05.10.10
  Кеңеш ордо

Кыргызстандагы аскердик базалар туруктуулуктун кепилдигиби же...?
- Кыргызстан стратегиялык абалына байланыштуу дайыма геосаясий оюндардын аренасы
болуп келген. Бирок акыркы кездерде тышкы оюнчулардын ошол аскердик плацдарм үчүн атаандаштыгы өзгөчө күчөп бараткандай таасир калтырат?
Орозбек МОЛДАЛИЕВ,
Махмуд Кашкари Барскани атындагы Чыгыш университетинин гуманитардык жана табигый илимдер кафедрасынын башчысы, саясат таануу илиминин кандидаты:
- Кыргызстан өзүнчө геосаясатты жүргүзө албайт.Биз анча чоң эмес мамлекетпиз. Бирок ошондой геосаясатты жүргүзүп жаткандардын аракетин өзүбүздүн кызыкчылыгыбызга пайдаланып калууга мүмкүнчүлүгүбүз бар. Салыштырып көрөлү, еврейлер деле 5 млн. калк. Арабдардын курчоосунда турат. Бирок өзүнүн ички, тышкы саясатын өтө акылдуулук менен иштеп чыккандыктан бүгүнкү күнгө чейин Америка менен союздаш болуп алып, аларды башка мамлекеттерге тукуруп коюп жатпайбы. Ирак кол салышы мүмкүн, ядролук куралы бар деп отуруп Ирактын бүгүнкү акыбалын көрүп атабыз. Биз деле ошондой саясатты жасайлы дегенден алысмын. Бирок дипломатиясын, чалгын кызматын өтө жогорку деңгээлге коюп койгон дагы тышкы саясаттын багытын туура аныктоого жатат. Ушул өңүттөн алганда биз кандай кылышыбыз керек деген маселе келип чыгат да. Америкалык база келгенге чейин Кантта СССРден калган жакшынакай аэродром бар эле. 90-жылдары эбегейсиз каражат сарпталып курулган аэродром жөн эле талкаланып кетмей болду, жок дегенде бир-эки самолёт коюп койгулачы деп сунуш кылсак, Россия тарап силер деген эгемен мамлекетсиңер, өз маселеңерди өзүңөр чечип алгыла деп койгон.
2001-жылы Ооганстандагы согушка байланыштуу "Манас" аэропортуна АКШнын базасы келээр замат Россия менен сүйлөшүүлөр жүрө баштады. АКШнын базасы келгенине байланыштуу геосаясий абал чукулунан өзгөрдү. Акаев киргизбейм десе киргизбей деле коймок. Бирок ал жумшак киши эмес беле, аркы-беркини ойлоп туруп мейли деп койду. Бирок өзүнүн доктринасын айтты: биз "жана" деген саясат жүргүзөбүз, "же" дебейбиз. Россия да келсин, Америка да келсин, кызматташсын деди. Бул ошол мезгилге ылайыктуу саясат эле. Ошондон бери талаш-тартыштын чордону болуп, бул маселе гезиттерден түшпөйт. Кыргызстандын башчылары күнөөлөнөт, атүгүл АКШны базасын чыгырып ийгиле деп күч көрсөткөнгө чейин барышты.
2009-жылы февралда К.Бакиев Москвада макул, чыгарайын деп убадасын берди. Келгенден кийин база жабылып, транзиттик борбор деп кайра түзүлүп калды. Бул жерден жөн гана атын алмаштырып койду деген туура эмес болот. Штаттары башкача болуп түзүлгөн, анысы чын. Ушул жерден айта турган бир маселе бар.Терроризм баарыбызга эле коркунуч келтирет.1999-2000-жылы Кыргызстан анын азабын катуу тарткан. 2001-жылы Ооганстанда согуштук операциялар болуп, Талибан, Аль-Каида катуу сокку жегенден кийин боевиктер бизге кол сала албай калбадыбы. Андан эмне, бизге жаман болдубу? Муну унутуп калдык. Бирок Талибан, ИДУ максатын өзгөртүшкөн жок. Жакында эле Россия менен АКШга жихад жарыялайбыз, Кыргызстандагы мусулмандарды согуштуруп койду деп жар салышты. Тажикстандагы ахыбалды болсо көрүп турасыңар. Ошол терроризмге каршы күрөшүп аткан базаны жайгаштырып алып, дагы акы сурайбыз. Адегендеги баасынан кымбаттатып олтуруп, азыр 150 млн.го чейин алып атпайбызбы. Өзбекстанга окшоп бекер пайдалангыла десек деле болмок. Биздин кемчиликтерибиздин баары эмнеден болуп атат? Ички саясат ойлонулбай жасалса, туруктуулук болбосо, баш аламандык өкүм сүрсө ал тышкы Саясатка сөзсүз таасирин берет.
