"Кыргыз туусу", 16.12.11 Спорт
Илюмжанов келди, эмне деди?
Мамлекеттик дене тарбия, спорт агенттигинин директору Үмбөталы Кыдыралиев эл аралык шахмат федерациясынын президенти Кирсан Илюмжинов менен жолугушуп, өлкөбүздө шахмат оюнун өнүктүрүү тууралуу пикирлешти. Ошондой эле келерки жылы өткөрүлө турган шахмат боюнча Орто Азия өлкөлөрүнүн кубогун Ысык-Көлдүн жээгинде жана эл аралык мелдешти да Кыргызстандын аймагына өткөрүүгө макулдашышты. Мындан тышкары мектеп окуучуларынын эс тутумун жакшыртуу үчүн
1-класстан 4-класска чейинкилерди да шахмат оюну менен машыктыруусу каралып, билим берүү министрлигине сунушталды.

О.Назаров тажрыйбасын бөлүштү
Мамлекеттик дене тарбия, спорт академиясында студенттер, машыктыруучулар Орзубек Назаров менен жолугушуп, атактуу боксчунун жеке жашоосу жана спорттогу жетишкендиктери тууралуу баянын кызыгуу менен угушту. Ал ошондой эле жаш спортчуларга өзүнүн тажрыйбасын бөлүшүп, алардын чоң спортко болгон аракетине жол көрсөттү. Эскерте кетсек О.Назаров профессионалдык бокстан дүйнөнүн 7 жолку чемпиону. СССРдин, Европанын чемпиону. Кыргызстандын №1эмгек сиңирген спорт чебери.

Өспүрүм таэквондочулардын чеберчилиги артууда
Бишкекте Кожомкул атындагы спорт ордосунда таэквондонун ИТФ версиясы боюнча өспүрүмдөр арасында эл аралык мелдеш болуп өттү. Мында Кыргызстандан 6 команда Казакстандын мыкты
таэквондочулары менен беттешишти. Мелдештин башкы максаты - жаңыдан өсүп келе жаткан
таэквондочулардын кызыгуусун
арттыруу жана алардын чеберчилигин өркүндөтүп, эл аралык деңгээлге чыгаруу.
Бокстан медаль келди
Бокс боюнча уландар арасындагы эл аралык мелдеште өлкөгө
1 алтын, 2 коло медаль келди. 64 кг. салмактагы Изатилло Шермахамадов 1-орунду багынтып, алтын медаль тагынды. Акылбек уулу Хакимзада менен Атабек Акматов коло медалга жетишти. Бул мелдеш Орусиянын Надым шаарында өткөрүлдү.

Казакстандын чемпионаты соңуна чыкты
Казакстан, Кыргызстан жана Өзбекстан командалары катышкан кыз-келиндер арасындагы эл аралык чемпионат Алматыда болуп өттү. Бул үстөл тенниси боюнча өткө-
рүлгөн мелдеште үч өлкөнүн отузга жакын командасы таймашып, Казакстандын чемпиону наамын Бишкектин "Карвен" командасы алып келди.

Кол күрөшүнөн 9 медаль
Кол күрөш боюнча Алматыда дүйнө чемпионаты жыйынтыкталып, Кыргызстандан барган чоюн билек балбандар жалпысынан 9 медаль менен кайтышты. Ардагер аялдар арасында дүйнө чемпиону наамын алган Ольга Ярославцева, жаштар арасында Чыңгыз Мамакеев, Александр Ли, Мирза Валилов, Артур Шмайлов жана Бактияр Кубанычбеков байгелүү орундарга ээ болушту.

Дене тарбия мугалимдерине тренинг жүрөт
Мектептердеги дене тарбия сабагын күчүнө киргизүүнүн пландары боюнча мамлекеттик дене тарбия, спорт агенттигинин директору Үмбөталы Кыдыралиев эл аралык эксперттер менен жолугушту. Жолугушууда
АКШнын эксперттери Девид Кейди жана Тейлор Браун дене тарбия, спортту өнүктүрүүнүн жолдорун айтып, спортчулар жана машыктыруучуларга көңүл бөлүү
тууралуу кеңештерин беришти. Каралган программалар боюнча мектептердин дене тарбия мугалимдери үчүн тренинг болот. Тренинг учурунда мугалимдер спорттун жаңы түрлөрү, жаңы техникалар менен тааныша алат.

Бийчи түгөйлөрдөн үмүт жанды
Австралиянын Мельбурн шаарында спорт бийи боюнча Тынч океан аймагынын чемпионаты соңуна чыгып, жергебизден барган Кибкало Алексей менен Качалко Виктория 2-орунду ээлешти. Ал эми дүйнөлүк классификациялык турнирде байгелүү 3-орунга илиништи.

Бермет НУРУБЕКОВА,
спорттук баяндамачы