Залкарлар чыйыры

Ракым Усубакунов - өз мезгилинен озгон инсан
Кыргыз мамлекеттик университетинин жанында чогулган миңге жакын студент колоннага тизилип, Белинский көчөсү менен жогору карай жөнөп калды. Алдыңкы катардагы студенттердин арасында кыргыз филология факультетинин студенти, келечектеги кыргыз элинин белгилүү акыны Табылды Муканов да бар эле. Көчөдөгү автоунаалардын кыймылына тоскоол болуп, жол боюндагы шаар тургундарын сестентип бара жаткан бул жүрүштүн максаты - политехникалык институттун алдындагы аянтта уюшулуп жаткан митингиге катышуу. Жүздөгөн студенттерден турган ушундай эле колонналар В.Маяковский атындагы кыз-келиндер педагогикалык институтунан, айыл чарба институтунан, медицина институтунан да чыгышып, шаардын чоң көчөлөрү менен политехникалык институтутту карай агылып келе жатышат. Ал эми политехникалык институттун алдында болсо активист студенттер шашылыш түрдө тактайдан трибуна куруп, микрофондордун зымдарын тартышууда. Сырттан караган кишиге митинг жогорку уюшкандыкта даярдалып жаткандай. Келген студенттер менен кыргыз интеллигенциясынын жаш муунунун өкүлдөрүнүн карааны да калың. Эртең мененки саат онго чейин эле төрт-беш миң киши чогулуп, институттун алдындагы аянт жык толгон.
Бул окуя азыркы демократиялык шартта эмес, тетиги өткөн кылымдын 67-жылы, коммунисттик тоталитардык доордун күчөп турган мезгилинде болгон. Митингинин чыгыш себеби, политехникалык институттун биринчи проректору Ракым Усубакуновдун кызматтан бошотулушу, ага улутчул деген айыптын тагылышы эле. Ооба, институттун проректорунун кызматтан четтетилиши миңдеген студенттердин нааразычылыгын туудуруп, массалык митингдин уюшулушуна алып келген. Окуянын мындай курчуп кетишине да олуттуу себептер бар болучу. Анткени, ал кезде жогорку окуу жайларында окуу процесси толугу менен орус тилинде болуп, айыл жеринен кыргызча окуп келген улан-кыздар тил билбегендин айынан окууну биринчи-экинчи курста эле таштап кетүүгө аргасыз болушкан, кыргыз тилинде окуу китептери да жок болучу, айрыкча физика-математика жана техника илимдери боюнча. Мыдай жагдайды жаш окумуштуу, кечеки эле айылдык боз улан Ракым Усубакунов көрөгөчтүктө баамдаган да, туура тыянакка келген. Жогорку окуу жайларында алгачкы курстун студенттерин кыргыз тилинде окутууну уюштуруу керек эле, кыргыз тилинде окуу китептерин даярдоо да зарыл маселе болучу. Ракым агай ушул маселелерди биринчи болуп республикалык деңгээлде көтөрүп чыккан. Мындай демилге 80-жылы коммунизмди куруп салабыз, улуттардын айырмачылыгы жок болот, бир гана тилде сүйлөгөн совет эли калыптанат деп чамгарактап жүргөн коммунистик идеологдорго жаккан эмес, жат, коркунучтуу идея катары кабыл алынган. Улуттук тилди, улуттук маданиятты өнүктүрүү маселелеринин көтөрүлүшү Москванын оозун карап турган жергиликтүү партиялык функционерлерге да өтө коркунучтуу эле. Жусуп Абдрахманов, Касым Тыныстанов сыяктуу залкарлардын улутчул катары атылып кеткенине отуз жылга жакын болсо, Ташым Байжиев, Зияш Бектенов өңдүү мекенчил окумуштуулардын улутчул катары камакка алынганына он беш жылдан бир аз ашуун убакыт өтүп, кыргыз интеллигенциясы "улут" деген сөздөн жаа бою качып турган убакытта Ракым агайдын жогоруда аталган демилгеси чыныгы эрдик болгон деп айтсак да ашык болбойт. Отуз жашында Кыргыз мамлекеттик университетинин эң чоң факультетине декан, андан эки жыл өтпөй бүткүл союздук тизмеге кирген ири техникалык жогорку окуу жайына биринчи проректор болуп дайындалышы Ракым Усубакуновдун окумуштуулук жана педагогдук дараметинин далили. Карьера тепкичи менен ушунчалык тез көтөрүлүп келе жаткан жаш адис эмне себептен улам опурталдуу демилге көтөрүп, атургай аны ишке ашырууга белсенип киришкен? - деген суроо туулбай койбойт. Туура, эл катары эле жүрө берсе бат эле илимдин доктору, академик наамдарына да жетери шексиз эле болучу. Анткени, Ракым агайдын илимий дараметине анын мугалими профессор Франклин өтө жогору баа берип, келечекте дүйнөгө белгилүү окумуштуу болот деп айтчу экен. Бул сөздү мен өзүм математик, механик жана физик агайлардан далай эле жолу уккам. Бирок, Ракым агай тынч илимий иш менен алектенип олтуруп алган жок, ал миңдеген кыргыз жаштарынын ой-тилегин ачык айтып чыкты, Эл агартуу министрлигинин коллегиясында маселе көтөрдү, анын чечилиш жолдорун издеди. Улуттун тагдырына, анын келечегине кайдыгер болбоо анын жарандык позициясы эле. Министрликтен дагы, партиялык органдардан дагы Ракым агай колдоо тапкан жок. Негизги шылтоо - кыргыз тилинде физика, математика жана техникалык илимдери боюнча терминдердин калыптана электиги, студенттер үчүн окуу китептеринин жоктугу, кыргыз тилинде сабак өтүүгө жогорку окуу жайларында даярдыктын аздыгы болду. Үстүртөн караганда жүйөлүү себеп. Бирок, Ракым агай токтогон жок, 1965-1967-жылдар ичинде кыргыз тилинде окуу китептерин даярдоонун жана терминдерди калыптандыруунун үстүндө катуу эмгектенди. Жеке өзү эмес, башка кесиптештерин дагы бул ишке тартты, үгүттөдү. Натыйжада, Ракым агай 1965-жылы "Арифметикалык маселелерди чыгарууга көрсөтмөлөр" аттуу окуу куралын, 1966-жылы "Дифференциалдык жана интегралдык эсептөөлөр" деген окуу китебинин биринчи бөлүгүн, 1967-жылы Математикалык терминдердин орусча-кыргызча сөздүгүн (Ч.