Аскар БЕДЕЛБАЕВ,
УИАнын коомдук илимдер бөлүмүнүн окумуштуу
катчысы, тарых илиминин кандидаты:
- Илимий техникалык революция башталып, капитализм стадиясына өткөндөн тарта күчтүү мамлекеттер өздөрүнүн кызыкчылыгы болгон өлкөлөрдү акырындап четинен басып ала башташкан. Бул дүйнөлүк согуштардын чыгышына алып келген. Биринчи дүйнөлүк согуш дагы, экинчи дүйнөлүк согуш дагы геосаясаттын натыйжасында чыккан. Кыргызстан XIX кылымдан баштап күчтүү державалардын геосаясатынын чордонунда болуп келген. Россия империясы Орто Азияны басып алаарда Англия дагы Ооганстанга жетип, алар да басып алган. Кадимки эле атаандаштык жүргөн. Кургактык аркылуу тыгыз байланышкандыктан, биз Россия империясынын курамына кирип калдык.
1917-жылдан кийин Совет мамлекетинин курамында болдук да СССРдин жалпы геосаясатынын ичинде жүрө бердик. Эгемендүүлүктү алгандан кийин Кыргызстандагы геосаясат ачык билине баштады. АКШ өзүнүн геосаясатында Кытай жана Россия менен тең салмактуулукту сактап туруу үчүн умтула баштаса, Түркия бүтүн мусулман өлкөлөрүн бириктирүү максатында саясат жүргүздү. Мындай геосаясаттан Борбордук Азия да сыртта калган жок. Азыркы күчтүү мамлекеттер Өзбекстан менен Казакстан өз ара үстөмдүктү талашып жаткандыгы эч кимге жашыруун эмес. Экөөнүн тең Орто Азияда лидердик орунду ээлейбиз деген аракеттери бар. Анткени, Октябярь революциясынан кийин эле "Ташкент - Чыгыштын жылдызы" деп Өзбекстанда ушул саясат калыптанып калган. А Казакстан өзүнүн экономикалык кубатына, ресурстарына ишенет. Аскар Акаевдин тушунда көп векторлук деген саясат киргизилип, геосаясатты пайдалануу менен биздин экономикабызды, саясий абалыбызды оңдоого аракет болгон. Албетте, ал өзүнүн жемиштерин бербей койбоду.
2005-2010-жылкы революциялардан кийин Кыргызстанга үстөмдүк кылууну көздөгөн геосаясат абдан күч алып жатат. Европа мамлекеттерине ык койгон биздин талапкер партияларды Россиянын жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу жамандап көрсөтүп атышы эле геосаясаттын күч алып бараткандыгын көргөзөт. Күчтүү, өнүккөн мамлекеттер менен кандайдыр бир мамилелерди, экономикалык маданий байланыштарды түзүп, теңтайлашып турабыз десек деле иш жүзүндө биз ири державаларга
дайыма көз карандыбыз. Көрүп жатасыңар, акыркы учурда Кытай гео-саясатын укмуштуудай жүргүзүп жатат. Биздин жерибизге ачык да, жашыруун да келип жатканы канча. Ошондуктан, көп вектордук саясат менимче туура. Биз Америка менен да, Кытай, Россия менен да өзүбүзгө ыңгайлуу келишимдерди түзүп, көп векторлуулукту кармап турган учурда мамлекетибиздин бүтүндүүлүгү сакталат. Мына ушул эки база биздин ошол геосаясаттын жемиши катары башкаларды бизге кол салдырбай кармап турган нерсенин бири деп ойлойм.
- Мурдакы бийликтин тушунда Россия Кыргызстандын түштүгүндө база ачууну сунуш кылса, Бакиевдин администрациясы макул болбой койгону маалым. Бирок өткөн айда биздин коргоо министрибиз Москвага барып, Россиянын Кыргызстандагы аскер базаларын бирдиктүү бир базанын астына бириктирүүнү, Ошто окуу-машыктыруучу дагы бир базаны ачууну сунуш кылды. Ушундан кийин Россиянын коргоо министри Кыргызстанга келип, бир топ маанилүү макулдашууларга кол коймок. Бирок эмнегедир Сердюков келген жок, Ошто дагы бир база ачуу жөнүндөгү макулдашуу да келээрки жылдын жазына калтырылды. Мунун себеби эмнеде деп ойлойсуздар? Россиянын пландарын Роза Отунбаеванын АКШга жасаган сапары бузуп койгон жокпу?
