"Кыргыз туусу", 06.12.11 Биздин телерадио-элдин күзгүсү
Куттумидин БАЗАРКУЛОВ, Жалал-Абад облустук
телерадиокомпаниясынын башкы директору:

"Телерадио - идеологиянын трибунасы"
- Куттумидин Дербишалиевич, Жалал-Абад облустук мамлекеттик телерадиокомпаниясы быйыл 20 жашка толот. Ушуга карата телерадиокомпаниянын тарыхынан кеп салып, аны түптөгөндөр тууралуу айтып берсеңиз?
- Жалал-Абад телерадиокомпаниясы 1991-жылы облус губернатору Бекмамат Осмоновдун демилгеси менен уюштурулган. Мезгилге жараша бул телерадиокомпаниянын жетекчилери ар кыл иштерди аткарууга туура келди. Айталы, Рыспай Жумабеков Ош шаарына чейин барып, Жалал-Абад радиосун эфирге чыгарып турган. Анда Жалал-Абад-Ош жолу татаал эле, үч саат жүрүп, кечкурун Ош шаарына жетчү. Ошого карабастан бир күндүн аралыгында материалды даярдап эфирден бергенге жетишип калчу. Нышанбек Кочкоровдун мезгилинде телекөрсөтүү жаатына көп көңүл бөлүнүп, монтаж үстөлдөрү келген. Алгачкы монтажёр Болот Тилебаев эле. Бул адамдардын талыкпас эмгектеринен телекөрсөтүүнүн иши бир топ жанданды.
Ошондой эле Кадыржан Жолдошов, Кадыр Кошалиев, Бактыкан Ажымаматова, Бейшенбек Көлөков, Рысбек Зулумбеков жетекчилик кызматта эмгектенип, жыйырма жыл аралыгында телерадиокомпаниянын өнүгүшүнө өз салымдарын кошушту.
- Телерадио - бул жамааттык иш деп коёт эмеспи...
- Албетте, эфирге чыгаруу бир эле кишинин колунан келе бербейт. Журналист, телеоператор, монтажчы, редактор дегендей. Мен жогоруда белгилеп кеткендей биринчи монтажчы Болот Тилебаев да, андан кийинки Союзбек Абдрасулов, Бакыт Кандыбаев, Айбек Кожокматов, Курсант Кадыров, Жекшен Айдарбеков монтаж боюнча көп жылдык талбаган эмгектери менен бааланууга татыктуу. Ал эми Маматкадыр Маматалиев, Тавлант Сопуев, Равшан Ризакуюв, Алтын Жолчуев, Рустам Шамшиев мыкты телеоператорлор катары өздөрүн көрсөтө алышты. Эмил Женбеков, Уулкан Кожоева, Тазагүл Шамшиева, Арстан Якубов, Гулзина Мөндөева, Тыныч Мамаев, Жумагүл Арстанбаева жаш кездеринен баштап, ушул телерадиокомпаниянын ысыгына күйүшүп, сугуна тоңушуп, мыкты телекөрсөтүүлөрдү, радиоберүүлөрдү жаратышты.
- Бүгүнкү күндө жаштар менен дагы да толукталып жаткандыр?
- Учурда жамааттын 80 пайызга жакынын жаштар түзөт. Телекөрсөтүү, радиоуктуруу- бул идеологиянын трибунасы. Демек, өсүп-өнүгүп, жаңыланып туруш керек, жеке эле кадр жаатында гана эмес, видеотехникалык жабдыктар да жаңылануусу шарт. Ачыгын айтканда мода кууп кийинген сыяктуу эле.
Механикалык техникадан сандык видеотехникаларга өтүп жатпайбызбы. Азыркы тапта студиялар жасалгаланып, үн коштоо коюлуп, видеокамералар заман талабына ылайыкталды. Ошого жараша көрсөтүүлөрүбүз да күндөн-күнгө жакшырууда.
- Былтыр имаратыңыздар да, техникалык каражаттарыңыздар да күйүп кеткен эле...
- 2010-жылдагы июнь окуясында Жалал-Абад облустук телерадиокомпаниясынын имараты толугу менен күйүп, видеокамералар коргошунга айланган. Эл, мамлекет, өкмөт бар экен дегендей, Ош, Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү мамлекеттик дерекциясы тарабынан каражат каралып, имаратыбыз салынып, видеокамералар алынды. Телерадиокомпаниябыздын келечеги кең, жакшылыктар дагы алдыда. Жакында Аксы, Ала-Бука райондоруна алып көрсөтүү аппараттары коюлат. Бул райондордун эли Кудай буюрса, биздин эфирди көрө алат.