Жаныбеков менен бирге) кыргыз тилинде жарыкка чыгарды. Бул эмгектер ошол кезде илимий-педагогикалык чөйрөдө абдан чоң кызгууну жаратканын 1967-жылы республикалык гезиттерге чыккан макалалар эле ачык айгинелеп турат. Айрыкча жогорку математика боюнча тунгуч китеп болгон "Дифференциалдык жана интегралдык эсептөөлөр" деген окуу куралын студенттер гана эмес, университет жана институттардын мугалимдери да зор ынтызарлык менен кабыл алышкан. Жогорку окуу жайлары үчүн математика боюнча кыргыз тилинде окуу китеби жок болгонун, ушул себептен студенттер билим алууда өтө кыйналып жатышканын, учурдун талабына ылайык Ракым агайдын жогоруда аталган китеби жарыкка чыкканын Кыргыз мамлекеттик университетинин мугалимдери Б.Абакиров, А.Пратов, Э.Дүйшеев, С.Садыков, Т.Камытов, Б.Шабыкеевдер "Мугалимдер газетасына" чыккан "Тунгуч китеп" деген макаласында (15.07.1967), Ош педагогикалык институтунун деканы Т.Ажымүдүнов жана мугалимдери М.Назаров, С.Каримов, И.Калчаев "Ленинчил жаш" гезитине чыккан "Керектүү китеп" деген макаласында ( 13.09.1967), В. Маяковский атындагы кыз-келиндер институтунун деканы А.Искендеров менен мугалими Ө.Шаршекеев "Советтик Кыргызстан" гезитине чыккан "Баалуу эмгек" деген макаласында (08.04.1967) баса белгилешкен. Ошентип көч ордунан козголуп, 1965-1967-жылдары көптөгөн окумуштуу-педагогдор кыргыз тилинде жогорку окуу жайлары үчүн окуу китептери менен колдонмо куралдарын даярдоого киришип калышкан. Техникалык илимдер боюнча саамалык катары Өскөн Даникеевдин "Сызма геометрия" деген окуу китебин жана инженердик графика боюнча орусча-кыргызча түшүндүрмө сөздүгүн да айта кетүү керек. Кыргыз тилинде окуу китептери менен түшүндүрмө сөздүктөр жарыкка чыгып, жакында баштапкы курстарда окуу процесси кыргыз тилине өтөт экен деген кабар студенттердин арасында дагы зор кубанычтарды жаратып, Ракым агайдын популярдуулугун арттырган, ал элдик баатыр катары кабыл алына баштаган. Мындай жалпы жигердүү кыймыл жана окууну кыргыз тилине которуу демилгесинин кеңири тарап жатышы Компартиянын Борбордук Комитетин чочулатпай койгон жок, Усубакуновду кызматтан бошотуу, аны улутчул катары жазага тартуу чечими кабыл алынды. Бул маселеге кимдердин тиешеси бар экендигин, чечим кандай тартипте кабыл алынганын тастыктоочу документтер КГБнын архивдеринде жаткан чыгаар, мезгили келгенде алар да ачыкка чыгат деп ишенсек болот. Ошентип, маңкуртташкан партиялык кызматкерлердин сокур саясатынан улам кыргыздын дагы бир чыгаан уулунун канаты кыркылган. Ал эми миңдеген студенттердин эч кимден коркпой-үркпөй эле "Усубакуновду кайра кызматка койгула!", "Окууну кыргыз тилинде жүргүзгүлө!" деген ураандар менен митингиге чыгышы Ракым агайдын көтөргөн демилгеси, алдыга койгон максаттары нукура элдин кызыкчылыгында болгондугун айгинелейт. Тилекке каршы, студенттердин ал митинги максатына жеткен жок. Ал күнү КГБ тарабынан Ракым агайга атайын эскертүү берилди: "Өзүң барып студенттерди тарат, болбосо улутчул гана эмес, массалык башаламандык уюштурган киши катары сот жообуна тартыласың" деген. Тоталитардык заманда митинг, пикет сыяктуу коомчулуктун акциялары эч кандай натыйжа бербеси айдан ачык эле иш да. Анын үстүнө Москва да улуттук идеялардын мындай массалык нааразычылык акциясы аркылуу чечилишине таптакыр жол бербейт болучу, чыккан студенттерди бүтүндөй камап, же кырып салса дагы бул тополоңду басууга СССРдин күчү бар болучу. Ал кезде азыркыдай Эл аралык уюмдар да, укук коргоочулар да жок. Мына ушундай шартта Ракым агай митинг болгон жерге өзү барып, активист студенттер менен жолугуп, аларды тарап кетүүгө ынандырган. Митинг тынчтык менен тарап кеткен. Бирок, белгилүү акын маркум Табылды Мукановдун жана башка ошол окуялардын катышуучуларынын эскерүүсүндө бир топ студент да куугунтукка кабылып, окуудан кетүүгө мажбур болушкан, алар да улутчулдар катары КГБнын тизмесине катталып калышкан.
