"Кыргыз Туусу", 18.10.13 Алимбек Курбанов, "Кыргызпочтасы" мамлекеттик
ишканасынын Чүй-Талас филиалынын директору:

"Пенсияны банкка күрөөгө коюу коркунучу жаралууда"

Маектешкен
Шекербек КАЛЫКОВ,
"Кыргыз Туусу".
- Алимбай Сыдыкович, жакында эле почта кызматкерлеринин бүткүл дүйнөлүк күнү белгиленди. Мына ушунун тарыхына кыскача токтолуп өтпөйсүзбү?
- Бүткүл дүйнөлүк почта союзу деген уюм 1874-жылы 22 мамлекеттин катышуусу менен Берн шаарында уюшулган. Бүгүнкү күндө 191 мамлекет анын расмий мүчөсү болуп эсептелет. Андан башка 7 мамлекет башка өлкөлөр аркылуу мүчө. Ушул уюмдун жоболоруна ылайык, 198 мамлекеттин ичинде кат-кабар жеткирүү, бандероль жана башка почта тармагы аркылуу жөнөтүлүүчү нерселердин бардыгына жол ачылган. Башкача айтканда, эч тоскоолдуксуз жеткирүүгө шарт түзүлгөн. Аталган уюм почта тармагын өнүктүрүүгө, аларды техникалык жактан камсыз кылууга жардам берип, дүйнөдө болуп жаткан жаңы жетишкендиктер менен кабардар кылып, ар кандай семинарларды өткөрүп адистерди даярдоого салымын кошуп келатат. Ошондой эле кызмат көрсөтүү жаатында дүйнө жүзү боюнча бирдиктүү тариф саясатын иштеп чыгышат. 1939-жылы Буэнос-Айресте 9-октябр-ды Бүткүл дүйнөлүк почта күнү деп расмий түрдө белгиленген. Мындан тышкары, Аймактык байланыштын шериктештиги деген дагы уюм бар. Бул уюм мурдагы СССРдин курамына кирген өлкөлөрдү камтыйт. 1991-жылы Москвада уюшул-
ган. Аталган уюмдун иши, ус­та-
вы дүйнөлүк почта союзунун иш-мердүүлүгүнө карама-каршы келбейт. Кыргызстан 1992-жылы Аймактык байланыштын шериктештигине, 1993-жылы Бүткүл дүйнөлүк почта союзуна мүчө болуп кирген.
- Сиз башкарган Чүй-Талас почта башкармалыгынын иш-мердүүлүгү кандай жолго коюлган?
- Чүй-Талас почта филиалында 12 райондук почта түйүнү, 262 айылда бөлүмдөрүбүз бар. Биз негизинен Чүй жана Талас облусунун элин тейлейбиз. 921 киши эмгектенет. Почта айыл жерлерине жумасына үч жолу, чоң шаарларга, трассаларга беш жолу жеткирилет. 31 маршрут бар. Бир эле багыттагы маршрутубуздун узундугу 4568 чакырымды түзөт. Эки облус-та биригип 24300 жөлөк пул алуучу, 78311 пенсия алган жарандарыбыз бар. 13664 киши Улуу Ата мекендик согуштун, Афган согушунун каты-
шуучулары жана башка жеңил­диктерди алгандарды тейлейбиз. Биздин филиалыбыз чарбалык эсепте иштейт. Бюджеттен бир тыйын жардам албайбыз. Бирок, ошол эле учурда мамлекеттин колдоосуна муктажбыз. Ошону менен бирге маселелер, көйгөйлөр дагы жок эмес.
- Кандай көйгөйлөр бар?
- Көйгөйлөр өтө эле көп. Бир мисал: Бишкектен Кара-Буурага, же Бакай-Атага гезит жөнөтө турган болсок, аралыгы 400 чакырымды түзөт. Бул деген гезитти жеткирүүдөгү чыгымын актабайт дегенди түшүндүрөт. Башкача айтканда бир гезиттин чыгымы 25-30 сомго чыгып кетет. А биз окурмандарга 10-12 сомдон сатышыбыз керек. Орто жолдо 20 сомго чыгашага иштеп жатабыз. Биздин кирешебиздин 80 пайызы Соцфонддун жана Социалдык өнүгүү министрлигинин пенсия, жөлөк пулдарын таратуунун эсебинен түшчү эле. Биз тараткан жалпы сумманын 1,7 пайы-
зын кызмат көрсөткөнүбүз үчүн алып калчу элек. 2011-жылдын аягында почта кызматкерлеринин пикирин укпай эле Өкмөттүн токтому чыгып, кызмат көрсөтүүнүн акысы 1,3
пайызга түшүп калган. Эң кызыгы декабрда чыккан буйрук, 1-ноябр-да күчүнө кирген. 2008-жылы Социалдык өнүгүү министрлиги бизге 2,6 пайыз төлөп берчү. Булар дагы 1,3 пайызга түшүрүп коюшту. Ушунун негизинде бүгүнкү күндө биздин кызматкерлердин айлык акысы эң төмөн. Транспорт жана башка техникалык жабдуулардын эскилиги жетип бүттү. Ал аз келгенсип, Социалдык фонд пенсияны банк аркылуу алууга үндөп жатышат. Банк деген райондун борборлорунда гана бар. Анча-мынча кассалары трассаларда, шаарга жакын айылдарда болушу мүмкүн. Эми жарандарыбыз райондун борборуна келип, бир күнүн коротуп пенсия алууга аргасыз болушууда. Ушундан улам, банк­тан пенсия алууга нааразы болгон жер-жерлерден айыл өкмөттүн башчыларынан, айылдык кеңештин депутаттарынан бизге каттар келип жатат. Себеби, жолдун алыстыгынан, кээ бирлеринин ден соолугуна байланыштуу банктардан пенсия, жөлөк пулдарды алууга мүмкүнчүлүгү болбой жатат. Ошондуктан, почта бөлүмдөрү аркылуу кызматташууну улантуу сунуштары менен кайрылышууда. Мына ушул кайрылуулардын көчүрмөлөрүн учурунда Соцфондго жөнөткөнбүз. Бирок, өтүнүч-сунуштар толук кандуу аткарылган жок. Өткөн жылы Токмокто бир