- Маарекеңиздерге карата кандай иш-чаралар өтмөкчү?
- Көбүнчө маданий иш-чараларга басым жасап жатабыз. 25-26-ноябрда 20 жылдыкка карата мини футбол боюнча турнир өткөрдүк. Алыскы Тогуз-Торо районунун командасы да келип ойноп кетти. Жалал-Абад мамлекеттик университетинде телекөрсөтүү жаатында илимий конференция өткөрөбүз. Китеп чыгарууга да киришип жатабыз. Иш-чараларыбыз салтанаттуу кечелер, жыйындар менен коштолот.
Маектешкен
Кенже ТЫНЫМБЕКОВА




Мен иштешкен
Кесиптештер
Ысык суукту кечиришип бир келдик,
Ач да болуп, ток да болуп кээ күнү.
Катарыбыз жаңыланып, жыл-жылдап,
Кээлерибиз кетти турмуш нук менен.

Ооба, 20 жыл аралыгында биздин телерадиокомпаниянын эмгек жамаатынын басып өткөн жолу урунттуу окуяларга арбын болду.Өткөөл мезгилдин демин, күрөө тамырын сезе билген кесиптештерим өлкөбүздүн эгемендүүлүгүнүн туусун желбирете эл арасында болду. Бирде ийгиликке кубанса, бирде өксүк кемчиликке кейиди. Күн корсуз жаш өлкөбүздүн саясатын элге жеткирип, элдин үнүн бийликке түз да, кыйыр да айтып келди.
Саясий оош-кыйыштардын чордонунда болдук. Ийгилик кемчилдиктерибиз көрүүчүлөрүбүздүн сынынан өтүп турду. Саясий ар кандай окуяларда өз жолубуздан, багытыбыздан тайган жокпуз. Көз ирмемде 20 жыл ошентип өтүп кеткенин баам албай калыппыз. Бул туурасында кенен кесиптештерибиз сөз кылар.
Мен айрым кесиптештерим жөнүндө учкай эскере кеткеним жөндүү болор. Тагдыр насип экен 1992-жылдын май айынан бери үзөңгүлөш насиптеш болуп, иштешип келе жаткан кесиптештеримдин мага көрсөткөн колдоолоруна алгач ыраазычылыгымды билдирип, анан айрымдары жөнүндө токтолгонум оң болор. Анда сөз башынан болсун облустук телекөрсөтүүнү түптөөдө алгачкылардан болуп Р.Жумабеков, А.Жанбалаев, Ы.Зулумбеков, Р.Кадыркулов, Ж.Осмонов, Т.Коконбаев,Т.Зулпукаров,Т.Карагулов ,А.Арапбаева, М.Ташматова жана да жадымдан көтөрүлүп кеткен айрым кесиптештерим бүгүнкү ЖТРдин кадыр-баркын арттырууда өз эмгектерин жумшашкан. Жогоруда аты аталган кесиптештерим менен мен да бирге иштешип, жок барыбызды тең бөлүшүп, ысык-суугубузга кайыл болгон ал күндөр дале эсимде. Чындыгында насип буюруп иштешип калганыма ыраазымын.
Ошол учурда диктор жана радио монтажын жасаган Токтобай Коконбаев жамааттын ажарын ачкан тамашакөй, ары өз ишинин өзгөчө устаты болчу. Эски үлгүдөгү радио монтажда (анда мэз)колу пианинодо ойногондой монтаж жасаганын карап олтуруп, кумарыбыз артчу. Ал эми Токсонбек Зулпукаров бир жумалык радиоуктурууну (жумасына 7 жолу 1 сааттык )бир күндө буту-колу жерге тийбей,бүтүрүп коюп, тамаша аралаш эми пиво улайлы деп басып кетер эле. Ал эми азыр да үзөңгүлөш иштеп жаткан карындашым Айжамал Арапбаева мотурайган кичинекей кара кыз бүгүнкү күндө чырайы келишкен келишимдүү келин ЖТРдин башкы режиссеру. Эми жогоруда аты аталган кесиптештеримдин ар бири жөнүндө сөз кылсам узарып кетчүдөй. Мезгил агымы менен артыбызда келе жаткан эртеңинен көптү үмүттөндүргөн жаш кесиптештерим жөнүндө да учкай сөз.
