Кыргыз гезиттери
меню
Чакан бизнес кеңештер
Чүчбара өндүрүү ишкерчилиги
Глазирленген быштакчаларды (сырок) өндүрүү ишкерчилиги
Карапа өнөрканасын кантип ачуу керек жана андан кантип акча тапса болот?
Балмуздак өндүрүү боюнча ишкериликти ачуу
Үйлөнүү үлпөт тойлорун жана ар кандай майрамдарды аба шарлары менен кооздоо
Дүкөнчө, соода чатырчасын же күркөнү кантип ачуу керек?
Желим бөтөлкөлөрдү кайра иштетүү бизнеси
Кагаздарды кайра иштетүү бизнеси
Өзүңдүн маршруткаң, же Маршруттук такси бизнес үчүн
Кондитердик цехти кантип ачып киреше тапса болот?
Нан бышыргыч жай ачып кантип киреше тапса болот?
Курулуш цемент кирпичтерин өндүрүү боюнча бизнес
Азык-түлүк өндүрүшүндө жана коомдук тамактануу жайларындагы 5 бизнес- идеясы
Дизайнердик жашылчалар жана эт азыктары
Энергетикалык эмес суусундуктар
Аялдардын үйдөн сырт жасоочу бизнестерине идея
Үлпөт көйнөгүн тигүү ательеси, же аны ижарага берүү
Майга бышырылган тоголок токочтордун (пончик) өндүрүшүн кантип ачып, акча тапса болот?
Хот-дог сатуу бизнесин кантип ачуу керек?
Кездемелер дүкөнүн кантип ачып жана акча табуу керек?
Миллионго багытталган бизнес идеясын кантип ойлоп тапса болот?
Бизнести уюштуруу ыкмасы
Жыгач коттеждерди куруу перспективасы - чакан бизнестин идеясы
Каркас-модулдук технология:
Курулуш шаймандарын жана техникаларын ижарага берүү бизнеси
Кечки көйнөктөрдү жана карнавал костюмдарын ижарага берүү бизнеси
Мончо бизнеси: сауна жана мончолорду куру
Бүйүндү (рак) үй шартында өстүрүп, көбөйтүү менен бизнес ачуу
Жеке автотранспорттук компания бизнес катары
Салтанат-тойлорду уюштуруу бизнеси
Андан ары - азык-түлүк сатып алуу
Жеке кичи- майжувазды кантип ачууга болот?
Автокинотеатрды кантип ачуу керек: ачык асман алдындагы тасма
Жаңы Жылга тирүү балатыларды сатуу боюнча бизнес
Сыра бар-ресторанды кантип ачуу керек?
Мейманкана бизнеси, же кичи мейманканы кантип ачуу керек?
Акы төлөнчү балык уулоону уюштуру бизнеси
Дүйнөдөгү эң бир кирешелүү бизнес идеялар
Курал-жарак сатуучу дүкөндү кантип ачуу керек?
Жыл бою кулпунай өстүрүү бизнеси
Козу карын бизнеси: шампиньон козу карындарын өстүрүү
Жеке фотостудияны кантип ачуу керек?
Үйлөмө аттракциондордогу бизнес (батут)
Бала бакчаны кантип ачуу керек? (Кичи бакча)
Балдар кийиминин жана товарларынын дүкөнүн кантип ачуу керек?
Жалбырактарды чогултууну кантип бизнеске айландырса болот?
Оригиналдуу курулуш материалдарын өндүрүү боюнча бизнес
Курулуштардагы кошумча элементтерди өндүрүү бизнеси
Үй шартында жасалган тирүү квасты өндүрүү бизнеси
Даараткана кагазын жана кагаз аарчыгычтарды өндүрүү бизнеси
Эт бизнесин уюштуруу
Кичи бизнестин идеясы: суу аттракциондорун ижарага берүү
Мектеп окуучлуары жана студенттер үчүн портал
Заманбап гаджеттерди чакан колдонмо тескөө жана тейлөө - өркүндөгөндөрдүн бизнеси
Кум шоусу бизнес катары, кум аниматорлору канча акча табышат?
Чыгыш кошулмаларын жана даамдарын сатуу бизнеси
Кызыктуу жана оригиналдуу бизнес идеялар
Компьютердик сервисти кантип ачуу керек?
Тату салонун кантип ачып, акча табуу керек?
Окуу борборун кантип ачып, акча табу керек?
Батирлердин ичин оңдоо боюнча кичи бизнес
Дөңгөлөктүн үстүндөгү блинчик -кафесинякантип ачуу керек
Парфюм- косметикалык дүкөндү кантип ачуу керек?
Аттракциондор паркын ачуу ири бизнестин катарында
Уй этин өндүрүү боюнча бизнести кантип ачуу керек?
Жарнамалоо долбоорундагы бизнес
Чай бизнесинин өзгөчөлүгү
Жүргүнчүлөрдү ташуу тармагындагы өзгөчөлөнгөн 5 бизнес идея
Ченеми жок такси кызматы
Агробзнес чөйрөсүндөгү жети өндүрүштүн идеясы
Убакыт менен текшерилген бизнес- стартап- зоодүкөн ачуу
Дизайн, мектеп университеттин белгиси кадалган кийимдерди жасалгаларды сатуу
Сапаттуу шпаргалка жасоо бизнеси


