"Кыргыз туусу", 06.12.11
 "Мыкты айыл өкмөтү" конкурсуна

Чектеги чеке жылыткан иштер
Жалпы маалымат
Араван районундагы Төбө-Коргон айыл округу Өзбекстандын Анжиан облусунун Мархамат жана Булак-Башы райондору менен чектешет. Айыл округдун жалпы аянты -
11 216 гектар. 4245 түтүндүү аймакта жашаган элдин саны - 19 250 адам. Калкка
1 аймактык оорукана, 1 үй-бүлө-лүк дарыгерлер тобу, 4 ФАП,
1 клуб, 2 китепкана, 3 стадион,
10 мончо (коомдук жана менчик),
6 чачтарачкана,
2 кафе, 2 ашкана, 91 дүкөн кызмат көрсөтөт.

Айыл чарбасы -алдыңкы тармак
Араван районундагы Төбө-Коргон айыл аймагындагы айыл чарбасына жарактуу жер - 4861 гектар. Айыл округдун дыйкандары 2011-жылга карата пахта, кылкандуу дан эгиндерин, май өсүмдүктөрүн, жүгөрүнү, картошка жана жашылча эгишти. Кандай айыл чарба өсүмдүгү болбосун, анын түшүмү сугат сууга байланыштуу эмеспи. Ошондуктан бизде бул тармакка да олуттуу маани берилет. Айыл башчыларынын жана "Мовий-Дарья" сууну пайдалануучулардын ассоциациясынын аракети менен февраль, март айларында кол күчү менен 17500, техниканын жардамы менен 3200 метр арык-каналдар тазаланды. Сугат тармагы үчүн жергиликтүү бюдеттен 864 000 сом каражат сарпталды. Мындай иш-аракеттин натыйжасында быйылкы жыл кургакчыл келгендигине карабастан "Мовий-Дарья" СПАсы 1622,73 гектар жерди суу менен камсыздоого жетишти.
Мал чарбачылыгы элет адамдарынын жашоо турмушун жогорула-
туучу кошумча киреше болгондуктан бул тармакка да маани берилип жатат. Бизде мал багууга жер тартыш, малдын баары жайлоого чыгарылат, ошондуктан кийинки жылдарда жалпы аянты 4442 гектарды түзгөн Кошчан, Кичи-Алай, Күндөлүк жайлоолорун, Алмалык жайытын натыйжалуу пайдаланууга маани бериле баштады. АРИС программасынын жана элдин жардамы менен Кошчан жайлоосуна чыгуучу жолдорду жана суу жеп кеткен Кара-Булак көпүрөсү кайрадан оңдолду. Жакынкы Алмалык жайытынын жолун сел жеп кеткендиктен, жайыт комитети менен макулдашып, АРИС программасынын жардамы менен анын бир топ бөлүгү оңдолду.
Айыл аймакта түзүлгөн фермерлер бирикмеси (жетекчиси М.Саткулов) ушул программанын колдоосу менен көп жумуртка бере турган "Коррал" тукумундагы 288 баш тоок алып келип, анын санын көбөйтүү аракетин көрүп жатышат. Мындан тышкары бирикменин мүчөлөрүнүн арасында дарылыкка колдонулуучу ромашка гүлүн өстүрүү боюнча атайын окуу өткөрүлдү. Быйыл "Төбө-Коргон биримдиги" пахта тазалоочу заводу капиталдык ремонттон өткөрүлүп, ал азыркы учурда дыйкандардын жыйнап алган пахтасын кабыл алып жатат.

Салык топтолсо киреше көбөйөт
Айыл аймагынын бюджети салыктан куралат эмеспи. Ошондуктан анын жыйынтыгы социалдык маселелерди ирети менен чечүүгө өбөлгө болот. Салык топтоону кийинкиге калтырбай, аны өз убагында алып барсаң, жылды ойдогудой
жыйынтыктай тургандыгын жакшы түшүнгөн айыл башчылары бул маселеге олуттуу маани берип келишүүдө. Мактангандык эмес, салык топтоо башка айыл округдарына салыштырмалуу бизде жогору. Анын көлөмү да жылдан-жылга жогорулап жатат. Алдын-ала болжолдоолорго ылайык жылдык планды ашыгы менен аткарабыз.

