"Кыргыз туусу", 15.04.11
  Кеңешме

Июнь окуясы боюнча иштер начар
Президент Роза Отунбаева укук коргоочулар менен болгон жолугушуусунда алардын июнь окуясы боюнча иликтөө иштери начар болуп жатканын айтты

- Эки айдан кийин каргашалуу июнь окуясына 1 жыл болот. Бирок, укук коргоо жана сот органдарынын аткарган ишинин жыйынтыктары талаптагыдай эмес. Биз Ош, Жалал-Абад шаарларында болгон трагедиялуу окуяларга күнөөлүү адамдарды аныктап, аларды эң катаал жазага тартышыбыз керек, - деп талап кылды Р.Отунбаева.
Аны менен катар мамлекет башчысы сот процессинин адилеттүү болушун белгилеп: "Биз реалдуу иштерибиз аркылуу туруктуу жашоонун негизин жаратып, сот процессинин адилеттүүлүгүн камсыздашыбыз керек. Сот бейтарап, процессуалдык нормаларды сактоо менен жүргүзүлүшү керек", - деди.
Кеңешме учурунда Ош, Жалал-Абад облустарынын жана Ош шаарынын укук коргоо органдарынын жетекчилери июнь окуялары боюнча козголгон кылмыш иштерин иликтөөнүн жүрүшү туурасында маалымат берип, аткарылып жаткан иштин натыйжалуу болушуна кедерги болгон көйгөйлөргө токтолушту. Тергөө топторунун ишин активдештирүү, алардын иштөөсүнө шарт түзүп берүү, тергөөнү пландоо жана ага көзөмөл кылуу маселелери боюнча кенен пикир алышуу болду. Жарандарды себепсиз эле камакка алууга жол бербөөнүн зарылдыгы белгиленди.
"Иликтөө учурунда да, соттук териштирүүлөр учурунда да кылмыш иштерин субъективдүү, калыс эмес иликтөөнү токтотуу зарыл. Мында жарандардын кайсы улуттан экендигине карабоо керек. Кылмыш иштеринин көптөгөн түрлөрүнүн арасынан рейдерлик кылуу фактыларына өзгөчө көңүл бөлүү зарыл. Былтыр июнда каза болгондордун өздүгүн аныктоо иштеринин кечеңдетилип жатышы чоң тынчсызданууну жаратууда", - деп белгиледи Р.Отунбаева.
Ошондой эле мамлекет башчысы жоголгон курал-жарактар менен ок-дарыларды кайтаруу маселесине кеңешменин катышуучуларынын көңүлүн бурду.
Каралган маселеге арналган кийинки кеңешме май айынын ортосунда өткөрүлүп, анда сөз болгон тапшырмалардын жана сунуштардын аткарылышы туурасында отчет бериле турган болду.
А.АКИМБАЕВА




  Кырдаал

Бабановдун кызматынан убактылуу кетишине эмне себеп болду?
Биринчи вице-премьер-министр Өмүрбек Бабанов анын атына байланышкан айыптоолор калыс иликтенип чыкканга чейин убактылуу кызматтан четтеп турууну чечти. Ошондуктан ал ЖКнын төрагасы А.Келдибековго, Премьер-министр А.Атамбаевдин атына арыз жазып, анда атайын депутаттык комиссия ага мурдагы Башкы прокурор К.Байболов ж.б. саясатчылар тарабынан коюлган айыптар боюнча иликтеп чыкканга чейин бир ай өзүнүн милдеттерин аткаруудан бошотуп коюуну суранды. Ошол эле күнү анын арызы өкмөт башчысы тарабынан канааттандырылды.Төмөндө кайрылууну толук жарыялайбыз.

