Мужиктөр

Бек БОРБИЕВ кызыл камчыбы?
Өткөн жумада белгилүү ырчы Бек Борбиевди гезиттин баары "эмгек сиңирген артист болуп алып гимнди билбегени уят" деп жазып чыгышты. Кепти мына ушундан баштадык.

- Бек, чын эле гимнди билбейсизби?
- Гимнди эмнеге билбейт экенмин. Билем эле. КТРде "Ринг" деген берүүдө, мени гимнди ырда дешти эле ырдабай койгом. Себеби, гимн - бул мамлекеттик символика. Ар кайсы жерде эле ырдай бере турган ыр эмес. Мыйзамда гимнди кайсыл убакта, кантип туруп алып ырдаш керектиги жазылган. Гимн эмес башка ыр болсо деле ал жерде ырдамак эмесмин, анткени, ырчы деген ар ким суранган жерде эле ырдай бербей сахнада гана ырдаш керек. Ошол эле берүүдө "рэп ырда" дешти, аны дагы ырдаган жокмун. "Мушташканды көрсөтүп бер" деди, андан дагы баш тарттым. Такыр бузбаган өзүмдүн принциптерим бар. Ырчы деген ырда деген жерден ырдай бергидей маскарапоз эмес да. Албетте, эми андай деле ырчылар бар, алардын өздөрүнүн принциптери бар да. Ырчы сахнада гана ырдап, өз өнөрүн көрсөтүшү керек. Анан албетте, үйүңдө, той-майрамдарда ырдасаң жарашат.
- Мамлекеттик кызматкер Борбиев менен ырчы Борбиевдин айырмасы кандай?
- Экөөнүн айырмасын билгидей мен андай деле чоң чиновник эмесмин да. Көптөр мени чоң чиновник деп чаташтырып алышат экен. Мен болгону катардагы кызматкермин. Кызматкер менен ырчы Борбиевдин айырмасы деле жок болуш керек.
- Үйүңүздө сиз кожоюнбу, же жеңебизби?
- Биздин үйдө эркек кожоюн. Жеңеңер аялдын ролун, мен күйөөнүн ролун аткарам. Күйөөнүн ролун аткаруу деген, демек ошол үйдө мен кожоюнмун дегендик.
- Эркектерге тиешелүү кайсы жумуштарды аткара аласыз. Мисалы, мал сойгонду билесизби?
- Мал сойгонду 7-классымдан бери эле билем. Куран окуп, келме келтиргенди дагы ошондо эле чоң апам үйрөтүп койгон. Эс тарткандан бери эле мал жайгарып, короодогу иштердин баарын жасап келем. Кудайга шүгүр, мен билбеген эч нерсе жок.
- Устачылык жагынан кандайсыз? Өз колуңуз менен үй салып көрдүңүз беле?
- Өзүмө чакан кылып өз колум менен үй салып, былтыры бүттүм. Азыр ошол үйдө жашайм.
- Кантип эс аласыз?
- Ар кандай болуп калат. Кээде уктап эс аласың, кээде тоого чыгып, же ыр жазып дегендей. Балык кармап, бильярд ойноп эс алса болот.
- Стрессти кантип чыгарасыз?
- Спорт залда машыгып аткан учурда тер менен кошо абдан жакшы чыгат. Мүмкүнчүлүк болуп калса 100-200 граммдан ичип чыгарып койсоң да жакшы.
- Мас болгондо кээ бирлер ыйлайт экен, дагы бирөөлөр күлө беришет экен. Сизчи?
