Кыргыз гезиттери
меню
Чакан бизнес кеңештер
Чүчбара өндүрүү ишкерчилиги
Глазирленген быштакчаларды (сырок) өндүрүү ишкерчилиги
Карапа өнөрканасын кантип ачуу керек жана андан кантип акча тапса болот?
Балмуздак өндүрүү боюнча ишкериликти ачуу
Үйлөнүү үлпөт тойлорун жана ар кандай майрамдарды аба шарлары менен кооздоо
Дүкөнчө, соода чатырчасын же күркөнү кантип ачуу керек?
Желим бөтөлкөлөрдү кайра иштетүү бизнеси
Кагаздарды кайра иштетүү бизнеси
Өзүңдүн маршруткаң, же Маршруттук такси бизнес үчүн
Кондитердик цехти кантип ачып киреше тапса болот?
Нан бышыргыч жай ачып кантип киреше тапса болот?
Курулуш цемент кирпичтерин өндүрүү боюнча бизнес
Азык-түлүк өндүрүшүндө жана коомдук тамактануу жайларындагы 5 бизнес- идеясы
Дизайнердик жашылчалар жана эт азыктары
Энергетикалык эмес суусундуктар
Аялдардын үйдөн сырт жасоочу бизнестерине идея
Үлпөт көйнөгүн тигүү ательеси, же аны ижарага берүү
Майга бышырылган тоголок токочтордун (пончик) өндүрүшүн кантип ачып, акча тапса болот?
Хот-дог сатуу бизнесин кантип ачуу керек?
Кездемелер дүкөнүн кантип ачып жана акча табуу керек?
Миллионго багытталган бизнес идеясын кантип ойлоп тапса болот?
Бизнести уюштуруу ыкмасы
Жыгач коттеждерди куруу перспективасы - чакан бизнестин идеясы
Каркас-модулдук технология:
Курулуш шаймандарын жана техникаларын ижарага берүү бизнеси
Кечки көйнөктөрдү жана карнавал костюмдарын ижарага берүү бизнеси
Мончо бизнеси: сауна жана мончолорду куру
Бүйүндү (рак) үй шартында өстүрүп, көбөйтүү менен бизнес ачуу
Жеке автотранспорттук компания бизнес катары
Салтанат-тойлорду уюштуруу бизнеси
Андан ары - азык-түлүк сатып алуу
Жеке кичи- майжувазды кантип ачууга болот?
Автокинотеатрды кантип ачуу керек: ачык асман алдындагы тасма
Жаңы Жылга тирүү балатыларды сатуу боюнча бизнес
Сыра бар-ресторанды кантип ачуу керек?
Мейманкана бизнеси, же кичи мейманканы кантип ачуу керек?
Акы төлөнчү балык уулоону уюштуру бизнеси
Дүйнөдөгү эң бир кирешелүү бизнес идеялар
Курал-жарак сатуучу дүкөндү кантип ачуу керек?
Жыл бою кулпунай өстүрүү бизнеси
Козу карын бизнеси: шампиньон козу карындарын өстүрүү
Жеке фотостудияны кантип ачуу керек?
Үйлөмө аттракциондордогу бизнес (батут)
Бала бакчаны кантип ачуу керек? (Кичи бакча)
Балдар кийиминин жана товарларынын дүкөнүн кантип ачуу керек?
Жалбырактарды чогултууну кантип бизнеске айландырса болот?
Оригиналдуу курулуш материалдарын өндүрүү боюнча бизнес
Курулуштардагы кошумча элементтерди өндүрүү бизнеси
Үй шартында жасалган тирүү квасты өндүрүү бизнеси
Даараткана кагазын жана кагаз аарчыгычтарды өндүрүү бизнеси
Эт бизнесин уюштуруу
Кичи бизнестин идеясы: суу аттракциондорун ижарага берүү
Мектеп окуучлуары жана студенттер үчүн портал
Заманбап гаджеттерди чакан колдонмо тескөө жана тейлөө - өркүндөгөндөрдүн бизнеси
Кум шоусу бизнес катары, кум аниматорлору канча акча табышат?
Чыгыш кошулмаларын жана даамдарын сатуу бизнеси
Кызыктуу жана оригиналдуу бизнес идеялар
Компьютердик сервисти кантип ачуу керек?
Тату салонун кантип ачып, акча табуу керек?
Окуу борборун кантип ачып, акча табу керек?
Батирлердин ичин оңдоо боюнча кичи бизнес
Дөңгөлөктүн үстүндөгү блинчик -кафесинякантип ачуу керек
Парфюм- косметикалык дүкөндү кантип ачуу керек?
Аттракциондор паркын ачуу ири бизнестин катарында
Уй этин өндүрүү боюнча бизнести кантип ачуу керек?
Жарнамалоо долбоорундагы бизнес
Чай бизнесинин өзгөчөлүгү
Жүргүнчүлөрдү ташуу тармагындагы өзгөчөлөнгөн 5 бизнес идея
Ченеми жок такси кызматы
Агробзнес чөйрөсүндөгү жети өндүрүштүн идеясы
Убакыт менен текшерилген бизнес- стартап- зоодүкөн ачуу
Дизайн, мектеп университеттин белгиси кадалган кийимдерди жасалгаларды сатуу
Сапаттуу шпаргалка жасоо бизнеси


Арналиевдин арманы
же үмүттүн шооласы үзүлбөйт
Жакында эле, вице-премьер-министр Ибрагим Жунусов телеберүүдө ардак наамдар жана өзгөчө сиңирген эмгеги үчүн пенсия алуучулар жөнүндө айтып жатканын уктум. Анын айтымында, мыйзамсыз
наам алгандардын арасында айрым губернаторлор, алардын орун басарлары, акимдер, министрлер жана башкалар бар экен. Алар бир-эки жыл мамлекеттик кызматта иштеп, кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып, акчанын күчү менен ардак
наамга ээ болушканы көрүнүп эле турат.

