин ынтымагынын ыйыктыгы, аны бузууга эч кимибиздин акыбыз жок экенин туюнткандыгында болду. Эл ынтымагына жарака салчулар канчалык жанталашкан менен Кыргыз Республикасынын Президенти, Убактылуу Өкмөтү жалпы эл менен бирдикте коогалаңды ооздуктап, араздашуунун араанын жапты, ынтымактын эшигин ачты.
Мамлекеттик кызматкерлердин ыйык парзы - мына ушул эл ынтымагынын пайдубалын дагы бекемдеп, эл достугунун байрагын бийик көтөрүүдө турат. Бул жооптуу милдетти биздин мамлекеттик кызматкерлер ийгиликтүү аткарып кетерине ишенимим чоң. Анткени, биздин мамлекеттик кызматкерлер "Ынтымагы бар элде ыр жаңырат, ынтымагы жок элде чыр жаңырарын" жакшы билишет.
Алдыдагы, 10-октябрда боло турган Парламенттик шайлоо ынтымак менен ачык маанайда өтөөрүнө ишенебиз, бул жооптуу иш-чарага өз салымыбызды кошобуз. Болочок депутаттар эл үстүнөн бийлик жүргүзгөндөр эмес - эл үчүн кызмат кылгандардан болсо деп тилейм. Ошондо биз элибиздин эңсеген ишенимине татыйт элек. Эл ишениминен артык байлык жок.
Чолпонкул АРАБАЕВ,
КРнын Мамлекеттик кадр кызматынын директору, Улуттук илимдер акдемиясынын мүчө-корреспонденти, юридика илимдеринин доктору, профессор, КРнын эмгек сиңирген юристи