- Мас болгондо мен бакылдап-шакылдап шайыр болуп калам. Бирок мас болгонуң кайсы жерде отурганыңа, маанайыңдын кандай экендигине дагы байланыштуу болот. Көңүлүм чөгүп турса, акырында өйдө-төмөн кетип, бирөөлөр менен айтышып кетем.
- Биринчи жолу арактын даамын качан татып көрдүңүз эле?
- 9-классымда атам "жигит болуп калдың..." деп биринчи жолу шампан ичирген эле. Кийин мектепти аяктап атканда кызыгып, балдар менен ичип көргөнбүз. "Ичип өзүн билбей калыптыр" дегендерди түшүнбөйм. Анан карыганда эле ичкенде өзүмдү билбей калбасам...
- Ичип алып деле рулга отура бересизби?
- Ичкенде рулга отурбайм, айдоочум бар да.
- Тамекиге кандайсыз?
- Тамекини таштап койгонума эки жарым жыл болду. Жыйырма жылдай тартып жүрдүм. Адамдын өзүнөн эле экен. Таштагым келди, таштап койдум.
- Жакалашып, мушташа кеткен учурларыңыздан айтып берсеңиз?
- "Мен мушташпайм" деген жигит болбосо керек. Сен бирөөгө барып мушташпасаң дагы, бирөө сага келип тийишиши мүмкүн. Эң башкысы, мушташтан кийин кек сактап калуу - бул жигитчиликке жатпайт. Уруш мушташкан жерден эле калышы керек. Мен жакалашып, мушташа кетсем дагы, кайра кийин сүйлөшө берем. Кээде машине токтоткон жерлерден орун талашып уруша кетесиң…
- Айылда достор менен кыз ала качууга катышкансызбы?
- Айылда эмес, Бишкектен эле ала качканбыз. Бир досубуз кеч үйлөндү, ошонун аялын Көлгө ала качканбыз. Бизди сөгүп, жулмалап, тээп барган. Тоңго жеткиче анын тепкисин жеп барганбыз. Баргандан кийин отуруп калып, азыр сонун эле жашап жатышат. Төрт балалуу болушту. Өзүм болсо сүйлөшүп эле үйлөнгөм.
- Атактууларга кыздар көп сөз айтат эмеспи. Сиз деле бул жагынан кур эместирсиз?
- Айтып турганы жакшы да. Айтпай калганы жаман.
- Жубайыңыз кызганбайбы?
- Кызгана турган себептер болуп калса кызганат. Обу жок кызгандырбайм. Кызганса дагы "кызганба" дейм.
- Ала жипти аттаган учуруңуз болдубу?
- Жок, такыр болгон эмес. Ким эле "мен изменять этем" деп айтмак эле.
- Ачууга алдырып аялыңызга кол көтөргөнсүзбү?
- Биздин үйүбүзгө кире бериште камчы илинип турат. Мурда жаш кезде ошол камчы колго тийип калчу. Азыр көп жылдан бери андай деле жок. Турмушта казан-аяк кагышып, ар кандай кырдаал болуп кетет да.
- Боенгон мырзаларга кандай көз караштасыз?
- Ырчы мырзаларды телевидениеге, сахнага чыгып атканда гримдешет. Болбосо бетиң жылтырап калат, оозуң, бети-башың күйөрманга даана көрүнүп туруш керек. Гримсиз чыккан ошол аудиторияны сыйлабагандык. Бул боенууга жатпайт. Көчөдө боенуп жүргөн эркектерге терс көз караштамын. Эркектин эркектей, кыздын кыздай болгону жакшы да.
- Маникюрга барасызбы?
- Ооба, мен маникюр, педикюрга барып турам. Дайыма барып жүрчү мастерлерим бар.