Чындыгында эле, мурда ардактуу наамдар сатылып келгени учурда эч кимге деле жашыруун болбой калды. Кудай жалгап, эми мындан ары андай көз боёмочулук болбойт окшоп калды. Анткени, Ибрагим Жунусов белгилегендей, бул багытта атайын комиссия түзүлүп, ардак наамдар жөнүндө жобого айрым өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилип жатыптыр.
Ушундан улам, экономика илимдеринин кандидаты, "КРнын айыл чарбасынын отличниги" Керимбек Арналиев көп жылдардан бери "Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген экономисти" деген наам ала албай жүргөнү эсиме түштү. Эмесе, бул ардактуу адам тууралуу учкай маалымат бере кетейин.
Керимбек Арналиев 1961-жылы улуттук университетти бүтүрүп, "Айыл чарбасынын экономисти" адистигине ээ болгон соң, Тоң районундагы "Улахол" совхозунда экономист болуп иштөө менен эмгек жолун баштап, ушул күнгө
чейин Ысык-Көл облусунун чарбаларында, айыл чарба өндүрүштүк башкармалыгында, облустук совхоздор трестинде жана кийинки жылдары жогорку кесипкөй экономист катары облустун чарбаларына рынок мамилелерин киргизүү боюнча бөлүмдү жетектеп, үзүрлүү эмгектенип келүүдө. Билген кишиге, бул дагы өлкөбүзгө өзгөчө сиңирген эмгек!
Ардактуу эс алууга чыкканына карабастан, заман менен тең адымдап облуста биринчилерден болуп, "Калыс" дыйкан чарбасын түзүп, өлкөбүздүн экономикасын өнүктүрүүдө башкаларга үлгү көрсөткөн. Ошону менен бирге, өзүнүн бай тажрыйбасын пайдаланып, академик Алышбаев атындагы Ысык-Көл кооперация институтунда, К.Тыныстанов атындагы университетте студенттерге экономика жагынан таалим-тарбия берип келет. Бул дагы өзгөчө эмгек сиңирди деген баага арзыйт.
Облустун чарбаларына рынок мамилелерин киргизүү боюнча бөлүмдү жетектеп турган кезинде чарбалардын башкы экономисттери менен башкы эсепчилерине чарба жүргүзүүнүн алдыңкы ыкмаларын үйрөткөн. Ошол кездеги ички чарбалык эсеп үй-бүлөлүк, бригадалык подряд, азыркы мезгилде да өзгөчө мааниге ээ болуп жаткан майда чарбаларды ирилештирип, айыл чарбачылыгын кооперативдештирүүнү үйрөнүү үчүн Чүй, Талас, Өзбекстандын Наманган облустарына жана Россия менен Украинанын бир катар чарбаларына экономист кадрлары жетектеп барып келиши да мактоого татыктуу.
Керимбек Арналиев ушул кезге чейин өзүнүн билимин жана эмгектик бай тажрыйбасын жалпыга
маалымдоо каражаттарында жа-рыялап, жаш адистерге устат болуп келатышы да анын талыкпас эмгекчилдигинин таасын далили. Анын республиканын экономикасын өнүктүрүүгө багытталган эмгектери "Кыргыз совет энциклопедиясынан" жарык көргөн.
Айыл чарба кооперативдерин уюштуруу боюнча сунуштары "төрт басма табак көлөмүндө, китеп түрүндө басылып чыккан Жети-Өгүз районундагы "Достук" айыл чарба өндүрүштүк кооперативдер ассоциациясы" да К.Арналиевдин демилгеси жана жетекчилиги менен түзүлгөн. Айта берсе, Керимбек Арналиевдин айыл чарба өндүрүшүн өнүктүрүүгө арналган эмгектери арбын.
Баса, анын жогорку адистиги, билими, тажрыйбасы, демилгечилдиги, жаңычылдыгы жөнүндө гезит, журналдарга жарыяланган материалдар да аз эмес.
Керимбек Арналиевдин өлкөнүн айыл чарбачылыгын өнүктүрүүгө арналган жыйырмага жакын илимий эмгектери жана макалалары өлкөнүн экономикасын өнүктүрүүдө актуалдуулугун жогото элек. Ал эми, анын отуздан ашуун илимий, популярдуу макалалары мезгилдин күрөө тамырын таап, айыл чарбачылыгын өнүктүрүүгө колдонмо боло алат десек жаңылыштык болбос. Бул да, албетте, өзгөчө сиңирген эмгек деп баалоого татыктуу.
Албетте, анын мындай астейдил аракеттерин облустук, райондук жетекчилер, айыл чарба министрлиги абдан жакшы билишет жана баалап келишүүдө. Ошондуктан, тээ А.Акаевдин доорунан бери эле алар Керимбек Арналиевге "Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген экономисти" деген наам берүү жөнүндө сунуш берип келишет. Ошондой болсо да, ал сунуштар эмнегедир жоопсуз калып келүүдө. Эми заман оңолду, бийлик алмашылды, жетекчилерибиз эл үчүн ак дилинен иштеп жатышат. Үмүтсүз шайтан демекчи, балким адилеттик орноп, ардактуу аксакал Керимбек Арналиевге ардактуу наам берилип калар деген үмүттө туралы, үмүттүн шооласы үзүлбөйт эмеспи.
Токтомуш ӨСКӨНОВ.
Сүрөтүн тарткан
Дайырбек МЕЙМАНОВ






кыргыз тилиндеги гезит "Кыргыз туусу"
email • архив • редакция 
16-декабрь, 2011-ж.:





Яндекс.Метрика