"Кыргыз туусу", 06.12.11
  Курулуштун кербези

Ош жана Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү жана өнүктүрүү боюнча Мамлекеттик директорлуктун башкы директорунун орун басары Каданбай Бактыгулов менен маек

"Вазийпабыз - жаратмандык жана данакерлик"
- Каданбай Бактыгулович, былтыр дал ушул убакта өлкө түштүгүндө болуп өткөн каргашалуу окуялардан жабыркаган адамдарга жардам берип, кыш башталганга чейин үй-жайлары өрттөнүп кеткен бүлөлөр баш-паанек кылчу убактылуу үйлөрдү куруу иши кызуу жүрүп жатты эле. Ошондо жаңы эле түзүлгөн чоң мекемени уюштуруу иштери менен алек болуп калбай, өлкө тарыхындагы эң оор жана кайгылуу күндөрү кан жутуп турган элдин эң көйгөйлүү маселелерин чечүүгө тездик менен чечкиндүү киришип, Директорлуктун жетекчилиги жана адистери патриоттуулукту жана иш билгиликти көрсөтүшкөнү республика ичинде эле эмес, эл аралык коомчулукта да жогору бааланды. Курулушчулардын жаратман эмгеги өзүнүн апогейине жетип аябагандай курчуп турган коомдук-саясий кырдаалды турукташтырууга бараандуу салым болду жана бири-бирине ызасы кайнап турган элдердин ортосун кайрадан жакындаштырды.
- Улуттар аралык кагылыш кандай гана мамлекет үчүн болбосун эң оор трагедия. Ал эми дини бир, тили жана маданияты тектеш, кылымдар бою бирге жашап келе жатышкан эки бир тууган элдин ортосундагы кагылыштын журтка тийгизген капсалаңы өтө оор жана кайгылуу болду. Ушундай оор шартта мамлекеттик дең-
гээлде биздин Мамдиректорлукту түзүү чечиминин кабыл алынышы жана анын жетекчилигине дасыккан жетекчи, тажрыйбалуу чарбакер жана калк арасында аброю бийик инсандардын бири Жантөрө Сатыбалдиевдин дайындалышы көп жагынан иштин илбериңки жүрүп кетишине себеп болду. Биздин тагдырыбызга жаратман эмгек менен элдердин ортосунда данакер болуу вазийпасы туш болду. Анткени Ош коогалаңынын келип чыгышына кийинки ондогон жылдар бою чечилбей келген социалдык проблемалар да чоң себепкер болгону белгилүү. Муну туура баалаган мамлекет жетекчилиги өрттөлүп, талкаланган Ош жана Жалал-Абад шаарларын, ошондой эле жабыр тарткан элдүү конуштарды калыбына келтирүү үчүн тартыштыгына карабай каражатты аяган жок, каргашалуу окуядан жабыр тартышкан кыргызстандыктарга жакындан жардамдашууга донордук коомчулук да түздөн-түз катышты.
Жалпысынан июнь трагедиясы учурунда көптөгөн социалдык-маданий жайлардан тышкары 1800дөн ашуун менчик үйлөр жараксыз болуп калган. Мамдиректорлуктун жетекчилиги башка объектилерди калыбына келтирүү менен бирге жашаарга үйлөрү жок калган үй-бүлөлөр үчүн ар бири 28 жана 42 чарчы метр келген өткөөл турак
жайларды кышкы аяз башталганга чейин куруп бүтүрдүк.
- Өткөөл турак жай дегенди кандай түшүнсө болот?
- Дүйнөлүк практика көрсөткөндөй, Ош окуясына окшогон траге-дияны башынан кечирген өлкөлөрдө үй-жайсыз калган адамдар башпаанектей турган убактылуу үйлөрдү куруп келишкен. Биз болсо, убактылуу үйлөрдүн ордуна кайрадан капиталдуу үйлөрдү курганга каражаттын тартыштыгын эске алып, донорлор менен бирге башка жолду тандадык-июнь окуяларынын учурунда жабыр тарткан жеке үйлөрдү калыбына келтирүү иштерин эки фазада жүргүзүүнү чечтик. Ишти уюштуруунун биз тандаган тактикасын республика жетекчилиги колдоду. Ошондуктан адегенде, окуядан кийинки кыш мезгилине чейинки аз убакытты - болгону 3 ай мөөнөттү эске алып, күйүп кеткен менчик үйлөрдүн ордуна ар биринин аянты бүлөлөрдүн санына жараша 28-42 чарчы метр келген өткөөл үйлөрдү курдук. Анткени ошол кезде биздин алдыбызда биринчи кезекте үй-жайсыз калган элди кышка чейин турак жай менен камсыз кылып, ансыз да кыл учунда турган кырдаалдын кайрадан курчуп кетишине жол бербөө милдети турган. Жеңил-желпи жол менен салынган убактылуу үйлөргө караганда өткөөл турак жайлар пайдубалы бар, кыштан салынган бекем, ыңгайлуу жана жылуу үйлөр. Өткөөл деп аталышынын себеби, бул үйлөр кийинки жылы кеңейтилип, толук кандуу туруктуу үйлөргө айланат дегенди түшүндүрөт.
