"Кыргыз туусу", 22.07.11
  Отуз жаштан экини гана...

Өтөлдү өмүр, оордугу жүктүн билинбей
Зарыл учурда турмуштук эреженин алкагынан чыгарып, учурдун уңгусуна улаган учурлар кездешет эмеспи. Жаштык куракта буга өзүм күбө болгон жайым бар. Өзүм аяктаган Пржевальск (азыркы Каракол) педагогикалык институтунда катуу карманган эреже бар эле. Окуу жайды аяктагандарга адегенде дипломду бербей, институтту бүттү деген справка гана берип, тизме менен мектептерге жиберип, бир жыл иштегенден кийин гана диплом берилчү.
Ошо биз бүткөн жылдары орус туугандар айтмакчы, "исключение" жасашты. Элге билим берүү министрлигинин чечими менен физика факультетинин бүтүрүүчүсү Абдыманап Мусаевди комсомолдун Түп райондук комитетине, мени болсо "Ысык-Көл правдасы" гезитине калтырышты.
ЁЁЁ
Эгерде комсомолдук, партиялык кызматтарды аркалап кетпегенде, артынан сая түшүп изденгенде Абдыманаптан мыкты эле обончу чыкмак. Анын "чымыны" мектепте окуп жүргөндө эле дыңылдап, аккордеон тартып, өздүк көркөм чыгармачылыгына активдүү катышып жүрдү. Орто мектепти аяктагандан кийин Жети-Өгүз райондук маданият бөлүмүндө методист болуп иштеп, анан гана Пржевальск педагогикалык институтунун физика факультетине тапшырды. Биринчи курста окуп жүргөндө алгачкы "Кайдасың" деген обонун чыгарып, борбор калаабызда өткөн "Студенттик жаз - 71" фестивалында баш байгеге ээ болду. Өзү аккордеон менен коштоп, курсташы Рысбек Жумагулов ырды жогорку чеберчиликте аткарды. Обончулар арасында 1972-жылы Украинада Бүткүл союздук студенттик фестивалдын лауреаты болгон. Биз институтту бүтөөр-бүткөнчө бул ыр шаардык үн жазуу студиясында обончу Алымбек Коробаевдин ырлары менен бирге жаңырып тураар эле.
ЁЁЁ
Институтту бүтүп жатканда анын өмүр жолунда күтүүсүз бурулуш болду. Коомдук иштерге активдүү катышып, коомчулуктун көзүнө көрүнүп калганданбы, айтор, комсомолдун Ысык-Көл облустук комитети комсомолдук кызматты сунуш кылды. Ошентип А.Мусаев институтту аяктаар замат комсомолдун Түп райондук комитетине инструктор болуп иштеп калды. Анан мыйзамченемдүү көрүнүштө тепкич боюнча өйдө жогорулоо башталды, бөлүм башчы, экинчи катчы болуп иштеп, партиянын Түп райондук комитетине ишке алынды. Анан партиянын Талас, Ысык-Көл облустук комитеттеринде үзүрлүү эмгектенди.
Кийинки жылдары Балыкчы шаарына туруктуу отурукташты. Шаардын мэринин орун басары болуп иштеген жылдары "Балыкчы" коомдук-саясий гезитин, тарыхый-крайлык музейди уюштурду. Учурда Балыкчы шаарынын мэриясына караштуу муниципалдык менчик башкармасынын начальнигинин орун басары болуп баштапкы калыбынан жазбай эле үзүрлүү эмгектенүүдө. Балыкчы менеджмент жана укук институтунун ардактуу профессору, Балыкчы
шаарынын ардактуу жараны.
ЁЁЁ
Айтылуу акын Карымшак Ташбаев жазгандай, чынында эле мезгил - тулпар экен. Кечээ эле Абдыманап менен институттун алдындагы өздүк көркөм чыгармачылыгына катышып, фестивалдарда баш байгелерди алып жүргөн мезгил тээ артта калганы ырас. Ошондогу курсташтардын алды алтымышты аттап, арты бул кутман куракты алкымдап калдык. Бирок, өмүр текке кеткен жок. Абдыманап өңдүү иш дегенде ичкен ашын таштаган курбуларымдын журтчулук алдында жүздөрү жарык. Абдыманап досум да алтымыштын астанасын абийирдүү аттап, калк арасында кадыр-барк күтүп, абройлуу аксакал болуп, агарып-көгөрүп турган чагы.
Догдурбек ЮСУПОВ,
"Кыргыз Туусу"