"Кыргыз туусу", 22.07.11
  Кайрылуу

Кыргыз Республикасынын Президенти
Р.И.Отунбаевага
Урматтуу Роза Исаковна! Биз Сизге жаш муундун сапаттуу жана терең билим алуусуна кайдыгер карабаган жана келечегине күйгөн инсан катары төмөнкүдөй маселе боюнча кайрылып жатабыз.
Ош мамлекеттик университети өлкөбүздөгү эң чоң жана кадыр-барктуу билим берүү мекемелеринин бири. Ошол окуу жайдын өсүп-өнүгүшүнө зор салым кошкон инсандардын бири - академик Бектемир Мурзубраимов. Ош мамлекеттик педагогикалык институтун 1962-жылы артыкчылык диплому менен бүтүргөн, университетке айлангандан кийин 1998-жылдан 2005-жылга чейин аны ийгиликтүү жетектеген бул инсан биздин гана эмес, жаштардын басымдуу көпчүлүгүнүн терең сый-урматына арзыганын баса белгилегибиз келет.
Бектемир агай университетте ректор, педагог, илимпоз жана коомдук ишмер катары гана кызмат өтөбөстөн, бизди касиеттүү Ата -Журтубузду сүйүүгө, анын бүтүндүгү жана жаркын келечеги үчүн жан дилибиз менен берилип иштөөгө үндөп, жакшы саамалыктардын демилгечиси жана уюштуруучусу, жамаатыбыздын лидери катары жалпыбыздын жан дүйнөбүзгө жагымдуу таасир калтырды. Өз ара жардамдашуу аркылуу, кайсы бир региондун эле эмес, жалпы Ата Журтубуз Ала-Тоонун патриоту болуунун үлгүсүн көрсөттү. Б.Мурзубраимов ректор кезинде ректораттын курамында оштук, жалабаттык, баткендик, таластык проректорлор иштеп, декандар, кафедра башчылары жана структуралардын жетекчилери да ар кайсы региондордун өкүлдөрү болушкан. Ошондон улам бул инсан тууралуу калыс, таза жана трайбализмден алыс деген пикирлер өкүм сүрчү, азыр деле ошол ой-пикирлер уланып жаткандай... Мына ушундай үлгү болчу сапаттары бар үчүн Бектемир агайды азыркыга чейин кош колдоп кубаттап, анын ийгиликтерине тең кубанып келебиз.
Агайыбыз университетке ректор болуп иштеген жылдары окуу жайыбызда сергек атмосферанын өкүм сүргөнү даана байкалчу. Биз (студенттер) менен ректорубуздун байланышы өтө тыгыз болгондуктан, ар бир жолугушуубуздан кийин сунуштарыбыздын негизинде университетте учураган айрым кемчиликтерден арылуу иштери кечиктирилбей колго алынчу. Анткени Б.Мурзубраимов студенттер менен жолугушкан учурда факультеттин декандарын, кафедра башчыларын жана окутуучуларын катыштырчу эмес. Студенттердин проблемаларын алар менен бетме-бет туруп угуп, өтүнүчтөрүн иш жүзүндө туура чечип берчү. Студенттердин сунуштары эске алынып, Ош МУда көптөгөн жаңы демилгелер, саамалыктар ишке ашып, студенттик жатаканалардын абалы жакшыртылып, курулуштар курулуп, борборлор жана окуу имараттар ачылган.
Б.Мурзубраимов ректор болуп иштеген жылдары студенттердин маңыздуу билим, майнаптуу тарбия алуусуна реалдуу шарттар түзүлүп, 5-6 жыл аралыгында 13 жаңы объект (кампус, 300 орундук концерттик зал, Достук сарайы, 800 орундук залы бар жаштар борбору, ден соолукту чыңдоо борбору, китепканалар, окуу жана лекциялык залдар, спорт ареналары жана аянтчалары, эс алуу зоналары) курулуп, 8 объект (тарых, юридика, бизнес жана менеджмент факультеттери жайланышкан имараттар, эки мектеп гимназиялары, бала бакча, Ысык-Көлдөгү "Үмүт" пансионаты) университеттин карамагына өткөрүлүп, сатылып алынган. Бардык окуу корпустар жана жатаканалар толук капиталдык ремонттон өткөрүлүп, эстетикалык жактан жаңыланган, Университеттеги илимдин кандидаттары, докторлору кескин көбөйүп, студенттердин саны 29 миңге өсүп жеткен.
Ош МУ окутуучулук-профессордук курамга, кызматкерлерге, аспиранттарга эң жогорку суммадагы айлык акы төлөгөн билим берүү мекемесине айлангандыгы үчүн, андан жумуштан кеткен окутуучулар жокко эсе болуп, ал эми келгендердин агымы көп болгон. Университетте сандык жактан өсүү сапаттык өнүгүү менен коштолуп, Ош МУ билим берүүнүн мега борборуна айланган.