  Поэзия

Жедигер Саалай:
"Сөз баккан улуу кыргыз калкым менин,
Сөз менен чыгат элим, даңкың сенин!"
Жедигер Саалай кыргыз поэзиясында таанымал ысым. Улуттук адабияттагы 80-жылдардын муунунун таланттуу өкүлү катары "Жөрөлгө", "Башат", "Аргасыздык ырлары", аттуу ыр жыйнактарынын, "Бакдөөлөттүн жазы..." аттуу илимий-публицистикалык китебинин, пьесалардын автору. Ал эми журналисткада дагы окурман журтчулугуна кеңири таанымал болуп, бир нече очерк-макалалары ийги пикир жараткан. Анын чыгармалары Союз убагында Кыргызстан Ленин комсомолу сыйлыгынын лауреаттыгына татыган. Жедигер Саалай республикабызда белгилүү коомдук ишмер катары да таанымал. Чыгармачылыктын кош тизгинин колго алган көп кырдуу талант катары ал буга чейин республикабыздагы жооптуу кызматтарды аркалап келет. Юридикалык илимдердин кандидаты, КМЮАнын доценти. Анын чыгармачылыгынын тушоосун кескен "Советтик Кыргызстан" (азыркы биздин "Кыргыз Туусу") гезити эле. Мына ошол отуз жылга жакын убакыттан бери ал "Кыргыз Туусу" гезити менен чыгармачылык жолу байланышта келет. 2006-2008-жылдары гезитке башкы редактор болуп иштеген. Жакында анын "Аттануу", "Аламан" аттуу эки томдуктан турган чыгармаларынын жыйнагы жарыкка чыкты. Ушул күндөрү Жедигер Саалай эр ортону элүү жашка кол берип турган учуру. Салттуу жөрөлгөбүз менен калемдешибиз Жедигер Саалайга чыгармачылыкта жана үй-бүлөдө жетишкен ийгиликтерди, жакшылыктарды жана узак өмүрдү каалап, төмөндөгү жаңы ырларынан окурмандарга сунуш кылабыз.
"Кыргыз Туучулар"

Акын жана сөз
Акындык энчиленбейт нечен элге,
Ал талант жазылат дейт бешенеңде.
Акындык - асылдыкты ардактабай,
Көптө бир көрпендедей кете бербе!

Жөн эле жүрө бербей көчөлөрдө.
Ыр жазгын, ыр окугун кечелерде!
Оош-кыйыш бул замандын көйгөйү көп,
Оо акын, текке күйүп кете көрбө!

Тынчыба, ыр жаздыргын калемиңди,
Тынбастан иште, сактап адебиңди.
Шайлоого шашкан жандар элди бөлсө,
Сөз менен коргоп, сактап кал элиңди!

Сен элдин үнү жана байрагысың,
Сен элдин коргооң керек ар-намысын.
Ок жетпес жерге сенин сөзүң жетет,
Сөз менен жоодон коргоп калганың чын.

Сөз баккан улуу кыргыз калкым менин,
Сөз, "Манас",
дастан - бүгүн баркың сенин.
Сөз тапкан акын өлбө, сөз өлбөсүн,
Сөз менен чыгат элим, даңкың сенин!

Аэропортто
Кайырмакка түшүп калган балыктай,
Конгон учак бакалоордон илинип.
Аэропортко жакын келип жабышпай,
Аэро-жеңге туруп калат кийилип.

Ичек-кардын бүт аңтарып аэропорт,
Алкымынан соруп кирет учактын.
Ичиндеги адамдарда айла жок,
Аэропорт тартат түрүн тузактын.