Орозбек МОЛДАЛИЕВ : - Америка сапары бузган жок. Бир кезде Россия түштүккө база салалы деп сунуш кылганда биздикилер макул болуп, бирок Баткен облусунун аймагына кургула деген. Анткени, бизди ошол жакты огожо кылып бериш кызыктырат. Россия жок, Оштогу СССР учурунан калган десанттык бөлүктүн аймагын бергиле дешет. Ага биздикилер көнбөй коюшат. Андыктан, мурунку жетекчиликтин чечими туура эле болгон. Ошол кезде эсиңерде бардыр, Түштүктө база ачылышына Өзбекстан каршы чыкты. Ошондон соң суу маселеси пайда болду, ГЭС салдырбайбыз, эл аралык экспертизадан өткөндөн кийин гана саласыңар деген маселе козголуп кетти. Көрдүңөрбү, бир сунуштун артында канча маселе туруп жатат. Өзбекстандын кооптоно турган себеби бар эле. 2008-жылы Грузия менен Россиянын ортосунда согуш чыгып кетти. Россиянын тынчтыкты сактоочу деп аталган күчтөрү грузин аскерлерин Гориге чейин кубалап барып, бүт дүйнөлүк коомчулук кийлигишип, Франциянын президенти учуп келип жатып араң токтоду. Ошондон кийин КМШ өлкөлөрү, анын ичинде Өзбекстан да чочуп калды. Россиянын базасы Фергана өрөөнүнө келсе ал эртең каякты көздөй кирип кетиши мүмкүн деген маселе туулат да. Бул абдан туура коюлган маселе. Ар бир мамлекет өзүнүн кызыкчылыгын караш керек. База деген ал оюнчук эмес да.
Эми сиздин Сердюков эмне үчүн келбей калды деген сурооңузга кайрылсак, бул жөн гана шайлоонун алдындагы пиар акциялар. Бүгүн базаларды бириктирип, бир чоң база ачканга Россияда каражат жок. Аренда акысын төрт эсе көбөйтөбүз деген да болбогон сөз. Алар эмне кылат? Россиядагы биздин балдар окуп жаткан аскер окуу жайларындагы бааларды төрт-беш эсе көбөйтүп коет. Төлөгүлө деген маселе коюлганда мен айткам, андай болсо биз Россиянын окуу жайларына жибербей коюшубуз керек дегем. Биздин балдар Түркиядан, Германиядан, Америкадан таптатынакай эле окуп келишти.Түркия, Германия азыр деле бүт чыгымын өздөрү көтөрүп окутуп берүүгө даяр. Ошон үчүн Россия чечимин өзгөртүп, базага аренда төлөөнүн эсебинен окутууга макул болду. Көрдүңөрбү, кандай амал менен жасалып атат. Анан бир-эки БТР берип коет, окуу жайы үчүн төлөгөндөн артканы ушу болду, бүттү, эсептештик деп. Бирок алар бизге саткан курал-жарактын баасы башка чет мамлекеттерге саткан баага тең болуп жатпайбы. ОДКБнын мүчөсү катары бизге ички баа менен сатыш керек болчу. Ошондуктан, мындай иштерди абдан ойлонуп туруп жасаш керек. Колдон келсе биздин мамлекеттин аймагында бир да согуштук база болбогону дурус. Эгерде база кирсе Япониядагыдай кылып киргизиш керек. Окинавага Американын базасы киргенде Япониянын бүт коопсуздугун камсыздап беребиз деп келишимге кол коюшкан. Натыйжада жапондор бүт каражатты экономикага жумшашты дагы согушта талкаланып калган Япония көтөрүлүп кетти. Коргонуу деген аябай көп каражатты талап кылат эмеспи.
