"Кыргыз туусу", 06.12.11
  Санжыра

Алчикен уулун Асперди Чот уулунан ажырата билели
Тээ тарых түпкүрүндө бир кезде жер силкинткен кудуретке ээ болгон бабаларыбыздын бараандуу жолуна баам салып, алардын тарыхтагы чыныгы ордун ачып берүүгө далалатыбыз - биздин урпактык парзыбыз. "Өткөндөрдүн салты болбой, өсөөр кыргыз калкы болбойт, өлгөндөрдүн даңкы болбой, тирүүлөрдүн баркы болбойт" - деген накыл сөз калган. Ошол тарых бүктөмдөрүндө калып, толук ачылбай, кээде учкай гана жылт эткен макалалар менен чектелип келген, чындыгында чети оюлгус илимий иликтөөлөргө, жазса салмактуу көркөм чыгармага татыктуу тарыхый каармандардын бири - Ажыбек датка. Анда эмесе кеп оролун Ажыбек датка баяны, анын теги жөнүндө азыноолак окурмандарга аңгеме кыла кетели.
Ажыбек Алчикен уулунун санжырасы 1620-жылдардагы казак-кыргыз хандары Ташкендеги багыш Көкүмхандан кийинки катаган Турсунхан менен саруу Эр Эшимдин чабышынан улап айтылат. Ошол эки эрдин чабышында Турсунхан өлүп, анын уялаш иниси Шамей Султан токолу, бойго жеткен кызы, анан Олжочу (Алакчын) аттуу тогуз жашар баласы менен Эр Эшимге колго түшөт. Алакчынды саруу Тубай уулу Муратаалы бий жалгыз уулу Боргемик менен уялаш кылып асырап чоңойтот. Алакчын эр жетип үйлөнүп, Ийри Жолон аттуу уулдуу болот. Ийри Жолондон Кычы Мерген, андан Солтон Мүрөк, Солтон Мүрөктөн Арзыгул төрөлөт. Арзыгулдан - Казымат, Калча, Түйтө, Бабыр, Тагайкул, Акбай. Тагайкулдан Боруке, Сырдыбай, Эрегул. Сырдыбайдан жалгыз кадимки Бердике берен төрөлгөн. Ал эми Борукеден - Алчикен, Жанбала, Шаабото, Кубатбек, Конокбай, Алчикенден Байсейит, Ажыбек, Чыныбек, Жоомарт төрөлөт.
Алчикен өз доорунда ары баатыр, ары кызыл тилдин учу, акылдын күчү менен элин баккан, коргогон эрендердин бири болгон. Аблай хандын кезектеги бир чапкынында жоону чечен сөзү, кеменгер акылы менен токтотуп, калкын кызыл кыргындан сактап калгандыгы санжыраларда айтылып калган. Акыры 19-кылымдын башында Олуя-Атанын четинде казактар менен жер талаштан чыккан чоң апаатта сан жагынан көптүк кылган казактарга каршы согушуп жатып найза жеп шейит болот. Алчикен каза болгондон кийин Таластын төмөн жагынан Ак-Дөбөгө чейинки журтту алгач анын уулу Байсейит, андан кийин Шаабото уулу Барак башкарып, кийин бийлик Саза баатырга өтөт.
1770-1821-жылдарда Кокон бийлигинин башкарган Нарбото, Алим, Омор хандардын түндүк кыргыздардын жерлерин басып алуу саясаты канчалык катуу, канчалык күчтүү болсо да Кетмен-Төбө менен Олуя-Ата, Таласка кире алышкан эмес. Себеби, бул өрөөндөрдү алса эле Кокон ордосунун чеги Чүй, Ысык-Көл, Нарынга чейин узармак да, бийлиги артмак. Мына ошол элүү жыл аралыгында, Кокон ордосу күчүнө кирип Букар эмирчилиги менен таймашып, туруктуу миңдеген аскери болсо да кыргыз жерине, чегине бир канча жолу жасаган жортуулдары ишке ашпай, мизи кайтарылып турган. Ошондогу кыргыздын бирдиктүү ордосу болбосо да, уруу башчылары журт башына күн түшкөндө намыска келишип биригишип, сырт душмандардын тумшугун жерине, чегине жолотпой, Кокон ордосуна салык-алымдарды төлөп кор болушпай кыргыз эли жарым кылым болсо да эркиндикте жашашкан.