айылдын пенсия, жөлөк пул алуучуларын эч кандай арызы жок эле бир күндө банкка өткөрүп коюшту. Алгач банкта иштегендер машина менен айыл аралап пенсия, жөлөк пулдарды таратып жүрүшүптүр. Кийин-
ки айда барбай коюшуптур. Бул эми, "пенсия керек болсо, өзүң келип алып кет" деген мамиле да. Айылдан
районго келсе тикесинен-тик кезекке турушат, түртүшөт-талашат, ал жерде пенсионерлер үчүн тиешелүү шарттар жок. Акча жетпей калса, башка күнү 40-50 чакырымды кайра басып келүүгө туура келет. Аптапта, суукта келет дегендей. Ушунун баа-
ры убарагерчилик да. Бир айылда азыр 60-70 гана пенсионер бар, калганы банкка өтүп кетишкен. Мына ошол 60 кишиге берген пенсиядан түшкөн пайда, почточунун айлыгын жаппайт. Транспорттун чыгымын айтпай эле турайын. Ушул жерде банк­-
тарга тиешелүү бир кызык жагдайлар бар. Алар кредит берип жатышпайбы. Кредит алыш үчүн "айлыгы тууралуу справка алып кел" десе, бардыгы эле бир жерде мыйзамдуу иштеген жок да. Анан пенсионер атасы, же апасы кепил болуп беришүүдө. Анткени, тиги банкта алардын пенсиясы бар. Эгерде, баласы кредитти төлөй албай калса, ата-энесинин пенсиясынан кармап кала беришет. Банк үчүн бул ыңгайлуу. Алар пайда көрүш керек. Социалдык абал аларды көп деле кызыктырбайт. Башкача айтканда, кредиттин тобокелчилик жагын ата-энелердин пенсиясынын эсебинен жабышууда. Пенсияны банкка күрөөгө коюу коркунучу жаралууда. Эми муну эмне деп айтууга болот? Буга кайдыгер кароого болбойт. Мамлекет көңүл бурбаса
болбойт.
- Социалдык фонд сиздерге өз убагында акча каражатын бөлүп берип турабы?
- Мында да маселелер бар. Маселен, Соцфонд банкка канча сумма талап кылынган болсо, айдын башында которуп берип жатат. Ал эми почта 20 миллион сом алса, кечиктирип, анан аны 20 күнгө бөлүп берет. Бир айылда 30 бөлүм болсо, аз эле суммадан тиет. Пенсионерлердин бардыгына акча жетпей калат. А бизде график так сакталган. Пенсионерлер дагы ошол боюнча почтага келишет. Пенсионер графигинде акчасын ала албай калса, нааразычылыктар пайда болот. Муну билген банк­-
тар, "бизге келсеңер, убагында беребиз" дешип, азгырып жатышат. Бул
атайын жасалган нерседей туюлат.
- Өкмөт тарабынан жардам болгон жокпу?
- 2008-жылы алыскы райондордогу почта бөлүмдөрүнө өкмөттүк гезиттерди, кат-кабарларды жетки­рүү максатында транспорт сатып алалы деген сунушубузду өкмөт колдоп, жарым-жартылай башталып, ошол бойдон токтоп калды. Бул маселе деле акырындык менен чечилет деген ойдобуз. Бирок, бизди нааразы кылган жагдай, Соцфонд 1,3 пайызды 1
пайызга түшүрөбүз деп, Өкмөткө токтомдун долбоорун даярдап койгон экен. Учурдан пайдаланып, почта кызматкерлеринин атынан Өкмөт-түн вице-премьер-министрлери
Тайырбек Сарпашевге, Камила Та-лиевага терең ыраазычылык билдире кетким келет. Анткени, мына ушул кишилер, "Почта тармагын жоготуп алабызбы. Жок, мындай болбойт" деген аргументтүү пикирлери жана алардын түздөн түз кийлигишүүсү менен Соцфонддун даярдаган токтому жокко чыгарылды. Азыр керек болсо, кызмат көрсөтүүнүн акысын 1,7 пайызга көтөрүш керек деген маселени коюп жатышат. Поч-
та тармагындагы маселелерди-туура түшүнүп, Өкмөт тарабынан чечкиндүү кадам жасалып жатканына биз терең ыраазыбыз. Эми азыр үмүт менен күтүп жатабыз. Эгерде кызмат көрсөтүүнүн акысы көбөйсө, бир аз болсо дагы киреше булагыбыз көбөйүп, айлык акы көтөрүлүп, өзүбүздүн материалдык-техникалык базабызды чыңдоого шарт түзүлмөк. "Кыргызпочтасы" Кыргызстандагы таланып-тонолбогон бардык базасы сакталган бирден бир мамлекеттик ишкана болуп эсептелет. Дээрлик ар бир айылдарда биздин бөлүмдөрүбүз иштеп жатат. Демек, почта элге кызмат көрсөтүүчү тармагы болгон соң, аны мамлекеттик деңгээлде колдоо учурдун талабы деп ойлой-
буз.