Мына ошол 1967-жылдан өмүрүнүн акырына чейин Ракым агай саясый куугунтукта болду, эч кандай мамлекеттик сыйлык алган жок, жада калса докторлук диссертациясын жактоого да дайыма тоскоолдук болуп турду. 1982-жылга чейин В.Маяковский атындагы кыз-келиндер институтунда доцент болуп эмгектенип, 1976-1981-жылдары "Математикалык анализ" деген 3 томдук окуу китебин, 1979-жылы "Математика терминдеринин орусча-кыргызча түшүндүрмө сөздүгүн", 1981-жылы "Механика боюнча орусча-кыргызча терминологиялык сөздүгүн" жарыкка чыгарды, мындан сырткары, ондогон илимий-методикалык макалалардын автору болду.
Ракым агайды замандаштары менен окуучулары өз мезгилинен озгон даанышман катары, жол көрсөткөн көсөм педагог катары, ичинде кири жок айкөл инсан катары баалашат жана дайыма эскеришет. Үстүбүздөгү жылдын 16-17-сентябрында дагы Кыргыз техникалык университетинде илимий-практикалык конференция өткөнү турат. Ал конференциянын алкагында Ракым Усубакунов агайдын 80 жылдыгына арналып, анын эмгегине жана өмүр жолуна арналган секция иштеп, атайын даярдалган докладдар угулмакчы .

Баш сөз ордуна
Усубакунов Ракым 1929-жылы 15-майда Ысык-Көл районунун Чоктал айылында мугалимдин үйбүлөсүндө туулган. Атасы Усубакун Каптагай уулу өлкөбүздөгү биринчи мугалимдерден болгон. Усубакун Молдо аталаш агалары Абдрайым Молдо, Жакып Молдо менен бирге 1920-жылы айылдык мектеп уюштуруп, өмүрүнүн акыры 1931-жылга чейин математикадан сабак берген.
Ракым Усубакунов 1946-жылы Рыбачье шаардык орто метебин ийгиликтүү аяктап, Кыргыз мамлекеттик педагогикалык институтунун физика-математика факультетине өткөн да, аны кызыл диплом менен 1950-жылы бүткөн. 1950-1951-жылдары Пржевальск мамлекеттик мугалимдер институтунда мугалим болуп эмгектенген. 1951-1954-жылдары Кыргыз мамлекеттик университетинде аспирантурада окуп, 1955-жылы физика-математика илиминин кандидаттыгына диссертация жактаган. 1955-1959-жылдары университетте математикалык анализ кафедрасынын башчысы, 1959-1962-жылдары физико-математикалык факультетинин деканы болуп иштеген. 1962-жылы Фрунзе политехникалык институтунун биринчи проректору болуп дайындалган. 1967-жылы кыргыз тилинде окуу китептерин даярдоо жана окууну кыргыз тилинде уюштуруу демилгесин көтөргөнү үчүн кызматтан бошотулуп, В.Маяковский атындагы кыз- келиндер институтуна доцент болуп которулган. Жогорку окуу жайлары үчүн жазылган "Дифференциалдык жана интегралдык эсептөөлөр" деген оригиналдык 2 томдук окуу китебинин, "Математикалык анализ" деген 3 томдук окуу китебинин, Математика терминдеринин орусча-кыргызча түшүндүрмө сөздүгүнүн, Механика боюнча орусча-кыргызча терминологиялык сөздүгүнүн, андан сырткары ондогон илимий-методикалык эмгектердин автору.
1982-жылы 53 жаш курагында күтүүсүздөн каза болгон.

Эмилбек Каптагаев,
"Улуу биримдик" партиясынын лидери