"Кыргыз туусу", 16.12.11 IX-X кылымдарда
Ак өргөөгө кут түшкөндө
(Роман-тымсалдан үзүндү)
Улуу кыргыз каганатын-дагылар кыштан аман чыгышып, жазды аман көрүштү. Көкө теңирдин ушул жакшылыгына да шүгүр кылышты аксакалдар менен байбичелер. Теребел жашыл кымкап жамынып, бардык жерде кызуу кыймыл. Жандуунун баары жайнагандай...
А он алты канат, он эки канат, тогуз канат, алты канат ак өргөөлөрдүн арасынан кырк канат ак өргөө ыраактан эле көзгө салабаттуу, абдан салабаттуу көрүнөт. Ак булуттай болгон бул ажайып өргөөнүн өзгөчө касиети, өзгөчө кудурети бардай... Мына ушуну ырыстуу байбичелер, дөөлөттүү аксакалдар эле эмес, боз уландар менен өспүрүмдөр да сезишкендей... Атурсун ыраактан ат арытып, сапар карытып келгендердин бир тобу да туюшкандай... Ак өргөөнүн алды жагында бекем, абдан бекем сайылган, алтын менен күмүш жалатылган, өтө узун шыргыйдын кылда учуна илинген, кара чаар кабыландын баш сөлөкөтү түшүрүлгөн Көк туу желбирейт. Жонунда алаңгир жаасы, сыр жебеси бар, белинде болот кылычы, карысында болот калканы бар, колунда сыр найзасы бар, жүзүндө айбаты бар, көзүндө оту бар ондой жоокер, ондой жигит мына ушул ак булуттай болуп, көзгө ажайып көрүнгөн ак өргөөлөрдү аралап жүрүшөт. Буларды кызыл чаар жолборстой болгон Айбугу чоро койдурган. Каганаттын жүрөгү ушул жерде. Өзгөчө кудуреттүү, өзгөчө касиеттүү сезилгени да ушундан. Сактыкта кордук жок эмеспи. Көкө теңир да сактаганды сактайт. Кыраан чоролор жол кайгыган кайгууларга, айылдын четин жесешкен жесекчилерге жолугуп, алар менен сүйлөшкөнү кетишкен. Эгерде бул жерде болушса, өздөрүнчө бартылдап сүйлөшүп, карс-карс күлүшүп, бирде чатыраш, бирде тогуз коргоол, бирде ордо ойношмок, атурсун аны бышык, ары идиректүү балдарга жаа тартканды, тузак салганды, капкан койгонду, кылыч чапканды үйрөтүшмөк. Ошентүү эр жүрөк чоролордун адаты. Мына ушуну ордодогулардын бардыгы эле эмес, салабаттуу жакшылар менен барктуу мырзалар да билишет. Шондон улам чоролорго ыраазы. Айбугу чоро жандай көргөн шериктери менен барбай калган. Аларды ойлоп койду. Эр хан, акылдуу канайым да куду ушул кырк канат ак өргөөдө. Айбугу чоро түш оогон ченде өзүнүн ак өргөөсүнө барып, ажардуу зайыбынын жанында олтуруп, таруу бозо ичип, кул жебестен жеди. Баласы, кызы ойноп кеткен эле. Экөө бажыраңдап сүйлөшүп, жыргап күлүштү.
Жол кайгыган кайгуулдар өздөрүнчө өткөн-кеткенден кеп салышып, Көлдөр өрөөнү тараптан келатышканда нурлуу Алтын тоону карай баратышкан отуздай атчан кишини көрүп калышты. Эмнегедир көздөрүнө булар жаттардай, койнунда котур ташы барлардай болуп көрүнүштү. Шондон улам шектенишип, көпкө ойлонуп турушпай эле, үч топко бөлүнүшүп, үч жактан кыйкырышып, аларды токтото турган болушту. Бирок, тигилер ушуну сезип калгандай, ушуну байкап калгандай болушуп, бир
маалда кырды карай, коктуну карай, бадалдуу өзөндү карай качып жөнөштү. Качышканы менен куйрук үзүп кете алышкан жок. Жол кайгыган кайгуулдар үч жактан кууп жетип, үч жактан чап салышты. Алар камандай күркүрөшүп, буурадай буркулдашып, карышкырдай ыркырашып, кадимкидей катуу каршылык көрсөтүштү. Бүт баары атайын машыгуудан өтүшкөндөй... Каны шакардай кайнаган, кырсылдашкан кармаштын, чартылдашкан чабыштын сырын билген, жортуулда эрдик көрсөткөн кайгуулдар жүрөктү түшүрө, үрөйдү учура кыйкырышып, алардын бир тобун найзалап, бир тобун кылычтап жиберишти. Кутулуп кеткени болбоду. Жарадар болуп, колго түшкөн экөөнү такып сурашты эле, макоолор купуя сырын айтпай көшөрүп, колтугун ачпай койду. Шондуктан кайгуулдар ызырынышып, алам заматтын ортосунда колу-бутун кайрышып, жанын көздөрүнө көрсөтүштү эле, экөө тең бул кыйноого чыдай албастан бакырып, жан соогалап жиберди. Жан керек да. Ар кимдин өлгүсү келбейт да. Кыйноо токтогондо, экөө кара кытайлар менен койкулардын текебердүү кол башчыларынын "Эр Жагылакар ханды, Айбугу чорону өлтүрүп келесиңер" дешип жиберишкенин айтып беришти. Мына ушуну уккандан кийин кайгуулдар кыянатчылардын башын кыя чабышты да, "Иттерге ит өлүм!" дешип, кайрадан жолун улантышты. Ошол учурда кандайдыр-жайдандыр каргалар пайда болуп, өлүктөрдүн үстүнөн айланып учуп, акырында конгону ылдыйлай баштады...
(Уландысы бар)


Тойчубай СУБАНБЕКОВ,
Эл аралык "Түгөлбай-Ата" коомунун сыйлыгынын
лауреаты