Дегинкиси, Ош, Жалал-Абад
шаарларында жана Ош жана Жалал-Абад облустарындагы жабыр тарткан элдүү конуштарында талкаланган үйлөрдү калыбына келтирүү Кыргызстандын Өкмөтүнүн жана донорлордун каражаттарына, ошондой эле жабыркашкан жарандардын жигердүү катышуусу алдында жүрүп жатат. Боордош Казакстан, Россия, АКШ жана Япония мамлекеттери жакшы кол кабыш кылышууда. Бардык иштер Бириккен Улуттар Уюмунун тутумуна кирген ПРООН, Качкындар иштери боюнча Жогорку Комиссариатынын Башкармалыгы (КЖКБ), Кызыл Чырым Эл аралык Комитети (КЧЭК), качкындар боюнча Даниялык Кеңеш, ЮСАИД (USAID), АКТЕД (ACTED)
сыяктуу эл аралык уюмдар менен тыгыз байланышта жүрүүдө.
- Мурда-кийин буга окшогон татаал жана өтө жооптуу дол-боорду ишке ашыруу боюнча эл аралык уюмдар менен кызматташуу тажрыйбасынын аздыгы иштин жүрүшүндө кошумча проблемаларды пайда кылган жокпу?
- Албетте, эл аралык уюмдар менен биргелешип иштешүүдө кыйынчылыктар болбой койгон жок. Бирок мурда республикалык деңгээлдеги мамлекеттик кызматтарда жана эл аралык уюмдарда иштеп, көзү каныгып калган жетекчибиз Жантөрө Сатыбалдиевдин, ошондой эле Мамдирекцияга туура тандалып алынган кесипкөй кызматкерлердин аракеттери аркылуу биздин ишкана менен донор коомчулугунун ортосундагы иштиктүү кызматташуу жолго коюлуп, алар менен болгон байланышыбыз бекемделди. Эң башкысы, түштүктү калыбына келтирүүгө, жабыркаган адамдардын көйгөйлүү маселелерин чечип, мүмкүн болушунча алардын тарткан азабын жеңилдетип, бир тууган эки элдин ортосуна данакер болууга келгенде биз бардык эл аралык уюмдар менен көптөгөн жолугушууларды, сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, ар дайым алар менен тил табышып, биргелешип аракеттендик. Ошондуктан ишке былтыркы жылдын сентябрь айында гана киришкенибизге карабастан, кыш ызгаары башталганча бала-чакасы менен ай-талаада калышкан миңдеген адамдардын үстүндө үйү, алдында очогу болушуна жетиштик. Мамдиректорлук жалпы түштүктү калыбына келтирүү боюнча аткарылып жаткан иштердин жана эл аралык уюмдар менен кызматташуунун коомчулук жана донорлор үчүн мүмкүн болушунча ачык-айкын маанайда болушуна жетишип келет.
- Ошондой болсо да, донорлор менен кызматташуу өз ара макулдашылган кандайдыр бир принциптерге таянып жүргүзүлсө керек?...
- Ансыз болбойт да. Адегенде эле биз ким кайсы багытта жана кандай иштерди жасаарын макулдашып алдык. Мисалы, түштүктү калыбына келтирүүгө кете турган чыгымдардын бир бөлүгүн мамлекеттик орган - Мамдирекция, экинчи бөлүгүн-жергиликтүү бийлик жана жабырланган калк, ал эми калганын инвесторлор өз мойнуна алышты. Азыр ушул макулдашып кабыл алынган чечимдин туура болгондугун турмуш көрсөттү.
Түштүктү калыбына келтирүү боюнча иштердин алгачкы фазасынын алкагында 1780 өткөөл үйлөр тургузулду (БУУнун Качкындар менен иштөө Жогорку Комиссарынын Башкармалыгы 1304 үй, Кызыл Чырым Эл аралык Комитети - 367 үй, ЮСАИД- 109 үй). Буга кошумча ЮСАИД июнь окуяларынан жабыркашкан Мады жана Шарк айыл округдарынын жашоочулары үчүн 23, Ноокен районундагы Чек айылынын жашоочулары үчүн 18 үйдү куруп беришти.
Мындан тышкары CRS донор уюмунун колдоосу менен 168 көп балалуу бүлөлөр үчүн кыштан курулган үйлөргө кошумча иретинде бир жана үч бөлмөлүү панель үйлөр курулду. Калыбына келтирилген бардык үй-бүлөлөр кышка карата жылуу кийимдер, төшөнчүлөр, идиш-аяктар жана азык-түлүк сатып алуу үчүн каражаттар, отун менен камсыз болушту.
