Кыргыз гезиттери

Warning: include(../../ggle_v.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/tuusu/13/1018_11.htm on line 5

Warning: include(../../ggle_v.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/tuusu/13/1018_11.htm on line 5

Warning: include(): Failed opening '../../ggle_v.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/tuusu/13/1018_11.htm on line 5



Warning: include(../../search.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/tuusu/13/1018_11.htm on line 5

Warning: include(../../search.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/tuusu/13/1018_11.htm on line 5

Warning: include(): Failed opening '../../search.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/tuusu/13/1018_11.htm on line 5
Кыргыз гезиттер
 
Кыргыз Республикасынын
эл артисти
Таштан ЖОЛДОШБЕКОВ:

"Дүйнөлүк маданият коомчулугуна качан теңата болуп кошулабыз, билбейм..."

Кыргыз Республикасынын эл артисти, белгилүү цирк ишмери, али күнчө юриди-
калык күчүн жогото элек Кыргызстан театр ишмерлер Союзунун президенти Таштан Жолдошбеков кыргыз мадания-тын жана искусствосун реформалоонун жаңы демилгесин көтөрүп чыгып, анын
концепциясын иштеп бүттү. Бул концеп-ция тууралуу угуп алып, Т.А.Жолдошбеков менен төмөнкү маекти курдук.