Аскар БЕДЕЛБАЕВ : - Россия акыркы жылдарда бюджеттен 19 триллион рубль карап, жанагы вертолетторду кондуруп, деңизден учуп чыга турган кемелерди сатып алабыз деп жатышыптыр. Фергана өрөөнүндө сөзсүз Россиянын күчтүү геосаясаты бар. Бул жагында Кытай турса, тиягында Американын базалары жайгашкан Ооганстан, Пакистан, атом бомбасын чыгарып жатабыз деген Иран турат. Америка менен теңтайлашкан базалары болушу үчүн биз да куралы дешти да. Бирок өздөрүнүн деле экономикалык абалы өтө мыкты болбогондуктан, даяр нерсени бергиле деп атат. Биздикилер Баткенге курганга макул болгондо каражат жоктугунан ары создуктуруп, бери создуктуруп отуруп, акыры Бакиев сөзүнөн танды деп кайра Кыргызстанды күнөөлөп койбодубу. Ошондуктан, биз өтө кылдат саясат жүргүзүп, келишимди өзүбүздүн кызыкчылыкты көздөп туруп түзүшүбүз керек. Аскер базасын киргизүү баары бир тымызын колониалдык саясатты жүргүзүүгө жол ачат.
- Чет элдик аналитиктердин арасында Бакиев бир учурда Россия менен да, АКШ менен да ойной коем деп аябай чоң кун төлөдү эле. Азыркы бийлик да андан сабак албай, акча өндүрүү үчүн кайра эле от менен ойноп атат деген пикирлер айтылууда. Буга кандай дейсиздер?
Аскар БЕДЕЛБАЕВ: - Биздин Президентибиз АКШга БУУнун бүт дүйнө катышкан жыйынына барып келди. Бир эле Американын жетекчилиги менен жолугушканга барган жок да. Россияга азырынча расмий иш сапары боло элек. КМШ өлкөлөрүнүн башчыларынын жолугушуусуна гана бир-эки жолу барды. Андыктан, от менен ойноп жатат деген туура эмес. Бирок эски бийликтегидей барган жеринде эле мына эртең барып Американы кууп чыгам деп, биякка келгенде АКШ кысым көрсөтсө кайра токтоп калбаш керек. Ойлонбой туруп убаданы берип салбай, бардык нерсени дипломаттардын, саясатчылардын кылдат талдоосунан соң, парламентте кабыл алынгандан кийин гана чечим кабыл алган оң. Башкалар менен мамилени үзүп салып, бир жакка ооп кетебиз деген азыркы ааламдаштыруу процессинде болбой турган саясат.Тескерисинче, биз баарысы менен мамиле түзүшүбүз керек. Бул улуттук идеология болуучу кажет.
Орозбек МОЛДАЛИЕВ : - Ар кандай макаланы окуганда аны ким жазыптыр деген суроо дайыма туруш керек. Мына, түштүктөгү окуяларга байланыштуу интернеттеги материалдарды баарыбыз көрдүк. Кыргыздар тууралуу бир жакшы сөз айтылган жок, геноцид жасады, кырып салды деп бир паста жек көрсөтүп койду. Эсиңиздерде барбы, түштүктөгү окуялардан кийин эми андан да катуу согуш чыгат деп жазып чыгышты. Айткан числолорун карасаң туптуура чыр-чатактын курмандыктарынын кыркына туура келген даталарды коюп коюшкан. Жанагы чек арадагы кызматташтык деген борбор укмуштуудай сценарийлерди жоромолдоп, биздин өкмөткө минткиле, тигинткиле деп сунуш айтып кирбедиби. 200 бала террористтердин базасына даярдыктан өткөнү кетишти деген божомолду да ошолор айышкан. Булар бир илимий борбор экен деп ишенип алышып, биздин бийликтегилер деле ошол сөздү айтып жүрүшөт.
А чындыгында андай эмес. Азырга чейин баланчасында согуш чыгат экен, түкүнчөсүндө чыгат экен деп элдин жүрөгүн түшүрүүдө. Ошондуктан, чет элдик аналитикаларды, божомолдорду окуганда өтө кылдат болгонубуз оң. Жакшы эксперттер жакшы макалаларды жазып эле жатышат. Россияда жакшы эксперттер бар, өзүнүн уяты менен сүйлөгөн, алардын макалаларын окуса болот.
Мамлекеттүүлүгүбүз азыр кыйчалыш учурда туруп атат. Буга сырткы күчтөр эмес, биз өзүбүз күнөөкөрбүз. Бизде коркутуп, чаап таштайм, элди жыйнайм дегендер эле көп. Анын эмне менен бүтөөрүн мына Киршелктон көрдүк. Бийлик азыр кичине тыңып, бутуна туруп алды.


(Уландысы 13-бетте)