Социалдык маселелер
Айыл округунун жетекчилери, адистери жана сегиз айылдын айыл башчылары депутаттар жана демилгелүү топтор менен бирдикте социалдык проблемаларды чогуу чечсе, аткарылчу иш ачык-айкын болот эмеспи. Бизде жылдык бюджетти бекитүү алдында айыл аймагындагы чечүүнү талап кылган маселелер талкууга коюлуп, анын эң көйгөйлүүсү тандалып алынат. Аймактагы Кесов, Чертик, Арап жана Уйгур-Абад айылдарынын тургундары электр жарыгынан өтө кыйналып келген. Бул көйгөйдү быйыл толугу менен чечүүгө жетиштик. Атап айтканда, быйылкы жылы АРИС программасынын жардамы жана айылдык округдун салымы менен жалпы баасы 1 418 914 сомдук долбоордун негизинде 48 трансформаторду экиге бөлүп тейлей турган кошумча жабдуу курулду. Муну менен Төбө-Коргон ПСнын трансформаторун чыңалуусун азайтууга жана анын узак мөөнөткө иштөөсүнө шарт түзүлдү. Анын натыйжасында жогорку төрт айылдын жаңы конуштарына жалпы суммасы 170 000 сомду түзгөн 3325 метрине электр мамычаларды орнотуп, зым тартууга мүмкүнчүлүк түзүлдү. Ошондой эле электр жарыгынын өчүп калуулары токтоп, айылдык округдун аймагында жашоочулардын жана ишкерлердин муктаждыгы чечилди.
Уйгур-Абад айылындагы "Кыргызстан" орто мектебинин чатыры эскиргендиктен, бир топ класстык бөлмөлөргө суу өтүп жаткандыгы жүрөгүбүздү өйүп келген болчу. Бул багытта жазган долбоорубуз бир нече жылдан бери өтпөй жаткандыктан, бул ишти айыл округу өзүнүн каражаты менен бүткөрүүнү колго алды. Ага ар кайсы киреше булактарын тартып чатырдын үстүн шифер менен жабууга жетиштик.

Бул жерде баса белгилеп өтүүчү нерсе, биздин аймакта мектепке
чейинки мекемелерди ачууга көңүл бурулуп жатат. Кийинки эки жылдын ичинде Жаңы-Абад айылында "Байчечекей", Беш-Кабырга айылында "Достук", Чертик айылында "Келечек" балдар бакчалары ачылды. Жалпысынан алганда анда 150 бала тарбияланып жатат.
Ачыгын айтканда ага кызыккан ата-энелердин саны көп. Анткени, бакчадан барган балдар мектепте да жакшы окуп жатышат. Кийинки жылы дагы эки балдар бакчасын ачсак деген максатыбыз бар. Айыл аймактын борборунда жайгашкан Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучуларына арналып тургузулган эстелик кайрадан реконструкцияланып, согуштан кайтпай калган жердештерибиздин ысмы гранит ташка чегилди. Бир топ айылдын көчөлөрүнө шагыл төшөлдү.