Окуу корпустарында гана эмес жатаканаларыбызда да интернет түйүнүн кеңири пайдаланууга мүмкүнчүлүк алганбыз. Университеттин өзүнүн каражатына 4 чоң, 2 микроавтобус сатылып алынып, 2004-жылдан баштап студенттерди, окутуучуларды, кызматкерлерди окуу корпустарына акысыз атайын график менен ташуу ишке ашырылгаи. Мындай кызмат көрсөтүү Кыргызстандын бир дагы жогорку окуу жайында болгон эмес. Ошондуктан бул камкордугу үчүн биз жана жалпы жамаат ректорубузга терең ыраазы болгонбуз.
Республикабызда гана эмес, Орто Азия ЖОЖдорунун ичинде биринчи болуп түзүлгөн "Үмүт" телестудиябыздын техникалык базасы жаңы үлгүдөгү аппаратуралар менен жыл сайын байытылып, эстрадалык, классикалык, фольклордук чыгармачыл топтор жана поэзия клубдары түзүлгөн. Илимге дилгир студенттердин илимий жыйнактары жана көркөм адабиятка жөндөмдүү студенттердин чыгармалары атайын жыйнак болуп ырааттуу түрдө жарык көрүп, социалдык коргоого муктаж үй-бүлөлөрдөн келген студенттерге контракттык төлөмдөрдөн жеңилдиктер берилип, түрдүү деңгээлдеги стипендиялар ыйгарылып жатты. Аталган иштердин турмушка ашуусунда ректорубуз Б.Мурзубраимов өзү түздөн-түз катышканына күбөбүз.
Б. Мурзубраимов укук, билим берүү тармагынын өнүгүшүнө да чоң салым кошкондордун бири. Анын жетекчилиги менен биринчи жолу ОшМУда "Адам укугу жана демократия борбору" коомдук уюму ачылган. Аталган Борбор юридикалык билим берүү жана укук таануу тармагында көптөгөн долбоорлорду ишке ашырып, Польшанын жана Россия Федерациясынын юридикалык клиникалары менен бирдикте биринчи жолу Кылмыш укугу юридикалык клиникасын ачкан.
Жаштардан турган бул Борбор азыркы убакта колунда жок бей-бечараларга акысыз юридикалык консультация берүү, мектептерде укук боюнча сабактарды өтүү, мугалимдер үчүн тренинг уюштуруу, шайлоо жаатында иш жүргүзүү сыяктуу ар тараптуу багытта иш алып барууда.
Ректорубуз алысты баамдай алган көрөгөчтүгүнүн аркасында "Адам укугу жана демократия борбору" бүгүнкү күнү юридикалык факультеттин жөнөкөй структуралык түзүмүнөн Фергана өрөөнүндөгү бирден бир таасирдүү, көз карандысыз юридикалык уюмга чейин айланып отурат.
Агайыбыздын басып өткөн өмүр жолу, тутунган принциптери ошол мезгилдеги студенттер үчүн жана азыр деле биз үчүн үлгү жана өрнөк. Анткени агай өмүр бою Ошто, Ош ПИде, Ош МУда иштеп келди. Убагында Ош ПИнин коомдук иштерге эң активдүү катышкан студенти катары Сталиндик-Лениндик стипендия менен окуп, аспирантураны өз мөөнөтүндө кандидаттык илимий ишин коргоо менен аяктагандыгынан да кабарыбыз бар. Окуу жайда катардагы мугалим, кафедра башчысы, декан, проректор, парткомдун катчысы, ректор катары жетекчиликтин бардык тепкичтерин басып өттү.
ОшПИни бүтүргөндөрдүн ичинен эң биринчи болуп кандидаттык жана докторлук диссертациясын коргогон жана профессордук наам алган, Кыргыз Улуттук Илимдер академиясынын корреспондент мүчөсү жана академиги болууга жетишкен. Кыргызстанда биринчи болуп студенттик фонд (1986-ж.) түзгөн жана өз айлыгынын эсебинен студенттерге атайын стипендияларды 1991-ж.) ыйгарган. Бектемир агай талыкпаган, чарчабаган инсан катары ОшМУнун жамааты үчүн легендарлуу ректорлордун бири болуп калган. Бизге ал үчүн Ош МУсуз жашоо супсактай, ОшМУ Бектемир Мурзубраимовичтин кадимки өз үйүнө айланып калгандай сезилчү.
"Ошто жашап, Ош МУда окуп, ОшМУда иштегениме сыймыктанам!"- деген Бектемир агайдын учкул сөзү Ош МУ үчүн ураан болуп калган. Кыскасы, университеттин өнүгүшү үчүн бардык күч-кубатын, билимин арнап, тагдырын байлаган биздин урматтуу Бектемир агайыбыз коомдук-саясий бай тажрыйбасын, кайрат күчүн, интеллектуалдык мүмкүнчүлүгүн, кыраакы акыл-эсин, болоттой бекем эрк-жигерин, айтор, бүткүл дитин элибизге, өзгөчө жаштарга кызмат кылууга багыттаган.