Бир муундаш Бакыт Кандыбаев, Союзбек Абдрасулов, Арстанбек Якубов, Айбек Кожоакматов, Тазагул Шамшиева, Уулкан Кожоева, Өктөм Тагаева, Тыныч Мамаев, Гүлзина Мондоева, Батма Кайназарова, Жекшен Айдарбековдордун келиши менен ЖТРде чыгармачылык да, техникалык да жактан бурулуш мезгили болду. Анткени жаштык дем, чыгармачылыкка болгон умтулуу элдин калыс таразасына түшүү ар биринин жоопкерчилигин арттырып, кесипкөйлүк жөндөмдүүлүгүн көрармандарынын сынына коюшту. Ар бири өз көрсөтүүлөрүндө коомдогу күңгөй-тескей маселелерди көтөрүп, ЖТРге аброй алып келген менин үзөңгүлөш, насиптеш кесиптештерим.
Сөз соңунда 20 жыл аралыгында бизге жетекчи болуп келген Р.Жумабеков, К.Жолдошев, Н.Кочкоров, Б.Ажымаматова, К.Калыков, Ы.Зулумбеков, К.Базаркуловдор да ЖТРдин коомдо өз позициясын кармоого көрсөтүүнүн мазмунун арттырууга техникалык мүмкүнчүлүгүн жогорулатууда өз үлүштөрүн кошуп келишти. Ал эми бүгүнкү күндөгү биздин жамаатты толуктаган жаштардын жоон тобу бизге үмүт арттырган эртеңки келечегибиз. Анда алдыбыздагы 20 жылдык мааракебиз жалгыз гана биздин жамаатыккы эмес, жалпы көрүүчүлөрүбүздүкү болсун деген аруу-тилек ыроолоп, кесиптештеримди, көрөрмандарды куттуктоо менен элибизге бейпилдик, өлкөбүздүн экономикасынын гүлдөп өсүшүнө ниет арталы.
Майрамыңыздар маарек болсун, урматтуу кесиптештер!
Алымбек Азимканов,
журналист




Көрүүчүлөрдүн сүймөнчүгү
1959-жылы Жалал-Абад облусу жоюлуп, Ош облусунун курамына кошулгандыгы, кайра 1991-жылы өз алдынча облус болгондугу белгилүү. Ошол мезгилде Жалал-Абад облусун Бекмамат Осмонов жетектеген.

Кыргыз элинин намысына, керегине жараган улуу инсан чындыгында келечекти көрө билген. Облуста көптөгөн ишкана, мекемелер уюштурулгандыгы күнү бүгүнкүдөй эсимде. Ал эми облустун телерадио компаниясына тажрыйбалуу журналист Рыспай Жумабеков келди. Ага чейин деле Рыспайды чыгармачыл инсан катары таанычумун. Ошол жылдары чынын айтсам чыгармачылыгымда бурулуш болду окшойт. Ошол мезгилге чейин көбүнчө аккордеон менен ырдап жүрсөм, комузга өттүм, дастан, санат, терме, ыр жазууга кириштим. Алгачкы дастаным "Чолпонумду" июль айында компаниянын төрагасына окуп бердим. Ал эки айдан кийин радио эфирге чыга тургандыгын айтты, мен макул болдум. Ошол дастаным Жалал-Абад радиосу аркылуу эфирден жаңырды. Учурунда резонанс болду, телефон чалуулар, куттук айткандар аз болбоду. Кийинчерээк теле аркылуу эфирден жаңырды. 1991-жылдын 2-октябрында Жалал-Абаддын тунгуч көрсөтүүсү болгон. Ага да катышканмын. Жала-Абад телерадио компаниясы менен дале чыгармачылык байланыштамын. Менин обондорум, дастандарым жаңырып турат. Мен буга абдан кубанам, бир жагынан сыймыктанам. Арадан жыйырма жыл өтүп кеткендигин анчейин деле аңдабай калыптырмын. Чынында компанияда өсүүлөр, өсүштөр, алга жылуулар болуп жатат. Заманбап имаратка ээ болушуп, материалдык база чыңдалды. Албетте, көрсөтүүлөрдүн деңгээли жогорулап, компания көрүүчүлөрдүн сүймөнчүлүгүнө айланса демекчимин.
Жолболду АЛЫБАЕВ,
КРнын Эл артисти




ЖТРдин
Ийгиликтери
Жекшен Айдарбеков Жалал-Абад мамлекеттик облустук телерадио
компаниясына 1994-жылдын күз мезгилинде ишке орношкон. Ал учурда
17-18 жаштагы улан болгон. Учурда ЖТРде техникалык топтун жетекчиси болуп эмгектенет.
