"Кыргыз туусу", 11.01.13 Бараандуу
эмгектин жаратуучусу
Илимдин жолу ары татаал, ары сыймыктуу десек жаңылышпайбыз. Анткени, кумдан алтын издегендей, кандайдыр бир илимий ачылыштардын артында нечендеген уйкусуз түндөр, түмөн түйшүк, кажыбас кайраттуу эмгек турганын көбүбүз биле бербейбиз. Бир эле окумуштуунун ойлоп табуусу бир мекемеге эмес, ири мамлекеттерге опол тоодой эмгек кылып бергенин тарых ырастап келатат. Мына ушунун өзү сыймык эмей, эмне?


Ал эми биз сөз кыла турган илимпоз-профессордун теориялык илимий эмгеги дагы бүткүл дүйнөдө таанылып, таасын баасын алып келаткандыгы менен кубандырат. Анын өзгөчө илимий ачылыштары 1997-1999-жылдары Санкт-Петербургдан басылып чыккан Бүткүл россиялык төрт томдуктун "Эске тутуу жөндөмгө ээ болгон материалдар" басылмасына киргизилген. Аталган басылманын төртүнчү томдугунда анын теориясы толугу менен жарыяланган. Ал машина куруу жана башка материалдардын затын иликтеген жүздөн ашык илимий жана илимий-усулдук эмгектерди жазган. Ал - ири окумуштуу.
Кыргызстандын жана чет өлкөлүк техникалык жогорку окуу жайлардын окумуштууларынын, студенттеринин арасында зор кадыр-баркка ээ. Ал өз эмгегинин каарманы, ийгиликтердин жаратманы. Ансыз кыргыздын техникалык илиминин өнүгүү процессин элестетүү мүмкүн эмес. Демек, биз сыймыктануу менен сөз кыла турган кадырман инсан - И.Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин проректору, физика-математика илимдеринин доктору, Эл аралык илим академиясынын академиги, Кыргыз Республикасынын Инженердик академиясынын академиги, Кыргыз Республикасынын илимине эмгек сиңирген кызматкер, Эл аралык Инженердик академиясынын академиги (Москва, Россия), "Даңк" медалынын ээси Сарыбагыш Абдрахма-
нов.
Сарыбагыш Абдрахмановичтин өмүр таржымалына сарасеп сала турган болсок, кереметтүү көл кылаасы аны жаш кезинен эле илимге багыттап, торолтуп тарбиялап койгондой. Сарбагыш Абдрахманов 1943-жылы 12-январда ыйык Ысык-Көл кылаасынын Темир айылында төрөлгөн. Билим алууну айылдагы ошол кездеги Токтогул атындагы орто мектептен 1949-жылы баштап, 1959-жылы Григоръевка айылындагы Пушкин атындагы орто мектепти бүтүргөн. 1959-64-жылдары Кыргыз Улуттук университетинин физика-математика факультетинин "Физика" адистиги боюнча студенти болгон. Окууну аяктагандан
кийин 1965-67-жылдары Илимдер академиясынын физика жана математика институтунун улук инженери, "Катуу нерселердин майышуу механикасы" боюнча Илимдер академиясынын аспиранты, 1970- жылы аспирантураны бүтүрүп, "Жарымморт өзөктүн толгонуусу" темасы боюнча кандидаттык диссертациясын жактагандан кийин, физика жана математика институтунун кенже илимий кызматкери болуп ишке орношот. 1971-жылдан баштап азыркы убакка чейин Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинде "Материалдын каршылыгы" кафедрасынын улук окутуучусу, доцент, кафедра башчысы, "Инженер курулуш" факультетинин деканынын орун басары, "Механика машина куруу" факультетинин деканы кызматын аркалап келди. Ал эми 1993-жылы Санкт-Петербург шаарындагы Техникалык университетте "Ысытуу жана күчтүн таасири астында эске тутуу касиетке ээ болгон материалдардын майышуусу жана конструкциялардын элементтерин эсептөө" темасындагы докторлук диссертацияны ийгиликтүү коргогон. 1995-жылы Сарыбагыш Абдрахмановичке профессор наамы ыйгарылган. Ушул жылдан баштап "Физика" кафедрасынын башчысы, 1999-2008-жылдары үзгүлтүгү менен КТУнун илимий проректору болуп иштеген.
