"Кыргыз туусу", 22.07.11
  Журт башчы эл менен

Жаңы имараттар
көлгө көрк кошот
Кыргыз Республикасынын Президенти Роза Отунбаева 2011-жылдын 19-20-21-июль күндөрүндө Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл, Түп, Жети-Өгүз райондорунда, Каракол шаарында болуп, кээ бир ишканаларда, жаңы курулган медицина жана билим берүү тармактарынын имараттарынын ачылышына катышып, №2028 чек ара аскер бөлүгүнүн жөөкерлеринин жашоо-турмушу менен жакындан таанышты.

Мамлекет башчысынын Көл өрөөнүндөгү иш сапарынын алгачкы объектиси - Семёнов айыл округунун аймагындагы "Сасык-Булак" капчыгайындагы жайгашкан адам колунан жабыр тарткан табигат байлыктарын-жапайы жаныбарларды калыбына келтирүүчү корук борборуна туура келгендиги да бекеринен эмес. Анткени, адамзаты менен жаратылыш дүйнөсү бир бүтүн организм экендигин Германиялык Торстен Хардер тарабынан 2002-жылы уюшулуп, ушу күнгө чейин жаратылышты коргоонун Кыргызстандагы үлгүсүн көрсөтүп келаткан "Жапайы жаныбарларды коргоонун реаблитациялык борборунун" НАБУ филиалы эбак далилдегенин бу жолку жолугушууда баяндап беришти.
Бул борбордун негизги максаттарынын бири ак карлуу Ала-Тоонун бермети - ак илбирсин суук колдордон ар тараптан коргоо, алардын санын арттыруу. Азыр бул жерде "Конок", "Багира", "Алсу" аттуу илбирстин үч күчүгү багылууда. Алар буга чейин сыртка чыгарылып бараткан броконьерлерден кармалып алынган. Мындан тышкары 2005-жылдан 127 ителги кушу багылууда. Алардын катарына 7 илбирс, жаңы төрөлгөн "Лидер", "Пират", "Фиалка", "Комочка" аттуу балдары кошулган.
Өлкө Президентин Ананьево айылында жаңыдан курулуп бүткөн имарат - жалпы дарыгерлик борборуна чогулган аймактын ардагерлери, анын ичинде өзгөчө Республиканын саламаттык сактоо министри С.Жумабеков баштаган медицина кызматкерлери жайкы жадыраган маанай менен шатыраган кол чобуулардын алдында тосуп алышты.
Роза Отунбаева эл алдында сүйлөгөн сөзүндө өлкөдөгү азыркы кырдаалга, сот реформасына кыскача токтолуп, бул күнкү салтанатка катышып отурган дарыгерлерге алардын азыркы жашоо-турмуш абалына кызыгып, бир нече суроо менен кайрылды. Медиктер өзгөчө айлыктарын бир кыйла жогорулаганына, ушундай заманбап жаркыраган жаңы имарттарды куруп бергендиктери үчүн Кыргыз Өкмөтүнө, жергиликтүү камкор бийликтерге ыраазылыктарын билдиришти. Ал эми өлкөнүн саламаттыкты сактоо министри жаңы курулган имаратка - жалпы дарыгерлик борборго заманбап жабдууларды - хирургия аппаратураларды белек кылгандыгын билдирди. Жалпысынан 30 орундук айылдык ооруканалык борбордун ачылышынын кызыл тасмасын Президент баштаган жетекчилер кесип, ичин кыдырып чыгышты.
Президент Роза Отунбаеванын Жети-Өгүз аймагындагы Оргочор орто мектебинин эки кабаттуу жаңы кошумча имаратынын ачылыш салтанатына катышуусу жергиликтүү мугалимдердин, мектеп окуучуларынын жадында көпкө сактала тургандай таасир калтырды. Өлкө башчысы өз сөзүндө азыр билим берүүнүн сапаты өткөн доорго салыштырмалуу төмөндөп кеткенине, сандык көрсөткүчтөн сапаттык көрсөткүчкө өтө турган мезгил өтүп баратканына токтолду.
Бүгүнкү күндө жаштарга өзгөчө кесиптик багыт берүүгө ар тараптан кеңири жол ачуу керектигине басым жасады. Ал эми өлкөнүн билим берүү министри Канат Садыков буга чейинки кыска мөөнөттүн ичинде эле республикада жалпысынан 54 мектеп, анын ичинде өзгөчө Көл өрөөнүндө 18 мектептин жаңы имараты салынгандыгын, бирок, башкы максат келечек ээлерине татыктуу тарбия, терең жана сапаттуу билим берүүгө өлкө башчысынын жана жалпы элдин алдында убада кылышарын билдирди.
Президент баштаган салтанаттын катышуучулары жаңы мектептин ичин кыдырып, жаркыраган класстардан жарык маанайда чыгышты.
Өлкө башчысы баштаган топ бул күнкү расмий сапарын Жети-Өгүз аймагынын Ак-Терек айылынын четиндеги жоопкерчилиги чектелген "Желдең-Ата" коомунун мөмө-жемиш, жашылчаны италиялык технологиянын негизинде кайра иштетүүчү ишкананын азыркы абалына кызыгып, жергиликтүү элдин өкүлдөрү, айыл аксакалдары менен жолугуп, алардын кээ бир ой-пикирлерин, сунуштарын, каалоолорун угуп, ак баталарын алуу менен жыйынтыкташты.
Жээнбай ТҮРК,
"Кыргыз Туусу"