"Кыргыз туусу", 22.07.11
  Билим берүү

Кыргызстанда ЖОЖдордун
саны кыскартылат
Коррупцияны
жоюуга далалат
Азыркы учурда 2010-2020-жылга карата билим берүүнүн деңгээлин өнүктүрүү боюнча жаңы стратегия жазылып жатат. Бул стратегиянын жумушчу тобуна биздин байкоочу кеңештин мүчөлөрү да кирген. Учурда көп маселелер талкууга алынып, ЖОЖдорду кыскартуу, бириктирүү жана алардын билим деңгээлин жогорулатуу боюнча иштерди жүргүзгөнгө аракет кылып жатабыз. Дагы бир айта кетүүчү сөз, мектептерде уюштурулган фондду жоюу болуп эсептелет. Анткени бул ата-энелердин капчыгына бир топ эле зыянын тийгизет.
Кыргызстанда быйыл 2011-жылга 200 млн. сом мектептин окуу китептерине бөлүнгөн. Бирок, мүмкүнчүлүгү чектелген балдар үчүн эч кандай каражат каралган эмес. Биз ошол маселени карап чыгып, өзүбүздүн байкоочу кеңеш аркылуу министрликке сунушталып, азыр бюджетке өзгөртүүлөр киргизилди жана 200 миң сомдук окуу куралдары мүмкүнчүлүгү чектелген мектеп, жатак мектептерге жардам катары көрсөтүлдү. Эмки жылы буюрса бул сумманы дагы жогорулатууга аракет кылабыз. Андан сырткары коррупцияны жоюу боюнча биз ЖОЖдордо да иш жүргүзүү үчүн бир катар системаларды сунуш кылдык. Ага ылайык ректорлор Президенттин же Премьер-министрдин жарлыгы менен эмес, студенттер аркылуу 5 жылдык мөөнөткө шайлануусун сунуш кылдык. Бул дагы коррупциянын бир тамырына бөгөт коет деп ойлойбуз.

ЖОЖдорду бизнесмендер сатып алса, анда эле...
Кыргызстанда 52 жогорку окуу жайы бар. Ошолордун көпчүлүгү мамлекеттик окуу жайлар болгондуктан, алар Өкмөт тарабынан каржыланат. Жалпысынан республика боюнча 360 млн. акча бөлүнүп, а бирок ошол эле окуу жайлардын атайын эсебинен 365 млн. сом кайра алынат. Ошондуктан биз сунуш киргизип, эгерде мамлекеттик окуу жайлардын арасында сынамык окуу жай катарында кээ бирлерин менчиктештире турган болсок, анда акционердик
коомдор өзүн-өзү каржылоо жолу менен бизге зыян келтирбей окуу жайды кармап калганга аракет кылат. Бирок, экинчи жагынан карап көрсөк, окуу жайларды акчалуу бизнесмендер сатып ала турган болсо, анда өздөрү каалагандай пайдаланып, жатаканаларды башка бир ишкана, фирмаларды ачып туура эмес багытта колдонушу мүмкүн. Ошондуктан, муну тез аранын ичинде бүтүрө койчу иш эмес. Андыктан, менчиктештирүү боюнча мыйзам кабыл алынып, андан соң гана иш жүргүзүүгө мүмкүн деп ойлойбуз.

Кызыл аттестат менен бүткөндөрдүн 1 пайызы эле татыктуубу?
Жалпы республикалык тестирлөөнүн негизги максаты - Кыргызстандын бюджети менен же болбосо ата-эненин акчасы менен контракт боюнча студенттерди окутууга жолдомо берүү. Ушул жылдан баштап, күндүзгү бөлүмгө контракт болобу же бюджеттик орунгабы, айтор бардык абитуриенттер жалпы республикалык тестирлөө менен гана тапшыра алышат. Эгер мамлекеттик эмес жогорку окуу жайлар, мисалы, Кыргыз-Түрк "Манас" университетин алсак, Түркиянын бюджети менен каржылангандыктан, өздөрүнчө тестирлөө менен өткөрүшөт.
Быйыл күндүзгү бөлүмгө жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыгы менен, ал эми сырттан окуу бөлүмүнө мурдагыдай эле сынак аркылуу тапшырса болот. Андан сырткары чет элдин жарандары экзамен тапшыргандан соң гана кабыл алынат. Бул жылы 3300 бүтүрүүчү кызыл диплом, аттестат менен аяктады. Ошолордун ичинен 95и гана татыктуу болуп, башкача айтканда 1%ды гана түздү. Ошол кызыл диплом, аттестат менен бүтүп жаткандардын арасында 80-90 балл алып, ЖОЖго өтпөй калып жаткандар да бар. Бул маселени карап чыгып, учурда министрликтин чечими менен кайра экзамендер өткөрүлүп жатат. Негизи окуу жай толбой калды деген сөз болбошу керек, план толбой калса, экономист, врачтар жетишсиз болуп калса, анда биз министрлик менен кеңешип көрүп, дагы бир жолу республикалык тестирлөөнү Бишкек жана Ош шаарларында уюштурууну карап чыгабыз. Бирок, бул контракттык негизде жүрөт.
Чындыгын айтканда, жалпы республикалык тестирлөөнү уюштурууда мүчүлүштүктөр да жок эмес. Биринчиден, ата-энелер комиссия менен сүйлөшүп акча менен тесттин баллдарын оңдоткон, экинчиден, ата-эне башка бир студент менен сүйлөшүп абитуриенттин ордуна тестирлөөгө катышып жаткандыгын да угуп жатам. Бирок, бул факты катары колго кармалбагандан кийин биз чечкиндүү бир нерсе айта албайбыз. Андан сырткары жакшы балл алган абитуриенттер окуу жайга өтпөй калып жатат деген сөздөр да болууда. Андай болушу мүмкүн эмес. Эгерде далилдүү бир фактылар катталган болсо, анда бизге кайрылсаңар болот. Анткени, ушундай маселелерге аябай кылдаттык менен мамиле жасабасак анда коррупцияга чоң жол ачкан болобуз.

Жылдыз КУДАЙБЕРДИЕВА