Инвестиция илгерилөөгө көмөк
Биздин айыл аймакта акыркы эки жылдын ичинде 10 941 591 сомдук көлөмдөгү инвестициялар тартылды. Булардын ичинен быйылкыларына токтоло кетсек туура болчудай. Каражат жоктугунан көп жыл каралбай калган Төбө-Коргон айылындагы борбордук стадион толугу менен капиталдык ремонттон өткөрүлүп, анын айлана-тегереги тосулду. Ага жумшалган жалпы каражат 984 177 сомду түздү. Жаңы-Абад айылындагы жаңы конуш жана ага жакын жайгашкан сугат жерди натыйжалуу пайдалануу үчүн 350 метр суу түтүктөрү жаткырылып, ага жумшалган каражаттын жалпы суммасы 555 623 сомду түздү. Ошондой эле Эрке-Кашка мектебинин коридоруна басылган кафель, А.Саламов атындагы орто мектепке курулган ажаткана да АРИС программасынын көмөгү менен бүткөрүлдү.
Биз "Мерси Ко" менен да тыгыз иштешип жатабыз. М.Саид мектеп гимназиясынын спорт залынын жылытуу системасы орнотулуп, А.Саламов атындагы орто, А.Токтобаев, К.Мухаммедов атындагы толук эмес мектептерине, "Келечек", Байчечекей" балдар бакчаларына керектүү эмеректер сатылып алынды.
Евро Азия фондунан бөлүнгөн 54 650 сом каражатка айыл аймагы 10 миң сом кошумчалап, ага Эрке-Кашка орто мектебине спорттук эмеректер сатылып алынып, "Келечек" балдар бакчасынын ойноо аянтчалары курулду. "Мехр-Шавхат" коомдук фонду тарабынан бөлүнгөн 35000 сомго Чертик айылынын эли 4000 сом кошумчалап, ага "Келечек" балдар бакчасына бассейн курулду.
Төбө-Коргон айылынын борборунда жайгашкан "Васил Ата" мазары жайгашкан жердин алдынан суу чыгып, элди бушайманга салган учурда жабык дренаж куруу өтүнүчү менен КР Өзгөчө кырдаалдар министрлигине жардам сурап кайрылганбыз. Алар биздин кыйын абалыбызга түшүнүү менен мамиле жасап,
быйыл 950 метр дренаж тазаланды. Учурдан пайдаланып, министрликке жалпы элдин атынан ыраазылыгыбызды билдирүү менен, анын экинчи этабындагы жумуштарды да аягына чыгат деген ишенимибизди айта кетүүгө тийишпиз.
Кышка карата даярдык
Биздин аймакта 8 орто, толук
эмес 3 мектеп, 3 мектепке
чейинки мекеме бар. Жаңы окуу жылына карата алардын кезектеги ремонту талапка ылайык бүткөрүлдү. Кышка карата даярдыгыбыз жакшы, айыл округунун эсебинен Бостон, Эрке-Кашка жана Саламов мектептеринин от казандары оңдолуп, ага 275 500 сом каражат жумшалды. 646 тонна көмүр камдалды.
Маданиятка маани берилет
Биздин айыл округ-
да башкалардан айырмаланып, маданият үйү сакталып калган. Анда жамааттык жана көркөм кеңеши түзүлүп, 115 адамдын башын бириктирген 6 ийрим уюштурулган. Төбө-Коргон чек арада жайгашкан аймак болгондуктан, бизде маданий иш-чараларды өткөрүүгө олуттуу маани берилет. Быйыл социалдык маданий эс алуу борборунда жамааттык жана көркөм кеңеши Курманжан датканын 200 жылдыгына карата атайын иш чара түзүшүп, 8 айылдын арасында
"Айылыбыздын канышасы" аттуу конкурс уюштурду. Анын алкагында көп улуттуу 8 айылдын эли бул тарыхый инсандын өмүр-таржымалын жана ишмердүүлүгүн чагылдырган сценканы эл алдына алып чыгышты.
Калктын аялуу катмары көңүл борборунда
Турмуш жолун жаңы баштаган
жашаялметтер же бул жа-
шоодо ар кандай жагдайдан улам кыйынчылыкка туш болгон калктын аялуу катмарына жардамдашуу биздин парзыбыз. Аймакта Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерине жана Афган согушунун катышуучуларына, Чернобыль кырсыгын жоюуга катышкан азаматтарыбызга, жалгыз бой карыларга, Баатыр энелерге колдон келишинче сый-урмат жасап турабыз. Аялдардын, балдарды коргоонун, улгайган адамдардын жана мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын эл аралык күнүнө карата айыл аймактагы бир топ балдарга, кары адамдарга материалдык жардам берилди. Бул багыттагы уюштурулган иш чараларды өткөрүү үчүн айыл өкмөттүн бюджетинин эсебинен 130 000 сом каражат жумшалды.
Келечекте аткарылчу пландар
Жаңы-Абад айылындагы На-
заров атындагы орто мектепке наркы 11 млн. сомдук спорт залын куруу боюнча АРИС программасына атайын долбоор даярдалып, бул иш башталаар алдында турат.
Айылдык округдун аймагына Аравансай дарыясына дамба куруу (долбоордун негизинде) менен дыйкандарыбызды сугат суу менен камсыз кылуу аракетин көрүп жатабыз.
Материалды даярдаган:
Төлөнбай АБДЫРАЗАКОВ,
"Кыргыз Туусу"