Калыбына келтирүү иштеринин биринчи фазасын ишке ашырууга БУУнун Качкындардын иштери боюнча Жогорку Комиссарынын Башкармалыгы 12 миллион АКШ долларына чукул, ЮСАИД жана Кызыл Чырым Комитети ар бири 3 миллион АКШ долларын жумшашты. Боордош Казакстандан жалпы суммасы 85 миллион сомдон ашуун каражатка курулуш материалдары гуманитардык жардам иретинде келип түштү.
2010-жылы Кыргыз Республикасынын каржы министрлигинен Мамдиректорлуктун атайын эсебине бардыгы болуп 694 миллион сом түшүп, анын 683 миллиону өздөштүрүлдү. Бул каражаттардын эсебинен 1688 жабырлануучуларга 120 миллион сомдон ашык мамлекеттик жардам көрсөтүлдү. Мисалы, 261 адамдын ар бири 200 миң сом өлчөмүндө пайызы жок жеңилдетилген ссуда алды, ал эми 1427 адамдын ар бирине 50 миң сомдон кайтарымсыз жардам берилди. Социалдык-маданий жайларды калыбына келтирүү жана куруу иштери да көңүл чордонунда. Өткөн жылы буга 59 миллион сомго жакын каражат жумшалды, жолдорду калыбына келтирүүгө кеткен каражат 20 миллион сомдон ашты.
- Мамлекет казынасынан бөлүнгөн каражаттардын көлөмү жана ага бүткөрүлгөн жумуштар жөнүндө эмне айта аласыз?
- Быйылкы жылдын 15-ноябрына карата Кыргыз Республикасынын каржы министрлиги эки жарым миллиард сомдон ашык каражат бөлдү, Мамдиректорлук анын дээрлик 90 пайызына жакынын өздөштүрүүгө
жетишти. Бул каражаттын 1,8 мил-лиардга жакыны көп кабаттуу турак үйлөрдү курганга жумшалды.
Талкаланган менчик үйлөрдүн ордуна курулган өткөөл үйлөрдөн башка Мамдиректорлук түзүлгөндөн бери Ош шаарында, Ош жана Жалал-Абад облустарында 1576 батирлүү 34 көп кабаттуу турак үйлөр курулууда. Алардын үчөө Жалал-Абадда, экөө Базар-Коргондо, экөө Кара-Суу районунда жана жыйырма жетиси Ошто тургузулууда. Айта кетчү нерсе, Кыргызстандын тарыхында биринчи жолу Ош шаарында он алты кабаттуу 126 батирлүү үй курулуп жатат.
Бардыгы болуп, ушул кезге чейин 11 үйдүн курулушу аяктап, 417 үйлөрдө бүгүн жабыркаган бүлөлөр жашап жатышат. Алардын сегизи Ошто, бирөө Жалал-Абадда, экөө Базар-Коргондо жайгашкан. Ушул жылдын аягына чейин дагы 535 батирлүү 13 үй пайдаланууга берилет.
Айта койгонго жеңил болгону менен кыска мезгил ичинде мынчалык көлөмдөгү курулуш иштерин бүткөрүү оңойго турган жок жана бул процесске катышкандардан уюшкандыкты жана көп эмгекти талап кылды. Чынында эгемендүүлүккө ээ болгондон бери Кыргызстанда мындай ири
масштабдагы курулуш болгон эмес.
- Бирок менин билишимче, сиздер турак жайларды куруу менен гана чектелип калган жоксуздар да...
- Ооба. Социалдык-маданий, тарыхый-архитектуралык жана административдик жайларды калыбына келтирүүгө жана курууга 270 миллион сомдон ашкан каражат жумшалды. 2 мектеп курулду. Алардын бири Кара-Суу районунун Таштак айылында (420 орундук), экинчиси 520 окуучуга эсептелип ушул эле райондун Жылкелди айылында жайгашкан. Бул мектептер ЮНИСЕФтин жардамы менен эмеректер жана компьютерлер менен камсыздалууда, ал эми Япония Өкмөтү жаңы курулган мектептердеги спорт залдарын, ашканаларды, химия, физика жана биология бөлмөлөрүн толук жабдууга көмөк берип жатат. Айта кетчү нерсе, Түркия өкмөтүнүн колдоосу алдында ушул күндөрү Ош шаарынын Ак-Тилек кичирайонунда азыркы заманга бап келген Кыргызстандагы биринчи энергонатыйжалуу окуу жайы курулуп жатат. Анын сметалык баасы 230 миллион сомдон ашат. Бул мектепти куруп жаткан "Нуркурулуш" фирмасы азыр экинчи кабаттын каркасын куюп жатат.
