"Кыргыз туусу", 06.12.11
 "Мыкты район" сынагына

Өнөр жайы өнүксө, экономикасы мындан да өйдөлөмөк
Кеңирсиген кең Таластын батыш тарабында боордош Казакстан менен чектешкен Кара-Буура району орун алган. Илгери Союз мезгилинде советтик, мамлекеттик ишмер И.Кировдун наамын алып жүрчү. Азыркы аймагын нечен кылымдар мекендеп келишкен Кара-Буура элинен кыргыз тарыхында орчундуу ээлеген орду бар, ар кайсы доордо жашап өтүшкөн белгилүү инсандар Каработо хан, Асберди ажы, Ажыбек жана Сарымсак даткалар, Молдо Асан, Нурманбет жана Иманбек болуштар, төкмө акындардын үлгүсү болгон Жеңижок чыккан. Ошол чөлкөмдү мыкты чыгармалары менен дүйнөгө тааныткан, кыргыз гана эмес, жалпы түрк элдеринин чыгаан жазуучусу Чыңгыз Айтматов да ушул райондун кулуну. Ушул аймактан илим менен маданиятта, искусстводо, саясатта жалпы журтка таанымал инсандарын иликтеп көрсөк, тизмеси кагаз бетине түтчүдөй эмес. Азыркы бийликтин бир бутагын кармагандар Ө.Бабанов, Р.Казакбаев да ушул аймактын абасын жутуп, суусун ичип чоңоюшкан. Ушул райондун энциклопедия үлгүсүндө жазылган "Кара-Бууралыктар баянын" барактап көрүп, биз билбеген көп кызыктуу маалыматтарга күбө болдук. Учуру келгенде дагы бир жолу кененирээк кайрылабыз деген ойдобуз. Бүгүн Кара-Буура районунун ушул жылы социалдык-экономикалык программасына ылайык жалпы мекеме-ишканаларынын, айыл чарба кооперативдеринин дыйкан-фермерлердин аткарган иш-аракеттерине, чечилбей жаткан көйгөйлүү маселелерине кененирээк токтолмокчубуз.

Айыл чарбасына басым жасалат
Кара-Буура районунда күжүлдөп күнү-түнү иштеп, продукция өндүргөн ири өнөр жай ишканалары жокко эсе. Социалдык-экономикалык өнүгүү көрсөткүчтөрү негизинен айыл чарба тармагына тыгыз байланышкан. Алсак, ушул жылдын тогуз айында жалпы айыл чарба тармагында 450 миллион сомдук продукция өндүрүлгөн.
Райондун статистика башкармалыгынын маалыматтарына таянсак, натуралай эсептегенде 3,5 миң тонна эт, 10 миң тонна сүт, 450 тонна жүн, 4,5 млн. даана жумуртка өндүрүлгөн. Ал эми дыйканчылык боюнча көрсөткүчтөргө токтолсок, картошканын дүң жыйымы 51 миң тоннаны, төө буурчактыкы 37 миң тоннаны, буудайдыкы 90 миң тоннаны, жашылчаныкы 8 миң тоннаны түзгөн. Калкы элүү сегиз миңден ашыгыраак бул район үчүн жогоруда биз келтирген көрсөткүчтр мыйзам ченемдүү, тургундар өзүлөрүн азык-түлүк менен толук камсыз кылышкан, сыртка сатууга да жетет.
Талас өрөөнү кийинки он жылда төө буурчактын мекенине айланганы жашыруун эмес. Жылдан жылга бул өсүмдүккө маани берилип, ал ээлеген аянттардын саны көбөйүүдө. Ушундан улам айыл чарба продукцияларын жеринде кайра иштетүүчү ири ишканаларды куруу маселеси келип чыгат.