Бирок, аттиң! Ошол доорлордо кыргыз урууларынын өз ара ынтымагы жоктугунан улам толук биримдикке келе алышпай, дагы эле ич ара чагымчылыктан, баёолуктан, кенебестиктен Кокон ордосунун курмандыктарына айланышып, кан чеңгелинде кала беришкен. Натыйжада кыргыздын кыраан эрендеринен болгон Кубат бий, Бүргө баатыр, Сатыкей баатыр, Нүсүп бий, Алымбек датка, Ажыбек датка, Тайлак баатыр, Нурак баатыр жана башка эчендеген шерлерибиз Кокон ордосунун колунан же ордонун ыплас оюнунан набыт болушкан. Учурда айрым тарых иликтөөчүлөр Кокон хандыгын кыргыздар бийлеген деген да ойлорду жазып калышат. Жок! Кокон ордосун эзелтеден өзбектердин миң уруктары бийлеп келишкен. Болгону кыргыздар Кокон ордосунда миңбашылык, увазирликке чейин жетишкен жана ордо саясатына аздыр-көптүр таасир этишкен. Себеби, Эрдена бийден баштап Хаджы бий, Шераалы, Кудаяр хандардын энелери кыргыз болушкан.
Эми Ажыбек Алчикен уулунун өмүр жолуна саресеп салып көрсөк, ал болжол менен 1770-жылдары төрөлүп, эс тартып ээрге мингени өмүрү жалаң Кокон ордосунун жогоруда белгилегендей көп жылдаган чабуулуна каршы күрөштө өтөт. Ал жыйырма жашында журт башы болуп, Таластагы Эчкилүү тоосунун күңгөй-тескейиндеги эл-журтунун бейпил жашоосу үчүн калкын сырт душмандардан коргоп келет. Таластын көкүрөгү менен Меркени жердеген Итим бай уулу Бүргө баатыр менен ынак достошуп, Кокон ордосунун далай жортуулдарынын мизин биргеликте кайтарышат. Бул кыргыздын эки кырааны 700 кол топтоп, Сайрам, Ташкен тараптагы Кокон чептерин да талкалашканы санжыраларда айтылып, "Бүргө баатыр" аттуу көркөм чыгармамда толук баяндалган. Акыры 1821-жылы Кокон хандыгы амал менен Бүргө баатырды мерт кылып, Кетмен-Төбөдөгү Сатыкейге каршы калың кол жөнөтүп жайлайт.
Кийинки жылдары такка жаңы отурган Мадалы хан Лашкар кушбегин жөнөтүп, Олуя-Атанын чегиндеги Таластын этегин күчтүү куралданган 4000 кол менен курчап, Ажыбек баатырга элчи жиберет. Ошол мезгилдеги кыргыз урууларынын бытырандылыгынан улам, биригип душмандарга каршы турууга мүмкүн болбогондуктан жана өз элин бөөдө кыргынга учуратпай сактап калуу максатында айла жок Ажыбек баатыр Кокон ордосуна баш ийет. Ушул процесс Белек Солтоноев жана Сапарбек Закировдун эмгектеринде - "саруу манаптарынын ортосунда чатак чыгып, ыза болуп калган Ажыбек баатыр Ташкендеги Кокондун кушбегинен 500 сарбаз алып келип, Талас өрөөнүн каратып берип, датка атагын алды" деп белгиленген (С.Закиров "Кыргыз санжырасы", - 122-бет).
Бирок, чейрек кылым кокондуктар менен келишпес жоо болуп жүрүп эле ич ара чатактан улам Ташкенге чуркап баргандыгы же элчи жибергендиги негедир Ажыбек баатырдын образына төп келбегендей. Ошентип Кокон ордосу жарым кылымдап, улам жортуулдап олтуруп, акыры Талас менен Кетмен-Төбөнү караткандан кийин гана 1825-30-жылдары Чүй, Ысык-Көл, Нарын тарапка жойлоп кирип, чептерин кура башташат. 1830-жылдары Ажыбек баатыр Мадалы хандын колунан датка наамын алат. Ушундан кийин Ажыбек датканын өмүр таржымалы карама-каршылыктуу, ордо оюндарынын ыплас турмушуна туш келип жүрүп олтурат. Бир жагынан ордо кызматы, бир жагынан өз элинин бейпил турмушу, тынчтыгы түйшөлтөт.
