"Кыргыз туусу", 16.12.11 "Ош шамы" окурмандардын оюн табууда
Быйыл Түштүк борборубуз Ош шаарындагы
"Ош шамы" гезитинин уюшулгандыгына 20 жыл болду. Бул маараке гезиттин гана жамаатына эмес, жалпы эле түштүк аймактагы интеллигенциясы үчүн өзгөчө мааниге ээ. Аталган басылма 2009-жылы КРдин Жогорку Кеңешинин Ардак грамотасы менен сыйланса, 2010-жылы "Маркетинг Инфо" уюмунун сурамжылоосуна ылайык Түштүк Кыргыз-стандын "Эң мыкты коомдук-саясий гезити" деп табылган. Ал эми үстүбүздөгү жылы республикалык масштабда белгиленген гезиттердин рейтингин аныктоо жараянында Кыргызстандын "Эң мык-ты аймактык" гезити деп табылган. Биз маараке алдында ушул гезиттин башкы редактору Тургунбай АЛДАКУЛОВго жолугуп, аны сөзгө тартканбыз.

- Тургунбай мырза, сөздү "Ош шамы" гезитинин таржымалынан баштасак?
- Оштогу пахтадан кездеме токуу өндүрүштүк бирикмесинин жана Жибек соода өндүрүштүк бирикмесинин "Текстильщиктер үнү" ("Голос текстильщика") гезитинин базасында "Ош шамы" ("Вечерний Ош", "Уш окшоми") гезити түзүлүп, 1990-жылдын 27-декабрында Кыргыз ССРинин Басмамкомунан каттоодон өткөн.
Гезиттин алгачкы саны 1991-жылдын 1-февралында ак-кара түстө, 200 нуска менен жарык көргөн. Эки күндөн кийин гезит окурмандарынын суроо-талабы менен дагы миң даана нуска басылган. Гезит ал учурда жергиликтүү бийликтин маалыматтарын чагылдыруу менен айына бир жолу чыгып турган. Ош шаардык мамлекеттик администрациясынын жана депутаттардын Ош шаардык кеңешинин кабыл алган чечимдери, токтомдору жарыяланган. Бара-бара 4 бет көлөмүндө 4500 нуска менен жарык көрө баштаган. Аз эле убакыттан кийин "Ош шамы" расмий каттоодон өтүп, редакциялык жамааты бекип, үч тилде: "Ош шамы", "Вечерний Ош" жана "Уш окшоми" деген ат менен жарык көрө баштаган.
- Гезиттин пайдубалын түптөөгө салым кошкон кесиптештердин аттарын атай кетсеңиз?
- Гезиттин алгачкы редактору болуп ошол мезгилде Ош шаардык аткаруу комитетинин төрагасынын социалдык маселелер боюнча орун басары болуп иштеген драматург, жазуучу, белгилүү котормочу Абдуганы Абдугафуров дайындалган.
Гезиттин алгачкы санын чыгарууга Ж.Макиев - редактордун орун басары, Р.Каримов - редактордун орун басары, Г.Корякин - жооптуу катчы, Э.Байназаров, А.Исхаков, М.Урунбаев, С.Герина, С.Пукасенко, С.Токонов, Р.Нишонов, А.Жанболотов, Л.М.Зайцева, С.Касымова, С.Жанболотова, А.Исманов катышкан.
А.Абдугафуров мамлекеттик кызматта иштегенине байланыштуу бир жылга жетпей башкы редакторлук кызматын акын, жазуучу, журналист Абдирашит Урбаевге өткөрүп берген. А.Урбаевдин мезгилинде гезиттин ички мазмуну ар түрдүү рубрикалар менен толукталып, А3 форматында 4 бет көлөм менен чыга баштаган. Анын убагында Майрам Чыналиева - башкы редактордун орун басары, Зинакан Пасаңова - кыргыз бөлүмүнүн редактору, Эркин Байназаров - өзбек бөлүмүнүн редактору, Алима Шарипова, Лидия Харитонова, Темирбек Куттубаев, Улукбек Мамытов, Виктор Зилинга кабарчы болуп иштешкен.