Аэро-жеңдин ичи менен жүгүрүп,
Аэропортко агып кирип кетесиң.
Күтүп кечке, жүргөн жандан түңүлүп,
Көрөсүң сен жүргүнчүнүн нечесин.

Саатың карап, саатың чыкпай таптакыр,
Убакытың токтоп калат заматта.
"Учам эми качан мен?" деп баш катыр,
Учат мындан ар ким ар кай тарапка.

"Бутуңду чеч, куруңду да чеч!" деген,
Паспорттук да, башка дагы көзөмөл.
Өмүр - сапар, ар жаш - аэро-көч десем,
Токтоп курак, тоскоолдуксуз өтө көр!


Кыргыз Республикасынын
Президенттигине шайлоодо утуп чыккан талапкер
Алмазбек Шаршенович Атамбаевге
Курама жыйып журт кылган Манас,
Кулаалы таптап куш кылган Манас.
Манас жок бүгүн - каржалып эли,
Манас жок бүгүн - тактысы талаш.

Ык көрүп эли Алмаздай Эрди,
Кут конуп мына тактыга келди.
Оо кудай, эми Алмазды колдо,
Оо кудай колдо, кыргыздай элди!

Жигиттин пири Шаймерден колдо!
Абыке, Көбөш - арамдай болбо!
Элим деп күйүп, элим деп келдиң,
Элиңдин эми турмушун оңдо!

Арбагы колдоп, жар болсун Манас!
Жакшыга жанаш, жамандан адаш!
Элиңе эми Манастай болгун,
Элимде дайым бар болсун Манас!
Арбагы тирүү Айкөл-Шер колдоп,
Ар дайым элде бар болсун, Манас!
Оо Алмаз ага, болуп бер Манас!

Ак куулар
(б а л л а д а)

Ата, эне кош ак куудай,
Кош ак куудай болушуп,
Балдарым деп жашап өттү,
Көп максаттар коюшуп.

Балдарым деп жашайт экен,
Жашайт экен ата-эне.
Балдар менен түбөлүккө,
Өлбөс болуп калса не?!

Балдар жакшы чыкса ата-эне
Көңүлдөрү жайланып,
Учуп кете берет экен
Ак кууларга айланып.

Көл жээгинен көрсөм ак куу,
Эртеби же кечирээк,
Бизди издеп келген алар
Ата-энемдей сезилет.

Түгөйүнөн калып апам,
Балдарын бүт жайгарып,
Кеткен эле издеп атам,
Ал да ак кууга айланып.

Адамдардын аяп турар
Сагынычын, кусасын,
Ай ак куулар, ай ак куулар,
Шашып кайда учасың?

Учуп ак куу, сызып ак куу
Бугумду бүт сезгенсийт.
Булуттарга жетип аркы
Булут болуп кеткенсийт.

Булут болуп эки ак куу
Көк асманда көрүшөт.
Кусалыктан жуурулушуп,
Кучакташып өбүшөт.

Булут жолун булут тосуп,
"Чарт" дей түшсө чагылган -
Кош ак куунун жүрөк оту
Көк асманда жагылган.

Кош ак куулар бири-бирин
Көрчү, кандай сагынган?
Жанын алып тындым го деп,
Ажал өзү жаңылган.

Кош ак куулар булут болуп,
Кучакташып өбүшөт.
"Балдарды өбө албадык" деп,
Көздөн жашын төгүшөт.
Кош ак куулар көз жаш төгөт,
"Балдар, балдар, балдар..." деп.
Көк асмандан баарын көрөт,
Балдар анда калган деп.

О кош ак куу, жылдар акты,
Көз жаш төкпө "балдар..." деп.
Балдарыңда баары жакшы,
Бир силер жок - арман кеп.

Бир силер жок, жылдар жылды,
Болдук биз да ата-эне.
Көрөр кезде эми сыйды,
Жоктугуңар ката эле.

Табигаттын бул катасы
Качан, кантип оңолот?
Көрбөй сыйды эне-атасы
Балдар өзү торолот.

Жакшылыкты биз силердей,
Жасасак деп жалпыга.
Каталыкты эч жибербей,
Кызмат кылдык калкыма.

"Өгөй өөнчүл, жетим - кекчил"
Болбодук биз, атаке,
Өзүңөрдөй биз эмгекчил
Болсок дедик, апаке!