Төө буурчак даяр түрүндө экспорттолсо
Жогоруда биз келтирген маалыматта район боюнча 31,7 миң тонна төө буурчак жыйналганын айттык. Жалпы Талас облусунда облустук мамлекеттик администрациясынын маалыматы боюнча 73,2 миң тонна төө буурчак өндүрүлгөн. Айыл чарбасына жарактуу 103 миң гектар айдоо жерлеринин 43,7 миң гектары төө буурчак айдоо үчүн пайдаланылат. Жалпы жыйналган түшүмдүн көлөмү өткөн 2010-жылга караганда 2 миң тоннага көп жыйналган.
Азыр жыйналган түшүмдүн 70 пайызын түрк ишкерлери, 30 пайызына жакынын Россия, Казакстан, Балкан өлкөлөрү (21 мамлекет) облустагы өкүлчүлүктөрү аркылуу буурчактын тазаланбаганын килограммын 34-35 сомдон, тазаланганын килограммын 37 сомго чейин алып жатат. Демек, таластык дыйкандардын продукциясынын сапаты, аш болумдуулугу, дүйнөнүн көптөгөн өлкөлөрүнө таанымал болуп, кардарлардын катары өскөн. Эгерде Өкмөт тарабынан олуттуу маани берилип, Талас облусуна төө буурчакты кайра иштетүүчү завод курулуп, даяр продукциялар чыгарыла баштаса алуучу кардарлар четтен чыгаарына ишеним бар. Адистердин алдын-ала эсептөөлөрү боюнча төө буурчак иштетүүчү заводду өзүбүз курсак 10 млн. АКШ доллары керектелет. Даяр сырьедон иштетилген продукция чет өлкөлөргө экспорттолсо кетирген чыгымын кыска убакытта кайрып алууга шарт жетиштүү.
Талас шаарына индиялык ин-весторлор курган картошка иштетүүчү завод продукция жасап чыгарууга толук даяр. Кубаттуулугу суткасына 20 тонна картошка иштетүүгө ылайыкталган завод жакын арада дыйкандардан продукция сатып ала баштайт.
Эгерде төө буурчак иштетилип, даяр продукция түрүндө сатыкка чыга баштаса ага кардарлар өзүбүздүн республикадан эле табылаарына күмөнүбүз жок. Коргоо, ички иштер, өзгөчө кырдаалдар министрликтеринин аскер бөлүктөрүн витаминдүү азык менен камсыз кылууга мүмкүнчүлүктөр ачылмак деген ойдобуз.

Чек ара кендирди кесүүдө
Өткөн тогуз айда Кара-Буура району боюнча 53,4 млн. сомдук өнөр жай продукциялары өндүрүлгөн. Буга негизинен айыл аймактарындагы жеке ишкерлердин ишмердигинен жетишилди. Райондогу төрт ыш заводу, башка кичи цехтери өндүргөн продукцияларын коңшу Казакстанга чыгарууга мүмкүнчүлүктөрү чектелүү болгондуктан, сатуунун көлөмү кыйла азайган.
Продукция сатылбагандан кийин өсүштүн көлөмүн арбытуу мүмкүн эмес экендиги жашыруун эмес, Казакстан эт, сүт, жумуртка экспорттоого чектөөлөрдү койгондон кийин Таластык дыйкандардын киреше табуу булактарынын бири толук соолуду деп ачык эле айтууга болот. Ушундан улам азыр мамлекеттик деңгээлде көтөрүлүп жаткан бажы биримдигине кирүү маселеси чечилсе, коңшу өлкөгө эркин кирип, өстүргөн түшүмүн, чыгарган продукциясын тоскоолдуксуз са-тууга жол ачылат деп карапайым эл өкмөткө ишеним артып турушкан учурлары.
Кара-Буура районунун аймагында жашылчанын, жер-жемиштердин бардык түрү өсүш берет, түшүмдүүлүгү да жогору. Капчыктуу инвестор табылса консерва заводун куруп, көптөгөн түрдөгү джемдерди, икраларды, ширелерди, томаттарды чыгарууга болот. Башка багыттагы цехтерди да куруп, аймактагы жумушсуздук, бюджетти салык төлөмдөрү менен толтуруу маселелери өзүнөн өзү чечилмек.