1998-жылы башкы редакторлукка журналист, чыгаан памфлетчи Талантбек Моңолбаев келген. Гезит жумасына кээде 2 жолудан да жарык көрүп турган. Башкы редактордун орун басары Майрам Чыналиева, жооптуу катчы Бүбайша Балтабаева, Жусуп Макиев, Токтогул Кенжеев, Алишер Токсонбаев, Нуриля Каленова, орус бөлүмүнүн кабарчылары - Алмаз Исманов, Бакыт Ибраимов, Станислав Полищук, Евгений Баратов, Аскар Эшимов, өзбек бөлүмүнүн кабарчылары - Эркин Байназаров, Аьзам Абдразаков, Рахим Нишанов, Ширманай Байназарова иштеген.
- Июнь коогалаңынан кийин силердин жамаатыңардын эки элди жараштыруудагы салымыңар кандай болду?
- Биздин гезиттин негизги максаты - данакерлик. 1990-жылдагы Ош окуясынан кийин кыргыз менен өзбек элинин данакери болсун деп жарыкка чыга баштаган. Тилекке каршы, 20 жылдан кийин коогалаң кайра кайталанды. Бул жерде биздин да белгилүү даражада күнөөбүз бар деп ойлоймун. Анткени, коом алдындагы милдетибизди өз дең-
гээлинде аткара албадык. Ушул кезге чейин "Ош шамынын" беттеринде улуттар аралык ынтымакты чыңдоого арналган бир да рубрикага орун берилген эмес экен. Көнүмүш адатка айланган ураандар, чакырыктар айтылганы менен эки элдин тууганчылыгын, биримдигин арттырган макалалар дээрлик жарыяланбаптыр. Буга биз абдан таң калдык, өкүндүк. Көрсө, өзүбүз иштебейт экенбиз, анан тополоң чыгып кетсе, "үчүнчү күчтөр" деп өзүбүздү өзүбүз сооротуп, алдайт экенбиз. Ошондуктан, чындыкты канчалык ачуу болсо да бетке айтып, ооруну өз учурунда дарылашыбыз керек. Биз былтыркы коогалаңдан кийин "эки элди жараштырып жибердик, баары мамыр-жумур болуп калды" деп айткандан алысмын. Бирок, ошол коогалаң күндөрү жалпы жамаат бел чечпей иштеди. Мэрия бизге маалымат боштугун толтуруу милдетин койду. Билесиңер, ошол күндөрү чындыкка коошпогон уу-дуу кептер тарап, чагымдар күч алып жатты. Кырдаалга байланыштуу ушак-айыңдарга каршы чечкиндүү күрөшөлү деп чечтик. Мэрия каржылоо жагын чечип бермей болду. Ошентип, күн сайын 5000 даанадан кыргызча жана өзбекче гезиттерди чыгарып, калк арасына тараткан учурлар болду. Муну менен биз эки элдин арасында чагымчылдыкты азайтууга салым коштук. Бир ай бою мына ушундай күчөтүлгөн тартипте иш алып бардык.
- Окуядан кийин көп улуттуу жамаатыңарда ич ара келишпестиктер кезикпедиби?
- Бизде 13 кызматкердин төртөө өзбек улутундагы жарандар. Коогалаңга чейин да, андан кийин да биздин ич ара мамилебизде эч кандай өзгөрүү болгон жок. Мурда кандай ынтымактуу болсок, кийин деле мына ошол жылуу сезим сакталып калды. Тескерисинче, ортобузда ынтымагыбыз ого бетер өсүп, бири-бирибизди аео, ызаттоо сезимибиз күчөп кеткендей сезилди. Айтмакчы, биз жамаатыбыз менен коогалаңдын алдын алуу үчүн да бир топ аракеттерди көргөнбүз. Ар бир саныбызда элди сабырдуулукка, кы-раакылыкка чакырып жаттык. Айрыкча, кыргыз жана өзбек тилдеринде 32 миң даана кайрылуу чыгарып, үймө-үй таратып чыкканбыз. Окугандар, максатыбызды түшүнгөндөр ыраазычылыгын айтып жатышты. Бирок, "колуңардан эми эч нерсе келбейт, поезд жүрүп кетти, токтото албайсыңар" деп мыйыгынан күлгөндөр да болду.