Илимпоз катары анын теория менен практикалык ишмердүүлүгүн эске ала турган болсок, профессор С.Абдрахманов катуу нерселердин майышуу механикасы, материалдардын каршылыгы, бекемдик жана ийкемсиздик, машина куруудагы конструкцияларды эсептөө боюнча белгилүү адис экени жамы журтка маалым. Окумуштуунун илимий чыйырын эки багытка бөлүп кароого болот. Биринчиси, 1966-1977-жылдарды камтыган иштерман бараандуу мезгили жарымморт нерселердин чыңалуу жана майышуу ортосундагы катнаштык изилдөөсүнө арналган. 1975-жылдан баштап серпилгичтен бейморт абалга өтүү кубулуш боюнча илимий изилдөөлөргө өткөн. Андан кийинки мерчеми 1985-жылдан башталып материалдардын эске тутуу түзүлүшүнүн механикасын изилдөөнү колго алган.
Биздин республикада эң биринчи "Металлдардын ээси" аттуу илимий-изилдөө тажрыйбакана Абдрахманов аркылуу ачылган. Ошол изилдөөлөрдүн жыйынтыгы "Ысытуу жана күчтүн таасири астында эске тутуу материалдардын майы-
шуу­су", "Ысытуу жана күчтүн таасири астында эске тутуу материалдардын мыйзам турушу", "Эске тутуу касиетке ээ материалдан торсундардын ийүүсү жана толгоосу" аттуу үч монографияда чогултулган.
"Материалдардын каршылыгы" кафедрасынын башчысы болуп 10 жылдан ашык иштеп, кийин КТУнун механика-машина куруу факультетин башкарып, машина куруу боюнча кадрларга чоң салым берди. Ошондой эле ал атайын курстарды окуп жатты, студенттердын "Динамика жана машинелердин бекемдиги" темасы боюнча курстук жана дипломдук долбоорлорду жетектеди. С.А.Абдрахманов материалдардын каршылыгы жана серпилгичтик теориясы боюнча төрт окуу китептерди жазды, анын ичинде үчөө кыргыз тилинде (биздин өлкөдө биринчи) жарык көрдү.
Кийинки этабы - И.Раззаков атындагы Кыргыз техникалык университетинде уюштурулган ЖАКтын кандидаттык жана докторлук диссертацияларды жактоо Кеңешинин төрагасы. Анын жетекчилиги менен бир докторлук жана жети кандидаттык диссертациялар даярдалды.
Кыргыз Республикасынын Жогорку Аттестациялык Комиссиясында физика-математикалык, техникалык илимдер жана Жер жөнүндө илимдер бөлүмүндө иштеп жатып, ал кесипкөй кадрларды даярдоо боюнча белгилүү ишти аткарып жатат. Абдрахмановдун белгилеп кетүүчү чоң иштери-теориялык жана колдонмо механика боюнча комитеттин президиумунун мүчөсү, "Катуу нерселердин майышуу механикасы" аттуу илимий-техникалык секциясынын төрагасы, "Материалдардын каршылыгы" кафедрасынын илимий усулдук семинардын жетекчиси, азыркы убакта КТУнун Илимий Кеңешинин мүчөсү, Илим, Билим, Индустрия жана Искусство Эл аралык академиясынын академиги (Калифорния, AKШ). Абдрахманов Сарбагышка КТУнун ректораты көп ыраазычылыктарды билдирген, мурдагы Кыргыз ССРнин жогорку окуу жайлар министрлигинин Ардак грамотасын ыйгарган. 1999-жылы Кыргыз Республикасынын Президенттин Жарлыгы боюнча "Кыргыз Республикасынын билимине эмгек сиңирген ардактуу кызматкер" деген наам берилди.
Сарыбагыш Абдрахмановичтин өрнөктүү өмүрү ар бирибизге үлгү экенин танууга болбойт. Анын улууга урмат, кичүүгө ызаат кыла билген адамгерчилиги, өз ишинин дасыккан устаты катары жамаатта болобу, коомчулуктабы чоң сый-урматка ээ.
Мирлан ЧЫНЫБАЕВ,
Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин механика кафедрасынын башчысы, физика-метематика илимдеринин кандидаты