Жакында ПРООНдун тынчтык жана өнүгүү Программасынын колдоосу алдында Өзгөн шаарында Достук Үйүн ачканы турабыз. Бул Үйдүн ачылышында достук фестивалы өтөт, элдердин ортосундагы ынтымакты чыңдоого шыктандырган ырлар жаңырып, бий конкурсу, юмор кечеси өтөт.
Жолдорду жана инженердик инфратүзүмдөрдү калыбына келтирүүгө кеткен каражат 165 миллион сомдон ашты. Былтыр декабрь айынын башында Ош окуяларынын учурунда өрттөлгөн Жалал-Абад облустук телерадиокомпаниянын имараты толугу менен калыбына келтирилип, пайдаланууга берилди. Ош шаарындагы Рыспай Абдыкадыров атындагы облустук филармониянын, Бабур атындагы өзбек драма театрынын имараттары капиталдык ремонттон өттү, С.Ибраимов атындагы Ош облустук улуттук драма театрынын капиталдык ремонту аткарылды.
Жабыркаган бүлөлөргө мамлекеттик жардам иретинде быйыл 18 миллиондон ашык сом, 58 үй-бүлөгө 200 миң сомдон пайызы жок ссудаларды берүүгө 10 миллион сомго чукул жумшалды, 165 адам 50 миң сомдон кайтарымсыз жардам алышты.
Ош окуялары учурунда мүлкү талоонго учураган 560 бүлө мамлекеттен 50 миң сомго чейин кайтарымсыз жардам алышты. Бул максатка 27 миллион сомдон ашык каражат сарпталды. Ал эми 2 миңден ашуун ишкерлер субьектилерине берилген жардам 180 миллион сомдон ашты.
- Менчик үйлөрдү калыбына келтирүү иштеринин экинчи фазасында мурда курулган имаратка кошумча имараттарды куруп, пайдалуу аянты 100 чарчы метрге чейинки кадыресе чоң жана кооз үйлөр салынып жатыптыр. Бул иштер качан аяктайт?
- Өткөөл үйлөрдү кеңейтип, аягына чыгаруу боюнча курулуш иштеринин экинчи фазасы негизинен
быйылкы жылдын акырына чейин бүтөт. Бардыгы болуп, 82 миң чарчы метрлик 1628 үй курулат, анын 669у Ош облусунда, 602си Ош шаарында, 357си Жалал-Абад облусунда жайгашкан. Бул максатта Мамдиректорлук менен донорлордун ортосунда келишимдер түзүлгөн, иш кызуу жүрүп жатат. Курулуш иштерине берилүүчү уруксаттама кеч берилишине байланыштуу Ош шаарында айрым үйлөрдүн бүткөрүлүшү эмдиги жылга калышы мүмкүн.
Жалпысынан Мамдиректорлук тарабынан жеке үйлөрдөн сырткары быйылкы жана эмдиги жылы 94 обьектинин курулушу бүткөрүлөт. Суук түшүп, аба-ырайы жаанчыл болуп жатса да мурда белгиленген график бузулбай бардык обьектилерде иш токтогон жок. Жыл аягына чейин пландаштырылган бардык обьектилердин курулушун аяктоо үчүн биз курулушчулардан иштин ыргагын арттырууну талап кылып жатабыз. Ноябрь айынын аягына чейин 125 батирлик 5 көп кабаттуу үйлөрдүн курулушу бүтөт. Ал эми декабрь айында Ош жана Жалал-Абад шаарларында дагы онго чукул беш кабаттуу үйлөр пайдала-нууга берилет.
Курулушчу катары айтсам алдыда турган ушул милдеттердин өтөөсүнө чыга алсак, биздин кесиптеги адамдардын тагдырына туш болгон жаратмандык, данакерлик вазийпабызды аткарган болоор элек. Азыр деле биздин колубуз менен бүтүп, адамдар жашап жаткан үйлөрдү, элдин кызматына жарап жаткан социалдык-маданий обьектилерди көргөндө чоң канааттануу алам. Мамдирекция аркылуу аткарылып жаткан жумуштар сөзсүз түрдө улут аралык ынтымакка өз салымын кошот деп ишенем. Жакында статистика органдары кийинки кезде Ош облусунда демографиялык кырдаал жакшыра баштаганы жөнүндө маалымат таркатышты. Баарынан да быйыл жаңы төрөлгөн наристелер көбөйүп, чарчап калган балдардын, төрөт
маалында көз жумган энелердин саны кескин азайып, калктын саны өсө баштаптыр. Мына ушул жакшылыктын жаралышында курулушчулардын да кандайдыр бир деңгээлде салымы бар экендигинде шек жок.
Маектешкен
Мелис АЙДАРКУЛОВ