Бетти даярдаган Дилбар АЛИМОВА




 "Хит-параддын" башында

Кыргызстан авиакаттамдары дагы "кара тизмеге" кирди
Евробиримдик Кыргызстандын аба каттамдарын кайрадан "кара тизмеге" киргизди. Бул тууралуу Евробиримдикке мүчө өлкөлөргө кээ бир мамлекеттердин учактарын киргизбөө, кондурбоо тууралуу уюмдун жаңыланган документинде айтылган. ЖК депутаты, "Эсен эйр" аба компаниясынын жетекчиси Бегалы Наргозуевдин айтымында, Евробиримдиктин "кара тизмесине" Кыргызстандын жалпы жарандык авиация департаменти, бардык аба компаниялары кирген.

Биринчи жолу бул "кара тизмеге" Кыргызстан 2006-жылы апрелде кошулгандан бери чыкпай келет. Буга жарандык авиация департаментинин коопсуздук эрежелери Еврокомиссиянын токтомдорунун жана дагы Чикаго конвенциясынын талаптарына жооп бербегендиги себеп болууда. Анткени, граждандык авиация департаменти коопсуздук эрежелеринин бирдиктүү системасын түзө алган эмес. Экинчи себеп, көптөгөн авиакомпаниялар Чикаго конвенциясынын талаптарына жооп берген эмес. Көп авиакомпаниялар Кыргызстандан каттоодон өтүп алышып, башка өлкөлөрдө иш жүргүзүп жүргөндүгү аныкталган. Ал гана эмес, офистери Кыргызстанда эмес, башка жакта болгондоруна комиссия мүчөлөрү таң калышкан. Алгач комиссия департаменттин коопсуздук эрежелерин текшеришкенде документалдык базасы Европалык стандарттардын эрежелерине шайкеш келбегени аныкталгандыктан, авиакомпанияларды дагы текшербей туруп кара тизмеге киргизген. Анткени, алар ошол департаменттен каттодон өткөн деп негизделген.
Башка өлкөлөрдөн дагы бул тизмеге кирген авикоманиялар бар, бирок Кыргызстандай болуп департаменти менен кошо бүт бойдон киргени жок. "Авиакомпаниялардын самолетторунун коопсуздук эрежелери туура эмес болгондугу үчүн ушул тизмеде турабыз" деп жарандык авиация департаменти ушул убакка чейин жарандарды алдоого аракет кылып келди. Өздөрү жөнүндө бир дагы сөз айтышпайт. Жарандык авиация департаменти менен транспорт министри отчет берген сайын "мына кара тизмеден чыкканы калдык" деп ооз көптүрөт. Же бир алардын убадалары аткарылбады, 2006-жылдан бери кара тизмедегилердин хит-парадынын башында келатабыз.
Бул тармакта башынан эле мандем бар экендиги эч кимге жашыруун деле эмес. Августтагы авиакырсыкты изилдөө комиссиясы алиге чейин жыйынтык чыгара элек. Жарандык авиация департаменти комиссиянын жыйынтыгы чыга электигин айткан эле. Ал эми транспорт министри Нурлан Сулайманов болсо ЖКнын өнөр жайды өнүктүрүү, сода, транспорт жана коммуникация комитетинин жыйынында кырсыкты изилдөө боюнча комиссия өз ишин аяктаганын, жыйынтык жакында коомчулукка жарыяланарын билдирди. Алиге чейин жарыялана элек. Биздеги авиакырсыктан кийин эле Россияда дагы самолет күйүп кетип, жыйынтыгы кечиктирилбестен дароо эле чыгарылган. А биздин комиссия жыйынтыгын созгондон созуп келет…













Төмөнкү
емейл жана телефон
сайттын ээси

Жанызактыкы:
емейл:janyzak@mail.ru
тел.: +996777329784
Сайт жөнүндө:
Бул айылда негизинен кыргыз гезиттери
электрондук тиркеме түрүндө жарыяланат.
Архивге, емейлге жана редакцияга шилтемелер
ошол гезиттин башбарагында берилген.
Жеке макала жарыялоого буйрутмалар кабыл алынат.
Сведения о сайте:
На сайте публикуются в основном кыргызскоязычные газеты в виде электронных подшивок данных газет.
Ссылки на архивы, емейл и данные о редакции
указаны на главной странице конкретной газеты.
Принимаются заказы на публикацию частных статей.
Алган материалга шилтеме бериңиз!  © J.Janyzak, Kyrgyzstan  Ссылки на взятые статьи обязательны!