Жекшен Айдарбековдун берген маалыматы боюнча мурда аталган компаниянын өзүнө таандык каналы жок болгондугуна байланыштуу теленин кызматкерлери тарабынан даярдалган сюжеттер жумасына 3-4 саат Улуттук телерадио компаниясынын эфиринен түнкү саат 11-12лерде обого чыкчу. Ал жаңыдан ишке орношкон мезгилде оператор Бакыт Кандыбаев, монтажер Союзбек Абдырасулов, журналисттер Эркин Каимов, Бурул Нуракова жана башкалар эмгектенишчү. Кадр маселеси көйгөйлүү маселе болгондуктан бир адам монтажердун, оператордун, кабарчынын кызматын аткара берген. Ал кезде эки утка, бир хендикам, бир двикам камера бар эле. Монтаж жасоочу төрт стол болгон. Ошондой эле техникалар дагы көлөмү чоң салмактуу болчу. ЖТРдин өзүнө тиешелүү имараты жок болгондуктан 1991-жылдан 2009-жылга чейин жети жолу орун которуп, бир далай азап тарткан күндөр өткөн. Техниканын тартыштыгынан даярдалган материалдар Кыргызтелеком аркылуу КТРге жөнөтүлөт. Айрым сюжеттер жетсе, кээ бири кетпей калып, кылган эмгек талаага кетип, жанды кейиткен да учурлар болгон.
Ошентип Жалал-Абад мамлекеттик облустук телерадио компаниясынын кызматкерлери 2009-жылы жаңы имаратка ээ болду. Бирок, жаңы журтта бир жыл гана иш жүргүзүлдү. Тилекке каршы, 2010-жылдын июнь коогалаңында телевидениенин имараты ичиндеги бардык техникалары менен толук өрттөнүп кеткен. Чыгармачыл топ теленин ишин токтотпостон, башка жайга көчүп барып көрсөтүүлөрүн уланта берди. Ош, Жалал-Абад облустарын кайра калыбына келтирүү мамлекеттик дирекциясынын жардамы менен 2011-жылы өрттөнгөн имарат оңдоп-түзөөдөн өткөрүлдү. Ал эми ЖТРдин жетекчиси Куттумидин Базаркулов өкмөттөгүлөргө кайрылып жатып, телевидениеге жаңы заманбап техникаларды алдырган. Алсак, "двикам" видеокамерадан бешөө, "DCR 170" акыркы үлгүдөгү камералардын 3-4 түрү келген. Аны менен катар эле он компьютер, 10 монтаж жасоочу стол түшкөн. Ток шоу өткөрүү үчүн бир чоң студия, эки чакан студия бар. Эң негизгиси ЖТРдин тарыхында болбогон нерселерди учурдагы жетекчи жасап жатат. Аларды атай кетсек жаңы фондор алынды, атайын дикторлор үчүн суфлёр алынган. Мурда алып баруучулар тексттерин жаттап, анан эфирге чыгып келген болсо, азыр суфлёрдун жардамы менен чыгышат. Ошондой эле буга чейин түз эфир болгон эмес. Азыркы тапта байма-бай түз эфирлер болуп турат. Ал эми жакында эле "форворт" программасы менен иштеп, теле толук заманбап телевидениеге айланды. Кыскасы, жумушчуларга жакшы шарттар түзүлгөн. Ошондой эле баса белгилеп кетчү жагдай, өткөн мезгилдерде кадр маселеси көйгөй жаратып келген болсо, бүгүнкү күндө андай оору түп- тамыры менен жоюлган. Жаш кадрлар ишке тартылып, аларды даярдоо менен катар жаңы идея, жаңы толкун менен иштей баштады. Бир сөз менен айтканда бул телевидение кадрларды даярдоочу фабрикага айланган десек да болот. Себеби, ушул телерадиодон тарбияланып чыккан жаш кадрлар Кыргызстандын дээрлик бардык телерадио компанияларында иштөөдө. Алардын аттарын атай кетсем: КТРде Эркин Каимов, Бурул Нуракова, Мунарбек Жоргомов, Осмон Уламсадыр уулу, Маматкадыр Маматалиев иштешет. Ал эми ЭлТРде Алмамбет Кулушев, Айгерим Ниязбекова эмгектенүүдө. Булардын бардыгы мына ушул телевидениеден тарбияланып чыккан кадрлар. Бул да болсо аталган теле компаниянын коомго кошкон салымы десе болот. Мындан ары да биздин чыгармачыл топ талыкпастан элге кызмат кыла берет",- дейт Жалал-Абад мамлекеттик облустук телерадио компаниясынын техникалык тобунун жетекчиси Жекшен Айдарбеков.