"Кыргыз туусу", 15.04.11
  Насыя кантип алам?

"Айыл Банк" башкармалыгынын төрагасы Токтобек Акматов:
Биз 300 миллион сом насыя беребиз
- Токтобек Акматович, Сиз жетектеген Айыл Банк тууралуу кыскача маалымат берип кетсеңиз, анын уставдык капиталы, филиалдары боюнча.
- Айыл Банк 2006-жылы эле, ага чейин 10 жыл бою Кыргыз айыл-чарба финансы корпорациясы болуп иштеп келген белгилүү кредиттик мекеменин базасында уюшулган экен. Банктын уставдык капиталынын жарыяланган көлөмү 600 млн. сом. Азыркы учурда Айыл Банктын республика боюнча 22 филиалы, алардын карамагында 25 райондук жана шаардык, 48 айылдык бөлүмдөр, ошондой эле 23 аманат кассалары жана 6 көчмө кассалары иштеп атат. Бардыгы болуп 124 кызмат көрсөтүү бөлүмдөрүбүз бар. Айылдык тургундардын жашоо шартын жеңилдетүү максаты биздин негизги максат болгондуктан, биз мүмкүн болушунча аларга жакын жайгашып, бардык банк кызматтарын жеткирүүгө аракет кылуудабыз. Ушул эле максатта быйылкы жылы дагы бир нече Айыл Банктын филиалдарын, аманат же көчмө кассаларын ачканды пландаштырып жатабыз.
- Өкмөт тарабынан бюджет аркылуу берилген 1 млрд. сомдун канчасы сиздердин банктан берилет?
- Биз өзүбүздүн мүмкүнчүлүктөрүбүзгө жараша 300 млн. сом өздөштүрө алабыз деп башында жарыялаганбыз, ошол суммадагы каражат биз аркылуу берилип атат.
- Насыя кандай шартта, кайсы документтердин негизинде жана канча мөөнөткө берилет, пайыздык үстөгү канча, ушул кезге чейин канча насыя берилди?
- "Фермерлерге арзан кредит" аттуу мамлекеттик долбоор кабыл алынып, чечим чыккандан бери Айыл Банк жазгы талаа жумуштарын үзгүлтүксүз тез арада кредиттөө боюнча даярдык көрүп, бир топ жумуштарды жасады. Мисалы, кредит алууда талап кылынган документтерди кыскартуунун үстүндө иштеп чыкты. Натыйжада, бир
катар документтер бул долбоор
боюнча талап кылынбайт. Бул фермерлердин убактысын үнөмдөгөнүнө чоң жардам берет. Талап кылынган документтердин тизмесин биздин жер-жерлердеги бөлүмдөрүбүздөн алса болот. Ал эми кредит берүүнүн шарттары мындай:
Кредиттин валютасы: кыргыз сому.
Үстөгү: жылдык 9 пайыз.
Кредиттин мөөнөтү: кредит жактырылган күндөн тартып 12 айга чейин.
Кредит алуучулар: Кыргызстандын бардык айыл чарба товар өндүрүүчүлөрү, фермерлер.
Кредиттин максаты жана багыты: үрөн, жер семирткич, күйүүчү май, айыл чарба техникасына унаа-тетиктерди сатып алуу жана агротехникалык иш-чараларды жүргүзүү кызматтарын төлөө.
Чектөөлөр: карыз алуучуга 200 миң сомдон ашпаган сумма гана берилет.
Жеңилдетилген мөөнөт: өстүрүлө турган өсүмдүктүн вегетациялык мезгилине жараша негизги сумма боюнча 3 айдан 6 айга
чейин, үстөктөрдү төлөө боюнча жеңилдетилген максималдык мөөнөт - 3 ай.
Кредитти мөөнөтүнөн мурда кайтаруу мүмкүн, бул учурда кардардан эрте төккөндүгү үчүн комиссия алынбайт. Адатта, банктар берилген кредитти мөөнөтүнөн мурда кайтарган учурда, кардардан комиссиялык төлөмдү талап кылышат. Берилген кредиттердин үстөгү төмөн коюлганы менен, мөөнөтүнөн мурда кайтара келгенде айып акы катары чоң үстөк кошулуп калып, акыры ошол эле рыноктук үстөк пайыз чыгып калат. Биз андай көмүскө жол менен пайда табуу методдорун колдонбойбуз, белгиленген тарифтерибиз ачык-айкын.
Кредитти максатсыз пайдалануу: эгерде кардар алынган кредитти башка максаттарга жумшап салса, анда Банк ага кредитти айып катары жылдык 36 пайыз менен эсептейт. Бирок, баса белгилеп кетчү нерсе, мындай чара ушул 9% менен берилген кредиттерге гана колдонулат жана өкмөттүн бул кредит боюнча кабыл алынган "Фермерлерге арзан кредит" долбоорунун бекитүү жөнүндөгү 2011-ж. 9-январындагы №12 Токтому менен бекитилген.
- Сиздер өз каражаттарыңыздардан да насыя бересиздерби, эгер берилсе, анын пайыздык үстөгү, мөөнөтү канча?
- Албетте, бул кредиттен башка кредиттердин баары өз жолу менен берилип келатат. Биздин кредиттерибиздин азыр көптөгөн түрү бар. Булардын баары кардарларыбыздын муктаждыктарына, иш-багыттарына ж.б. суроо-талаптарга жараша ылайыкталып ынгайлаштырылган. Бул айыл чарба багытындагы, коммерциялык багыттагы, тиричилик керектөөлөр ж.б.у.с. болуп бөлүнгөн кредиттер. Кредиттердин багытына жараша мөөнөттөрү
1 жылдан 10 жылга чейин, үстөк пайыздары 16%дан 23%га чейин.