- Таштан Ашымбекович, эгемен­дүүлүккө жеткен учурдан тартып эле, биз маданиятты реформалайбыз деп талпынып келе жатабыз. Министрлигибиз болобу, коомдук уюмдар болобу, адистерге заказ берип, канчалаган концепцияларды жаздырышты. Бирок, эмнегедир натыйжасы көрүнбөйт. Кагазда жазылган нерсе ошол бойдон кала берди. А маданият тармагы дагы эле баягы таз кейпинде. Сиздин концепция эмнеси менен айырмаланат? Ошол көп кагаздын бири болуп кала бербейби?
- Андай чочулоо болушу толук мүмкүн. Бирок, маселе атында эмес, затында да. Мисалы, менин иштеп чыккан концепциям бармактан сорулуп чыккан, же башка мамлекеттердин тажырыбайсын туураган куру
кыялдын жемиши эмес. Прагматикалык жактан алганда, аткарганга алда канча оңой. Эң башкысы - реалдуу.
- Концепцияңызды "Кыргыз Рес­публикасынын маданиятынын жана искусствосунун альтернативдик-коомдук бирикмеси" деп атапсыз. Аны менен таанышкандардын айрымдары, "бул эмне, маданият министрлигине альтернативабы?" - деп таң калып жатышат.
- Маданият менен искусстводо оппозиция деген түшүнүк анча ылайык келе бербейт. Ошон үчүн биз, жумшарта айтканда, альтернатива түзүп жатабыз. Сөздүн түз маанисинде - практикалык жактан колдоо, жардам көрсөтүү деген эле түшүнүк. Мисалы, биз төмөнкү нерселерди сунуш этип жатабыз!
Биринчиден, бир формациядан экинчи формацияга өтүү дайыма өтө оор көрүнүш экенин, ал жаңжалдарды жаратарын, митингдер менен коштолорун, акыры "кетсин" деген сөз менен аяктарын эске алып, биздин парламентарийлер айткандай, жаңжалсыз өткөрүүнүн жолун таап жатабыз. Экинчиден, биз артисттерден талап эткенди гана билебиз, а ордуна бергенибиз жарыбыган бир нерсе. Ошон үчүн биз башка өнүккөн мамлекеттегилердей, гранттык-кредиттик акчага "Артшаарча", башкача айтканда, жабык типтеги жеке-көп функцио-
налдуу тармак курууну сунуш этип жатабыз. Үчүнчүдөн, республикабыздын чыгармачылык контингенти үчүн "Артисттердин эмгек биржасын" курууну пландаштырдык. Белгиленген күнү ар бир чыгармачыл адам элдин жана атайын чакырылган элчиликтердин алдында өз өнөрүн тартуулап, өз бетинче контракт түзөт. Төртүнчүдөн, "Маданият
министрлигинин имаратын, адистештирилген - көп тармактуу искусство жана спорт сарайын" куруунун пилоттук долбоорун да сунуштоодобуз. Бешинчиден, эки жылдын кийин парламенттик шайлоолорго да өз командабыз менен барабыз деген ойдобуз. Бир сөз менен айтканда, максат дүйнөлүк мада-
ният коомчулугуна тең ата боло турган шартта, базар экономикасына ылайык кошулуу. Башка мамлекеттер менен бирдикте маданият долбоорун түзүп, дүйнөлүк аренага чыгууга жол табуу. Деги, качан башкаларга теңата иш кылабыз, билбейм.
- Өтө эле масштабдуу концепция экен. Ушунун баарын ким ишке ашырат, мамлекетибиз жарды, бюджет тартыш болсо?
- Бул башкы максатты иш жүзүнө ашыруу үчүн, биринчи кезекте, сынактык негизде бир пикирдеги жаштардын командасын түзөбүз. Биз натыйжага иштейбиз, албетте, жогорку эшалондогу бийлик, парламент да колдоо көрсөтөт болуш керек деп ишенебиз.
- Тилегиңиз жакшы экен. Бүгүнкү күндө биздин театр ишмерлеринин чөйрөсүндө эки чыгармачыл союз өкүм сүрүп калыптыр: бирөө, баягы биз билген, өзүбүздүн Кыргызстан театр ишмерлер Союзу - анын жетекчиси ушул кезге чейин сиз экенсиз, экинчиси, 2005-жылы түзүлгөн, Мелис Шаршенбаев жетектеген Кыргызстандын театр искусствосунун ишмерлеринин
союзу. Баарынан кызыгы - укуктук жактан алганда кийинкиси мурунку союздун ишин улантуучу боло албайт экен. Эмне үчүн ушундай коллизиялуу кырдаал жаралып калды?
- Ага мен күнөөлүү эмесмин. Убактысы келгенде, мөөнөтүм бүткөндө съезд чакырып, ишти өткөрүп берейин деген тилекте элем. Бирок, мени эч ким чакырбастан, отуз-кырк кишини жыйып туруп жыйналыш өткөрө салыптыр, жаңы жетекчилик шайлаптыр. Мен алыс деле кеткен жок элем. Шаарда эле болчумун. Бирок, мыйзам бузуу менен шайланган союздун жетекчилигине уставды өзгөртүүгө уруксат берген жокмун. Анткени, бардыгы мыйзам чегинде болуш керек да. Жаңы жетекчилик, андай болсо, мындай деп туруп, жаңы коомдук уюмду каттатып ийдиңер. Ошентип, эки союз болуп калды.
- А бул коллизиядан кантип чыгыш керек?
- Театр ишмерлеринин жалпы жыйынын чакырып туруп, эки союзду тең жоюу керек да, ордуна жаңы союз түзүш керек. Жетекчилигин шайлаш керек.
- Анда үчүнчү коомдук уюм пайда болбойбу?
- Эмне үчүн? Мурдагы, Чолпонбек Базарбаев, Таштан Жолдошбековдор жетектеген союздун ишин улантуучу деп уставда көрсөткүлө. Мен каршы эмесмин, эгер баары мыйзам чегинде болсо. Мен, дегеле, орун үчүн жанталашпайм.
Маектешкен
Жаныш КУЛМАМБЕТОВ,
драматург, сынчы, режиссер,
КРнын маданиятына
эмгек сиңирген ишмер

P.S. Т.Жолдошбеков менен болгон ушул маектен кийин бир нече күн өтпөй эле Кыргызстан театр ишмерлери өз жыйынынын өткөрүп, анда мурдагы Ч.Базарбаев, Т.Жолдошбеков жетектеген союзду калыбына келтирүү боюнча чечим кабыл алып, анын жетекчилигине Жаныш Кулмамбетовду шайлашты.







Warning: include(../../ggle_link.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/tuusu/13/1018_11.htm on line 92

Warning: include(../../ggle_link.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/tuusu/13/1018_11.htm on line 92

Warning: include(): Failed opening '../../ggle_link.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/tuusu/13/1018_11.htm on line 92

Пикир:

а ­е¦Є.НҐй«