"Кыргыз туусу", 15.04.11 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ИЛИМ ЖАНА ТЕХНИКА ЖАГЫНДАГЫ МАМЛЕКЕТТИК СЫЙЛЫКТАР БОЮНЧА КОМИТЕТИНЕН
Кыргыз Республикасынын илим жана техника жагындагы мамлекеттик сыйлыктар боюнча комитети Кыргыз Республикасынын 2010-жылдагы Мамлекеттик сыйлыктар ыйгары-луучу конкурска катышууга төмөнкү эмгектерге жол берилгенин кабарлайт:
1. Аджимидинов Н., Алымкулов К.,Мусакожоев Ш.М. "Экономикага киришүү", "Экономиканын негиздери", "Экономика жана бизнес", 9,10,11-класстар үчүн экономика боюнча окуу китептердин цикли.
КРнын Экономикалык тескөө министрлигинин Экономикалык стратегиялар борбору тарабынан көрсөтүлгөн.
2. Абдыкеримова Т.А., Адамбеков Д.А. "Микробиология", медициналык жогорку окуу жайлары үчүн окуу китеби.
И.К. Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясы тарабынан көрсөтүлгөн.
3 . Алымкулов Д.А., Алымкулов Р.Д. "Физиотерапия жана курортология", медициналык жогорку окуу жайлары үчүн окуу китеби.
И.К. Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясы тарабынан көрсөтүлгөн.
4 . Акматов Б.А. "Хирургиялык оорулар", медициналык жогорку окуу жайлары үчүн окуу китеби.
И.К. Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясы тарабынан көрсөтүлгөн.
5. Сыдыков Ж.С., Сыдыков Н.Ж.. "Гигиена", "Балдар жана өспүрүмдөр гигиенасы", "Тамактануу гигиенасы", медициналык жогорку окуу жайлары үчүн окуу китептери.
И.К. Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясы тарабынан көрсөтүлгөн.
6. Раимбеков Д. Жогорку окуу жайлары үчүн эпизоотология жана жаныбарлардын жугуштуу ылаңдары боюнча окуу китептери.
К. Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университети тарабынан көрсөтүлгөн.
7. Койчуев Т.К., Пиримбаев Ж.Ж. "Кыргыз Республикасынын экономикасы", жогорку окуу жайлары үчүн окуу китеби.
Кыргыз-Түрк "Манас" университети тарабынан көрсөтүлгөн.
8. Байгазиев С.О. " Педагогикалык руханият". Монография.
КРнын ББжИМ нин Кыргыз билим берүү академиясы тарабынан көрсөтүлгөн.
9. Абакиров М.Д., Джумабеков С.А., Сабыралиев М.К., Сулайманов Ж.Д., Усенов А.С. "Омуртка тутумунун көкүрөк-бел бөлүмүнүн сыныктарын, анын кесепеттерин жана дегенератикалык жабыркоолорун хирургиялык жол менен дарылоо". КРнын ССМнин Бишкек травматология жана ортопедия илим-изилдөө борбору тарабынан көрсөтүлгөн.
10. Мамытов М.М., Мендибаев К.Т., Мурзалиев А.М., Токтомушев Ч.Т."Кыргыз Республикасындагы мээсине кан куюлган ооруларга атайын жардамды оптималдаштыруу" .
И.К Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясы тарабынан көрсөтүлгөн.
11. Мамакеев М.М.- жетекчи ., Ашимов И.А., Мамакеев К.М., Сопуев А.А., Бектуров Ж.Т., Маллаев А.М. (көзү өткөндөн кийин).
"Кыргыз Республикасында бийик технологиялык хирургиянын программалык өнүгүшү".
КРнын ССМнин Улуттук хирургиялык борбору тарабынан көрсөтүлгөн.
12. Алтыбаева Д.Т., Байдинов Т., Иманакунов Б.И., Мурзубраимов Б.М., Токтомаматов А.Т. "Металламиддик (аминдик) комплекстерди синтездөө, алардын касиеттери жана түзүлүшү" иштеринин цикли.
КРнын УИАнын химия жана химиялык технология институту тарабынан көрсөтүлгөн.
13. Орозалиев М.Дж., Семенов В.К. (көзү өткөндөн кийин), Синяков В.П., Токтомышев С.Ж., Толбаев Л.К."Атмосфералык озонду комплекстүү изилдөө үчүн Кыргызстанда иштелип чыккан аспаптар жана жолдор" .
Ж. Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университети, Н. Исанов атындагы Кыргыз мамлекеттик курулуш, транспорт жана архитектура университети тарабынан көрсөтүлгөн.
14. Ормонбеков Т.О. - жетекчи ., Абдыкалыков А.А., Айдаралиев Ж.К., Байсалов Э.А., Дубинин Ю.Н., Дуйшеналиев Т.Б., Иманбеков С.Т., Иманкулова А.С., Касымов Т.М., Савченко Н.А. Электрдик эрүү жолу менен базальт буласын жана анын негизинде буюмдарды өндүрүп чыгаруу, анын технологиясы жана жабдуулары.
Сейсмотуруктуу курулуш боюнча кыргыз илим-изилдөө жана долбоорлоо институту, И. Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университети, Н.Исанов атындагы мамлекеттик курулуш, транспорт жана архитектура университети, "Вулкан" ЖЧК тарабынан көрсөтүлгөн.
15. Бакиров А. Б. " Ноосферология". Монография.
КРнын УИАнын М.М. Адышев атындагы геология институту тарабынан көрсөтүлгөн.
16. Айтматов И.Т., Картанбаев Р.С.(каза болгондон кийин), Кожогулов К.Ч., Никольская О.В., Сулайманов Н.Ч.,Усенов К.Ж.. " Кыргыз Республикасынын тоолуу аймактарындагы жолдорду куруу, калыптандыруу жана эксплуатациялоо коопсуздугун илимий камсыздандыруу" .
КРнын УИАнын геомеханика жана жер казынасын өздөштүрүү институту, Жалал-Абад мамлекеттик университети, КРнын транспорт жана коммуникациялар министрлиги тарабынан көрсөтүлгөн.
17. Абдымаликов К. "Кыргызстандын экономикасы" (өткөөл мезгилде) окуу китеби.
И. Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университети тарабынан көрсөтүлгөн.
18. Ү күбаева Л. "Ч. Айтматов: эстетика жана улуттук негиз"; "Кыргыз адабияты: талдоолор жана ой жүгүртүүлөр" деген изилдөөлөрдүн цикли.
Кыргыз-Түрк "Манас" университети тарабынан көрсөтүлгөн.
Кыргыз Республикасынын илим жана техника жагындагы Мамлекеттик сыйлыктар боюнча комитетине жогорудагы эмгектер жөнүндө пикирлерди 2011-жылдын 12- майына чейин жиберсеңиздер болот.
Дареги: 720071, Бишкек ш., Чүй проспекти, 265а, 214- каб., тел. 64-62-80, 39-23-66.