- Эгерде дыйкан, фермер насыяны өз убагында кайтарып бере албай калса кандай болот?
- Биз кредит берип жаткан учурда кардарларга бул тууралуу бардык түшүндүрмөлөрдү беребиз. Кардарлар биздин талаптарыбыз менен макул болгон соң, бардык шарттарды, талаптарды жана жоопкерчиликтерди чагылдырган кредиттик келишимге эки тараптан кол коюшабыз. Ал жакта чагылдырылган талаптарыбыздын бири - кредитти күрөө менен камсыздандыруу. Эгерде кардар кредитти мөөнөтүндө кайтарбаса, биз күрөөгө коюлган мүлктү сатуу жолу менен өз каражаттарыбызды өндүрүп алганга толук укугубуз бар. Албетте, бул кредитти кайтаруунун эң катаал жолу. Биз мындай жолго жеткирбеске аракет кылабыз, бирок адамдар дагы ар кандай болот эмеспи, кээ бири ушундай жол менен өндүрүп алууга өздөрү түрткү берет. Бирок, андай кардарлар чанда эле кездешет. Биздин кредиттерибиздин кайтарымдуулук деңгээли 99,7% болгондугу андай көрүнүштөрдүн жок эсе экендигинин аныктап турат. Мунун өзү биздин кардарларыбыздын, б.а. дээрлик карапайым айылдык тургундардын кредитке болгон жоопкерчилигинин жогорулугун билдирет. Бирок, кайтарбай койгондор, же кечиктирип төккөндөр да жок эмес. Мындай кардарлар менен биз адегенде сүйлөшүүлөрдү жүргүзөбүз, эмне себептен кайтарбай жатканын аныктайбыз, ар кандай себептер болушу мүмкүн да. Эгерде кредиттин кайтарылышына, мисалы, табигый кырсыктар таасирин тийгизген болсо же балким дагы башка турмушта кездешкен атайлап кылбаган бир себептер болсо, анда албетте, биз мындай кардарларга кредиттин кайтаруу графигин өзгөртүп, узагыраак мөөнөткө жылдырып беребиз.
- Айылдык тургундардын бардыгынын эле күрөө коюп кредит алганга мүмкүнчүлүгү жок да, бирок, анча-мынча акча алып оокат кылам дегендерге каралган кредиттериңер барбы?
- Ооба, андай кардарларды да биз эске алганбыз. Элет жергесинин жашоочуларына биз социалдык багыт катары сунуштаган "Чакан кредит" аттуу кредитибиз бар. Бул кредиттерди биз өзүбүздүн айыл өкмөттөрдө жайгашкан бөлүмдөрүбүз аркылуу жеткирүүдөбүз. Берилүүчү кредиттин суммасы 5 миңден 25 миң сомго чейин, ал эми пайдалануу мөөнөтү - 2 жылга чейин. Кредиттин үстөгү башка кредиттерден төмөн - азыркы учурда жылдык 16,6%. Төлөм графиги кардардын мүмкүнчүлүгүнө жараша ар-бир учурда жекече каралат. Кредитти камсыздоо маселесине келсек, "Чакан кредит" алуу үчүн күрөө талап кылынбайт. Айыл Банк бул дол-
боорду жергиликтүү айыл бийликтери менен биргеликте ишке ашырууда. Ошонун негизинде "Чакан кредит" айылдык кеңешчилердин сунуштамасы менен гана берилет. Кеңешчилердин сунуштамасы - бул бүткүл айылдын социалдык кепилчилиги болуп эсептелет. Эгерде кайтарылбай калган кредиттердин көлөмү кайсы бир деңгээлден ашып кетсе, анда ал айылдын тургундарын кредиттөө толук токтотулат. "Бирөө - баары үчүн, баары - бирөө үчүн" деген принцип ушул жерде пайдаланылат. Белгилей кетүүчү нерсе, Банктын кредиттик адисин билимдүү жергиликтүү жаштардан дайындоосу - бул кредиттердин кайтарымдуулугун камсыздоочу дагы бир фактор болуп эсептелет.
- Баятан бери кеп кылып аткан кредит берүү иш-аракеттери Айыл Банктын ишмердигинин бир эле багыты болсо керек. Айыл жеринде дагы кандай кызматтарды көрсөтүп атасыңар?
- Туура, кредит берүү Айылбанктын иш-аракетинин бир эле бөлүгү. Айыл жеринин тургундары ошол эле шаардык тургундар сыяктуу эле кредиттерден тышкары көптөгөн дагы башка банк кызматтарына муктаж да. Биз азыр толук кандуу банк болгондуктан, банк кызматтарынын бардык түрүн көрсөтүп жатабыз, б.а. депозиттерди кабыл алуу, акча которуу, эсеп счетторду ачуу жана аны тейлөө, акча алмаштыруу жана башка көптөгөн кызматтарды көрсөтүүдөбүз. Ошондой эле биздин филиал же кассаларыбыз бар жерде пенсионерлер биз аркылуу өздөрүнүн пенсияларын да алып турса болот.
- Банктын келечеги, максаттары тууралуу маалымат бере кетсеңиз?
- Келечектеги максаттарыбыздын бардыгы дагы да болсо Айыл Банктын ишин жакшыртууга алып келген иш-аракеттерди жүргүзүү. Бул максатта алыскы аймактарда жайгашкан тургундарга жакын барып банк кызматтарын жеткирүүгө аракет кылабыз. Ошону менен катар кызматтарыбызды мындан ары жакшыртуунун үстүндө иштейбиз, айтор, Айыл Банкты кардарларыбыз сыймыктанган даражага жеткирүүгө аракет кылабыз.
Токтомуш ӨСКӨНОВ,
"Кыргыз Туусу"