Урматтуу Ахматбек Келдибекович!
Урматтуу Алмазбек Шаршенович!
Кыска мөөнөттүн аралыгында жаңы саясий системанын алкагында биз чогуу-чаран парламенттик коалиция түздүк. Аёосуз саясий каршылыктарга карабастан ишке жөндөмдүү Өкмөт түзүп, экономикалык программаны кабыл алдык. Өлкөнүн оор экономикалык абалына карабастан, Кыргызстандын өндүрүшүн жогорулатуу боюнча ишти колго алдык.
Өкмөт мамлекеттик бюджетти толуктоо жана мурдагы бийликтен мурас катары сакталып калган коррупциялык схемаларга бөгөт коюу боюнча бардык аракетин жумшап жатат. Мына ушундай татаал жолдо биз коррупцияга каршы күрөштө бир катар катаал жана чечкиндүү иш-чараларды өткөрүүгө туура келди. Биз энергосектордо, телекоммуникация тармагында, бажы жана салык жаатында мурдагы бийликке жакын адамдар пайдаланган жүздөгөн схемалардын бетин ачтык.
Бул өтө татаал процесс болду, анткени ал жеке кызыкчылыктардын тамырын кыркып, көптөгөн мамлекеттик чиновниктердин коррупцияга аралашкандыгынын бетин ачууга байланышкан болчу. Мындай кадамды биз Өкмөттүн негизги максатын -Кыргызстан элинин турмушун жакшыртуу үчүн жасадык.
Бирок биз өз ишибизде мурдагы бийликтин жактоочулары болгон Жогорку Кеңештин айрым депутаттары жана башка мамлекеттик чиновниктердин олуттуу каршылыктарына туш болдук. "Байболовдун иши" атка конгон иштин жүрүшүндө айрым парламенттик оппозициядагы депутаттар ойдон чыгарылган жана негизделбеген айыптарды тагышты. Өз кезегинде дал ушул эле айыптоолор өлкөнүн мурдагы жетекчилиги тарабынан тагылган, бирок сот системасына туташ кысым жасалган ошол шарттарда дагы бул айыптоолордун бардыгы тең мага карата жасалган саясий кысым жасоо аракетинин деңгээлинде калган.
Бүгүнкү күндө, мурдагы режимдин тушундагыдай эле ошол саясатчылар ошол эле ыкмаларды жана каражаттарды колдонуу менен иштеп жаткан Өкмөткө дал ошондой эле кысым көрсөтүүдө. Мен муну башкаруунун парламенттик формасына мүнөздүү, бирок, тилекке каршы, өлкөнүн өнүгүшүнө эмес, арзан саясий упай топтоого жана күчтүү атаандашты жолдон чыгарууга багытталган саясий күрөштүн элементи катары кабыл алам.
Азыркы шартта ар бир аң-сезимдүү саясатчы өзүнүн кылык-жоругу үчүн жоопкерчилик көтөрөт, саясатчылардын ар кандай аракеттери өлкөдөгү туруктуулукка шек келтирип, коомдо тирешүүнү күчөтүүгө алып келүүгө тийиш эмес. Анткени саясий жана экономикалык тең салмактуулук араң сакталып турган азыркы шартта ар кандай байкоосуз аракеттер күтүүсүз натыйжаларга алып келиши ыктымал.
К.Байболов жана айрым оппозициячыл депутаттар тарабынан тагылган айыптоолор мага гана тиешелүү болбостон, Жогорку Кеңештин шайлоолорунда "Республика" партиясына берилген эки жүз миңден ашуун шайлоочулардын ишенимине дагы тиешелүү болгондуктан, мурдагы башкы прокурордун милдетин аткаруучунун бардык арызы боюнча бардык процедураларынан өтүүнү өзүмдүн жарандык жана адамдык парзым деп эсептейм. Мына ушуга байланыштуу, урматтуу Төрага, "Байболовдун иши" боюнча маалыматтарды изилдөө боюнча атайын депутаттык комиссия түзүп, комиссияга бир айлык мөөнөттө айтылган бардык айыптоолор боюнча расмий бүтүмүн чыгарууну тапшырууну өтүнөм.
Менин дарегиме ар кандай шектенүүлөргө жол бербөө үчүн, урматтуу Премьер-министр, Сизден атайын түзүлгөн депутаттык комиссиянын расмий бүтүмүн чыгарганга чейин Кыргыз Республикасынын Биринчи вице-премьер-министрине таандык ыйгарым укуктарымды убактылуу токтотуп туруу тууралуу арызымды кабыл алууңузду өтүнөм.
Урматтоо менен,
Кыргыз Республикасынын Биринчи вице-премьер-министри Ө. Бабанов (сүрөттө).