Кокон хандыгынын алык-салыктарынын эсебин таап, элиндеги карып-жакырларга мал берип, аштыгына кам көрөт. Ошондуктан жалаң Талас өрөөнү эмес башка чөлкөмдөрдөн да арып-ачкандар Ажыбек датканын тегерегине барып жашай башташат. "Алтын бешик тукуму Хаджы бийдин уулу Шераалы Кокон ордосунун куугунтугу менен Чаткалда энеси Умсунай менен качып-бозуп жүргөндө жакын таякеси Ажыбек Жанболот бий менен барышып, 1808-жылы Таласка көчүрүп келишип, Эчкилүүдөгү Нылдынын сайынан жер берип, ал жерге Шераалы күрүч эгип, ал жер кийин түшүмдүү болуп "Шалпая" аталган. Кийин Шераалыны Наманган шаарынын акими саруу Токтоназар бийдин кызы Жаркынайымга үйлөндүрүшкөн. Болочок хан Кудаяр да ушул Таласта төрөлүп, Ажыбек датканын уулу Нурак менен коюндашып өсүшөт. Бир кездердеги Ташкендеги Көкүмхандын урпагы багыш Сарымсак баатыр да Ажыбек менен ымалалаш болуп, Кара-Буурага келип жайгашып, кийин датка болгон. Чүйдөгү сарбагыштардан айтылуу Балыкооз манасчы да тагдырдын ызгаарынан корголоп Ажыбек датканын айылында бир топ жыл жүргөн. 1830-жылдары кайра Чүйгө Байтикке ырчы болуп кетип баратып:
Кызыл-Адыр, Эчкилүү,
Кыркаң менен аман бол.
Суу сурасам бал берген,
Суусар энем аман бол.
Ат сурасам төө берген,
Ажыбек атам аман бол, - деп ырдаган экен.
Кадимки Байтик баатыр өспүрүм кезинде өтө тентек чыккандыктан жана Канайдын мурунку аялдарынын балдарынан запкы жеп калбасын деп Таластагы тагаларына жер оодартышкан. Бирок, Байтик жөнсүз тагаларында тура албай Ажыбектин колунда таалим алып, Нурак менен бир чоңоёт. Ажыбек баатырдын жалындаган жаш кези Кокон ордосуна каршы чабыштарда жаны кылыч мизинде, найза учунда өтсө, датка наамын алып Кокон бийлигине аралашып улгайганда зирек акылы менен элине тирек болуп, калкына калканч болуп ошол доордогу далай маселелерди чечкен.
Кокон хандыгы Чүй жакты калың кол менен каптап, солто менен сарбагышты Кокон бийлигин кабыл алууга мажбурлайт. Солтодон Канай баатыр каршы чыгат. Кокон хандыгы Канайды туткунга алып Олуя-Атадагы зынданга салат. Чүй, Ысык-Көл, Нарындын журт башчылары Таштанбек, Ниязбек, Абайылда, Чынгыш, Боку, Медет, Тайлак, Боронбай "Коконго карайлыбы же каршы согушка чыгабызбы" деп Чүйгө Канайдын агасы Эшкожонун ак өргөөсүнө жыйынга чогулушат. Мына ошол тапта Канай туткундан бошонуп келип калат. Себеби Ажыбек датка Ташкендин кушбегине барып, тең ата сүйлөшүүлөрдөн улам Канайды бошоттуруп алган. Ошентип солто, сарбагыш, бугу Кокон хандыгына баш ийбестен Илеге бүт көчүп кетишет. Арадан үч жыл өткөндөн кийин Ажыбек "эзелки ата-журтуңарды таштап сарттарга тебелетпей, өз ата-конушуңарга келгиле", - деп сүйлөшүп олтуруп, казак төрөсү жана Ташкендин кушбеги менен барып, өзү кепил болуп көчүртүп келгендиги тарыхта жазылып калган.
Бул тарыхый мезгил "Алымбектин санжырасында" (80-бет) да кенен баяндалган. Китепте Ажыбек датканын түндүк кыргыздарды Иледен кайра Ысык-Көл, Чүйгө көчүртүп келүүсү Кудаяр хан менен сүйлөшүүлөрдөн улам чечилгендиги жазылган. Бирок, бул окуя Мадалы хандын мезгилинде болгон, Кудаяр хан 1844-жылы бийликке келген. Ал эми Ажыбек датка Шераалы хандын убагында 1843-жылы Кокон ордосу тарабынан Олуя-Атада даргага асылган. Ошондой эле Качкынбай Осмоналиевдин "Көчмөндөр кагылышы" романында Ормон хан Кененсары-Норузбайларга калың кол менен каршы аттанаарда (1847-ж.) "Ажыбек агам болсо, Балбай балам болсо" - деп 70-80 жашка чыгып, мурда эле кайтыш болуп кеткен таластык саруу Ажыбекти кол башчы кылып койгон жери бар.