Асыл-тукум малдарды көбөйтүү да маанилүү
Кийинки учурларда малдын асылдуулугун арттыруу маселеси жогорку деңгээлде көп көтөрүлө баштады. Биринчи вице-премьер- министр Өмүрбек Бабанов ар бир облуста тажрыйба иретинде бирден асыл-тукум заводдорду түзүү тапшырмасын тиешелүү тармактык министрликтерге, агенттиктерге берди.
Кара-Буура районунда айыл чарба тармагында алектенген 10456 дыйкан-фермердик 15 асыл тукум мал өстүрүү, 10 үрөнчүлүк чарбалары бар. Район өзүнүн дыйкандарын үрөн менен толук камсыз кылууга кудурети жетет. Жоон-Төбөдөгү кой өстүрүүчү асыл- тукум чарбасы жок болуп бараткан меринос тукумундагы койдун санын көбөйтүп, козуларын башка тараптарга сатууга мүмкүнчүлүгү чектелүү болсо да азырынча бар. Асыл тукум уйлардын, жылкылардын тукумун көбөйтүүгө райондун фермерлеринин шарты бар. Бул багытта мамлекеттик деңгээлде натыйжалуу чечимдер кабыл алынып, аны ишке ашыруунун ийкем жолдору такталышы зарыл. Бул асыл тукум чарбалардан малдын тукумун башка аймактарга жайылтуу менен майдаланып бараткан кой, уй, жылкынын сапатын жакшыртууга болот.
Райондо кийинки үч жылда тургундардын колунда малдын санынын өсүп баратканы даана байкалат. Айыл өкмөттөрүнүн маалыматы боюнча учурда он алты миңге жакын бодо, жүз кырк миңдей кой-эчки, алты миңдей жылкы катталган. Ар бир жашоочуга бөлгөндө райондо малдын саны башка аймактарга салыштырмалуу жогору. Мал чарба азыктарын кайра иштетүүчү цехтерди куруу маселеси да райондо курч тураарын кошумчалай кетели.
Инвестиция тартуу да - көңүл борборунда
Райондун бюджетинин киреше бөлүгүнө өткөн тогуз айда 32,7 млн. сом түшүрүлгөн. Бул республикадагы айрым айыл өкмөттөрүнүн чогулткан каражатынан аз. Демек райондун мамлекеттик администрациясы, айыл өкмөттөрү республиканын каржы министрлигинен, эл аралык донор институттардан каражат тартууга мажбур.
Ушул мезгилге карата сырттан тартылган инвестициялардын көлөмдүүсү 13 млн. сомду түзүп, ал Сарымсак каналын оң-доого багытталган. Айыл өкмөттөрүнүн арасынан Көк-Сай айыл өкмөтү айылдардагы социалдык-маданий мекемелерди оңдоого, курууга тарткан инвестицияларынын арбындыгы менен кескин айырмаланып турат. АРИСтин долбоорлору менен Суулуу-Маймак, Чоң-Кара-
Буура, Көк-Сай айылдарында спорт залдары курулуп, ички инвестициялар аркылуу "Агротехсервис" акционердик коомунун базасында "Ак Ордо" базары кайра оңдолуп пайдаланууга берилген.
Дагы бир кубанычтуу жагдай - Кызыл-Адыр айылындагы "Семетей" кинотеатрынын жанында залкар жазуучубуз Чыңгыз Айтматовдун эстелиги курулуп, аяктоо алдында турат. Айылдын башкы көчөсүнө жазуучунун ысымы берилет.
Райондун 9 айдын жыйынтыктары боюнча маалыматтарында билим берүү, саламаттыкты сактоо, маданият, спортко байланышкан көптөгөн иш-чаралардын аткарылганы белгиленген.
Сугат каналдары оңдоого муктаж
Кара-Буура райондук мамлекеттик администрациясынын башчысынын милдетин аткаруучу Төлөгөн Наралиевдин айтымын-да, райондо чечүүгө муктаж көйгөйлөр жалаң эле кайра иштетүүчү ишканаларды куруу менен чектелбейт. Кызыл-Адыр айылында саркынды сууларды тазалоочу каналдарды оңдоо, айылга жаратылыш газын киргизүү, суу жетпей пайдаланууга мүмкүн болбогон айдоо аянттарды "Сарымсак", "Саркул", "Бакты", "Ногой" каналдарын оңдоо аркылуу суу менен камсыз кылууну чечүү маселелери абдан курч турат. Бул долбоорлор, албетте, көп каражаттарды талап кылгандыктан республиканын деңгээлинде чечүү зарыл деп эсептейт.
"Эң башкысы республикабыз саясий жактан турукташып, элдин тынч жашап-эмгектенүүсүнө кенен шарт түзүлдү. Эми жалпыбыз менен туңгуюк абалдан чыгуунун аракетин көрүшүбүз керек",- дейт Төлөгөн Наралиев. Кошулбаска арга жок.
Турусбек СОЛТОБАЕВ,
"Кыргыз Туусу"