14-апрелде парламент К.Байболовдун маалыматы боюнча депутаттык комиссия түзүү чечимин кабыл алды.

Мырзакат ТЫНАЛИЕВ,
"Кыргыз Туусу"




  Алака акыбети

Кытай, Россия менен кандай макулдашуулар болду?
Биринчи вице-премьер министр Өмүрбек Бабановдун маалыматы боюнча үч-төрт ай аралыгында Кыргызстан-Кытай-Өзбекстан темир жолун куруу боюнча башкы макулдашууга кол коюлуп калышы мүмкүн. Бул маселеде Кытай тараптын макулдугу алынган. Ө.Бабанов бул жөнүндө өзүнүн Кытай Эл Республикасына жана Россия Федерациясына иш сапарларынын жыйынтыктары боюнча басма сөз жыйынында билдирди.

Ө.Бабанов кошуна өлкөнүн жогорку жетекчилери менен бир катар жолугушууларды жүргүзгөн. Натыйжада үч өлкөнү бириктирип турган темир жолдун курулушу жана пайдаланылышы боюнча бир катар маселелер талкууланган.
Негизи бизден айырмаланып, сөздөн ишке дароо өтүүнү артык көрүшкөн кытайлык тараптын эксперттик тобу кийинки эле жумада Кыргызстанга келип, автомобиль жолдору боюнча Торугарттан Балыкчыга чейинки аралыкты карап чыгышмакчы. Темир жол куруу боюнча башкы маселе чечилип, азыр курулуш иштерин финансылоо үчүн бир нече варианты каралууда. Алардын бири - ресурстарга алмашуу, экинчиси - биздин өлкөгө кредит берүү. Темир жолдун биринчи линиясынын наркы 2 миллиард доллар. Экинчисиники да ушунча болмокчу.
Кытай өкмөтү биздин өлкөгө финансылык колдоо көрсөтүү боюнча да макулдугун берген. Ал гранттын өлчөмү 30 миллион юань болмокчу. Улуу кошунабыз Ош шаарында оорукана комплексин курууга, электр энергиясы үчүн Кытай өндүрүшүнөн чыгарылган алдын ала акыны эсептөөчү эсептегичтерден бир миллионун бермекчи. Мындай эсептөөчү приборлор Европа өлкөлөрүндө кеңири колдонулуп жатат, бизде да Жалал-Абад шаарында бар. Азыр электр энергиясын бөлүштүрүүчү компаниялардагы жылдык жоготуулар 50 миллион долларга барабар, эсептегичтерди колдонуу менен 40 миллион сом үнөмдөлүп калмакчы. Ө.Бабанов үнөмдөлгөн акчалар эсептегичтерди сатып алууга жумшала тургандыктан, кардарлар эсептегичтер үчүн төлөшпөй тургандыгын да билдирди.
Биринчи вице-премьер-министрдин Россия Федерациясына иш сапары да экономикалык блоктогу маселелерди чечүүгө арналган. Натыйжада Россиядан биздин өлкөнүн бюджетин колдоо үчүн 37 миллион доллар грант бөлүп берүү жагы суралган. Мындан тышкары Кыргызстанга ЕврАзЭШнын Антикризистик фондунан кредит алуу боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөн. Биздин Россияга карыздарыбызды "Дастан" ААКсынын 49 пайыз акциясын берүү менен эсептен чыгарып салуу маселеси да талкууланган.
Мырзакат ТЫНАЛИЕВ,
"Кыргыз Туусу"