Болжолу автор черик Ажыбек баатырды саруу Ажыбекке алмаштырып алгандай. Ал эми тарыхчы Б.Солтоноев Ажыбек датка 1832-жылы өлгөн деп белгилептир. Ажыбек датка жөнүндө алгач даректүү эмгек жараткан, датканын урпагы Алымкул Оморовдун иликтөөлөрүнүн негизинде Ажыбек Алчикен уулунун өлгөн жылы 1843-жылы деп көрсөтүлгөнү чындыкка жакын.
Эми Ажыбек датканын Кокон хандыгы тарабынан набыт болуу себебине кайрылсак. Өзүнүн хан болуусуна чоң көмөк көрсөткөн Нүсүп бий менен Сейдаалы бекке Шераалынын кайра жасаган кыянатчылыгына, дегеле Кокон ордосунун алым-салыктарынын улам өсүүсүнө, карапайым калкка жасаган зордук-зомбулуктарына нааразы болгон Ажыбек хан ордого акаарат көрсөтүп, кечээ эле кол астында жүргөн Шераалыга наалат айта баштайт. Хандын жиберген каттарына жооп бербей, алардын элчилерин кабыл албай коёт. Хан ордонун чакыруусуна барбай, уулдары Нурак менен Кудаярды бийлерге кошуп жөнөтөт. Анан ортодо баягы эле кыргыздын тууган ичиндеги көрө албастык, бийлик талашуу, чагымчылык күч алып, натыйжада хан ордо тарабынан алгач Нурак менен Кудаярды өлтүрүүгө буйрук болот. Нурак менен Кудаяр ордодон качып кутулушат. Кийин Олуя-Ата беги Аккулуга Ажыбек датканы даргага асуу үчүн жашыруун буйрук берилет. Көп өтпөй бул буйрук Олуя-Атада аткарылган. Кокон бийлиги бул осол кылмышын акташ үчүн Ажыбек датканын уулу Нуракты датка кылууга аргасыз болот. Нурактан кийин анын уулу Кыдыраалы датка болгон. Бирок Кокон хандыгы тарабынан Ажыбек даткадан кийин анын уулдары Нурак даргага асылып, Кудаяр да ууландырылып набыт болушкан. Тарыхта Нурак датканын эрдиги көп айтылат. Ч.Валиханов "19-кылымдын орто ченинде Таласта кушчу элин Калча (Бүргө уулу), саруу элин Нурак, кытай элин Сарыбаш башкарып турушкан", - деп жазган экен (2-том, 89-бет).
Айтылуу казалчы Молдо Кылыч:
Таластын баатыр эли бар,
Жоокери карап жүрбөгөн.
Кыргызды душман чапканда,
Аттанып каршы дүрбөгөн.
Кыргыздын таяныч, тиреги,
Ажыбек датка, Бүргөлөр, - деп жазган.
Ажыбек датка жөнүндө 1929-жылы Масалбек Кыдыраалы уулу репрессияланып түрмөдө жатып чоң дастан жазган экен, бүгүнкү күнгө чейин анын айрым гана саптары жеткен. Кыскасы, Ажыбек датканын небереси Кыдыраалы датканын ашында ырчылар ырдап, эл оозунда калгандай:
Алчикен, алакчын деген эл эле,
Ажыбек Мадалы ханга тең эле.
Нурак эр өлтүрүп кан төккөн,
Таза туйгун шер эле.
Кыдыраалы чоң болуш,
Карадан туулган хан эле.
Жалпы саруу ичинде,
Алтын казык мамы эле!
Ажыбек баатыр жаш кезинде кадимки анжияндык падыша аталган кушчу Кубат бийдин карындашына үйлөнгөн. Кубат бийдин карындашы Ак Суусар, Таластын Бакайыр жайлоосунан Ажыбек баатырга жолугуп:
Атамдын аты Калыча,
Агамдын атын сурасаң,
Хан Кубатбек падыша.
Анжияндан биз келдик,
Ал жакта болуп каргаша.
Хан Кубатбек агама,
Хандык кылган жеринде.
Хан Кубатбек өлгөн соң,
Кокондон коркуп акыры,
Качып келдик бул жерге! - деп таанышып, кийин экөө баш кошушуп, Нурак, Кудаяр, Бактияр, аттуу уулдар төрөлгөн.
Учурда баш көргөндү көз көрбөгөн башаламан заманда ар ким өз аталарын, өз урууларын көтөрө чала мактап, эки кишинин бири эле тарыхчы, анан жазуучу болуп кеткендей сыяктанып калды. Арийне, мунун баары мезгилдин өтүшү менен ылганат. Замандын торко элегинен өтпөй, топ-тобу менен топон-самандай ыргып кетээр "эмгектер" болоору да турган нерсе. Бул жерден мен тарыхый инсан Ажыбек датканын өмүр таржымалына байланышкан, кийинки мезгилдерде басма сөз беттерине чыга калып жүргөн айрым материалдарга токтолуп өтүүгө туура келип турат.