Колдон келсе жардам бердик
Бечарага, карыпка.
Биз да Сиздей эл деп келдик,
Түшүп узак жарышка.

"Баягынын баласы" деп,
Айтса жарык жүзүбүз.
Карап турбай, "карачы..." деп,
Калкка бердик күчүбүз.

Силер берген таалим менен
Биз да эл деп, мекен деп,
Жан үрөдүк алы келген
Бир максатка жетем деп.

Неге жеттик, неден калдык,
Элим өзү тараза.
Ишке ашар тилек баардык,
Кудайым түз караса.

Болсо экен эң башкысы -
Кудайымдын көзү түз.
Колдон келет эл жакшысы
Боло алабыз өзүбүз.

Кандай ыйык жаратылыш!
Жаратылыш - таптаза.
"Баягынын баласыбыз",
Боло албайбыз башкача!
Кош ак куудай "кыйкуулаган",
Көргөн таза көч барын!
Жүрөктөрү бир туйлаган,
Бир тууганбыз биз дагын!

Бир тууганбыз биз баарыбыз,
Башкаларды бөлбөйбүз.
Ала-Тоодой - бир даарыбыз,
Бир даарыбыз - көлдөйбүз.

Ала-Тоодой бийик кыргыз,
Ысык-Көлдөй тереңбиз.
Ар өнөрдү билип кыргыз,
Ажаат ачып келгенбиз.

Ата-энеден балага өтүп,
Алпейимдик, айкөлдүк.
Ар-намыска жарап өтүп,
Аруу бойдон жай келдик.

Душман нечен сынап көрдү,
Булак көзүн ылайлай...
Ата-энени сыйлап келдик,
Сыйлап келдик кудайдай.

Жараткан чын баарыбызды,
Жараткан чын кудайым.
Ата-апаларыбызды
Кудайдай көр ылайым.

Кандай болсом, ата-энеден,
Касиеттер мендеги.
Ким болбосун, ата-энелер -
Кудайыбыз жердеги.

Ата-энелер - кудайыбыз,
Кудайыбыз жердеги.
Уулум, кызым - кубанычым,
Кудайдай көр, сен мени!

Биз жашайбыз, көптү самай,
Кай максатка жетебиз?
Анан бир күн көктү карай
Ак куу болуп кетебиз.

Ак куу, ак куу, аппак ак куу,
"Кыйкуулары" жаңырып.
Асманга ак шуру такты,
"Шынаа" болуп кагылып.

Адамдардын аяп турар
Сагынычын, кусасын,
Ай ак куулар, ай ак куулар,
Шашып кайда учасың?

Араңарда баратабы,
Менин дагы ата-энем?
Айтып берчи, жарашалы...
Анда мен да жаш элем.
Ак куу мээлейт бараар жагын,
Шынаа болуп сунулуп.
Ак куулардын караандарын
Алды булут сугунуп.

Аппак булут, кара булут,
Ак куу болуп кетпегин.
Балдарыңды карап туруп,
Көз жашыңды төкпөгүн.

Жер бетинде жап-жаш калган,
Балдар - сенин арманың.
Ишеничиң актап салган,
Куса, сага, балдарың.

Салам сага, ак куу, ак куу!
Жерде калган балаңбыз.
Ата-энебиз аттуу-баштуу,
Бир күн сага барарбыз.

Андай күндү оо кош ак куу,
Берсин бизге кечинен!
Балдарыңдын "ак боз аттуу"
Чыкпайсыңар эсинен.

Силер көктө ыйласаңар:
"Балдарыбыз кана?" деп.
Кымбат алар, кыйбас алар,
Биз жашайбыз "бала..." деп.

Баркыңарды билдик чындап,
Болгон кезде балалуу.
Кош бол ак куу, бизге кымбат,
Кол булгалап калалы!

Кыйындыкка түтөбүз биз,
"Кыйкууңарды" сагынып.
Кайра жазда күтөбүз биз,
Кайтса экен деп жалынып.

Кош бол ак куу, оо кош ак куу,
Көрүшкөнчө көктөмдө.
Көксөйбүз биз кош канатты,
Көктөн жамгыр төккөндө.

Адамдардын аяп турар
Сагынычын, кусасын,
Ай ак куулар, ай ак куулар,
Шашып кайда учасың?










кыргыз тилиндеги гезит "Кыргыз туусу"
email • архив • редакция 
16-декабрь, 2011-ж.:





Яндекс.Метрика