ОшМУнун бүтүрүүчүлөрү азыркы мезгилде Кыргызстандын ар кайсы жерлеринде иштөө менен агайыбыз, замандашыбыз Б.Мурзубраимовдун ректорлуктан башка дагы толуп жаткан жумуштарды аткарып жатканына көз салып кабардар болуп келүүдөбүз.
Б.Мурзубраимовдун өмүр жолундагы эң урунттуу учур катары коомдук ишмердүүлүгүн айтууга болот. Ал коомдук ишмердүүлүгү аркылуу элдин урматтоосуна ээ болду. Ош шаардык Кеңешинин бир нече чакырылышына депутат болуп шайланган. Үч жолу катары менен Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине депутат болуп жана анда социалдык саясат, билим берүү жана илим комитетин жетектеген.
Депутат жана комитеттин төрагасы катары шайлоочуларынын жана өзгөчө билим-илим берүү системасынын жана саламаттыкты сактоо кызматкерлеринин, пенсионерлердин кызыкчылыгын биринчи орунга койгон. Бардык күчүн демократияны жана мамлекеттүүлүктү чыңдоого, мыйзамдуулукту камсыз кылууга арнаган.
Президенттин алдындагы жарандуулук, аялдар, үй-бүлө жана гендердик теңдик боюнча Улуттук Кеңештин төрагасынын биринчи орун басары, Кыргыз Республикасынын алдында сиңирген эмгеги үчүн Персоналдык пенсияларды ыйгаруу боюнча Кыргыз Өкмөтүнүн алдындагы комиссиянын, Билим берүү жана илим министрлигинин коллегиясынын, Улуттук Аттестация комиссиясынын президиумунун мүчөсү болгон. Кыргыз Республикасынын Түштүк аймагы боюнча окуу жайларынын Ассоциациясын жетектеген жана Кыргызстандын "Билим берүү кызматкерлеринин Конгрессинин", "Сапаттуу билим" коомдук бирикмесинин аймактык бөлүмүнүн төрагасы болгон.
Жогорку Кеңешке депутат болуп турганда Б.Мурзубраимов республиканын деңгээлинде көптөгөн бараандуу иштерди аткарган. Мисалы, маалымат каражаттарында (газета, телевидение, радиодо) ырааттуу түрдө билим берүү, тарбия процесси боюнча актуалдуу маселелерге арналган макалалары үзгүлтүксүз чыгып келген. Коомдук жана мамлекеттик ишмер катары кризистик кырдаалдан чыгуунун жолдору, элдин жашоо шартын жакшыртуу, жеке менчик жана мамлекеттик каражаттарды үнөмдөө жана сактоо, мамлекеттик тилди өнүктүрүү, реформаларды жүргүзүү боюнча маселелерди көтөрүп, элдин талкуусуна койгон.
Залкар окумуштуу, профессор К.Исаев адилет белгилегендей, "Бизде опол-тоодой академиктер, илимпоздор өтө көп.. Арийне... бул жагынан алганда Б.Мурзубраимовдун жарандык да, окумуштуулук да көз карашын белгилеп коюу адилеттүүлүк гана болмок."
Бир сөз менен айтканда, мамлекеттик жана коомдук ишмер, өз өлкөсүнүн чыныгы күйүп-жанган патриоту катары баарыбызга жана ар бирибизге тиешелүү учурдун көйгөйлүү маселелери анын көңүл борборунда болгон. Алар 180ден ашуун публицистикалык макалаларында, онго жакын китептеринде чагылдырылган. Ал тарабынан көтөрүлгөн ар бир проблема коомдук резонанс жаратып, ММКда үн кошууларга ээ болуп, төгөрөк үстөлдөрдө талкуунун предмети болуп келген жана болууда.
"Жыйынтыктап айтканда агайыбыз, академик Б.Мурзубраимовдун басып өткөн жолу (мыкты окуучу, мамлекеттик стипендиат, өрнөктүү-үлгүлүү мугалим, таланттуу илимпоз, уюштургуч, коомдук ишмер, жигердүү саясатчы катары) жаштарга, замандаштарына, педагог-мугалимдерге, илимпоздорго эң сонун үлгү болуп жаткандыктан анын ак эмгеги Мамлекеттик эң жогорку сыйлыкка татыктуу деп ойлойбуз.
Ош мамлекеттик университетинин бүтүрүүчүлөрүнүн атынан:
Нуржигит Кадырбеков, Акжол Бердиев, Идирис Кубатбеков,
Мамат Жолдошов, Тургунбай
Алдакулов, Алайбек Алымбаев,
Космос Чыдынов ж.б.