2004-жылдагы 8-9, 15-17-июндагы "Кыргыз Туусу" гезитине тарыхчы Алмазбек Абасбековдун "Асперди Ажыбек датка" аттуу макалалары жарык көргөн. Макалада Саруу уруусундагы Баркы уругунан чыккан Асперди Чот уулунун (1780-1852) кыргыздардан биринчи жолу даткан наамын алгандыгы, Кокон хандыгында таасирдүү орун ээлегендиги, Кедейбай датканын катын алып келген Нүсүп бий аркылуу Асперди датка Шераалыны Нылдыда хан көтөрүп, өзүнүн кол башчысы Сейдаалы бекке 4000 аскер топтоп берип, Нүсүптү жол башчылыкка дайындап Ферганага жөнөткөнү баяндалат. Асперди датканын Чоң-Капкада чоң коргону болгондугу да макалада көрсөтүлгөн.
Тарыхта Чоң-Капкадагы үч коргонду Ажыбек менен Нурак салдырган деп келгенбиз. Бул макаланы окугандар алгач Ажыбек Алчикен уулу менен Асперди Чот уулу бир эле инсан экен деп да ойлошу мүмкүн. Себеби Аспердинин өмүр таржымалы Ажыбектин өмүрүнө куп окшош болуп жатат. Анан да макаланын темасы да "Асперди Ажыбек датка". Бирок Асперди Алчикен уулу эмес, Чот уулу болуп жатпайбы. Анда Ажыбек Алчикен уулунун тарыхтагы ордун каякка алып барып коёбуз? Автор эмне максат менен Аспердиге Ажыбек датканы улап жабыштырып, тема койгону белгисиз же Алчикен уулу Ажыбек деген бир сөз жок.
Бул макала боюнча "Биздин бабабыздын тарыхтагы образы Аспердиге ыйгарылып калды" - деп же Ажыбектин урпактары үн катышкан жок. Тарыхчы окумуштуу К.Молдокасымовдун бул макаланы колдогондой макаласын "Эркин Тоодон" окуп, андагы Шераалынын аялы Жаркынайым кушчу Бүргө баатырдын кызы болгон дегендерге каршы пикиримди айтып жолуксам, макала А.Абасбеков берген материалдын негизинде жазылган деп койду. Туура, Аспердинин чоң атасынын аты да Бүргө болуптур деп коёлу. Бирок, мен сыйлаган адис окумуштуулар кечээги санжыра-тарыхтан жаңылбаш керек эле.
Эми Асперди менен Ажыбек экөө бир инсанбы же экөө эки бөлөк инсанбы деген суроо чыгат. Бул суроолорго жооптуу гезит беттерине окумуштуулар Омор Сооронов, Жээнбек Алымбаев, Аксыдан журналист Абдымомун Калбаев бериптир. О.Сооронов Асперди Чот уулунун датка болгонун илимий булактардан учурата албагандыгын жазса, калган окумуштуулар тарыхта Ажыбек Алчикен уулунун датка болгондугун, кыргыз тарыхында чоң орду бар инсан экендигин мурда эле жазышып, Кыргыз улуттук энциклопедиясына (137-бет) киргендигин белгилеп коёлу. Ал эми Чот уулу Аспердинин тарыхтагы ордун дагы терең изилдеп таап чыксак, кыргыздын көөнө тарых бүктөмүндө калган дагы бир инсандын орду толуктала бермекчи. Ал үчүн А.Абасбековго чоң чыгармачылык изденүүлөрдү жана ийгиликтерди каалайм.
Эскере кетчү бир жагдай - 1998-жылы Талас шаарындагы бульварга Ажыбек датканын бюсту орнотулуп, кийин 2000-жылдары сейил бакка Баатырлар аллеясына бардык тарыхый инсандардын айкелдери көчүрүлүп орнотулуп, бир гана Ажыбек датканын, Алымкул Үсөнбаевдин, Атай Огонбаевдин айкелдери кайра орнотулбай, шаардык коммуналдык чарбанын кампасында жатат. Алымбек, Курманжан даткалардай эле кыргыз үчүн өтөлгөлүү өмүр кечирген Ажыбек даткага да Чоң-Капканын оозунабы же башка ылайыктуу жерге зор айкел орнотуу бүгүнкү урпактардын ыйык милдети!
Кушан ИСАН, жазуучу