- 20 жылдык мааракенин алкагында кандай иш-чараларды өткөрдүңөр?
- "Ош шамы" гезитинин 20 жылдык мааракесине карата ЖМКлар ортосунда спорттун футбол жана теннис түрү боюнча Ош шаарынын мэринин кубогуна арналган мелдеш уюштурду. Мелдештин жыйынтыгында, футбол боюнча "Атайын кабарчылар" курама командасы 1-орунга жетишип, түстүү телевизор, 2-орунду "ОшТВ" командасы, 3-орунга "ЭлТР" командасы татыктуу болуп, музыкалык борбор, баалуу белектер менен сыйланышты. Аны менен бирге кыз-келиндер ортосундагы стол тенниси боюнча мелдеш өттү.
Мааракеге арналган иш-чаралардын бири катары "Эсте калган көз ирмемдер" деген аталышта сүрөт көргөзмөсү уюштурулду. Чоң масштабдагы тарыхый мезгилди кучагына камтыган сүрөт көргөзмөсү Ош шаарындагы 20 жыл ичинде жүз берген орчундуу тарыхый окуяларды өз ичине камтыды. Курманжан датка энебиздин 180 жылдыгы, алгачкы эгемендүүлүк жылдар, ал кездеги шаар турмушундагы окуялар, А.Акаев менен И.Каримовдун Ош шаарындагы жолугушуусу, Оштун 3000 жылдыгы, 2005-жылдагы март революциясы, 2010-жылдагы апрель, июнь окуялары, ошондой эле Ош шаарынын көркүн ачкан соңку 3 жылдан бери курулган кооз жерлер, имараттар чагылдырылды.
"Ош шамы" гезитинин 20 жылдык мааракесине арналган "Ош шамы" журналы жарык көрдү. Басылманын бет ачар аземи көпчүлүктүн катышуусу менен Оштогу Токтогул атындагы облустук китепканада өттү. Журнал негизинен үч багыттан туруп, ага "Ош шамы" гезитинин басып өткөн жолу, Ош шаарында учурда аткарылып жаткан коомдук-маданий жумуштар жана Сулайман-Тоо менен Ак-Буура дарыясынын тарыхы камтылган.
Бул жерде баса белгилеп өтүүчү жагдай, биздин жамаат шаарыбыздагы мекеме-уюмдарда окурмандарыбыз менен жолугушууларды байма-бай өткөрүп келдик, алардын сунушу менен жаңы рубрикалар, материалдар пайда болду.
- Жаралган ийгиликке үзөңгүлөш болгон жалпы жамаат тууралуу айта кетсеңиз?
- Мен жамаатым тууралуу сыймыктануу менен сөз кылгым келет. Анткени, бизге аймактагы эң мыкты деп таанылган, тажрыйбалуу, адамгерчиликтүү журналист адистер топтолгон. Аксакалдатып айта турган болсок, баяндамачы Абдираим Мамытов бай жана бал тили менен ар кандай окуяны терең тал-доого алып, гезитибиздин саясат бөлүмүн татыктуу деңгээлде көтөрүп келе жатат. Өзбек редакциясынын журналисттери Эркин Байназаров менен Шырманай Байназарова болсо өлкөнүн тышкы жана ички саясатын, идеологиясын өзбек окурмандарына жеткирүүгө өз салымдарын кошуп келе жатышат. Бир топ жылдардан бери эриш-аркак иштеп келе жаткан орун басарым Назгүл Бостонбаева жана жооптуу катчы Лира Акматова, кабарчылар Барчынай Орозмаматова, Кайрат Жапаров, Уулбү Каныбекова, Бишкектеги өкүлүбүз Мирлан Зулпуев жана башкы эсепчи Нуржамал Атамова, менеджер Айкөкүл Абдыкарова бир үй-бүлөнүн мүчөсүндөй ынтымактуу маанайда иштеп жатышат. "Ырыс алды - ынтымак" деген аталарыбыздын накыл сөзүн турмуш далилдеп жатат. Учурдан пайдаланып, гезитте иштеп кеткен жана учурда эмгектенип жаткан кесиптештеримди даңктуу маараке менен чын дилден куттуктайм!
Материалды даярдаган
Төлөнбай Абдыразаков,
"Кыргыз Туусу"